Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мал репродукциясы жана муктаждыктар

Баш барак | Ветеринария | Мал репродукциясы жана муктаждыктар

Репродукциялоодо азык заттарга болгон муктаждык жана продукт берүү категорияларына, физиологиялык абалына (эт, сүт, организимдин өсүшү, бооз мезгили ж. б.) карата малдардын тоютка болгон керектөөсү.

Нормалдуу репродукция - мал чарбачылыгынын физиологиялык негизи болуп саналат. Айыл чарбасындагы малдардын репродукциясынын тоюттануу шартынан көз карандылыгы көп кырдуу билинет. Малдардын репродукциясына азыктануу деңгээли жана берилген тоюттуң составы таасир этет. Жетишерлик деңгээлде тоюттанбаса алмашуу заттары бузулуп, жашоо функциясынын бардык клеткалары жана органдары алсызданат, башка органдары менен катар жыныстык, жана ошондой эле ички секреция органдары да жабыркайт. Малдын тукумдуулугуна систематикалык ашыкча тоюттандыруу да терс таасирин тийгизет.

Бооз ургаачыларынын муктаждыгы. Малдын бооз кезинде заттардын алмашуу процесси өзгөрүлөт. Энергетикалык алмашуу бооз учурунун экинчи жарымында көбөйөт, айрыкча акыркы чейрегинде. Айыл чарба малдарында орточо алганда, бооз мезгилинде жалпы алмашуусу күчөйт (11-14%). Мал бооз учуруна байланыштуу анын протеинге, минералдык заттарга жана витаминдерге муктаждыгы көбөйөт.

Бооз малдардын тоютунда органикалык, минералдык заттар жана витаминдер жетиштүү болсо резерв түзүү сыяктуу маанилүү физиологиялык өзгөчөлүккө ээ болушаарын баса белгилеп кеткен оң. Ал резервдердин чоңдугу - бир топ эле, ал тукумундагы ошол эле чогулган заттардан 1,5-2 эсе (жана андан да көп) көп болушу мүмкүн. Бооз кезинде организмине топтолгон резервдер, алар туугандан кийинки алгачкы мезгилдерде аябай жардам берет, анткени көп учурда тоюттагы азык заттар организминин муктаждыгын толук канааттандырбай калат.

Натыйжада тукумдун өсүп-өрчүү процессинде эненин организминин азык заттарга муктаждыгы тез чоңоет. Ошол учурда энесин байма-бай жана толук баалуулуктагы тоюттар менен тоюттандыруу - жакшы өөрчүгөн, көлөмдүү тукум алуу жана энесинин сүттүүлүгүн арттыруу үчүн эң зарыл болот.

Чоңоюп келаткан малдын азык заттарга муктаждыгы. Чоңоюп келаткан малдын азык заттарга муктаждыгын билүү үчүн өөрчүп-чоңоюу процессинде зат алмашуу, дене-мүчөсүнүн химиялык составы жана кошумча салмагы ар түрдүү куракта кандай өзгөрүүлөрүн билүү зарыл. Малдын өсүп келаткан организми үчүн маанилүү шарттардын бири - алардын өсүү мезгилине жараша өзгөрүүгө учураган тоюттануу мүнөзү болуп эсептелет. Чоңоюп келаткан малдын жашоосундагы негизги мезгилдери - эненин ууз сүтүн эмген жаңы туулган учуру, сүтүн эмген учуру жана жаш малдын чоңдор сыяктуу толук мүнөздүү азыктанууга өтүүчү эне сүтүнөн ажырагандан кийинки мезгили. Демек, азык заттарга муктаждыгы малдын жаш курагына байланыштуу, тамак сиңирүүчү органдардын өсүүсүнө жана жаш организмдин сүт эмген курагынан азыктануунун өсүмдүктөрдүн тибине өтүүгө ыңгайлашуусуна жараша өзгөрүлүп турат.

Жашы чоңойгон сайын дене түзүлүшүнүн химиялык составы өзгөрүүгө учурайт. Кургак заттардын составындагы күл (зола), протеин, майлардын көлөмү көбөйүп, суу азаят. Жаныбардын чоңоюшу анда болгон протеиндин санынан жана сапатынан көз каранды. Өсүп келаткан малдар ошондой эле эң оболу энергия булагы катары “структуралык" углеводдор (сүт канты), майлар жана алмаштыргыс майлуу кислоталар менен камсыздалышы зарыл.

Жаңы чоңоюп келаткан фазасында жеңил сиңүүчү углеводдорго муктаждыгы өзгөчө жогору болот, ал эми тоюттардагы майлардан жаш төлдүн организминдеги алмашуу процесси үчүн зарыл болгон эрүүчү витаминдерди алат. Сүттө, жаш төлдүн табигый азыктарында майдын өлчөмү 15тен 35%ке чейин кургак заттарда жана 25тен 55%ке чейин бардык калорийлүүлүгүнө туш келет. Практика жүзүндө пайдаланып келген рациондордо жаш төл адегенде 1 кг тирүүлөй салмагына 5-15 г майга чейин алат, ал эми аягында - 0,3-0,5 г чейин алат.

Малдын чоңоюшу тоюттардагы углеводдордун, майдын жана протеиндин ара катнашына байланыштуу болот. Жаш организмде протеин азыраак, андан кийинки учурларда - орточо болушу керек.

Сүт эмизген малдардын азык заттарга муктаждыгы. Сүт тоюттагы азык заттардын эсебинен иштелип чыгат. Сүттүн составдык заттары - казеин, сүт альбумин, глобулин, сүт сахары жана сүттүн майлуулугу, булар кадыресе тоюттарда болбойт. Өздөрүнүн химиялык жаратылышы боюнча алар тулку боюндагы ткандарын түзүүчү заттардан айырмаланып турат. Сүттүн составдыкзаттары тоюттардан кан аркылуу эмчек бездерге жетип, түзүлө баштайт. Сүттүн составында углевод, липид, кальций жана фосфор көбүрөөк, ал эми кандын плазмасында, белокто азыраак. Канда сүт канты жана казеин жок; сүт альбумини кандын альбуминине окшош эмес. Демек, тоюттун канга кошулган бардык азык заттары сүттүн составына кошулаардын алдында кайра иштетилип чыгышы мүмкүн деген тыянакка келсе болот. Бул кайра иштетүү сүт бездеринин альвеолдорунда ишке ашат. Сүттүн пайда болушу секретордук процесс катары саналат. Эгерде тоют жетишерлик деңгээлде берилбесе жана тоюттардын составы толук баалуу болбосо, бул сүт эмизген малдардын адегенде физиологиялык абалына, андан соң лактацияга жана сүттүн составына таасири тийет.

Сүттүн түзүлүшү азыктардагы протеиндин деңгээлине жана протеиндин сапатына байланыштуу. Сүттүн продуктивдүүлүгүн арттыруу үчүн малдар протеинди сүттөн бөлүнүп чыккандагыга караганда көбүрөөк алуулары шарт. Сүт пайда болушу үчүн орточо эсеп менен 60-70% сиңүүчү протеин керектелет, ал эми сүт эмизген малдын рационуна сүттөн бөлүнгөндөгүгө салыштырмалуу 1,5 эсе көп кошуу талап кылынат.

Тоюттун майлуулугу сүттүн майлуулук сапатына таасир этет, бул технологиялык максаттарды баалоодо (май чыгарууда) өтө маанилүү. Талап боюнча сүт эмизген малдын рационунда 3-5% май (кургак заттардын) болушу шарт. Сүт эмизүүчү кепшөөчү жаныбарларга силос жана жемиш тамырлуу тоюттандырууда, ал эми чочколор - дан чанактуу тоюттарды бергенде углеводдор менен камсыз болушат. Кепшөөчү малдардын рационунда жеңил сиңүүчү углеводдор жетишсиз болсо, щелочтуулук резервин кескин төмөндөтүп жиберүүчү ацидозду пайда кылат. Ошондуктан кепшөөчү жаныбарлардын углеводдор менен камсыз болушун кант-протеин жана углевод-протеин катнашы боюнча көзөмөлдөп туруу керек.

Сүт эмизүүчү малдын минералдык заттарга (мал 1 кг сүттөн 4-1 Ого чейин минералдык заттарды бөлүп чыгат) муктаждыктарын камсыздоонун мааниси өтө зор. Айрыкча анын кальций-фосфору бар азыктарды пайдаланып жаткандыгына көңүл бөлүү керек, анткени малда кальций жана фосфор жетишсиз болсо, аларды организмдин запасынан ала баштайт (сөөк ткандарынан). Тоюттагы фосфордун жетишсиздиги анын канында болгонун азайтып жиберет. Тоюттагы бул элементтердин ара байланышы аларды организминде пайдалануу деңгээлине таасир этет. Кальцийдин фосфорго ара байланышынын оптималдуу болушу 1,5:1 барабар. Сүт эмизип жаткан жаныбарлардын рациону витаминдерге бай болушу керек. Сүттө Е витамини гана аз болот.

Бордоп семиртилген малдын азык заттарга муктаждыгы. Борго байлап семиртүүнүн максаты - союшка арналган малдын этинин жана майынын көлөмүн көбөйтүү жана эттин сапатын жакшыртуу. Эт өндүрүүдө эки процессти колдонушат: чоңойтуу жана семиртүү. Малдын денесиндеги эттин көлөмү анын чоңоюу процессинин натыйжасында көбөйөт. Жаш, чоңоюп келаткан мал жакшы семиртилет, бирок чоңоюп калган малдар тез семирет, тоют менен бирге сиңген азык заттар алардын муктаждыгынан ашык барат. Бордоп семиртүүнүн негизги шарты - үстөккө-босток тоюттандыруу. Семиртилген малдын продуктивдүүлүгүн кошумча салмагынан байкашат, ошого байланыштуу алардын да тоютка муктаждыгын кошулган салмагынын көлөмүнө жана составына байланыштырышат. Бордоп семиртүүдө малдын табити да чоң мааниге ээ.

Органикалык заттарга муктаждыгы тамак сиңирүү органдарынын нормалдуу иштешине, т. а. тоюттун нормалдуу сиңиши менен шайкеш келиши керек. Бул - кепшөөчү жаныбарлардын рациону клетчатканын болушу боюнча балансташкан болушу керектигин билдирет, ал үчүн рационго катуу тоюттарды кошуу зарыл. Жаш малдарды семиртүүдө чоң малдарга караганда (салмагынын бирдигине) протеин кыйлаэле көбүрөөкталап кылынат. Протеин менен азыктануу деңгээлинен семиртилип жаткан жаш малдын кошулган салмагынын структурасы бир топ көз каранды - протеин менен майдын ара катнашы: рациондогу белоктун көлөмү жогорулаганда кошулган салмактагы майдын деңгээли төмөндөй берет.

Малды жакшылап семиртүү үчүн алардын минералдык заттарга муктаждыгын канааттандыруунун мааниси зор. Көбүнчө малдар фосфорго муктаж болушат. Бордоп семиртилип жаткан малды А жана 0 витаминдери менен камсыздоо керек, ал эми чочколорго жана канаттууларга - В комплексиндеги витаминдерди кошуу талап кылынат.

Жүндүн пайда болушуна зарыл болгон азык заттар. Таза жүн дегендин өзү иш жүзүндө протеин дегенди камтыйт, ал гана эмес, жүндүн составына анын өсүүсүн шарттаган күкүрттүү аминокислоталар - метионин жана цистин кирет. Андыктан, малдын жүнү жакшы өсүшү үчүн тоюттарда протеин жетишерлик көлөмдө болушу шарт.

Ошондой эле койлордун минералдык заттарга жана витаминдерге, айрыкча А (каротин) жана D витаминдерге муктаждыгын канааттандыруунун мааниси чоң.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 1114, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу