Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чилде

Баш барак | Адабият | Чилде

Чилде деген каары катуу чал имиш. Анын 20 баласы бар экен. Ал балдарын суук түшүрүүгө жиберет экен. 20 баласынын бирден түшүп, кайра кетиши 40 күндүк убакыт болот имиш.

Ошого чилде 40 күндүк болуп калган экен. Чилде балдарынын суук түшүрүү абалын көзөмөлдөп турат экен. Улам кийин жөнөгөн балдарына "Балам акелериң жооштук кылды, бошоңдук кылды, сен андан да катуурак суук түшүр!" деп кейип, мурдагыларынын суук түшүргөнүнө канбай турат экен. Чилденин 20-уулунун аты Кырдач экен.



Мурдагы 19 уулунун түшүргөн суугуна ыраазы болбогон Чилде, Кырдач уулуна кыйкырып: "Алдыңда агаларың бошоңдук кылды! Боз улан богоктуу калды! Кыз балдар эмчектүү калды! Боз токту куйруктуу калды! Кысырет жалдуу калды! Кырдач, балам камчылан! Каар менен камчылан!



Суукту чындап түшүр!" - дейт экен. Анда кара мүртөз Кырдач чыңалып суук түшүрүп, абдан кайраттанат экен. Ошого Чилденин чыгаары катаал болот имиш.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 1302, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо