Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тиричилик коопсуздугу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тиричилик коопсуздугу

Салам достор, бүгүн биз турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери жонундо соз кылмакчыбыз. Тиричилик коопсуздугу деген эмне? Келгиле үйрөнүп алалы.

Тиричилик коопсуздугу

Адам баласынын турмуш тиричилик коопсуздук маселеси заманбап жашоодо - бирден бир маанилүү нерсе. Жашоодо адамдын өмүрүнө коркунуч жаратуучу көптөгөн учурлар болот, келгиле алардын көп кездешүүчүлөрү менен таанышып алалы.

Газ

Газ абдан коркунучтуу. Биринчиден газ жарылып кетиши мүмкүн. Экинчиден, ууланып калууга мүмкүн. Ошондуктан, газдын жыты чыгып жатканы сезилгенде, төмөнкүдөй эрежелерди сактоо зарыл:

Газ коопсуздугу

Турмуш тиричилик коопсуздугунда газ жыттанып жаткан учурда эмне кылбаш керек: Жарыкты күйгүзбөө (электроприборлорду колдонбоо зарыл), ширеңке чакпоо жана кайдан газ чыгып жатканын ширеңке чагуу менен текшербөө керек. Жарылуу болушу мүмкүн. Эң кичинекей учкундан да газ жарылып кетиши мүмкүн. Жарыкты өчүрүп-күйгүзүүчү жана өткөргүчтөрдөн (розеткалардан) ушундай учкундар чыгат.

Электр тогу

Эгер өткөргүчтөр иштебесе, электрди колдонуу коркунучтуу. Кээде адам колу менен өткөргүчтү кармап алса, ток урушу мүмкүн. Өткөргүчтөр бири-бирине тийишип, кыска тийишүүдөн (жарык өчөт), же өртчыгышы мүмкүн. Ошондуктан сырты сыйрылып калган өткөргүчтөрдү, зымдарды, өчүрүп-күйгүзгүчтү, же шнур саюучу ток бузук экенин байкасаңар дароо чоң кишилерге айтуу керек!

Электр коопсуздугу

Электр тогунун коопсуздук эрежелери

  1. үйдөн, бөлмөдөн чыгып бара жатканда сыналгы, үналгы, электр чайнек, үтүк, зарядкага сайылган уюлдук телефон жана башка электр приборлорун сөзсүз өчүрүп кетүү керек.
  2. эч качан электр өткөргүчтү, зымды колуң менен тартпа!
  3. эч убакта сыйрылган өткөргүчтүн, зымдын жанына барба, аларды кармаба!
  4. эгер телевизордон, чаң соргучтан же башка электр приборлорунан күйгөн резина жыттанса, андан учкун чыгып жатса - анда аны дароо сууруп салуу керек. Мындай приборду оңдоо керек же колдонудан баш тартуу жакшы.
Сенсордук плиталар

Өрт

Өрт же от дагы адамга коркунучту, эч качан ширеңке менен ойнобогула. Кандайдыр бир күйүк жыт чыгып жатканын байкасаңыз. Дароо чоң кишилерге айтуу керек. Эгер үйдө эч ким жок болсо, 101 телефонуна чалып, үйдө өрт же түтүн чыкканын билдирип, атыңызыды, фамилияңызды, көчөңүздү, үй номуруңузду айтып берүү зарыл. Андан соң өрт кызматкерлери келгиче, эшикке чыгып туруу талап.

Орт коопсуздугу

Кооптуу коркунучтар

Үйдө адам өмүрүнө коркунуч жарата турган кооптуу буюмдар көп. Мисалы, кадимки эле адамдын температурасын өлчөгөн градусник. Кээ бир градусникте сымап болот - ал абдан уулуу зат, адамдарга да, жаныбарларга да зыяндуу. Эгер градусник сынып калса, үйдөгү чоң кишилерди чакыруу зарыл! Сымап жылтырактарын кол менен кармоого болбойт. Уулануу - бул жабыркоо.

Сымап коркунучу

Жуулбаган жер-жемиштерди, мөмөлөрдү жебегиле - алар химиялык пестициддер менен өстүрүлүшү мүмкүн. Мөмө-жемиш, жер-жемиш, жашылча-жемиштерди сөзсүз жууп жеш керек.

Тамак-аш коопсуздугу

Жабыр тартуу

Бул сөз ар түрдүү жабыр тартууларды түшүндүрөт. Алардын жеңил түрүнө - чийип кетүү, кокустоо, оорутуп алуу кирет. Адам өмүрүнө катуу коркунуч жараткан сынык, мээ чайкалуу, күйүк ж.б. оорулар болушу мүмкүн.

Эсиңерге түйгүлө: бардык жабыркоо, кандай болсо да туура жана өз убагында тазалануусу керек. Кичинекей чийилип кеткен жерди убагында тазалабаса, кандын бузулушуна алып келип, адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

Жабыркоолор төмөндөгүдөй түрдө болушу мүмкүн: кокустатуу, жараат алуу, кан агуу, сынык, күйүк, ысык өтүү, чөгүп кетүү. Жарааттын мүнөзүнө жараша атайын же колдо болгон каражаттар пайдаланылат.

Атайын каражаттар - бул бинт, медициналык вата, лейкопластрь, бактерициддик йод, нашатыр спирти ж.б. Мунун бардыгы үйдө, класстагы жана жумуштагы аптечкада болушу зарыл. Колдо болгон каражаттар - кокустук болгон жердеги колдо болгон нерселер, мисалы, бинт жок болсо таза бетаарчыны пайдалануу.

Биринчи жардам каражаттары

Урунуп алуу, жараат

Эгер урунуп алган жер жумшак ткандарда болсо (мисалы, булчуң), ал жерге тезирээк муздак нерсе басу керек (муздак сууга салынган сүлгү же муз салынган бөтөлкө).

Эгер адам баш менен кату урунса, дароо аны жаткырып, тынчын албоо жакшы. Эгер анын бети бозоруп кетсе, башын ылдыйраак кылуу. Сөзсүз чоң кишилерди чакыруу абзель. Башы, ичи, көкүрөгү менен кату урунганда ички кан агуу болушу мүмкүн. Ошондуктан бул адамды тезирээк доктурга көрсөтүү талап.

Жараат жана чийдирип алууда (бир нерсеге тилдирип алууда) кийимди чечип, жараатты ачык калтыруу зарыл. Эгер йод болсо, жарааттын тегерегин, колуңуздун манжаларына йод сыйпап, андан кийин гана таза бинт менен таңуу зарыл. Жараатка кебез же майларды сыйпабаган оң. Жараат аркылуу организмге инфекция кирип кетиши ыктымал. Ошого байланыштуу жараатты таза кармоо маанилүү.

Башка жарааттар

Жараат алуу - сырткы эле жабыркоону түшүндүрбөйт. Эгер силер күн ысыкта эшикте ойносоңор башыңарга күн өтүп кетиши мүмкүн. Сууга түшүп, кумда жатканда да баш кийим кийбесе, күн өтүп кетет. Башка күн өтүп кеткендин белгиси: баш оору, баш айлануу, кулак шуулдоо, кускунун келүүсү, чыйрыгуу, тез-тез дем алуу, бети кызаруу, мурундун каноосу, дененин ысышы, кээде эстен тануу. Күндө жүргөндө эле башка күн өтпөстөн, 6-8 саат өткөндөн кийин болушу мүмкүн. Күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн баш кийим кийип жүрүү зарыл. Башка күн өтүп кеткенде, адамды көлөкөгө же салкын жайга алып барып, муздак суу берип, башына муздак компресс коюу талап кылынат.

Жайында, жаан-чачын учурунда чагылганга урунуп калуу коркунучу бар. Чагылганга кабылбоо үчүн өзүнчө турган бийик бактарга жашынбагыла, узун, темир антенналардан алыс болууга аракет кылуу жакшы. Алар магнит сыяктуу чагылганды өзүнө тартышат.

Токойдо аарылар, курт-кумурскалар, майда жаныбарлар чагып же тиштеп алуу коркунучу. Курт-кумурскалар, аарылар чакканда ооруйт жана шишийт. Адегенде алардын сайган ийнесин алып салу керек, чагып кеткен жерге нашатыр спирти же бор кислотасы сиңирилген тампонду коюу керек. Эгер майда жандыктар, тыйын чычкан, кирпи, келемиш сыяктуу жандыктар тиштеп же тытып алса, дароо, тезинен, кечиктирбестен чон кишилерге айтып, ооруканага алып баруусун талап кылуу керек. Жандыктардын тиштеп же тытып алышы менен өтө коркунучтуу "кутурма" оорусун жуктуруп алуу ыктымал. Кутурма оорусу айыкпайт, аны жуктурган адам сөзсүз өлүмгө учурайт. Эгер тезирээк оорунага кайрылганда ооруну жуктуруп алуу мүмкүндүгү жокко чыгат.

Кутурма, жана башка жугуштуу оорулар үйдөгү ит-мышыктардан дагы жугушу мүмкүн, ошондуктан ит-мышыктарды өбүү, аларды төшөккө алып жатуу таптакыр болбойт. Ит-мышыктарды кармаган сайын сөзсүз колду самындап жууп туруш керек.

Көз жабыркаган учурда, аны кайра-кайра ушалай бербей, дарыгерге кайрылуу зарыл. Кышында тоңголокто жабыр тартуулар да аз эмес. Тайгакта таманы менен так басып, шашпай жүрүү керек. Муздардан оолагыраак болуу жакшы.

Достор, турмуш тиричилик коопсуздугу жөнүндөгү макалабыз ушундай болду, силер кандай дагы коркунучтарды билесиңер? силердин оюңар боюнча жашоо тиричилик коопсуздугу деген эмне? Пикир калтырып жазып койгула.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-11-17, Көрүүлөр: 23991, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо