Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ит

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ит

"Ит жонундо маалымат" - ит деген эмне, адам иттин үч жүздөн ашык породасын чыгарган. Иттердин бардыгынын түпкү теги бир - карышкыр экендигине оңой менен ишенбейсиң. Овчарканы баарыбыз көргөнбүз. Анын түрлөрү көп: булчуңдуу, ичи кындыйган Чыгыш Европа овчаркалары, үлпүлдөк жүндүү коллилер (шотландия овчаркалары), аюунукуна окшогон кыска тумшуктуу чоң сапсагай кавказ иттери, узун, тармал, ак жүндүү түштүк орус овчаркалары бар. Булардын бардыгы чоң, күчтүү иттер. Чыгыш Европа овчаркалары чегарада, кылмышкерлерди издөөдө кызмат кылышат. Мындай иттерди атайын ит мектебинде үйрөтүшөт. Шотландия, түштүк орус жана Кавказ овчаркалары мал кайтарып, узак айлар бою алыскы жайыттарда койлорду коштоп жүрүп, жырткычтардан коргойт. Суучул иттер ньюфаундленддердин кызматы да өзгөчө. Алар - жүнү барпайган, таманы аюунукундай талпайган, калың жүндүү узун куйрук чоң кара иттер.

Алар сууда сүзгөндү, чумкуганды билишет, ошондуктан аларды сууга чөгүп бараткандарды куткарууга үйрөтүшөт. Мина издөөчү иттер согушта кандай жардам бергенин билесиңерби? Алар миналарды шимшип табышкан. Жарылма затты сезгенде ит дароо тура калган. Иттер бир да жолу жаңылган эмес. Иттин дагы бир аскердик адистиги - санитардык кызматты да аткарган. Алар салгылаш болгон жерде жарадарларды издешкен. Иттерди кабар ташуу үчүн да пайдаланышкан.

Иттер жааган окко карабай ачык жерде боортоктоп жылып, адам өтө албаган жердей өтүп кеткен. Ишчил иттердин арасында саргыч же боз темгилдүү, бапсайган чоң, жоош ак иттер бар. Булар сенбернарлар - куткаруучулар. Мындан бир нече жүз жыл мурда Альп тоолорундагы татаал коркунучтуу ашуунун жанында монастырь болгон. Иттин бул породасын дал ушул жерде чыгарышкан. Кардуу бороондон кийин же жөн эле түн киргенде иттерди дарбазадан сыртка чыгарып жиберишкен. Ар бир иттин жонуна төшөнчү, тамак-аш салынган баштыкты таңып коюшкан.

Ит кар көөмп калган, жолдон адашкан жолоочуларды издеп, ондогон чакырым аралыкты чуркап өткөн. Аңчы иттердин көп породалары бар, анын бири анчы лайка өзүнүн теги - карышкырга өтө окшош. Түндүктө лайкалар бугу кайтаруу милдетин мыкты аткарышат. Ит чегилген чана менен адамдарды, жүктөрдү ташышат. Тайгандар абдан сымбаттуу иттер. Алардын тумшугу шуштуюп ичке, денеси келишимдүү, буттары узун, күчтүү. Тайган иттердин орус породасы Россияда чыгарылган. "Ит жонундо маалымат" улантабыз.

Булар аңдын соңунан шамалдай тез жүгүрөт. Аңчылар аларды күлүк ат менен да кууп жете албай калышат. Бир караганда түз колбасага же чучукка окшоп кеткен узун тулку боюна жабыштырып койгонсуган кыска буттарын шашпай шилтеп, шуштуйган тумшугун көккө каратып бир ит келатат. Бул - такса. Ал кашкулак менен түлкүгө мыкты аңчы. Бул айбандар буйткалуу терең ийиндерине кирип жашынышат.

Аларды ийинден эч айла менен чыгара албайсың. Мына ушунда жапыз бойлуу, ийкемдүү таксаны ийинге киргизишет. Кичинекей фокстерьерди да ушундай анчылыкка пайдаланышат. Айдагыч иттердин аты алардын салмак менен борс-борс үрүп айбанаттарды айдагандыгына байланыштуу. Аңчы бир жерде аңдын жолун тосуп отурат, ит болсо түлкүнү же коёнду түз эле аны көздөй айдап келет.

Булар - эр жүрөк, чыдамкай иттер. Сымбаттуу сеттер жана кичинекей спаниель менен токойдо жана саздак жерде илбээсинге анчылык кылышат. Алар илбээсинди туюп бир нече кадам калганда тык токтойт да, алдыңкы буттарын бүгүп, кыймылсыз катып калат. Ит илбээсинди көрсөткөн сыяктанат. Жылмакай жүндүү темгил ала иттерди бекеринен пойнтер деп аташпайт, бул англисче көрсөткүч дегенди билдирет. Кооздук үчүн үйдө багылуучу иттер өзүнчө бир чоң топту түзөт. Кичинекей болонка менен тойтерьерди бийлетип же алкактан секиртип үйрөтүүгө болот. Чындыгында, ат адамдын канаты болсо, ит адамдын досу деп айтсак ашык болбос

Үйдө багылуучу иттердин дээрлик баары майда, бирок тойтерьер (оюнчук терьер) - алардын эң кичинеси. Анын салмагы - 600-700 грамм. Бирок бул иттер ээсине абдан берилген, кээде аны коргоп жан аябай качырат. Азыр иттерди жаңы адистиктерге үйрөтүп жатышат. Овчаркалар газ инспекторунун милдетин аткарышат. Газдын кичине эле чыкканын ит сезет, бул жөнүндө кантип билдирүү керектигин гана ага түшүндүрүп коюу керек.

Кен издөөчү иттер да бар. Бул максатта овчарка, фокстерьер жана спаниель пайдаланылат. Ал эми космоско учуу жагычы! Лайка аттуу ит жердин экинчи жасалма спутниги менен асманга учкан, андан кийин Белка менен Стрелка, Уголёк менен Ветерок космосто болушту. Ит асыроочулуктун чарбалык мааниси да бир кыйла. Аңчылар жана ышкыбоздор менен бир катарда миң деген балдар өздөрүнүн төрт аяктуу досторун жан-дили менен багып, тарбиялап жана машыктырып жатышат. Ит башка жандыктардай эле ооруп да калат: кутурма, котур, чакалай сыяктуу жугуштуу жана мите ооруларынан жабыркайт. Аларды дайыма ветеринариялык текшерүүдөн өткөрүп туруу зарыл. Балдар, багып алган итиңер силерди өзүнүн ээси деп кабыл алат. Ал силер менен дайыма бирге болуп, силер үчүн ар кандай кыйынчылыкка чыдоого даяр, анткени ит - адамдын ишенимдүү досу. "Ит жонундо маалымат" ушундай курдаштар.

Бирок силер да ага кам көрүүнү, өз убагында тамак берип асыроону эсиңерден чыгарбагыла. Кап этпесеңер ит агытып куш салуу жөнүндө маалыматты да сунуштай кетели :)

Жайгаштыруу: 2018-03-30, Көрүүлөр: 6847, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу