Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы Рим жөнүндө

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Байыркы Рим жөнүндө

Байыркы Рим анын маданияты, жери, эли жана башкалар тууралуу. Өзүңөр билгендей эле Рим Итальяда жайгашкандыктан Италья тууралуу кыскача кеп айта кетели.

Италиянын географиялык чөйрөсү жана калкы
Балкан жарым аралынын батыш жагында Апеннин жарым аралы жайгашкан. Жарым аралды Апеннин тоо кыркасы бойлоп өтөт. Тоо кыркасы жапызыраак келип, токойлор каптаган. Тоо кыркалары менен деңиздин аралыгында түздүктүү жээктер созулуп жатат. Апеннин жарым аралында темирдин, жездин, курулуш ташынын, чопонун кендери бар. Бийик Альпы тоолору жарым аралды түндүктөн соккон шамалдан далдаалап турат.

Климаты жылуу жана жаан-чачындуу. Деңиз жээктеринин жана тоо өрөөндөрүнүн кыртышы түшүмдүү келет. Жарым аралдын түштүк бөлүгүн "музоолор өлкөсү" - Италия деп аташкан. Кийинчерээк, бул ат бүткүл аралга тараган. Жарым аралдын батыш жана түштүк жээктеринен кемелер токтой турган ыңгайлуу булуңдар бар. Жарым аралды чулгап турган деңиздерде майда аралдар аз. Анын түштүк жагында Сицилия аралы орун алган. Жарым аралдагы эң чоң дарыя - По дарыясы. Италия калкы мурда ар түрдүү уруулардан турган. По дарыясынын өрөөнүндө кельттер (галлдар), Примордук Альпыда лигурлар, ортоңку Италияда италик уруулары, Лациумда латиндер, анын түштүгүндө самниттер. Мындан сырткары этрусктар, сабинийлер, самнийлер жашашат. Бул уруулардын бардыгы тең италиктер деп аталган. Италиктердин негизги кесиби - мал чарбачылык болгон. Б. з. ч. 7-кылымда этрусктар Италияда 12 шаар-мамлекетти түзүшөт. Шаар-мамлекеттерди падышалар башкарган. Этрусктар дыйканчылык менен алектенишип, дан эгиндерин, жүзүм, олив өстүрүшкөн. Ошондой эле кол өнөрчүлүк менен кесиптешкен. Соода кылышкан.

Байыркы Римдин негизделиши

Тибр дарыясынын жээгинде дыйканчылык менен кесиптенген чакан кыштак болгон. Бул чакан кыштак кийин чоң шаарга айланган. Б. з. ч. 753-жылы Рим шаары негизделген. Уламыш боюнча б. з. ч. 754-753-жылдары эгиз бир туугандар Ромул менен Рем негиздегендиги айтылат. Кимдир бирөөлөр ымыркайларды Тибр дарыясынын жээгине таштап кетишет. Дарыянын жээгинде аларды Эне карышкыр эмизип багат. Кийинчерээк, бул ымыркайларды бир койчу таап, багып алган. Эресеге жеткен ага-инилер - Ромул жана Рем Тибрдин жээгине шаар курушат. Шаарга Ромулдун аты ыйгарылат. Кийин Байыркы Рим шаарына уламышта айтылгандай, ага-инини эмизген Эне карышкырга арналып, эстелик орнотулган. Бул эстелик Римдин ыйык белгиси болуп калган.

Байыркы Римдеги падышалык башкаруу

Б. з. ч. 8-кылымдын ортосунан Байыркы Римди падыша жана сенат башкарган. Сенаттын мүчөлөрү сенаторлор деп аталган. Байыркы Рим падышалары маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн кээде Элдик чогулушту чакырган. Б. з. ч. 509-жылы Байыркы Римдин акыркы каардуу падышасы Тарквинийге кыжырданган эл көтөрүлүшкө чыгып аны кубалап, Байыркы Римде падышалык бийлик жоюлат. Падышалык бийлик кулап, Рим республикасы орногон.

Байыркы Рим республикасынын орнотулушу

Элдик чогулуш консулдарды шайлаган. Консулдар жыл бою Байыркы Рим республикасын башкарып, соттун милдетин да аткарышкан. Согуш убагында аскерлерге командалык кылышкан. Ар бир консулдун 12 адамдан турган сакчысы болгон. Убакыттын өтүшү менен консулдар сенаторго айланган. Мыйзамдар Сенатта талкуулангандан кийин гана элдик чогулуш тарабынан кабыл алынган. Сенат казынаны да тейлеген. Согуш жана тынчтык маселелерин чечкен.

Байыркы Рим менен Карфагендин жер ортолук деңизинде үстөмдүк үчүн күрөшү. Жеңиши.

Карфагендин географиялык чөйрөсү жана калкы

Карфаген Түндүк Африкадагы эзелки шаар-мамлекет жана ири соода борбору болгон. Аны б. з. ч. 814-жылы Тир шаарынан чыккан финикиялык соодагерлер Түндүк Африканын жээгиндеги соода базасы катары негиздеген. Карфаген деңиз аркылуу соода жүргүзгөн. Шаар таштан жасалган бийик мунаралуу бийик, калың дубалдар менен курчалган. Ал дубалдар шаарды коргоп турган. Карфагендиктер Жер Ортолук деңизинин жээктерин жана аралдардан турган кеңири аймактарды ээлеп турушкан. Шаар калкынын басымдуу бөлүгүн чет жерликтер (гректер, италиктер, этрусктар, ливий уруулары ж. б.) жана африкалыктар түзгөн. Калкы көчмөн мал чарбачылык, дыйканчылык, жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Карфагенге баш ийген калктар анын бийлөөчүлөрүнө накталай салык берип, финикиялык соодагерлер соода кылганы үчүн бажы акысын төлөп турушкан.

Карфаген — Сицилияга кетүүчү жолдогу тосмо

Карфаген б. з. ч. 7-4-кылымдарда (биздин заманга чейин деп жазылса кылым сандары, жылдар чоңунан кичинесине карай эсептелинет) Түндүк Африканын жээк бөлүктөрүн, Түштүк Испаниянын жана Жер Ортолук деңиздеги айрым аралдарды бийлеп турган. Б. з. ч. 3-кылымдын башында Сицилия бүт бойдон (Сиракузыдан башкасы) Карфагендин карамагына өткөн. Ошол мезгилде байыркы мамлекеттин аймагы да тынымсыз кеңее берген. Байыркы кол башчылар бүткүл Италияны басып алышат. Сицилияга жана Жер Ортолук деңизинин батыш жагына үстөмдүк кылуу аракеттери Рим менен Карфагендин ортосунда согуштун башталышына алып келет. Байыркы Римдиктер карфагендиктер менен үч жолу согушкан. Бул согуштар тарыхта Пуни согуштары деп аталган. Согушта Карфаген аскери жеңилип, калкы кулдукка сатылган. Карфаген аймагынын бир бөлүгү нумидиялыктарга өткөн, калганы Байыркы Римдин Африкадагы провинциясы болуп калган. Байыркы Рим Карфагендин үстүнөн жеңишке жетишип, Сицилия жана Жер Ортолук деңизинин батыш бөлүгүнө ээлик кылуу менен Жер Ортолук деңизинин аймагындагы эң күчтүү мамлекетке айланган.

Байыркы Римдиктер Карфагенди Пуни деп аташкан, ошондон улам Карфаген менен Байыркы Римдин ортосундагы согуштар да Пуни согуштары деп аталып калган.

Байыркы Римдин «бөлүп алып бийлей бер» саясаты

Пуни согуштарынан кийин Италиянын жерлеринен кыйла алыста болгон чоң-чоң аймактар да Байыркы Рим бийлигине өтөт. Басып алынган жерлерди байыркы римдиктер провинция деп аташкан. Сицилия, Корсика, Сардиния, Испания жана башка аймактар ошолордун катарына кирген. Провинцияларды башкарууга атайын өкүлдөр - проконсулдар дайындалган. Алардын бийлиги чексиз болгон. Проконсулдар адатта бир жылга шайланган жана алар кол астындагы мамлекетти аёосуз тоногон. Байыркы римдиктер провинциялардагы кендерди, ишканаларды, жакшы айдоо жерлерин жана жайыттарды басып алышкан. Провинциялардын жергиликтүү калкына оор салыктарды салышкан. Салыктарды төлөй албагандарды үй-бүлөсү менен кулдукка сатышкан. Кулдар бардык жумуштарды жасап, 17-18 саат иштешкен. Алардын курсактары тойбогон, кийимдери бүтөлбөгөн. Кулдарды сакчылар кайтарышкан. Баш ийбеген кулдар темир кишендер салынган бойдон иштешкен жана укташкан. Күнөөлүү кулдарды шапалак менен сабашып, колу-буттарын сындырышкан. Жумушка жарабаган кулдарды өлсүн деп, чөлдөргө алпарып, таштап коюшкан. Ал эми шамдагай, күчтүү кулдарды гладиаторлукка тарбиялашкан. Провинцияларды Байыркы Римге каршы күрөшкө бириктирбөө үчүн Байыркы римдиктер аларды "бөлүп алып, бийлей бер" принциби боюнча башкарган.

Байыркы Рим республикасынын кулашы

Республиканын аймагынын чоңоюшу мамлекетти чыңдоону талап кылган. Сенаторлор мамлекетти ойдогудай башкара алышкан эмес. Ушундай кырдаалда Гай Юлий Цезарь адегенде аскер трибуну, кийин консул болуп шайланган. Цезарь аскерлеринин акысын көбөйтүп, жер бөлүп берүүнү убада кылат. Жалданма аскерлер анын аскердик талантын баалашып, анын айтканын аткарууга даяр турушкан. Юлий Цезарь өзүнүн аскерлерине таянып, өлкөдөгү бүткүл бийликти колуна алат. Ал Байыркы Римдин императору жана диктатору болуп, чексиз бийликке ээ болгон. Императорго урмат көрсөтүшүп, монеталарга анын сүрөтүн чегишкен. Анын скульптурасы кудайлардын скульптурасы менен катар коюлган.

Юлий Цезарь айкели

Байыркы реcпубликанын империяга айланышы

Цезар өлгөндөн кийин бийликке Октавиан Август келип, бүткүл Байыркы Рим империясынын диктаторуна айланат. Байыркы Рим Сенаты ага "ыйык адам" деген титул ыйгарып, аны "мекен атасы" деп аташкан. Октавиан Август бир топ реформаларды жүргүзгөн. Ал сенаторлордун жана Байыркы Рим армиясынын легиондорунун санын кыскартат. Жоокерлердин кызмат мөөнөтү 20 жыл деп белгилейт. Анын тушунда Байыркы Рим армиясынын саны 300 миңге жетет. Байыркы мамлекетте көптөгөн сарайлар жана ибадатканалар курулган. Октавиан Август өлгөндөн кийин Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган.

Байыркы Рим империясынын начарлашы

Б. з. 3-кылымында Байыркы Рим империясы алсыздана баштайт. Императорлордун ортосундагы чыр-чатактар, аскерлердин арасындагы козголоңдор империяны начарлатып жиберген. Начарлаган империя өзүнүн чек араларын коргой албай калат. Рейн менен Эльбанын ортосунда жайгашкан герман уруулары Байыркы Рим империясынын жерлерине бат-бат кол салып турушкан. 395-жылы Байыркы Рим империясын эки бир тууган императорлор бөлүп алышат. Борбор шаары Константинополь болгон Чыгыш же Византия империясы жана Батыш Рим империясы түзүлгөн.

Байыркы Римге герман урууларынын кол салышы

476-жылы германдык кол башчылардын бири акыркы император Ромул Августулду сарайдан кууп чыгып, Батыш Рим империясы кулады деп жарыялайт. Мурунку Батыш Рим империясынын жерлерин герман уруулары ээлеп калган. Одоакрдын Ромул Августулду бийликтен кулатышы. б. з. 476-жылы Батыш Рим империясынын кулашы жана эзелки дүйнө тарыхынын аяктоо датасы катары тарыхка кирген.

Маданият

Байыркы Рим шаары — маданият борбору

Байыркы Рим империясынын борбору Рим шаары - дүйнөдөгү эң эски шаарлардын бири болгон. Шаар саздак түздүктө жайгашкан. "Байыркы Рим" маданиятынын түптөлүшүнө этруск жана илгерки гректердин маданияты чоң таасирин тийгизген. Байыркы Рим да жалпы адамзат маданиятына маанилүү салым кошту. Римдиктер эң сонун архитектуралык курулуштарды: цирктер менен храмдарды, мончо менен ак сарайларды, көпүрө менен суу түтүктөрүн курушкан. Римдин акын-жазуучуларынын жана тарыхчыларынын чыгармалары башка тилдерге да которулган. Римдиктер сүйлөшкөн латын тилинен италян, испан, француз жана башка тилдер келип чыккан. Христиан дини да Байыркы Рим империясынын аймагында жаралган. Римдеги кулдардын көтөрүлүштөрү, тышкы душмандардын чабуулдары Рим шаарынын эзелки эң сонун эстеликтерин талкалаган. Ошого карабастан Байыркы Рим империясынын эстеликтери мурдагы доордун жетишкендиктери катары эсептелет.

Байыркы Римдеги билим берүү

Байыркы Римде ата-энелер акча төлөп, балдарын окуткан. Бала тамга таанып, жазганды үйрөнгөндөн кийин окуусун токтотуп койгон. Жетиштүү ата-энелердин балдары мектепте андан ары окуусун улантууга аракет жасашкан.

Байыркы Рим поэзиясы

Б. з. ч. 1-кылымдын аягы - б. з. 1-кылымынын башталышы Байыркы Рим поэзиясынын "алтын кылымы" деп аталган. Вергилий, Лукреций ж. б. сыяктуу көптөгөн Байыркы Рим акындарынын жана жазуучуларынын эң сонун поэмалары, ырлары жана чыгармалары жаралган. Ал чыгармалар көп тилдерге которулган. Атактуу акын Вергилий «Энеида» поэмасын жазган. Бул поэмада Вергилий Трояны коргоочулардын бири, аял кудайдын уулу Эней жөнүндө айтылат. Алоолонуп күйүп жаткан шаардан кымбат баалуу буюмдарды алып чыкпастан, өзүнүн картаң атасын аркасына көтөрүп алып чыгат. Укмуштуудай көп окуяларды башынан өткөрүп, кийин ал Италияга келип отурукташат. Эней өлгөн атасы менен кездешүү үчүн өлгөндөрдүн жер астындагы падышачылыгына түшөт. Ал жерде картаң атасынын жаны Энейге анын укум-тукумдары Байыркы Римдин негиздөөчүлөрү жана элдердин күч-кубаттуу коргоочулары боло тургандыгын алдын ала айтып берет.

Байыркы Рим искусствосу

«О-о, римдин уулу, сен элдерди башкарууга тийишсиң? Багынгандарды аягын, багынбагандарын согушуп жоошут - сенин искусствоң мына ушул». Вулкан кудайы Энейге калкан согуп берет, анда Байыркы Рим тарыхынын келечектеги окуяларын жана Августтун салтанат кургандыгын көрсөткөн. Эней өзүнүн келечектеги укум-тукумдарын, алардын арасынан кудайга тете Августту көрөт. Август болсо Байыркы Римде тынчтыкты орнотуп, ал тургай Байыркы Римден алыс турган элдерди титиретип кармап турган болот. Энеида шаңдуу жана мукамдуу ыр менен жазылган. Вергилий бул поэмасында эрдикти, убадага бекемдикти, улууларды ызаттоону даңазаланган.

Байыркы Рим архитектурасы

Италия аймагында өткөн мезгилдин көркөм эстеликтери таш дооруна таандык. Муну Апулиядагы аскага тартылган сүрөттөр, Лигурия жана Эмилиядагы аялдардын таш статуялары далилдейт. Эзелки грек, этрус өңдүү элдердин салттуу көркөм өнөрү "Байыркы Рим" искусствосунун жана архитектурасынын өнүгүшүнө негиз болгон. Байыркы Римдин архитектуралык эстелиги - Колизей амфитеатры. Ал эски дүйнөдөгү ири курулуштардын бири.

Колизей

Колизей Байыркы Римдин жашоочулары үчүн көңүл ачуучу, гладиаторлордун уруштарын көрүүчү жана ар кандай оюндар өткөрүлүүчү жай болгон. Бул эстелик Байыркы Рим императору Флавиевдердин династиясына тиешелүү. Айрым маалыматтар боюнча амфитеатр жортуулдардан түшкөн олжолордун эсебинен курулган. Жүз миңдеген кулдар иштеп, инженерлер, художниктер жана архитекторлор аларды көзөмөлдөгөн. Алгач Флавиевдердин амфитеатры, кийин эстеликтин чоңдугуна байланыштуу Колизей (латынча абдан чоң) деп атала баштаган. Анын архитектурасы Эллипс формасында курулган. Ичине кирүү үчүн 80 эшик болгон, анын 4 эшиги император жана жогорку даражадагы төбөлдөргө арналган. Колизей дүйнөнүн жети кереметинин бири деп эсептелет.

Байыркы Римдеги пантеон Рим кудайларынын храмы болгон. Байыркы Рим империясы күчүндө турган мезгилде курулган. Кийинчерээк христиандар өздөрүнүн сыйына турган үйүнө айландырып алышкан. Пантеон - биздин күндөргө чейин сакталып калган дүйнөдөгү жалгыз храм, Пантеон б. з. ч. 27-жылы негизделген. Байыркы Рим императору Августтун бир тууганы Марк Агрипптин демилгеси менен салынган. Куполунун диаметри 44 метр, дубалынын калыңдыгы 6 метр.

Байыркы Римдин айкелдери

Байыркы Рим айкелдеринин өнүгүшүнө гректик айкелчилердин таасири тийген. Алар көп учурларда императорлорду кудайлар жана мифтеги каармандар түрүндө көрсөтүшкөн. Императорлордун жеңиштерин даңазалаган статуялар, рельефтер, аркалар, колонналар пайда болгон. Байыркы Римдик айкелчилер портреттерди түзүүдө өздөрүнүн гректик окутуучуларынан алда канча озуп кетишкен. Байыркы Римде эң эзелки кезде эле өлгөн адамдын бетин мом маскаларына түшүрүп алышкан. Айкелдик сүрөт искусствосу мына ушундан өнүгүп чыккан. Байыркы Римдик сүрөтчүлөр адамдын тышкы турпатын жөн эле так түшүрүп гана тим болбостон, ошондой эле анын мүнөзүнүн, акылынын, эркинин, күч-кубатын, ач көздүк же сараңдык өңдүү сапаттарын ачып көрсөткөн.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-09-12, Көрүүлөр: 50252, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу