Нооруз (персче. نوروز «жаңы күн»; ошондой эле Эл аралык Нооруз күнү; 21-март) — иран жана түрк элдеринин астрономиялык күн календары боюнча жаздын келүү майрамы. Нооруз ислам салттарына түздөн-түз таандык болбогон улуттук салт болуп эсептелинет.
Нооруз | |
---|---|
Башталган күнү | 21-март |
Бүткөн күнү | 23-март |
Дата | Жазгы күн-түндүн теңелиши |
Байланышы | зороастризм |
Абалы | Эл аралык |
Белгиленүүчү өлкөлөр | Азербайжан, Албания, Афганистан, Босния жана Герцеговина, Грузия, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай (Синьцзян-Уйгур автономдук аймагы, жана башка аймактар), Монголия, Пакистан, Россия Федерациясы (Башкырстан, Дагестан, Татарстан ж. б.), Тажикстан, Түркмөнстан, Турция, Өзбекстан ж. б. |
Достор, нооруз жөнүндө ырлар, аластоолор макаланын ылдый жагында шилтемеде берилет. Бул жерде жалпы Нооруз майрамы тууралуу маалымат.
Ахеменид Империясында Нооруз, зороастризм диний майрамы катары официалдуу статуска ээ болгон. Араб жеңип алуусу мезгилинен баштап биздин күнгө чейин бардык жерлерде белгиленип келет. Заманбап мезгилде жазгы күн-түндүн теңелүү күндөрү белгиленет.
Эске салсак, Жакынкы Чыгыш аймагында Нооруз, арабтардын келишине чейин, исламдын жайылышына жана Араб халифатынын жаралышына чейин жашаган элдер тарабынан гана майрамдалат. Буга ылайык, Нооруз арабтарда белгиленбейт. Турцияда 1925-жылдан 1991-жылга чейин официалдуу Нооруз майрамын белгилөөгө тыюуу салынган. Сирияда бүгүнкү күнү да Ноорузду белгилешпейт.
Нооруз майрамы 2009-жылдын 30-сентябрында ЮНЕСКОнун Репрезентативдик адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген, ошол убактан тарта 21-март Эл аралык Нооруз күнү болуп жарыяланган.
Майрамдын жаңы персидче аталышы — персче «نوروز» [nowruz] — «nōg rōz» {nwk rwc} орто перс тилинен келип, ал өз учурунда «*navaka-raocah-» ‘жаңы күн’ байыркы перс тили аркылуу алгачкы индоевропа сөзү *néwos (мындан англисче new, немисче neu, грекче νέος [neos], латынча novus, орусча новый жана санскритче नव [náva] сөздөрү чыккан) жана *lewk- (мында кийинкидей сөздөр чыгат: армянча լույս [luys], англисче light, латынча lux, санскритче रुचि [rúci] жана словенче luč) өтөт.
Нооруз майрамын белгилөө, түрдүү аталыштар менен аталып, мурда Перс империясынын жана перс маданиятынын таасир аймагына кирген көптөгөн Алдыңкы жана Орто Азия маданияттарында кеңири таралган. Төмөндө бул майрамдын түрдүү тилдерде аталыштарынын толук эмес тизмеси: персче نوروز — Now ruz, тажикче Наврӯз, азербайжанча Novruz, пуштуча نوورځ — Naw wraz, курдча Newroz, өзбекче Наврўз, Navroʻz, түркмөнчө Новруз, Nowruz, казакча Наурыз, уйгурча Норуз, кыргызча Нооруз, татарча Нәүрүз / Näwrüz, түркчө Nevruz, крымдык татарларча Navrez / Наврез, башкырча Науруз, чувашча Нарăс. Башка тилдерде башка аталыштары да кезигет, анын ичинде аймактык.
Учурда Нооруз астрономиялык күн календары боюнча жаңы жылдын башталышы катары официалдуу түрдө 21-мартта Иран жана Афганистанда белгиленет. 21-мартта мамлекеттик майрам катары Азербайжан, Албания, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Македония, Өзбекстан, Тажикстан, Турция жана Түркмөнстанда белгиленет. Ноорузду белгилеген элдердин арасында кийинкидей ишеним бар: майрам канчалык жакшы өтсө, ошончолук жыл жакшы болот.
21-март улуттук майрам катары Россиянын кээ бир улуттук аймактарында белгиленет, аларга Дагестан, Татарстан, Башкирия ж. б. кирет. Ошондой эле Нооруз майрамы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук аймагында, Ирактын Курдистанында, Индиянын кээ бир аймактарында белгиленет.
Нооруз бахаи календары боюнча да жылдын башталышы болуп эсептелинет.
Майрам дүйнөнүн башка 76 материалдык эмес мурастар элементтери менен кошо 2009-жылдын 30-сентябрында ЮНЕСКОнун Репрезентативдик адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. 76 материалдык эмес мурастар элементтеринин маалыматтарын киргизүү чечими материалдык эмес мурастарды сактоонун өкмөт аралык комитетинин 24 катышуучу-мамлекеттер тарабынан кабыл алынган.
2010-жылдын 23-февралында БУУнун Генералдык Ассамбеясынын 64-сессиясынын «Дүйнө маданияты» аттуу күн тартибинин 49-пунктуна ылайык «Эл аралык Нооруз күнү» аталган резолюция консенсус менен кабыл алынган.
Резолюциянын текстине ылайык, БУУнун Генералдык Ассамблеясы:
Нооруз — Фарвардин айынын (персче فروردین) Ураз күнүнө туура келген Иран календарынын биринчи күнү, жаздын башталышы (болжолдуу 14-март); күн-түндүн теңелиши; өсүү жана өнүү мезгилинин башталышы. «Навруз» сөзү перс тилинен «жаңы күн» деп которулат.
Иранда ноорузду белгилөө негизинен 13 күнгө созулуп, алардын биринчи 5 күнү Ноорузду тосууга жана биртугандар, достор менен кезигүүгө арналган. Тогузунчу күнү Шахръяран-Навруз (Шах Ноорузу) болот, он үчүнчү күнү Сиздах-бе-дар (персче سیزده به در) («Он үчүнчү күнү үйдөн тышкары» деген мааниде).
Азербайжанда кийинкидей салт бар: «тонгал» аталган от жагылып, анын үстүнөн жети жолу секирип өтүү керек.
2010-жылы Нооруз тажиктердин Дангара шаарында, 2011-жылы Ирандын борбору Тегеранда, 2013-жылы Түркмөнстандын Ашхабадында белгиленген.
Нооруз байыркы тарыхка ээ. «Шахнаме» (персче شاهنامه) поэмасында Ноорузду майрамдоону Шах Жамшиддин (персче جمشید) падышачылык кылып баштоосу менен байланыштырышат (мындан заратуштриялыктар арасында кеңири жайылган «Жамшиди Навруз» аталышы жана ушул майрамда Шахтарга таажы кийгизүү салты калган).
«Навруз» сөзү биринчилерден болуп перс булактарында жаңы доордун экинчи кылымында пайда болгон, бирок иш-чара Ахемениддер династиясынын мезгилинде белгиленген, болжолдуу биздин заманга чейин 648—330-жылдары. Ал күндөрү Персия империясынын башкаруучулары шахиншахга белектерин алып келишчү.
…асман бийиктиктеринин күнүндөй,Novrouz in the Course of History булагынан, автору белгисиз (жеке которуу).
Даңталган өкүм сүрүүчү күлүмсүрөгөн.
Салтанатына анын эл чогулуп,
Өз падышасынын улуулугуна таң калган.
Жамшидинди алмаз жамгыр менен себелеп,
Жаңы күн деп атаган, кубанычтуу ошол күндү.
Ошол күн Ормазд болгон, айы болгон — Фарвардин.
Түйшүктөрдү унутуп, капаларды эсетебей,
Кылдардын үнү, шараптардын чөйчөгү менен,
Бүт кулактар майрамдап, көңүл ачуу толтура.
Адамдар ошол ыйык майрамды сактап,
Жердин байыркы кожоюндарынын эстелиги сыяктуу.
Иран мифологиясына ылайык бул күнү турандык Афрасияб тарабынан өлтүрүлгөн Сиявуштун сөөгү коюлган. Бул легенда Авестада айтылган жери бар. Кененирээк бул тууралуу Фирдоусинин «Шах-намэсинде» баяндалган. «Биздин күнгө чейин жеткен булактар Сиявуштун жерге берүү күнү „Навруз“ деп аталып, жыл сайын майрам катары белгиленет…»
Нооруз майрамы анимисттик элементтерди камтыганы да белгилүү. Нооруз күнү байыркы индоариялыктар «фравашиге» (маркум бабалардын арбактарына) сыйынышкан. Кийинчерээк бул салт зороастризм тарабынан өздөштүрүлүп, Ирандын официалдуу дини болгон. Зороастриялыктардын жети негизги майрамдары «кыштын бүтүшү жана жаздын келишине туура келип, бабалардын арбактарын эскерүү майрамына өткөн (Нооруз). Ал жазгы күн-түндүн теңелүү алдындагы түнгө туура келген».
Мындан тышкары зороастризмде бул майрам, байыркы зороастриялыктар жашоонун күчү деп сыйынган түздөн-түз отко арналган, дейт британ окумуштуусу Мэри Бойс (англисче Mary Boyce). «Зороастр бул майрамды жазгы күн-түндүн теңелишине тууралап, Аша-Вахишт жана отко арналган байыркы жаздын келүү майрамын колдонгон өңдөнөт. Бул майрам ахур жыл мезгилинин (жай) келүүсүн жарыялап, жыл сайын заардуу арбактын жеңилүүсүн белгилейт. Зороастриялык салттар боюнча, Жаңы күндүн чак түшүндө жылуулук жана жарыктык алып келүүчү түшкү арбак Рапитвинанын жер астынан кайтуусун куттукташкан. Андан кийин Рапитвинанын арбагына ага берилген чак түштө күн сайын сыйынышат, бүгүнкү күндө ал „Рапитва“ аталып, Аша-Вахишт сыйынууларында жайы бою аны чакырышат».
Бул майрамдын кеч зороастриялык салттардагы отко арналгандыгы шексиз. Нооруз күнү Ахеменид жана Сасанид мезгилдеринде эле храмдарда отко сыйынушчу. Ошол убактагы Иран башкаруучулары ал күнү багындырылган элдерден белектерди алышчу. Эң бийик жерлер үйдүн чатырынан баштап, стол үстүндөгү шамчырактарга чейин, бардык жерлерде от жагылган. Учурда бул салттар жарым-жартылай сакталып калган. Мисалы, Азербайжандын кээ бир аймактарында дөңсөөлөргө от жагышат. Адамдар отту тегеректеп, фольклордук ырларды аткарышат. Шамдар дагы Нооруз күнү жана ага чейинки күндөрдүн (майрамга даярдыктар бир нече жума эрте башталган) атрибуттары болгон.
Ушул сыяктуу салттар Иранда жана Орто Азияда сакталып калган. Самаркандда отурукташкан тажик жана өзбек калктарынын түрктүк жарым көчмөндүгү менен иш-аракетте болуусу жер иштетүү жана мал багуу элементтерин Нооруздун ритуалдык тажрыйбасында синтездөөгө жол ачкан. Майрам мечиттердеги сыйынуулар, мусулман мазарларга, ыйык жерлерге, булактарга баруу менен легитимдештирилген.
Негмати А. Н. айтымында Самарканддын жана анын айланасындагы жашоочулары персиялыктардын календары боюнча (Нооруз) Жаңы жыл алдындагы акыркы шейшембинин келишин жогорку деңгээлде салтанаттуу белгилешет. Күн батаары менен адамдар от жагып, ыр ырдап, улуттук аспаптарда ойоншот. Коңгуроолордун коштоосунда, шамана (факел) жүрүшүн дарыянын жээгине чейин уюштуруп, ошол жактан майрамдашкан. Жагылган от үстүнөн секиришип, сууга түшүшкөн. Оокаттуу тажиктер болсо бул күнү жакыр жашагандарга биргелешкен тамак ичүүлөрдү уюштурушат. Оттон секирип, табияттан мол түшүм каалашып, шайтандардан жана жиндерден коргонууну издешкен. От үстүнөн эмчектеги баласы бар аялдар дагы секиришип, муну менен жыл аягынан чейин кырсыктан жана балаадан (балээден деген мааниде) арылат деп ишенишкен.
Учурда зороастрия майрамынын башка атрибуттары дагы сакталып калган. Мисалы, зороастриялыктар идиштерди буудайдын же арпанын үрөндөрү менен толтуруп, үстүнө суу куюп, өнүп чыкканда аларды үйлөрүнө алып барып, өзгөчө жерлерине коюшкан. Учурда ушундай кылып дан өсүмдүктөрүн майрамга өндүргөндөр өлкөлөрүнө Азербайжан, Иран жана Орто Азия өлкөлөрү кирет. Зороастриялыктар досторкон үстүнө жашоонун жаралышынын символу болгон жумуртканы жана өзгөчө таттууларды коюшкан. Бул нерселер бүгүнкү күнгө чейин кээ бир салттарда бар.
Өйдөдө берилген Нооруз майрамынын маңызы жана пайда болуу тарыхынын кыска көрсөтмөсүнө ылайык, майрам исламга чейин эле пайда болуп, анын философиясы, ошондой эле ырым-жырымдуулугу ислам динине байланышы жок.
Байыркы салтка ылайык, Нооруз келгенге чейин адамдар үй-жайын, айлана-тегерегин тазалап, карыздарынан кутулушу керек болчу.
Нооруздун салттуу ритуалы катары хафт сина (персче هفت سین) жана хафт шин-а(ны) түзүү саналат (бул жерде жалпы нооруз жонундо, кыргыздарда эмес). Хафт син жети элементтен туруп, алардын аталышы С (S же Sîn [س] перс алфавитинде) тамгасынан башталат. Хафт син персид алфавитинин Ш тамгасынан да башталган жети элементтен турат.
Майрамдык дасторкондо буудайдан, арпадан, жүгөрү, буурчактан, күрүчтөн, фасольдон, жасмыктан, күнжүттөн жасалган тегерек тандырлар коюлган. Ноорузда артыкча өсүмдүк азыктарынан жети тамак жасашат, алардын арасынан эң эле белгилүүсү «сүмөлөк» — өнгөн буудайдан жасалган тамак.
Кыргыздар Нооруз майрамында жети түрдүү данды кошуп көжө жасашат. Мурда «Чоң көжө» деп аталган. Айыл-апа чакырылып көжөнү чогуу ичишип, жаңы жылда мал-жандын амандыгы үчүн тилек тилешкен.
Нооруз майрамы кыргыздардын салттык майрамы болуу менен катар байыркы замандан тартып, азыркы заманга чейин болгон аралыкта өзүнүн өнүгүү, өзгөрүү жана көтөрүлүү, басаңдоо тарыхын басып өткөн.
Бизде дагы алоолонто жагылган оттун айланасында ыр-бий, оюн-зооктун коштоосу менен өткөн. Күнгө табынуу салты боюнча Нооруз башталганга чейин эле отун-суу камдалып, айлана-чөйрө, үй, короо-жай тазаланат.
Эски жыл бүтүп, эртен жаңы жыл башталат деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» аталган. «Эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деп айтылат. Күн менен түн теңелген мезгилде арча, чекенден бүчүр күйгүзүп, үй-бүлөнү, малды жана үй ичин аласташкан.
Алас-алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кеттти,
Жаны жыл келди - деп.
Сөзү: Элдик
Ошондой эле жаңырган жылда мал-жандын, эл-журттун аман-эсенин, тынч, кырсыктан тышкары болуусун жана эгиндин берекелүү чыгышын тилеп, кудайга, жер-суу, тоо-ташка жалынышкан.
Жети түрлүү даам жасап, арпадан, буудайдан көжө же сүмөлөк бышырып, аны үй-бүлө, айыл-апа менен чогуу ичишкен. Нооруз күнү укташпастан ырдап-бийлеп, сармерден айтышып, күү чертишип, «кадыр түн» тосушкан.
Кыргыздардын Нооруз майрамы кайсы доордон бери өткөрүлүп келгендиги тууралуу так маалымат болбосо да, кем дегенде сүй сулаласы (581-618-жылдар) доорунан тартып өткөрүп келгендиги, майрамды өткөрүү абдан өөрчүп, кийин башка түрк улуттары да өткөргөндүгү маалым.
Таң доорунда кыргыздар Ноорузду чоң салтанат деп эсептечү, Ноорузда Энесай жайлоолорунда арстан ойнотуп, төө чаап, ат үстүндө түрдүү чеберчиликтерди көрсөтүшчү деген сөздөр бар. Буудайдын көгү чыгып, сүмөлөк жасоо ошол кезде эле болчу.
Нооруз майрамы байыркы кыргыздардын диний ишеними менен да байланыштуу. Байыркы кыргыздар бир түрдүү башталгыч динге ишенишип, суу, тоо пирлерине, айрыкча от пирине сыйынышып, күн пири «Умай эне» дешип, аны жаандагы бардык нерсенин баш паанасы деп карашкан. От пири кишилер арасындагы бала-каза жин шайтандарды жок кылат деп эсептешкен. Ошого алар көөнө жылды узатып, жаңы жылды тосуп, бири-бирине тилектерин айтышып, кечинде оттон секиришкен.