Сүт өтө баалуу азык. Анда адамга керектүү заттар - белок, май, углевод, ар түрдүү туз жана витаминдердин дээрлик бардыгы бар. Бирок сүт бат бузулат, себеби ага абадагы көп сандаган микробдор түшөт. Үйдө сүт кайнатылат, бул учурда микробдор өлөт, бирок сүттүн аш болумдуулугу төмөндөйт. Ошондой болсо да куюп сатма сүттү сөзсүз кайнатуу керек: антпегенде адамдарды ооруга чалдыктыруучу микроб болушу мүмкүн. Ал эми комбинатта даярдалып сатылуучу сүттү кайнатпай ичсе болот: андагы микробдор сүттөгү баалуу заттарга зыян келбегендей кылып тазаланган. Бул үчүн сүт атайын аппараттардан өткөрүлөт, анда сүт адегенде 15-30 минута 60-70 градуска чейин ысытылат, андан кийин муздатылат. Мындай иштетүү француз окумуштуусу Луи Пастердин атынан пастерлөө - суюктукту жана азык-түлүктү ысытуу аркылуу микробдон тазалоо деп аталган. Азыр пастерленген сүт бөтөлкөгө гана эмес, кагаз баштыктарга да куюлуп сатылат. Бул өтө ыңгайлуу.
Ичинен суу өткөрбөй турган атайы плёнка кагаз баштыктын чети бекем чапталат. Эптүү автомат түрмөктөлгөн мындай кагазды жазып, кыркат, бүктөп баштык жасайт да сүт толтуруп, желимдеп чаптайт. Микроб эч жеринен кире албайт. Сүт заводунда сатылуучу сүт гана даярдалбайт. Бул жерде сүттөн быштак, сыр, кефир, ацидофилин, айран жасалып, каймак алынат. Бирок буларды пайдалуу бактерияларсыз жасоого болбойт. Бул жерде май да алынат, аны биз ак май (чалган май) деп атайбыз. Сүттө майдын кичинекей бүртүкчөлөрү болот.
Ак май ушулардан чогултулуп алынат. Сүт түтүк менен сепараторго - өтө тез айлануучу барабанга келет. Борбордон четтөөчү күчтүн таасири менен сүт барабандын капталына чачырайт, ал эми каймагы ортосуна жыйнала берет (Сеператордун иштөө принциби ушундай). Каймак биринчи сепаратордон түтүк аркылуу экинчи сепараторго барганда коюуланат, андан кийин май калыптоочу муздаткычка барат. Муздаткыч аппаратта коюуланган майлуу каймак тынымсыз аралаштырылат. Андан агып чыккан саргыч май, май өткөрбөөчү пергамент кагазы салынган кутуга куюлат. Анда муздап, ак майга айланат.