Мал сарайларды жана тоок каналарды дезинфекциялоо (жугушсуздандыруу)
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:Мал жана тоок каналардын дезинфекциялоо — мал жана канаттууларды кармоочу жайды мителерден, микробдордон, бактериялардан, козгогучтардан жана инфекциялардан арылтуу же азайтуучу иш-чаралар.
Жугуштуу оорулардын козгогучтарын тышкы чөйрөдө жугушсуздандыруу эки баскычтан турат:
- Сарайларды тазалоо — көң, кыктан тазалоо;
- Дезинфекциялоочу заттарды пайдалануу.
Дезинфекция төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
- Мал сарайлар (кой, уй, жылкы, тоок);
- Инвентарлар (күрөк, айры, тырмоок);
- Кийимдер (халат, фартук, өтүк);
- Аштоолор.
Дезинфекциялык заттар:
- лизол 3% эритме;
- жегич натриий 25% эритме;
- хлордуу акиташ 1-3,5% эритме;
- креолин 5% эритме;
- өчүрүлгөн акиташ 10-20% эритме;
Дезинфекция жүргүзүлгөндөн кийин сарайды 3-6 саат жаап коёт.