Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

Ташкөмүр

Көп миллион жыл мурда азыркы шаарлардын, талаалардын, бизге тааныш токойлордун: карагай, ак кайың, арча жана эмендин ордунда аябаган зор өзгөчө тукумдагы дарактар өскөн. Ал кезде жер шарынын климаты нымдуу жана жылуу болгон. Саздак жерлерде чөп коюу болуп, бутак-шактуу барпайган дарактар өсүп турган. Куураган дарактар сазга жыгылып, ордуна жаш дарактар өсүп чыккан. Картайганда алар да кулап, муруңкуларды басып калган. Акырындык менен дарактардын чириген калдыгы катмар-катмар болуп жыйыла берип, дарыялар агызып келген чөгүндү менен кумга көмүлүп калат. Миллиондогон жылдар бою жылуу жер астында аба кирбей тапталып жаткандыктан, дарактардын калдыктары акырындык менен таш көмүргө айланган. Ташкөмүрдү күн консервасы деп да аташат. Күн байыркы өсүмдүктөргө өз энергиясын берген.

Өсүмдүк болсо бул энергиянын жардамы менен жөнөкөй заттардан - суудан, көмүр кычкыл газдан жана минералдык туздардан татаал заттарды, өздөрүнүн тирүү денесин түзүп алышкан. Жүз миллиондогон жылдар бою ташкөмүр жер катмарында жаткан. Азыр гана биз аны жакканыбызда жылуулук бөлүп чыгарып, илгери-илгери өсүмдүктөр өзүнө жыйнаган энергиясын бизге берип жатат. Ташкөмүр - эң сонун отун. Ал жыгач отунга караганда жылуулукту көп берет. Ташкөмүр отун эле эмес. Ал пайдалуу химиялык сырьё.

Андан көптөгөн керектүү продуктулар, анын ичинде полимерлер менен дарылар алынат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 733, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо/Пикирлер