Балаты же Жаңы жылдык балаты — көптөгөн өлкөлөрдө Жаңы жыл жана рождество майрамын майрамдоодогу салттуу атрибут. Эрте Жаңы мезгилде герман шаардык салтында пайда болгон, ал эми XIX кылымдан тарта англосаксон дүйнөсүндө, ошондой эле, орустарда жайылып, алардын аркысынан кыргыз элине 1895-жылдарда келген.
Жаңы жылдык балаты негизинен атайын оюнчуктар, шамдар, электр лампалары менен кооздолгон ийне жалбырактуу чоң (картаң) же кичине (жаш) даракты (карагай, пихта, кызыл карагай), же анын жасалма имитациясын билдирет. Майрамдоо мезгилинде үйлөрдө жана көчөлөрдө орнотулат.
Европа элдеринин арасында жаз майрамдарында «Май дарагын» орнотуу салты кеңири жайылган болчу. Грузиндер 31-декабрга чейин очокко граб жыгачынын отунун даярдашып, майрамдык дасторконду чичилаки (жаңгакчынын тармал жонулган сабактары) менен көркөмдөшкөн.
Снаветияда (Грузиянын түндүк-батышындагы тарыхый аймак) Жаңы жылга үйгө кичинекей кайың орнотулчу. Гор еврейлеринде жаздын биринчи түнүндө жаштары токойго «шам агажини» («шам дарак») издегени барып, аны кыйып, анын отунунан от жагып, жалын үстүнөн секирип, ыр ырдашчу.
Бир катар европа элдеринде рождество ырым-жырымдарында чоң кертим жыгач же дүмүр пайдаланылчу, ал айтылуу Сочельник күнү очокко жагылып, майрамдын он эки күндүк мөөнөтүндө акырындан күйүп жок болчу. Мындай кертим жыгач отунун кийинки жылдын өтүшүндө үйдө сактоо, үйдү оттон, чагылгандан коргоп, кут алып келет деп саналчу. Скандинавдарда мындай жыгач juldlock аталат, франциялыктарда — la bûche de Noël.
Кельттерде кышкы күндүн турушун майрамдоо, түбөлүк жашыл омела бадалы менен байланыштуу. Булар аркылуу омела символикасы англо-саксондор маданиятына бекем кирген.
Заманбап рождестволук ырым-жырымдын калыптанышы немистердин салтында Орто кылымдардын аягында жана Жаңы мезгилдин башында пайда болгон. Жаңы жылдын же рождестволук балаты рождество алдындагы мистериялардагы «бейиш дарагынан» чыккан — Адам жана Еванын тарыхына аргалган театрлаштырылган коймолор, анткени, 24-декабрда христиандар тарабынан Адам менен Еванын эстелик күнү белгиленчү. Башында айткандай эле Жаңы жылдык балаты коюуу салты христиандардан келген, орустар менен алмаштырбайлы, орустар европалыктардан алып, өзүлөрүнө ылайыкташтырып, анан бизге алып келген, ар бирок 1914-жылы орустарда балатыга тыюуу салынган, кийин гана кайрадан жандандырылган. Рождествого кайтып келсек, мында кышкы мезгилди эске алуу менен декорация катары ийне жалбырактуу дарак колдонулган, аны алмалар (тыюуу салынган мөмөнүн символу), вафли жана таттуу нандар менен көркөмдөшкөн. Бул мистериянын образы жана реквизити рождестволук вертепке аналогиялуу болуп, үйдөгү салтка кирген.
Жаңы жылдык балаты немистерде «жаңы жылдык дарак» (немисче Weihnachtsbaum), «Клаус дарагы» (Klausbaum) деп аталчу. Кээ бир жерлерде бул дарактарды «бейиш» (Paradies), «бейиш бакчасы» (Paradiesgarten) ж. б. аташчу. Балатыны мөмөлөр жана гүлдөр менен кооздоо салты Рождество түнүндөгү дарактардын гүлдөшү жана мөмө байлоо ишенимдери менен байланыштырылат.
Ишенимдерге ылайык, герман элдеринин арасында Жаңы жыл күнү токойго барып, алдын-ала дайындалган карагайды шамдар жана түстүү чүпүрөктөр менен кооздоп, анын айланасында түрдүү ырым-жырымдарды өткөрүү салты болгон имиш. Убакыттын өтүшү менен карагай дарактарын кыйып адамдар үйүнө алып келип, стол үстүнө коюлчу делет. Карагай багына жандырылган шамдар бекитилип, алма жана башка таттууларды илишкен. Герман элдеринин чокундурулушунан (орусча крещение) кийин бул ырым-жырымдар акырындык менен христиандык мааниге ээ болуп, үйгө коюлуучу балатылар сочельник майрамынын атмосферасынын бөлүгү болуп калган.
Жаңы жылдык балатыны орнотуу биринчи жолу документалдуу түрдө кайда жана качан белгиленгендиги тууралуу талаштар уланып келет. Аныкталган маалыматтар боюнча 1539-жылы Мартин Буцер башкаруу мезгилинде Страсбург соборунда көркөмдөлгөн дарак орнотулган. Ригалык кара баштуулар боордоштук документтеринде 1510-жылдын алдын ушул сыяктуу ырым-жырым жөнүндө эскерилет, жана мында майрам өткөндөн кийин даракты өрттөп салышкан. XVI кылымдын башында Рождество күнү Мартин Лютер үйүндө кооздолгон дарак орнотулганын эскерет.
Немис рождестволук гимндеринде балаты XVI кылымдан эскерилет («O Tannenbaum»), бирок, адабий булактарда XVIII кылымдын аягында гана байкалат. Мында 1774-жылы биринчи эскергендердин бири Иоганн Вольфганг Гёте болгон:
«…рождество алдындагы жекшемби күнү кечинде ал Лоттеге барып анын жалгыз отурганын көрөт.Ал майрамга карата өзүнүн кичи инилерине жана сиңдилерине даярдап койгон оюнчуктарды иретке келтирип жатыптыр. Ал (Лоттеге келген киши) балдар кубанаарын айтып, күтүлбөгөн жерден эшик ачылып, шамдар, таттуулар жана алмалар менен көркөм кооздолгон балаты аны чоң сүйүнүчкө алып келгенин эске салды.» — Жаш Вертердин азаптары.
Кыргызстанда биринчи коомдук балаты 1895-жылдын 28-декабрында Пишпек шаарында (учурдагы Бишкек) орнотулган. Муну ошол кездеги мэр — Илья Федорович Терентьев уюштурган. Майрамга эркек жана аялдар окуу жайынан 200 бала чакырылган.
Ошондон тарта балаты орнотуу салты аз-маздан кыргыз элине аралашып, кийин жыл сайын өткөрүлө турган салтка айланган. Советтер союзу мезгилинде, Кыргызстанда теле жана радио берүүлөр жаңы келгенде өзгөчө күч алган.
1970-жылдардан 2000-жылдарга чейин ар үй-бүлөдө табигый же жасалма балатылар орнотулуп, оюнчуктар жана түркүн түстүү электр лампалар менен көркөмдөлчү. Бирок, бул көрүнүш башында орто же жакшыраак жашаган үй-бүлөлөрдө гана байкалчу. 2000-жылдардан кийин үйгө балаты коюуу салты басаңдап, учурда (2023) балатынын ордуна түстүү электр шамдар жана жылтырактар менен түрдүү буюмдарды, нерселерди (тезелер, унаалар, иш орду, тиричилик техникалары) гана кооздоп коюуу, ошондой эле бийиктиги 10 смден 40 смге чейинки кичинекей пластик балатыларды орнотуу тенденциясы байкалууда. Чоң балатылар болсо айылдардын, аймактык борборлордун, шаарлардын борбордук аянттарында, ошондой эле муз аянтчаларында гана орнотулуп, сонун бир көркөм түстөр менен көркөмдөлөт. Тирүү балаты дарагын тамыры менен орнотуп, майрам бүткөндөн кийин кайрадан топуракка отургузуп коюуу тенденциясы дагы байкалууда (2023).
Жаңы жылга чейин же жаңы жыл күнү элдер мындай балатылардын алдына барып сүрөткө түшүп, сейилдеп, көңүлдөрүн ачышат.
Албетте, мекеме-ишканаларда балдар үчүн балаты күндөрү өткөрүлүп, атайын бөлмөгө балаты орнотулуп, белгилүү бир күнү балдарга оюн-зоок аралаш майрам өткөрүшөт, белектерди беришет. Мындан тышкары квадрокоптерлер менен ачык асман үстүндө атайын шоу көргөзмөлөрдү уюштуруу күч алууда.
Улуу Британияда 1946-жылдан бери 20 метрлик балаты Лондондогу Трафальгар аянтында орнотулуп келет. Бул балатыны Норвегиядагы королдук үй-бүлө экинчи дүйнөлүк согуштагы англичандык аскерлер тарабынан немистердин оккупациясынан бошоткондугу үчүн жөнөтүп турат. Балатынын алдында рождество күнүнө чейинки күндөрдө миңдеген англичандар чогулуп, рождестволук гимндерди ырдашат. Салтка ылайык Трафальгар аянтындагы балатыны лампалардан турган вертикалдуу гирляндалар менен кооздошот.
Римде балатыны Ыйык Петр аянтында орнотушат. Калыптанып калган салтка ылайык, Ватиканга балатыны Европалык өлкөлөрдүн бири акысыз берет. Бул салт 1982-жылы Иоанн Павел II тарабынан киргизилеген. Рождество мезгили бүткөндө «Католикалык Чиркөөнүн негизги балатысынын» жыгачы буюмдарды жасоого жумшалып, аларды сатуудан түшкөн киреше кедей-кембагалдарга жардам көрсөтүүгө багытталат.
Нью-Йоркто 1931-жылдан бери салттуу түрдө балаты Рокфеллер-борбордун алдында орнотулат. 2011-жылдын жаңы жыл алында анын гирляндалары 30 миң лампаны камтыган, ал эми чокусуна диаметри 2,7 метр болгон, Свароски кристаллдары менен жаркыраган хрусталь жылдыз илинген.
Оригиналдуу балатылардын катарында Рио-де-Жанейродогу Лагоа көлүндөгү сүзүп жүрмө жасалма балаты саналат. Анын бийиктиги — 85 метр, ал эми металл конструкциянын салмагы — 530 тонна. Балаты Гинесстин рекорддор китебине сүзүп жүрүүчү эң чоң балаты катары кирген. Балатыга механикалаштырылган коңгуроо илинип, ал жаңы жылдык обондорду ойноп турат. Гирляндасында 3 миллиондон ашык лампа бар, муну компьютер башкарат, ал эми дем алыш күндөрү балатыдан салюттар атылып турат.
Дүйөндөгү эң чоң балаты 2009-жылы Мехикодо (Мексиканын борбору) орнотулган. Анын бийиктиги 110,35 метр болгон (40 кабаттуу үйгө барабар), диаметри — 35 метр, металл консртукциясынын жана оюнчутарынын жалпы салмагы — 330 тонна. Бул балаты Пасео-де-ла-Реформа проспектисинде орнотулган.
Эң кымбат балаты 2010-жылы Абу-Дабиде коюлган. Ал алтын жана күмүш шарлар, кымбат баалуу таштары бар зер буюмдар менен кооздолуп, жалпы баасы 11,5 млн долларды түзгөн.
2011-жылы «балаты таймашы» Рига менен Таллиндин ортосунда уланган. Латвия тараптын тарыхый аргументтерине каршы Таллин бийлиги алдын-ала чоң балатыны орнотууну чечишкен. Натыйжада, Ратуш аянтындагы 24 метрлик карагай шамалдын айынан эки жолу (25 жана 27-ноябрда) кулаган. Экинчисинде 80 гирляндасы (9,6 миң лампа) жана шамдардын 15 топтому менен кошо кыйла чыгымга учуратып кулаган. Бактыга жараша эки учурда тең эч ким жабыр тарткан эмес, ошондон кийин даракты 4 метрге кыскартуу менен бекем орнотушкан. Муну диверсия деп дагы Таллиндин полициясы иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн.
2012-жылдын декабрь айынын аягында Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасында жаңы жылдык карагай орнотулган. Түндүк Кореянын массалык маалымат каражаттары бул фактынын античучхелик үгүт жана психологиялык согуш элементи катары кабыл алышкан.
Балатыны кооздоо көпчүлүк учурда башында айтылгандай тарыхый салттарга байланыштуу, бара-бара алмалар, таттуулар жана шамдардын ордуна айнек, пластик оюнчуктар келип, шамдардын ордун электр лампалары ээлеген. Мурда балатынын оюнчуктары өтө бир сейрек товар катары саналып, баасы дагы жогору болуучу. Учурда оюнчуктар керектөөчүнүн финансылык мүмкүндүгү же каалоосу менен гана чектелип калды.
Жаңы жыл алдындагы ийне жалбырактуу дарактарга болгон массалык суроо-талаптар булардын мыйзамсыз кыйылуусу жана майрамдан кийинки иштетүү көйгөйүн жаратат. Буга байланыштуу мамлекеттер Жаңы жылга карата дарактарды кыюууну катуу көзөмөлдөп, токойлорду коргоо чараларын көрүшөт.
Кээде жасалма дарактарды өндүрүү жана сатуу демилгеси сунушталат — учурда мындай жыйналма/куралма дарактардын түрлөрү бар. Булардын кайра-кайра колдонуу мүмкүндүгү кыйла пайдалуу. Мындай ыкмага каршы болгондор, жасалма балатыларды даярдоо өзү эле айлана-чөйрөгө зыян алып келет деген ойдо. Ал эми табигый балатыларды атайын питомниктерде даярдоодо зыяны азыраак дешет. Жасалма балатыга караганда тирүү балатынын көмүртек изи азыраак. Ал эми климатка таасирин төмөндөтүү үчүн жасалма балатыны он жылдан ашык колдонуу керек. Жапайы табияттын дүйнөлүк фонду (WWF) балатыны колдо бар материалдардан адамдын өз колу менен жасап алуусун сунуштайт.