Бул жерде "жаны жыл жонундо саламдашуу" ырларын жайгаштырдык. Жазып койгулачы деп көптөн-көп суранган колдонуучуларыбыздын кат жазууларынан кийин кичине болсо дагы саламдашуу жайгаштырдык. Жакшыбы-жаманбы эл тараза дегендей.
Жалпы саламдашуулар макаланын ылдый жагында
Салам айтам жаны жылда жалпына
Берсин жылым жакшылыгын баарына.
Аман болсун кыргыз элим,
Жылып келген, шашып келген жылымда.
Саламдашуу эзелтеги нарк экен,
Кылым карыткан кыргыз элимде.
Наркыбызды колдойлу,
Жанырган жылда жадырап.
Жоро-жолдош аманбы?
Курбу-курдаш эсенби?
Калыстыгы таш жарган,
Калыстар тобу аманбы?
Күйүгүп келген бул күнгө,
Күйөрмандар аманбы?
Айтпайт деп бизге саламды,
Кирип келген жаны жыл.
Жаман ойдо калбагын,
Оор түйүшүккө салбагын.
Сага салам өзгөчө
Таарынып бизге калбагын.
"Жаны жыл жонундо саламдашуу" ырларын билсеңиз сиз дагы бул жерди толуктап койсоңуз болот. Ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына өзүңүз билген жаңы жылга байланыштуу саламдашууну жазып коюңуз.
Аяз ата камдап белегин,
Аяз кыз турат жылмайып.
Жаны жыл келди шыктанып,
Жашоолорду бак кылып.
Салам айтам ушул келген жылымда
Баарынарга ак ниеттен, жаркырап.
Келип калды жаны жылым жалтырап
Жакшы маанай, ак үмүттү тартуулап.
Жаш балаты жашыл тартып жашылап,
Бергени турат кубанычын тартуулап.
Оюнчукка толо берсин балаты
Кана достор колдоп койгун каараанын?
Ооба, ооба саламдашуу салт экен
Жалпынарга айтып өтөлү саламды
Ушул келген жаны жылда жылмайып
Жакшы насат, жакшы адат сынары
Салам айтам кирип келген жылыма
Салам айтам жылып келген жылыма
Куттуу болсун жаны жылым ушунда
Кут тартуулап жалпыбызга, журтума
Салам айтам калыстарга урматтуу
Салам айтам күйөрманга ардактуу
Салам айтам аяз атага кымбаттуу
Салам айтам аяз кызга сымбаттуу
Салам айтмак салт экен,
Жаны жылда, каалоо айтмак шарт экен
Ушул жылы кааларыбыз жалпыга
Бакыт-таалай, опол-тоодой ден-соолук
Саламдашкан салт экен го кыргызымда,
Саламдашкан жакшы экен го кыргызымда.
Саламдашпай соз баштаба дейт кыргызымда,
Саламдашпай кеп баштаба дейт кыргызымда.
Аяз ата менен Сагынтайдын сүйлөшкөнү
Аяз ата:
- Салам айтам, Сагынтай,
Келди дебе камынтпай.
Аяз атаң мен болом
Өзү келген камынтпай.
Сагынтай:
- Аяз ата, куп келди?,
Мен да сени күткөмүн.
Коньки менен чананы,
Эчак камдап бүткөмүн.
Аяз ата:
- Эмне бар кубанар,
Менин тонум аппак кар.
Каарып түшөр кармасаң,
Колдоруңду какшатаар.
Сагынтай:
- Сенин тонуң аппак кар,
Мен эмесмин кайгырар.
Кармаганын эритер,
Колдорумдун оту бар...
Аяз ата:
- Анда сен какпа бабаңды,
Тазарттым чаңдан абаңды.
Сыйгалак тепсең мен даяр,
Сүйрөп чыккын чанаңды.
(Темиркул Үмөталиев)
Чакан "жаны жыл жонундо саламдашуу" ырлар жыйнагы азырынча ушундай, бирок бул жакка биз дагы көп-көп ырларды кошуп турууга аракет кылабыз. Сиз дагы четте калбаңыз.
![]() | Ханышайым Саламдашуулардын мааниси жок кемчиликтер бар саламдашпай сөз баштаба дейт саламдашпай кеп баштаба дейт кыргызымда дегени не тантралогия болуп кетиптирго албетте баардыгы эмес жакшылары идеалныйлары деле бар.ийгилик!кемчиликтерли оңдоп койсоңуздар |
![]() | Аяна Аяз Ата келиниз колунузду бериниз жаш балдары ыйлатпай падаркана бериниз |
![]() | Ороз Салам айтам баарына, Жашынада каарына. Салам айтам таазим этип, Олтургар ушул жалпына. |
![]() | Мадина Жаман |
![]() | Нурзада Мага бул саламдашуулар аябай Жакты дагы коп жаза бериниздер ийгилик калайм |
![]() | Madina Саламдашуулар абдан сонун экен мага жакты дагы көп жаза бериниздер |
![]() | Тимур Бегайым деген атка 4 сап ыр жазып бергилечи сураныч |
![]() | Даткайым Мне очень понравилась но вы могли бы на писать по русский Жооп: Сайт кыргыз тилинде гана |
![]() | Жазгул Аяз кыздын ыры болсо болушуп коёсуздарбы |
![]() | Кыял станбекова Саламдашуу салтта бар Кадырлуу кыргыз калкта бар Саламдашпай отуп кетсем Анда менде куноо бар |
![]() | Кубанычбекова Аделя Улановна Эн сонун мага жакты Бирск дагы кобуроок саламдашуу жазсанар болмок Жооп: Рахмат, акырындан көбөйтүп жатабыз :) |
![]() | Айжамал Мага 2куплет жаны жыл жонундо керек Жооп: https://tyup.net/page/zhany-zhyl-zhonundo-yrlar |
![]() | Татыкулов аман Аяз ата келиниз колунуздубериниз жаны жылды кутуктап 1 падарка бериниз |
![]() | Адилет Мага да таап бериниздерчи жаны жылга саламдашу |
![]() | Narinai Минутту айга, жылга, кунго тенеп Убакыт учкан куштай ото берет Жашоодо баары кымбат ошентсе да, Эн алгач саламдашып алуу керек |
![]() | акжол Жакшы жазыптырсынар рахмат |
![]() | Жаркынай Жаны жылда вальс бийине ыр жазып бериниздерчи сураны, |
![]() | Гулнара Самудинова Жыл жанырыгы ар адамга жашоонун жаны барагынан кабар салат. Анткени,ар бир адам, ар бир үй-бүлө жаны жылга жаны максаттарды коюшат эмеспи. Анда ошол жакшы тилектердин жарчысы болуп кирип келе жаткан Жаны жылыбыз кут болсун. Жаны жылда эл арасы тынч болуп, Жер-Эне берекеге толсун. Уул үйлөп кубанган аталар аман болсун, кыз узатып сүйүнгөн апалар бар болсун! Жакшыдан үмүттөндүргөн уулдар аман болсун, жаркылдаган кабагы, жайнап турган тамагы келиндер аман болсун! Назданган жакшы кыялы атаны да кубанткан, энени да кубанткан, асылкеч сулуу кыздар аман болсун! Жаны жылыныздар менен! |
![]() | Аноним Ук жер жузу ук бут аалам Урмат сыйдын куусун чалам Жаркылдып келген жаны жылга Жалындуу жалындаган ысык салам |
![]() | Мадина Жолдошбекова Розасы ачылган жалбырагы жашылдан сиздерге салам айтабыз .....атынан |
![]() | Аттокур Саламдашуу салт экен, Сабырдуу кыргыз элимде. Салтты бизда сактайлы, Салам атып сиздерге!!! |
![]() | Эркинбек Жаны жыл келди жаш балбан кайратанган шатанган лыйжа байлап бутуна узак сапар атанган |