Топоз


Башы уйдукундай, куйругу жылкыныкындай, жүнү эчкиникиндей, мүйүзү өгүздүкүндөй, үн чыгарганы көбүнчө доңуздукуна окшоп кеткен жаныбарды көрдүңөр беле? Бул жаныбар деңиз деңгээлинен 3-4 миң метр бийиктиктеги түтөккө, бороонго, тү деген түкүрүк жерге түшпөй тоңгон суук, ызгаарга да чыдамдуу келет. Ысыкты такыр каалабайт, атүгүл кыш чилдеде да тийген күндөн качып, көлөкөгө ыктайт. Аска-зоолордогу кайберен жүрө алгыс жалгыз аяк жолдон жалтанбай, үстүндө жүгү болсо да карды жиреп кете берет. Мына ошондой өзгөчө сапаттары бар бул деги эмне деген укмуштуу жаныбар?!Ал өзүңөр көрүп жүргөн кадимки эле топоз. Аны монгол өгүзү деп да аташат. Жапайы топоздун мекени Тибет тайпак тоосу болгон.

Азыр жапайылары чанда жолугат. Ал эми силер көрүп жүргөндөр колго үйрөтүлгөн топоздор болуп эсептелет. Колго үйрөтүлгөн топоздор негизинен Азияда, анын ичинде биздин өлкөдө да өстүрүлөт. Кыргызстанда топозду швиц уйлары менен аргындаштырып, эттүү, сүтү майлуу топоздор алынган. Топоз чымыр денелүү, буттары кыска, башы чоң, жазы маңдай, мойну кыска жана ичке, жаа мүйүз (токолу да кездешет), сээри бийик, өркөч сымал болот. Узун жүнү бир аз тармалданып кетет, боор жүндөрү чачыдай салаңдап турат.

Инеги жазында жалкы мамалак тууйт. Өңү көбүнчө кара, жонунда боз жалы бар. Эти даамдуу, сүтү майлуу келип, жүнүнөн аркан эшилип, кийиз жасалат. Топоз жапайы жырткычтардан, өзгөчө карышкырдан кудум эле буйволдордой коргонот.

2016-05-22 447 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22