Малдын жайытта багылышы ар дайым тынымсыз кыймылда болуунун, таза аба менен көк чөптүн болушунун жана күндүн нурунун тийишинин натыйжасында, малдын жалпы абалына, өнүгүп өсүшүнө жана азыктуулугуна жакшы таасир көрсөтөт.
Ошонун натыйжасында малдын денеси чыңдалып бышат. Анын организми ооруларга туруктуулугу көтөрүлүп, азыктуулугу артат. Малдын жайытта багылышы өзгөчө жаш малга жакшы таасир көрсөтөт. Малдын жайыттагы багылышы алардын тукумдуулугун жогорулатат.
Жайыттарды туура пайдаланганда чөбү жетиштүү, малдын ушул түрүнө оттоого жардамдуу болгон учурда гана жайытта багуунун натыйжасы жакшы болот. Жайыттар малдын инфекциялык жана инвазиялык ооруларынан таза, жаан-чачын болгондо коргологудай бастырмалар менен камсыз кылынып, малды сугаргыдай жайы жабдылууга жана таза суусу болууга тийиш. Жайыттар тикендүү бадалдардан, ыпыр-сыпырлардан, жана өсүмдүктөрдүн чириген калдыктарынан тазаланган болууга тийиш.
Малды чыгарууга чейин жайытты карап чыгып, анын жардамдуулугун белгилешет. Бардык мезгилге карата айыл өкмөтү тарабынан жайытты пайдалануу планы (графиги) түзүлөт, ал аймактарга бөлүнөт. Малды чыгарууга чейин жайытты жабдуу, тазалоо жана жайытты камсыздандыруу запасын даярдоо боюнча керектүү иштерди өткөрүү зарыл.
Кыргызстандын жайыттарында өтө оор, көп учурда өлүмгө алып келүүчү ооруларды пайда кылгыдай уу чөптөрдү (өсүмдүктөрдү) кезиктирүүгө болот. Кээ бир уу чөптөр жыл бою, кай бирлери гүлдөгөн мезгилинде же уулу мөмөлүүлөр жетилип бышкан убакта ууландырат. Жайыттарды изилдеп текшерген кезде уу өсүмдүктөрдүн мезгилге байланышкандыгын так белгилеп, буларга ал аянтты пайдалануу планын түзүүгө зарыл. Уулу жана зыяндуу өсүмдүктөр менен күрөшүү ишин үзгүлтүксүз уюштуруу зарыл, буларды физикалык ыкмалар (түбүнөн бери казуу, өрттөө, жерди кайрадан айдоо), биологиялык жол (көп жылдык өсүмдүктөрдөн себүү, мелиорацияны жүргүзүү, жайытты кургатуу) жана химиялык куралдын (гербециттер) жардамы аркылуу жоготушат.
Жайытта багууда болуучу негизги талаптары төмөнкүлөр:
Малдын туяктарынын абалына көз салып туруунун жана өсүп кеткен туякты өз убагында тазалап кесип туруунун өзгөчө мааниси бар. Жайыт мезгилинде малга минералдык тоюттарды биринчи иретте тузду суткасына мүйүздүү ири малга — 40 гр, жылкыларга — 20гр, койго — 10-15 гр үзгүлтүксүз берип туруу керек. Кыргызстандын шартында йоддолгон тузду талкалап берүү зарыл, себеби-йоддун жетишсиздиги малды ооруга чалдыктырып, анын азыктуулугун бир кыйла төмөндөтөт. Тоо райондорунун бир кыйласында малга фосфор менен кобальтты, талаа райондорунда кальцийди кошумчалап берүү керек. Булар тоют борунда, талкалаган акиташта, фосфоринде, тоюттук преципитатта жана башкаларда көп болот.
Курттар жана мителердин таасирин азайтуу үчүн жайыт аянттарын тез-тез алмаштыруу, ошондой эле, уйлардын эчки-койлор менен кезектештирип жаюуу жардам берет. Мындан тышкары, ичеги-карын мителерине каршы дары-дармектер менен алдын алуу дагы зарыл.