Март (латынча Mārtius mēnsis — Марс айы) — юлиян жана григориан календарындагы жылдын үчүнчү айы, Цезардын реформасына чейинки эски римдик жылдын биринчи айы. 31 күндөн турган жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында (анын ичинде Кыргызстанда дагы) жаз мезгилинин биринчи айы, Түштүк жарым шарда — күз мезгилинин биринчи айы.
Заманбап доордо григориан календары боюнча 11-мартка чейин Күн Суу пери топ жылдызында турат, 11-марттан тарта (башка маалымат боюнча — 12-мартта) — Балык топ жылдызында.
Март айынын кыргызча аталышы — жалган куран (караңыз: Кыргыз элдик календары). Жыл мезгилдеринде жаңы жашоонун символун, ал эми календарда адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жандануусунун башатын билдирет. Түндүк жарым шарда, анын ичинде Кыргызстанда Февраль менен апрелдин ортосунда орун алган ай.
Бул айга жазгы күн-түндүн теңелиши (20-март) туура келет. Күндүзгү убакыт ушул мезгилден тарта узарып, түнкү убак кыскарат. Кыргызстандагы орточо кардын эрүү мезгили 10—15-мартка туура келет. Күн нурунун жалпы тийүү узактыгы болжолдуу 110 саатты түзөт. Марттын аягында кар эрип кеткен күнөстүү дөңсөөлөрдө жана ала-телек жерлерде биринчи гүлдөр пайда болушу мүмкүн. Кайыңдын щиресинин эрте кыймылы башаталат.
Канаттуулардын учуп келүүсүнүн орточо убакыттары: чар карга — 11-марттын айланасында, торгойдуку 28-март, чыйырчык — 30-марттын айланасында. Ак коёндун биринчи төлү да март айында болот. Багыштын жаңы мүйүздөрдү өсүп чыгат. Аюу кышкы уйкудан ойгонот.
Айдын аталышы римдик согуш жана сакчы кудай Марстын ысымынан алынган. Климаты салыштырмалуу жумшак болгон Байыркы Римде март биринчи жазгы ай болгон, айыл-чарбалык жылдын логикалык башталыш чекити, жана мезгилдик аскер компаниясын баштоого ылайыктуу деп саналган.
Кыргызстанга аталыш орустардан келип, алар өз учурунда бул аталышты Византиядан алышкан. Кыргызча жылнаама боюнча аталышы — Жалган Куран (Кусейин Карасаев тарабынан иштелип, туураланган).
Улуу Британия жана анын колониялары жылдын баштапкы эсеп чекити катары 25-мартты 1952-жылга чейин, башкача айтканда григориан календары кабыл алынганга чейин колдонушкан.
Марттын тарыхый еропалык аталыштары өзүнө саксон ысымдарын камтыйт: Lentmonat (күн-түндүн теңелиши жана күндүн узарышынын урматына аталган), ошондой эле, Rhed-Monat же Hreth-monath (саксондук Rhedam же Hreth аял кудайдын урматына, буга март айында курмандык чалып турушкан). Англдар март айын Hyld-monath деп аташкан, башкача айтканда «бороондор айы». Орустардын байыркы календарында март айы сухий аталчу.
Европанын көпчүлүк тилдеринде март аталышы латын салтына туура келет. Бирок, бир нече четтөөлөр бар.
Фин тилинде maaliskuu аталат, maallinen kuu сөзүнөн («жердин айы»), бул айда финляндияда кар астынан жер көрүнгөнүнөн ушинтип аташкан. Чех тилинде březen аталат, украинче — березень, ширеси кыймылга келген «берёза» сөзүнөн. Хорват тилинде — ožujak, хорваттардын «жалган» деген сөзүнөн келип чыккан деп жоромолдонот, бул аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгүн билдирет имиш. Литва тилинде kovas аталып, сөзмө-сөз «чар карга» дегенди билдирет.
Казак тилинде — «Наурыз», бул ушул эле айда майрамдалуучу Нооруз майрамына байланыштуу.
Заманбап кытай жана япон тилдеринде март «үчүнчү ай» катары белгиленген.
Якуттардын тилинде — «Кулун тутар» аталып, аты айтып тургандай эле кулундарды кабыл алуу айы деп которулган. Бул айда жылкы кулундары көп туулуп, алардын туулушу жаңы жашоонун символу болгон. Якуттардын жылкы багуусу чарба жүргүзүүнүн негизги түрү болгондуктан, кулундардын туулушу аларга абдан маанилүү.