Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уй

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Уй

Адамдар алгачкы колго үйрөткөн жапайы жаныбарлардын бири - тур. Аңчылар мындан көп миңдеген жыл илгери жаш турларды алып келишип, колго үйрөтө башташкан. Дал ушул турлардан азыркы бакма уйлар келип чыккан. Көчмөн уруулар байыркы короо-короо уйларды эти, териси үчүн гана багышкан. Кийин адамдар отурукташып, дыйканчылык өнүгө баштаганда ал күчтүү жаныбарга соко чегип, жүк ташууга колдоно баштаган. Байыркы адамдар үчүн уйдун мааниси зор болгон, көп эл ага кудай катары сыйынышканы да бекеринен эмес. Ал эми уйду саап, андан укмуштуудай тамак - сүт алынарын мындан 2800 жыл мурун билишкен. Азыр деле уйдун адамга пайдасы чоң. Анткени ал сүт берет, ал эми сүттөн май, каймак, айран жана да быштак жасалат эмеспи. Суткасына бир уй канча сүт берээрин, силер билесиңерби? Ал 20 же андан да көп литр сүт бериши мүмкүн. Бир суткада эки чака сүт! Ал эми Ярославль породасындагы рекордсмен уйлардан суткасына 80 литрден ашык сүт саалып алынат.

Уйлардын породалары да көп. Алар көбүнчө ошол породанын чыкан жери боюнча аталат, мисалы, кострома, холмогор, алатоо. Ар бир порода өз жерине, жайытына, андагы климатка жана башка табигый шарттарга ыңгайлашкан. Ар бир породанын артыкчылыктары жана жетишпеген жактары бар. Кээ бир уйлар сүттүү болгону менен, анын майлуулугу аз. Башка породадагы уйлардын сүтү аз, бирок сүттүн майлуулугу жогору. Азыр илимпоздор сүтү да көп, анын майлуулугу да жогору болгон уйдун породасын чыгарууга аракет кылып жатышат. Бирок жакшы порода чыгаруу менен эле иш бүтпөйт. Уйдун сүттү көп бериши үчүн аны туура багуу, эң башкысы аларды жакшылап тоюттандыруу керек. Малчы иш билги жөндөмүн улам арттырып, эч аянбастан эмгектенгенде гана ийгиликке жетише алат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 955, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу