Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үй кой

Баш барак | Жаныбарлар | Үй кой

Үй кой же бакма кой (башка аталыштары, үй кою же койлору, латынча Ovis aries) — койлор тукумундагы, көңдөй мүйүздүүлөр бүлөсүндөгү ача туяктуу сүт эмүүчү жаныбар. Негизги макала: «Кой».

Мазмуну
Үй кою
Арашан кою
Арашан кою
Илимий классификациясы
  • Домен: Эукариоттор
  • Падышалык: Жаныбарлар
  • Падышалыкча: Эуметазоилер
  • Рангсыз: Эки жактуу-симметриялуу
  • Рангсыз: Экинчилик ооздуу
  • Түр: Хордалуулар
  • Түрчө: Омурткалуулар
  • Инфратүр: Жаак ооздуу
  • Класс үстү: Төрт аяктуу
  • Клада: Амниоттор
  • Клада: Синапсиддер
  • Класс: Сүт эмүүчү
  • Классча: Желиндүү айбандар
  • Клада: Эутериялар
  • Инфракласс: Плацентардык
  • Магнотряд: Бореоэутериялар
  • Отряд үстү: Лавразиатериялар
  • Клада: Scrotifera
  • Клада: Ферунгуляттар
  • Грандотряд: Туяктуулар
  • Отряд: Кито ача туяктуулар
  • Клада: Кито кепшөөчүлөр
  • Отрядча: Кепшөөчүлөр
  • Инфраотряд: Чыныгы кепшөөчүлөр
  • Бүлө: Көңдөй мүйүздүү
  • Бүлөчө: Эчкилер
  • Түркүм: Койлор
  • Түр: Үй кою
Эл аралык илимий аталышы
Ovis aries Linnaeus, 1758

Жалпы маалымат

Кой адам менен бирге 9 миң жылдай мезгилден бери жашап келатат. Ит менен чочко гана адамга андан мурдараак байыр алышкан. Ал эми уй, жылкы жана тоок андан бир топтон кийин колго үйрөтүлө баштаган. Бакма кой жапайы тоо коюнан (муфлон менен аркардан) чыккан. Алар Түштүк Европада жана Алдыңкы Азияда жашаган. Адам бакма койдун 150дөн ашык түрүн өстүрүп чыгарган (2010). Бул жаныбарды колго үйрөтүү адам үчүн зор мааниге ээ эле. Кой адамга тамак, кийим берген. Эти даамдуу жана аш болумдуу. Сүтүнөн эжигей, быштак жасалат.

Терисинен жылуу ичик, тон, тумак тигишет жана жака салышат. Терисинен ийленип даярдалган булгаарыдан бут кийимдер жасалат. Бирок, койдон алынуучу эң баалуу нерсе — анын жүнү. Жүндөн кийиз өтүк жасашып, килем жана ар кандай тор кийимдерди токушат. Кыргызстанда кыргыз кою, Тянь-Шань уяң жүндүү кою, алай, арашан койлору өстүрүлөт. Алардын жүнү узун жана ичке болот. Ал эми арашан койлору эт жана тукум багытына табылгыс. Кой чарбасы Кыргызстанда маанилүү тармак болуп саналат.

Көздөрүнүн каректери тик бурчтуу. Койлордун туут учурунда эгиз козулардын туулушу сейрек эмес, кээде үчтү туугандары да болот, айтмакчы жаңы туулган козулар энесин үнүнөн тааныйт. Жаңы туулган козуларынын болжолдуу салмагы 3-5 килограмм. 4 жашка чейин чоңоет. Койлор жалгыз көпкө жашай албайт, жалгыздыкта алардын тынчы кетип, коркуу абалына түшөт, убакыттын өтүшү менен ал абалы күчөй берет.

Үй кою жапайы койлор сыяктуу эле орточо 14-15 жыл жашайт, дүйнөдө койлордун орточо эсеп менен алты жүздөй түрдүү тукуму бар. Жүнү ушунчалык уникалдуу болгондуктан, азыркы мезгилге чейин окумуштуулар кой жүнүнүн жылуулукту сактоо жана сапаты боюнча бирдей болгон синтетикалык үлгүсүн жасай албай келишет. Ачык жерге чыкканда, чочулап, үймөлөктөшүп, үйүр болуп басып калышат. Ал эми алардын айланасында кандайдыр бир тосмо же бак-дарактар болсо, ал аларды тынчтандырып, жай оттой баштайт. Чоң койдун жүнүн бир кыркканда 10 килограммга чейин жүн бериши мүмкүн.

Эң көп жашаганы — тоолордо жашаган жапайы кар (ак) койлору, алар 22-24 жылга чейин жашашат. Тоо койлору 5 км бийиктикте жашай ала турган бирден-бир жандыктар. Койлорду эчкилер менен аргындаштырса дагы болот.

Койлор — көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы үчүн маанилүү болгон өтө көп жайылган айыл-чарба жаныбарларына кирет. Улуу географиялык ачылыштар доорунда деңиз сүзүүчүлөр койлорду көптөгөн өлкөлөргө ташып, көп жерлерде бул жаныбарлар көнүп кеткен. Койлордун тарыхы өтө узак мөөнөттү камтыйт, буларды эбак эле үй жаныбары кылып адам баласы көндүрүп алган.

Азыркы учурда койлордун кыркылган жүнү башка жаныбарлардын жүнүнө караганда адам тарабынан көбүрөөк колдонулат. Кой эти дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эң мааанилүү азыктардын бири болуп саналат. Жүнү жана этинен тышкары, сүтүн алуу үчүн дагы өстүрүшөт, мындай сүттөн сыр, кулинариялык май ж. б. даярдалат. Ошондой эле, койлор илимий эксперименттерде пайдаланылат: эң белгилүү өкүлү «Долли» кою, муну 1996-жылы клондоштуруп алышкан.

Тар мааниде кой деп (орусча овца) ургаачыларын айтышат, эркектери кочкор (орусча баран) саналат. Жыныстык жактан жетиле элек ургаачыларын токту аташат, ал эми жаш тукумду — козу дешет. Ургаачыларынын туулгандан тарта жыныстык жетилүүсү орточо 14-18 айды түзөт. Бооз мезгили 145-155 күн же 5 ай.

Кой чарбасы — койлордуу өстүрүү менен алектенген мал чарбасынын бир тармагы — дээрлик бүткүл дүйнөдө жүргүзүлүп, бардык мезгилде көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасында маанилүү ролду ойнойт. Учурда (2020) эң көп койлор Кытайда (144 млн баш), Австралияда (98 млн), Индияда (60 млнго жакын), Иранда (54 млн), Жаңы Зеландияда (44 млн), Улуу Британияда (36 млн), Түштүк Африкада (29 миллиондон ашык), Түркия (27 млн), Пакистан жана Испанияда (24 млн). Постсоветтик өлкөлөрдө кой чарбачылыгы мал чарба катары Кыргызстанда, Казакстанда, Түркмөнстанда, Молдовада жана Россиянын түштүгүндө өзгөчө мааниге ээ.

Дүйнөдө эң көп койлору бар өлкөлөр (2017)
Кытай161,3 млн
Австралия72,1 млн
Индия63,0 млн
Нигерия42,5 млн
Судан40,5 млн
Иран40,0 млн
Улуу Британия34,8 млн
Эфиопия31,8 млн
Турция30,9 млн
Чад30,7 млн

Келип чыгышы жана колго үйрөтүү тарыхы

Кой 8 миң жыл мурун (кээ бир маалыматтар боюнча 7-9), азыркы Түркиянын, Сириянын, Түндүк Месопотамиянын аймагында байыркы убакта эле адам тарабынан колго көндүрүлгөн.

Койлор муфлондун (жапайы кой) же уриалдын тукумдары деп болжолдонгон. Цитогенетикалык анализдин маалыматтары боюнча, үй коюнун теги муфлон болгон деп саноого мүмкүн. Уриалдын кариотиби 58 хромосоманы камтыйт, ал эми үй коюнун жана муфлондун хромосома саны 54кө барабар. Борбордук Анатолияда эпипалеолит/чопо неолитке чейин б.з.ч. 7500-жылга чейин (Pınarbaşı Höyük и Boncuklu Höyük) үй койлорунда «B» митохондриялык гаплотоп аныкталган. Б.з.ч. 7500-жылдан 7000-жылга чейин эрте неолит мезгилинде Борбордук Анатолиядагы (Canhasan III) үй койлорунда «B» жана «A» митохондриялык гаплотоп аныкталган. Б.з.ч. 7000-жылдан 6000-жылга чейин орто неолит мезгилинде Борбордук Анатолияда (Pınarbaşı Höyük и Tepecik-Çiftlik Höyük) жана Батыш Анатолияда (Barcın Höyük и Ulucak Höyük) «B» жана «A» митохондриялык гаплотопко «D» жана «E» митохондриялык гаплотоптор кошулган. «С» митохондриялык гаплотоп неолит доорундагы Анатолияда жок болгон.

Баяндалышы

Үй кою — эркектеринде спираль сыяктуу болуп экиге бөлүнгөн мүйүзү, ошондой эле, таргыл жүнү менен таанымал болгон ача туяктуу кепшөөчү жаныбар. Башка жапайы койлордун түркүмдөрүндө, ошондой эле, үй коюнун ата-тек койлорунда түгү шакек сымал оролбойт, куйругу болсо кыскараак. Койлордун кээ бир примитивдүү породаларында дагы куйругу анча чоң эмес, бирок, узун куйруктар жана түгүнүн ак түстө болгондору жаныбарларда колго үйрөтүүнүн эрте баскычтарында гана пайда болгон. Баш сөөгүнүн түзүлүшү боюнча үй койлору өзүнүн жапайы туугандарынан куушураак көз чуңкурчалары жана мээнин кичирээк өлчөмү менен айырмаланат. Эреже катары, койлордун мүйүздөрү жакшы өнүккөн бирок, кээ бир породаларда мүйүздөрү такыр жок болушу мүмкүн, же эркектерде гана болот. Буттары кубаттуу келип, тоолуу аймактарда алыс аралыкка басууга жакшы ыңгайлашкан.

Үй коюнун болжолдуу физикалык мүнөздөмөлөрү
Үй коюнун болжолдуу физикалык мүнөздөмөлөрү

Үй койлорунун өлчөмү жана салмагы породасына жараша өтө айырмаланып турат. Бойго жеткен жаныбардын өсүү ылдамдыгы жана массасы көбүнчө тукум куугучтугунан көз каранды, ушул себептен улам селекциялык тандоо ушул мүнөздөмөлөрдөн жүргүзүлөт. Бойго жеткен ургаачылары негизинен 45—100 кг болот, чоңураак келген эркектери 70—160 кг чейн. Кочкордун рекорддук салмагы (саффолк породасы) 247,2 килограммга жетчү. Жалпысынан жаныбардын жонуна же далысына чейинки бийиктиги 55-100смди түзөт, ал эми денесинин узундугу — 60—110см. Мурдунун ылдый жагы учтуураак, түз же кээде өркөч сымал профильге ээ, дээрлик толугу менен (эриндерин жана таноолорун эске албаганда) ичке түк менен капталган. Эриндери ичке жана абдан кыймылдуу. Кой түркүмүндөгү башка жаныбарлар өкүлдөрүндөй эле үй койлорунда көз-жаш сөөгүнүн тышкы бетинде, көз чуңкурунун ички бурчунда «көз-жаш чуңкурчалары» бар — туздуу тер бездерине бай келген тери чуңкурчалары, булардын бөлүнүп чыгышы майлуу жыты бар масса түрүндө чогулат (секреттик суюктук). «Туяк бездер» аталган аналогиялуу чуңкурчалар эки туягынын өйдөңкү муунунун ортосунда бар. Бул бездер бөлүп чыгарган секрет койго мүнөздүү болгон жытты берет.

Койдун баш сөөгү
Койдун баш сөөгү

Чоң койлордун 32 тиши бар (тиш формуласы I:0/3 C:0/1 P:3/3 M:3/3): түгөйлүү 6 азуу (үстүндө жана астында), түгөйлүү 6 кичи азуу (булар дагы үстүндө жана астында), 2 курч тиш (орусча клык, астында) жана 8 кескич тиш (булар дагы астында гана). Маңдайкы өйдөңкү тиштери болбойт. Курч тиштер менен кичи азуулардын ортосунда чоң боштук бар. Кескич тиштер жаакка карай кең бурчта жайгашкан — мындай түзүм башка өсүмдүк менен азыктанган жаныбарларга караганда чөптү эффективдүүрөөк тиштеп жулуп алууга мүмкүндүк берет. Азуу жана кичи азуу тиштери биригип ооз көңдөйүнүн арткы бөлүгүндө чоң тегиздикти калыптандырат — бул тиштер менен койлор чөптү чайнашат. Тиштердин өнүгүүсү акырындык менен жүрөт: алгач сүт тиштер 1 же 1,5 жылда туруктуу тиштерге алмаша баштайт, а эми бардык тиштеринин алмашуу процесси койдун жашоосунун төртүнчү жылы аяктайт.

Көпчүлүк кочкорлордун мүйүздөрү жакшы өнүккөн — спираль түрүндө тышын көздөй буралып турат, мүйүзүндө туурасынан кеткен дөмпөкчөлөр бар. Ургаачынын кичинекей мүйүздөрү болушу мүмкүн. Түсү породасына жараша ар кандай — сүттөй актан кочкул күрөң жана карага чейин. Ичке (уяң) түктүү койлор негизинен ак. Түгү одуракайраактарында эки катмардан турат — биринчиси, түк астындагы тыбыт диаметри орточо 25 мкм болгон ичке булалардан турат, экинчиси массивдүүрөөк келип диаметри 100—200 мкм. Уяң жүндүү койлордо түгү биринчи катмардан гана турат. Булалардын узундугу уяң жүндүү породаларда 5—9 смден болуп, кесек же чала уяң жүндүү породаларда 10—15 смге чейин жетет. Украинада бир койду бир жылда кыркуудагы жүнүнүн рекорддук салмагы 31,7 кг жеткен («Кызыл чабан» совхозу, Херсон облусу; койдун салмагы 130 кг). Уяң жүндүү койдон жылына 8-10 килограмм, чала уяң жүндүүсүнөн 3-6 килограмм, кылчык жүндүүсүнөн 1-4 килограмм жүн кыркылып алынат. Жууп-тазалагандан кийин уяң жүндөн 50-65%, кылчык жүндөн 55-75% таза жүн алынат. Уяң жана чала уяң жүндүү кой жылына 1 жолу (жазында), кылчык жүндүүлөрү 2 жолу (жазында жана күзүндө) кыркылат. 5-7 айлык козуларынын союлгандагы салмагы болжолдуу 18-22 килограмм.

Ургаачылары (соолуктары) байыганга чейин 50-200 килограмм, кээ бир породаларыныкы 1000 килограммга чейин (мисалы, остфрисланд породасынын ургаачысы [Нидерланд]) сүт берет.

Бычылган кочкорлор ирик деп аталат. Койлорду кармаган жай кашар делет. Койлорду жаюуу жылдын көпчүлүк бөлүгүндө мүмкүн: мисалы, кышында тереңдиги 12—15 см кар түшкүчө жая беришет. Койдун негизги тоюттары: табигый жана эгилме жайыт чөптөрү, саман, силос, жем жана башка. Кой эрте жаздан кеч күзгө чейин, ал эми кар аз түшкөн жылуу аймактарда жыл бою жайытта багылат. Ар кандай шартка (ысык, суук, бийиктик жана башка) байымдуу.

Жасалма уруктандыруу

Койлорду жасалма уруктандыруу үчүн жыныс органынын ичи аркылуу, цервикалдуу жана жатындык ыкмаларды колдонууга болот. Сперманы жыныс органынын ичи аркылуу ыкмасы менен киргизүү үчүн дозалоочу түзүлүшү бар айнек шприц-катетер колдонулат. Цервикалдык ыкма менен уруктандыруу үчүн гинекологиялык күзгү жана микрошприц зарыл. Жатын ыкмасы менен уруктандыруу, өзүнө лапароскопту колдонууну камтыйт.

Сезүү органдары

Бардык койлордун угуусу жакшы өнүккөн жана капыстан чыккан үнгө сезимталдуу келет. Көздөрүнүн каптал жайгашуусу жана горизонталдык созулган каректери башын бурбастан көрүү бурчун болжолдуу 270—320° чейин кеңейтет (түгүнүн калың болушу көрүү бурчун азайтышы мүмкүн). Бирок, койлордун мейкиндиктик көрүүсү жетишээрлик эмес өнүккөн (25 градустан 50 градуска чейинкисине гана бинокулярдык көрүү туура келет) — көлөкөлөр жана жердеги чуңкурчалар жаныбардын кыймылын басаңдатышы мүмкүн. Жалпысынан, койлор күңүрт же караңгылатылган аймактардан алыс болууга аракет кылып, ачык жана жарык мейкиндикти артык көрүшөт. Жоромолдорго ылайык койлор түстүү көрүүгө ээ болуп, кээ бир түстөрдү ажырата алышат, анын ичинде кара, кызыл, күрөң, жашыл, сары жана ак. Койлордун көздөрүндө аккомодация механизми жок (аккомодация — көрүүнүн түрдүү аралыктагы буюмдарга фокусталышы), буга ылайык алардын башка жаныбарларга караганда объектти көргөндө анын тереңдигин баамдоосу төмөн. Койлордун көзү алысты көрүүгө жана астигматизмге азыраак дуушар болот. Жалпысынан көрүүсүнүн мындай мүнөздөмөлөрү болжолдуу объекттерди орто жана алыс аралыкта кароодо жакшы фокусталган сүрөттөлүшүн камсыз кылат. Койлор үчүн визуалдык байланыш абдан маанилүү, алар дайыма бири-бири менен визуалдык байланышты кармап турушат. Ар бир кой мезгил-мезгили менен башын көтөрүп, башка койлордун үйүрдөгү абалын карап турат, а бул оттоо мезгилинде биргеликте жүрүүсүн камсыздайт. Үйүрдөн обочолонгон койлор стресске кабылат. Мындай койдун жанына күзгү коюп койсо анын стресс деңгээли төмөндөйт, бул анын жанында башка кой бар экенин, жана ал караан тынчтандыруучу таасир этээрин билдирет.

Койлор үйүрү
Койлор үйүрү

Койлор үчүн маанилүү сезүү органы даам сезүүү саналат. Негизинен, ачуу чөптөрдөн баш тартып, таттуу жана кычкыл өсүмдүктөрдү жактырышат. Болжолдуу койдун көрүүсү, ошондой эле, сезип-туюуусу жактырган азыгын тандоодо дагы өз ролун ойнойт.

Кочкорлор ургаачы койлордун феромондорун кабыл алуу үчүн, жана алардын күүлөп калганын аныктоо үчүн вомероназалдык органын колдонот. Ургаачы койлордо бул орган жаңы төрөлгөн козуларын таануу үчүн пайдаланылат.

Үн байланышы

Үй койлорунун чыгарган үндөрүн маароо, коркулдоо, бышкырууга бөлүүгө болот. Үйүр мүчөлөрүнүн бири-бири менен баарлашуусундагы эң эле көп колдонулуучу үнү маароо саналат, өзгөчө эне кой менен козунун ортосундагы мамиледе. Ар бир койдун маароосу жеке мүнөздөмөлөргө ээ, а бул үйүр мүчөлөрүнө бири-бирин маароо аркылуу билүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы туулган козулар энесине кайрылып катуу маарашат, ал эми бир нече жумадан кийин бул эффект жокко чыгат. Маароо тынчсыздануу, көңүл калуу же чыдамсыздык белгисин билдириши мүмкүн. Шартка ылайык койлор ооруксунтуудан маарабайт бирок, жалгыз калганда маарай баштайт. Бооз койлор туут учурунда чочколордун коркулдашына окшогон үн чыгарат. Гүүлдөп-шуулдаган үндү кочкорлор ургаачы койдун артынан жүрө баштаганда чыгарат. Ушул эле сыяктуу үндү ургаачылары дагы чыгарышы мүкүн, өзгөчө жаңы туулган козунун жанында турганда. Бышкыруу болсо эскертүү же агрессияны билдириши мүмкүн бирок, тынчсыздануунун жана күтүлбөгөн кырдаалга болгон реакциясы да болушу ыктымал.

Маданияттагы образы

Кой образы көптөгөн маданияттарда бар, өзгөчө көбүрөөк өстүрүлгөн аймактарда. Бурга каршы-терши башка маданияттарда кочкор, өзгөчө жапайы, көп учурда кайраттуулуктун жана күч-кубаттын символы катары колдонулат. Мисалы, Сент-Луис Рэмс америкалык футбол тобунун жана Dodge Ram пикабынын логотиптери Түндүк Америкада көп кездешкен жоон мүйүз жапайы койду элестетет.

Койлор көптөгөн тамсилдерде, балдар ырларында жана ыр саптарында негизги символ болуп саналат. Мисалы: түрдү койчу, абышка, карышкыр жана башка образдар менен байланышкан кой жаныбары. Мындай образдар кыргыз адабиятында, көркөм фильмдеринде өтө көп. Батыш адабиятынан мисал кылсак: «Mary Had a Little Lamb» — «Мэринин кичинекей козусу болгон» атту ыр. Джордж Оруэлдин «Мал короосу», Харуки Муракаминин «Койлорго аңчылыгы», Томас Хардинин «Акылынан ажыраган топтошкондордон алысында», жана башка романдарда, Нил Эстлинин «Дүйнөнү өзгөрткөн коюнда» (Долли кою), деги эле ушундай чыгармаларда койлор персонаж же сюжеттик кыймылдардын катышуучусу болот. Ыр саптарында, жаңылмачтарда (Уильям Блейктин «Агнеци») жана ырларда (Pink Floyd «Sheep») кой образы метафора катары колдонулат.

2007-жыкы Жаңы Зеландиялык «Жаман кой» кино тасмасында биз ойлогон уялчаак жана таянаары жок койлор жөнүндө салттуу көрүнүш башкача берилет, мында койлор генетикалык эксперименттин натыйжасында адам өлтүргүчтөргө айланат.

Кыргыз адабиятында жана кино тасмаларында койлор көбүнчө өзүнүн табигый мүнөзүндө берилет. Мисалы, «Акбаранын көз жашы» кинотасмасында ж. б. у. с.

Көптөгөн макал-лакаптарда жана идиомаларда дагы кездешет. Мисалы, көптөгөн европалык тилдерде «кара кой» идиомасы кыргыздын «кара чычканы бар» деген сыяктуу фразага аналогиялуу. Атактуу «койлорубузга кайталы» («revenons à nos moutons») фразасы эмне болсо да тескөөнүн негизги темасына чакырат. «Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт» макалында кыргыздар койлорду карышкырлар менен кошуналыкта багып келгенин түшүнүүгө болот. «Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору» макалында койлордун адам турмушундагы маанилүү бир ролду аткараарын туюндурат. Ушундай макал-лакаптар аз эмес.

«Койлорду санап атат» деген фраза бир нерсени ойлонуп калды деген мааниде берилип, ал эми акыл-эсте, мээде койлордун образдарын атайылап саноо бул тезирээк уктап калуунун ыкмасы катары пайдаланылат.

«Карышкырларды кайтарам деп (кой) чыгыптыр, кечинде бир чымчым түгү калыптыр» фразасы адамдын күчү жетпеген бир нерсени баштап алганын мүнөздөйт, кой деген сөз мында келесоолук деген мааниде.

Динде жана фольклордо

Байыркы заманда койлор символ катары Жакынкы жана Орто Чыгыштын, ошондой эле, Жер Ортолук Деңиздин көптөгөн диндеринде колдонулган, негизинен, Байыркы Египет, Финикия, Чатал-Хююк диндеринде, иудаизмде, байыркы грек дининде жана мифологиясында жана башкаларда. Койлордун катышуусундагы диний символика жана ырым-жырымдар бизге белгилүү биринчи диндерде эле пайдаланылган. Баш сөөктөрү (букалардын баш сөөктөрү менен кошо) б. з. ч 8000-жылдардагы Чатал-Хююк конуштарындагы храмдарында борбордук орунду ээлеген. Байыркы Египетте кочкор бир нече Кудайлардын символу болгон: Хнум, Херишеф жана Амон (түшүмдүүлүк, төрөмдүүлүк кудай ипостаси түрүндө). Кочкорлордун түрдүү белгилери менен кээде Иштар, финикиялык Баал-Хамон кудайы жана вавилондук Эа кудайлары сүрөттөлгөн. Мадагаскарда бүгүнкү күнгө чейин (2023) койлорду тамак катары колдонушпайт, анткени, алардын жандарында бабалардын жаны болот делет.

Байыркы грек мифологиясында койлорго көптөгөн шилтемелер бар: мисалы, Крие жөнүндөгү миф, мында алтын жүндүү кочкор жөнүндө айтылып, ал бүгүнкү күнгө чейин белгилүү. Астрологияда Кой — классикалык грек зодиактын биринчи белгиси (Кой жылдызы), ал Марс планетасына мамилелеш. Байыркы Римде кой Меркурий кудайынын (үйүрлөрдүн коргоочусу) атрибуту болгон. Ошондой эле, кой — Кытай календарында негизделген, кытай зодиагынын 12 жылдык цикли менен байланышкан он эки жаныбардын сегизинчиси. Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Монголияда жана кээ бир башка өлкөлөрдө койдун чүкөсү байыртан эле оюндарга, төлгө ачууга жана улуттук музыкалык аспаптардын бөлүгү катары колдонулган.

Бүткүл авраамикалык диндерде койлор маанилүү ролду ээлейт: Авраам (Ибрагим), Исаак (Исхак), Иаков, Моисей (Муса), Давид падыша жана Мухаммед пайгамбар койчу болгон. Библиялык Исаакты (Исхакты) курмандыкка чалуу баянында, Ибрагимдин колун периште токтоткондо Исхактын ордуна кой курмандыкка чалынган. Ислам салтында Авраам (Ибрагим) Исмайылды курмандыкка чала турган болот, ушуну эскерүү катары койлор (же башка жаныбарлар) Курман айт майрамында курмандыкка чалынат. Ислам маданиятында койлор кээде башка маанилүү светтик окуяларда дагы курмандыкка чалынат. Иудаизмде да койлор курмандыкка чалынчу (пасхалык агнец же козу). Шофар ырым-жырымдык мүйүзү сыяктуу койлор менен байланышкан символдор заманбап иудей тажрыйбаларында дагы бар. Христианчылыкта Иисус Христос символдук түрдө Жакшылыктуу Койчу катары сүрөттөлөт, кой болсо Христостун Туулган күнүнүн иконографиясынын зарыл болгон элементи. Кээ бир христиан ыйыктары койчуларды колдошот, ал эми кээ бирлери койлордун өзүлөрүн. Христос дагы курмандыктуу Кудай Агнеци (Agnus Dei) катары сүрөттөлөт, жана пасха майрамын майрамдоодо Грецияда жана Румынияда салттуу түрдө пасхалык козу жешет. Көптөгөн христиан агымдарында чиркөөлөрдү пастор деп аташат, а бул «койчу» деп аталган латын сөзүнүн туундусу.

Кошумча шилтемелер

Жайгаштыруу: 2023-03-27, Көрүүлөр: 852, Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу