TYUP.NET
Баш барак | Жаныбарлар | Аюу: баяндалышы, жашоо чөйрөсү, түрлөрү

Аюу: баяндалышы, жашоо чөйрөсү, түрлөрү

Акыркы оңдоо:

Аюу же аюулар – жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн бири, алар Aюу сымалдуулар (Ursidae) түркүмүнө таандык жаныбарлар.

Азыркы учурда жер жүзүндө сегиз түрү бар:

Аюулар ар кандай чөлкөмдөрдө жашайт – Арктиканын муздарынан тартып тропикалык токойлорго чейин. Алардын көбү баардык нерсени жей алат: эт, мөмө-жемиш, жаңгак, тамыр, курт-кумурска, балык жана тарп менен азыктанат.

Аюулардын дене түзүлүшү күчтүү, буттары кыскараак, бирок өтө күчтүү жана тырмактуу. Алар ылдам жырткычтар болбосо да, зарыл учурда саатына 50 км ылдамдык менен чуркай алышат. Ошондой эле аюулар жакшы сүзөт жана айрым түрлөрү бактарга да чыгат.

Көпчүлүк аюулар жалгыз жашайт, бирок эне аюулар балдары менен узак убакыт жүрүшөт. Кышында айрым түрлөрү уйкуга кетет, бирок бул толук кандуу уйку эмес – алар жылуу аба ырайында кайра ойгонушу мүмкүн.

Күрөң аюу менен ак аюу көрүнүштөрү боюнча бири бирине такыр окшобогону менен алардын теги бир экендигин дароо эле айтууга болот. Уюлдун ак кар, көк музунда жашоочу ак аюунун түсү ар дайым ак. Ал эми күрөң аюу ак саргыл да, күрөң да, кара да түстө болот.

Ак аюу

Ак аюу — жер бетиндеги эң ири жырткыч жаныбар. Ал Арктикадан башка эч жерде кездешпейт, албетте зоопарктарды эске албаганда. Ал өмүр бою муз үстүндө жашап, суу анын табигый тиричилиги.

Сууда саатына 4-5 км ылдамдык менен узакка чейин сүзүп, тюленден кем чумкубайт, суу астында эки минутадай сүзө алат. Ал тюлень, балык, канаттуулар менен тамактанат. Төлдөө убактысы жетилген кезде ургаачы ак аюу кар үңкүргө кирет. Өзүнүн салмагы 700 кг (эркеги 1000 кгга чейин болот) келген бул зор жаныбар келемиштен бир аз гана чонураак мамалактарды тууйт. Мамалактары жетилип чоңойгончо энеси үңкүрдөн чыкпайт.

Ак аюу болсо оңой менен үйрөнбөйт. Көптөгөн тажрыйбалуу машыктыргычтар ак аюуну өтө коркунучтуу айбан деп эсептешет.

Ак аюулар орточо 20-25 жыл жашашат. Дебби аталган эң белгилүү картаң ак аюу Канадада 42 жашка чыгып өлгөн.

Күрөң аюу

Күрөң аюу Европа, Азия жана Түндүк Американы мекендейт. Алар түздүктө да, тоодо да, ошондой эле саз, көлмөлүү чытырман токойлуу жерлерде да жашайт.

Күрөң аюулар анчылыкка мыкты айбандар, бирок алар тамакты ылгабайт, көп учурда токойдогу бак дарактардын жемиш-мөмөлөрү, чөп тамырлары менен тамактанышат, коңуздар менен личинкаларды терип жеп, бака жана балык кармап жейт.

Аюу балды өтө жакшы көрөт: даамын бир татып алса аарынын чакканына да карабай, аары уюгунан бал жейт.

Күзүндө күрөң аюу чээнге кирүүнүн камын көрөт. Ал абдан зор жаныбар болгондуктан кышында анын тамак таап жешине, калың кардын түшүшү да кыйындатат.

Эгер күзгө чейин семирип, жеткиликтүү май топтобосо чээнге кирбейт — кыш бою жаалдуу жана ачка жүрүп кышты өткөрөт. Мындайлар өтө коркунучтуу. Аюунун уйкусу сергек, уктап жатканда дене температурасы төмөндөбөйт.

Эне аюу чээнге өткөн жылдык мамалактары менен бирге кирет. Алар энесине жаш мамалактарын багууга жардамдашат, ошондуктан өткөн жылкы мамалактарды орус эли пестун (тарбиячы) деп бекеринен аташпайт. Мамалактар эки жылга чейин энеси менен бирге болушат.

Аюу чилденин учурунда (январь, февралда) адатта экиден мамалак тууйт. Энеси аларды жазга чейин багып эмизиши керек.

Эгер мамалактар жарым килограммдай салмакта туулбаганда аларды багуу эне аюуга бир кыйла кыйынчылык туудурмак.

Алар жазга чейин өтө жай чоңоёт: чээнден чыкканда араң эле кандек иттин чоңдугундай болот.

Ал эми жаздан баштап алар тез чоңоё баштайт, кээде өтө зор болуп өсүп, узуну эки жарым метрге, салмагы 750 кгга жеткен учурлар да болот.

Күрөң аюу 50 жылга чейин жашайт. Жазында аюунун арааны ач карышкырдыкындай эле ачылат. Кышында аюу таманын сорот деген кеп бар. Ал дегеле таманын сорбойт! Тек гана кыш ортосунда таман териси түлөп, дүүлүгүп кычышат, ошондуктан ал уйку-соонун ортосунда жатып түлөгөн таманын жалайт.

Күрөң аюунун изин кээде адамдын изи экен деп да ойлоого болот. Анын майпаңдап басканына карата аюуну маймак таман деп коюшат. Анткен менен аюу шамдагай келет, кээде атты да кууп жете алат.

Күрөң аюу колго тез үйрөнөт. Илгертен эле цыгандар үйрөтүлгөн аюу менен жер кезип, кызыктуу оюндарды көрсөтүшкөн. Ал эми цирк аюулары велосипед жана мотоцикл тебүүгө да үйрөтүлөт.

Америкалык кара аюу

Америкалык кара аюу (Барибал) — бул түндүк Америкада жашаган аюунун түрү. Барибалдын териси кара же кара-күрөң түстө болуп, кээ бирлеринин төшүндө агыш же бозомук так болот. Мурундары негизинен кара бирок, ачык түстө болуусу мүмкүн.

Барибалдын узундугу 1,8-2,4 метрге чейин жетиши мүмкүн, салмагы 45 кг дан 250 кг га чейин өзгөрөт, эркек аюулары чоңураак болот.

Барибалдар түндүк Америка боюнча кеңири таралган, негизинен Канада, АКШ жана Мексикада кездешет. Алар көбүнчө токойлуу аймактарды жактырышат, бирок тоо аймактарында да жашай алышат.

Барибалдар өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, бал жана жаныбарлар менен да азыктанат. Алар көпчүлүк учурда жаратылышта жалгыз жүрүшөт.

Малай аюусу

Малай аюусу (Helarctos malayanus) – бул Жер шарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жашаган кичинекей аюу түрү.

Малай аюусунун түгү кара. Төшүндө жана моюнунун жогорку бөлүгүндө саргыч же агыш түстөгү күндүн нурларын элестеткен тактар бар, буга байланыштуу буларды күнөс деп дагы аташат.

Малай аюусу – кичине аюу, узундугу 1,2-1,5 метрге чейин жетет жана салмагы 30-100 кг аралыгында болот.

Малай аюусу негизинен Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияда, атап айтканда Малайзия, Индонезиянын жарым аралдарында жана Борбордук Суматра, Борнео аралдарында жашайт. Алар тропикалык токойлордо жашашат.

Малай аюулары көбүнчө бал, мөмө-жемиштер, женьшень менен азыктанат. Кез-кез чычкан өңдүү майда жаныбарларды дагы жейт. Алар көбүнчө түн ичинде азыктанууга чыгышат.

Малай аюулары жетишээрлик токтоо келип, жалгыз жашоо образын жүргүзүшөт. Бирок коркунуч жаралган учурларда агрессивдүү болушу мүмкүн.

Малай аюусу кызыл китепке киргизилген.

Бүгүнкү күндө аюулардын көптөгөн түрлөрү коркунучка дуушар болгон. Алардын саны браконьерлик жана жашоо чөйрөсүнүн кыскарышы себептүү азайып баратат. Ошондуктан көп өлкөлөрдө аларды коргоо чаралары көрүлүп жатат.

Көрүүлөр: 14720
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо