Кыроо — ачык жана тынч түндө нымдуу абанын 0° Сден төмөнкү температурада муздашынан жер бетиндеги нерселерге, чөпкө, кыртышка туруп калган муз кристаллдары; атмосфералык катуу (суюк эмес) жаан-чачындын түрү. Абадагы буунун десублимацияланышынан пайда болот.
Кыртыштын терс температурасында, аз булуттуулукта жана аз шамалдуулукта, жер жана жердеги нерселердин бетинде өсүүчү кристалдашкан суу музунун ар кандай кубаттуулуктагы жука катмарын билдирирет. Кыроо кристаллдары алты бурчтуу призма (анча суук эмес кезде), жалпак (орточо суук учурунда), ийне (өтө суукта) түрүндө болот.
Көбүнчө күздүн жарымынан карай кыш жана жаздын жарымына чейин байкалат. Жайында кыроонун ордун шүүдүрүм басат.
Кыроо абадагы суу буусунун десублимациясы (заттын газ түрүндөгү абалынан суюк абалынан аттап катуу абалына өтүүдөгү физикалык процесси) аркылуу жер кыртышынын бетинде, чөптөрдө, кар каптамында, ошондой эле, субгоризонталдык жайгашкан нерселердин беттеринде, алардын абанын температурасына караганда терс температураларга чейин радиациялык муздашынын натыйжасында пайда болот.
Кыроонун пайда болуусу үчүн жагымдуу учурлар талап кылынат: шамалсыз, булутсуз түндөр жана жылуулук өткөрүмдүүлүгү аз болгон нерселердин беттеринин бодурлуу болуусу (мисалы, жыгач отургучтар, ачык топурактуу каптам ж. б.). Нерселердин муздак беттерине нымдуу аба массаларын тийишүүсүнө алып келген сыдырым жел кыроонун калыптануусуна өбөлгө түзөт. Катуу шамалдар бул процесске тоскоолдук жаратат.
Тиричиликте кыроонун көп учурда кристталдуу бубактан айырмалашпайт. Жип түрдүү беттерде кыроо калыптанбайт деп гляциологдор белгилешет, бирок жашоодо зымдарга кыроо туруп калган учурлар көп эле кездешет.
Формасы жана текстурасы боюнча дарактардын жалбырактарын же гүлдөрдү элестеткен майда муздардын топтолуусун билдирген кыроонун өзгөчө түрү. Булар, узак жылуу болуудан кийин жылуу кыртыштарда аба чукул суутаганда калыптанат, негизинен — күз мезгилинде.
Көбүнчө борпоң жылаңач топуракта, ошондой эле, жылуу топурак абасы чыккан жерлерде пайда болот. Андан тышкары мындай кыроону дарыялардын жана көлдөрдүн каптамдарында, жаракаларда байкоого мүмкүн.