Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Малдын чөптөн уугушу

Баш барак | Ветеринария | Малдын чөптөн уугушу

Сары байчечекейдин Кыргызстанда 46түрү бар, алар түрдүү чөптүн арасында өсөт. Алар май айынан тартып сентябрга чейин гүлдөйт. Гүлү сары же саргыч келет. Нымдуу жерлерде өсөт. Малдын байчечекей менен уугушу көбүнчө жазында, ал бир же эки жалбырак байлаган кезде байкалат. Бул учурда мал аны жакшы жейт. Сары байчечекей менен ууккан мал көп учурда айыгып кетет. Малдын сары байчечекейден уугушуна жол бербөө үчүн ал көп өскөн жерлерге малды түштөн кийин, өсүмдүктүн уусу азайган убакта жаюу керек. Жакшы тойгон мал сары байчечекейди жакшы жебейт, ал эми бир аз желгени болсо жумурдагы башка тоюттарга аралашып, өзүнүн уу касиетин бир кыйла жоготот.

Сүт тикен - көп жылдык чөп. Кыргызстандын түндүк аймактарында өсүүчү сүт тикендин бийиктиги эки метрге чейин жетет. Республиканын түштүгүнө анын кызыл түстүү, жапыс өсүүчү ферганалык туру кеңири таралган. Бул чөптүн көк саргыч түстөгү гүлү бар. Сүт тикендин бардык түрү уулу болуп саналат, анын сабагынан жана жалбырагынан чыккан уу сүтү болот. Мал жеген сүт тикендин күйдүргүч ширеси ичеги карын жолунун былжырлуу челин сезгендирет, ал эми канга аралашканда борбордук нерв системасына таасир тийгизет. Мал сүт тикенди жегиси келбейт, бирок жайыттардагы ачка болгон мал сүт тикенди аргасыздан жейт. Чөп менен кошо бир процент эле сүт тикен жеген мал сөзсүз уугат.

Сары мыя - узундугу 40 см келген көп жылдык чөп. Ал көбүнчө Ысык-көл ойдуңунда жана Кочкор өрөөнүндө өсөт. Андагы алколоид малдын борбордук нерв системасына күчтүү таасир тийгизет. Мал жазында анын когун, кышында болсо анын уругун жеп уугат. Сары мыя мал айдаганда өтө коркунучтуу, анткени ал жол боюна өтө көп чыгат.

Аткулак - Кыргызстанга кеңири таралган көп жылдык чөп, узундугу бир мертден ашат, кээде кайсы бир жердин бетин туташ каптайт. Аткулакта мал үчүн коркунучтуу органикалык кислота бар. Мал аны көп жегенде минералдык заттардын алмашуулары бузулуп, кальцийдин иону калий менен алмашылат. Ууккан мал ич өткөк ылаңына чалдыгып, бат арыктайт. Малды аткулактан уугуудан сакташ үчүн ал көп өскөн жайыттардагы малга бор берип туруу керек. Бул учурда малдын ичеги карын жолунда аткулактын кислотасынын эрибей турган тузу пайда болот, ал малдын канына кире албагандыктан ууктургуч таасир көрсөтө албайт.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 697, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо