Өткөн кылымдын аягында ар бир жугуштуу ооруну өзүнчө микроб козгой тургандыгы жана аны менен ийгиликтүү күрөш жүргүзүүгө мүмкүн экендиги баарыга маалым болгон. Илимпоз-бактериологдор: Шаштырбай коё турсаңыздар, жакын арада бир да оору калбайт - дешкен. Бирок арадан жылдар өткөндүгүнө карабастан алардын убадасы аткарылбады. Кызамык, шарп, полиомиелит, трахома, чечек, грипп оорулары менен адамдар жабыр тарта беришти. Коркунучтуу дарттардан миллиондогон кишилер кырылып, бирок козгогуч микробдор табылбай жатты. Акырында 1892-жылы орус окумуштуусу Дмитрий Иосифович Ивановский анын изине түшкөн. Ал адам оорулары эмес, өсүмдүк илдеттери менен иш жүргүзүп жаткан. Тамеки жалбырагынын илдетин изилдеп жатып, ал илдетти микроб эмес, андан да майда нерсе козгойт деген жыйынтыкка келген.
Бул нерсе эң эле майда чыпкадан да өтө тургандыгын, башка организмдин тирүү клеткаларында гана көбөйүүгө жөндөмдүү экендиги аныкталган. Бул жаңы нерсе латынча вирус - уу деп аталды. Вирусту электрондук микроскоп пайда болгондон кийин гана көрүүгө мүмкүн болду. Көрсө эң жөнөкөй вирус - кабыкчанын ичинде жаткан спираль өңдүү чоң молекула экен. Мындай вирус өзүнө туура келген тирүү клеткага жанаша эле кабыктан чыгып, тирүү клеткага өтөт. Анан эң кызыгы: клеткадагы заттардын бардыгы кабыкча менен капталган спиралдарга айланат. Башкача айтканда, клетка өлүп, вирустун жаңы молекулалары пайда болот. Ал эми спиралдар клетканы өлтүргөн вирустун дал өзүндөй вируска айланып, алар ушинтип көбөйөт. Вирустун түрлөрү өтө көп. Ар бири белгилүү бир клеткага гана таасир этет да, белгилүү бир ооруну гана козгойт.
Айрым бактериялардын ичтерине кирип, аларды бузуучу вирустар да бар. Булар бактериофаг - бактерия жегичтер деп аталат. Дизентерияны (ич өткөк) айыктырууда бактериофаг кеңири колдонулат.
Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.