Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Талас облусу

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Талас облусу

Талас облусу — Кыргыз Республикасынын түндүк-батышында жайгашкан облус. Талас өрөөнүн ээлейт. Түндүк-батышынан Казакстан, батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн Жалал-Абад, чыгышынан Чүй облусуна чектешет.

Макала мазмуну:
  1. Табияты
  2. Талас облусунун климаты.
  3. Суулары
  4. Монгулору
  5. Топурагы
  6. Өсүмдүктөрү
  7. Калкы
  8. Экономикасы
  9. Транспорт
  10. Маданий турмушу
  11. Кошумча шилтемелер
Талас облусу
Талас облусунун белгиси
Талас облусунун белгиси
Талас облусунун желеги
Талас облусунун желеги
ӨлкөКыргызстан
АбалыОблус
Курамында1 шаар, 4 район
Административдик борборуТалас шаары
Түзүлгөн датасы1944-жыл, 22-июнь
Калкы274 029 (2022)
Жыштыгы орточо21,01 адам/км²
Аянты11 400 км²
Саат алкагыUTC+6
ISO 3166-2 кодуKG-T
Унаа кодуT, 07
Талас облусу

1944-ж. 22-июнда уюшулуп, борбору Талас шаары. 1956-жылдан 1962-жылга чейин Фрунзе облусунун курамында, 1962-1979-ж., 1988-1990-ж. республикага түз баш ийдирилген; 1980-1988-ж. Талас облусу (курамына Токтогул району да кирген). 1990-ж. 14-декабрда кайра облус болуп түзүлгөн. Курамындагы райондор:

Талас шаары, Маймак шаарчасы, 35 айыл өкмөтү, 90 айыл кирет. Аянты 11400 чарчы чакырым (Кыргызстандын аянтынын 5,7%). Калкы 274 029 (2022-ж. эл каттоо боюнча); Кыргызстан калкынын 4,2%ин түзөт.

Талас облусу карта
Талас облусунун картасы

Табияты. Облустун аймагындагы Талас өрөөнү өзүнүн түзүлүшү боюнча үч бурчтукка окшоп кетет, төрү Талас, Кыргыз Ала-Тоолорунун тутумдашкан жериндеги Ак-Суу тоо тоомуна такалат. Батышты карай өрөөн кеңейип, түндүк-батышта Турандын чөлдүү, жарым чөлдүү аймактарына чектелет. Талас өрөөнү, аны курчап турган тоолор кырлары тоолуу, тоонун этектериндеги жантайыңкы түздүктүү, түздүктүү морфологиялык комплекстерди түзөт.

Талас, Кыргыз Ала-Тоосунун рельефинин түзүлүшү татаал. Алар кембрийге чейинки, палеозойдун аска тектеринен туруп, бийик тоолуу түзүмдүк-денудациялык, орто, жапыз тоолуу структуралык-эрозиялык рельефтин типтерин пайда кылат. Талас Ала-Тоосунун этектеринде палеоген, неоген мезгилдеринде жаралган тектоникалык, эрозиялык, аккумуляциялык рельефтин типтери - адырлар, чаптар кеңири таралган. Түзөңүрөөк бөлүгүндө аллювий, пролювий тектеринен түзүлгөн тик капталдуу, таманы айдаш тартып жаткан өтөк жерлер, кичине эңкейиш түздүктөрү кезигет.

Талас облусунун климаты. Талас өрөөнү мелүүн климаттык алкакта жатат. Өрөөндүн дээрлик туш тарабы тоолор кыркаларына курчалып турушу, татаал түзүлүштөгү рельефи анда кургакчыл, континенттик климаттын болушуна шарт түзөт. Июлдун орточо температурасы 15-25°С, январдыкы -6... -14°Сди түзөт. Температуранын суммасы 3150-3400°С. 1400 т бийиктикте 2500° Сге барабар. Аязсыз мезгил 157-163 күнгө созулат. Өрөөндүн батышынан чыгышын карай, этектеринен тоолор капталдарына өрдөгөн сайын жамгырдын өлчөмүнүн өсүшү байкалат. Жылдык жамгыры 300-400 мм. Өрөөндө жаан-чачындын көбүрөөгү апрель-май, тоо капталдарында май-июнда жаайт. Жай айлары кургакчыл. Туруктуу кар катмары түздүктөрдө декабрда, тоонун этектеринде ноябрдын ортосунда пайда болот. талас облусунун географиялык абалы жонундо маалымат азыраак болгонуна байланыштуу, бул макалага кирбей калды.

Суулары. Ири дарыясы - Талас, ал Каракол, Үч-Кошой сууларынын кошулушунан пайда болуп, батышты карай агып, Моюн-Кумдун чөлдөрүнө сиңип жок болот. Ири куймалары: Үрмарал, Кара-Буура, Кеңкол, Беш-Таш, Күмүштак, Нылды, Калба ж.б. Өрөөндүн батышында Асса суусунун оң курамы Күркүрөө суусу агат. Облустун аймагында көл көп эмес. Эң ириси - Беш-Таш, бөгөт көлдөрүнө кирет.

Талас облусу

Монгулору. Мөңгүлөрүнүн көпчүлүгү Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Мөңгүлөрдүн саны 281, аянты 164,4 чарчы чакырым эң ирилери: Вокруг Света (6,8), Манас (6,4), Музбел (3,6), Күрүчко (3,8), Ак-Таштуу (3,6).

Топурагы. Талас өрөөнүнүн топурагы түздүктүү аймакта кеңдик, тоолордо бийиктик боюнча өзгөрөт. Түздүктүү аймакка (700-1100 м бийиктикте) түздүктүн кадимки боз топурактары, жарым чөлдүү талааларга (1100-1600 м), жапыз, айдөш тоолорунун этектерине өрөөндөрдүн коңур топурактары мүнөздүү. Тоонун ачык коңур, кара коңур топурагы деңиз деңгээлинен 1400- 2100 м, кара топурактары 2200-2600 м бийиктикте жатат. Тоонун каралжын күңүрт түстөгү токой топурактары токой массивдеринде өөрчүгөн. Шалбаалу субальпы топурагы деңиз деңгээлинен 2800-3100 м бийиктикте болсо, субальпы шалбаалу талаа топурагы 2700-3400 м бийиктикте тоо кыркаларынын түштүк, түштүк-батыш, чыгыш капталдарында кезигет. Альпы шалбаа топурагы деңиз деңгээлинен 3100- 4300 м бийиктикте таралган.

Өсүмдүктөрү. Өсүмдүктөрдүн өсүшү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине баш ийет. Чөл чөбү өрөөндүн чегинде 700-1200 м бийик-теги түзөндөрдө өсүшөт. Өсүмдүктөрүн негизинен шыбактар түзөт. Негизинен теңир-тоо шыбагы, ала-тоо төө таманы, жамбыл тыйын чанагы, тикенектүү эспарцет кезигет. Эфемер, эфемероид өсүмдүктөрү жаз мезгилинде басымдуулук кылат, жайында негизинен шыбактарлар калат. Талаа өсүмдүктөр деңиз деңгээлинен 1300- 2300м бийиктиктерде, жапыз, орто бийиктеги тоолордо кеңири таралган. Өрөөндүн аймагында талаа өсүмдүктөрүнүн 40тан ашык түрү кезигет.

Алардын ичинен ак кылкан, бетиге, ыраң, шыбак, коңур баш, кызыл от өсүмдүгү көптүк кылат. Айрым жерлерде бадалдар кеңири таралган. Шалбаалуу талаа өсүмдүктөрүнүкү өрөөндүн аймагында 2300-2800 м бийиктикте өсөт. Өрөөндүн чегинде өсүмдүктүн 70ке жакын түрү бар. 2200-3200 м бийиктиктеги тоолордун тигирээк капталдарында карагайлар, көк карагай, арчадан турган токой (Беш-Таш, Үрмарал, Калба), Талас суусунун боюнда, Кеңкол капчыгайында бадал аралаш кайың-талдуу токой ээлейт.

Карагайлу токойлорунун арасында шилби, ыргай, ит мурун, табылгы бар. Шалбаа чөбү тоо капталдарында орточо массивдерди түзөт (Беш-Таш, Күмүштак, Нылды, Үч-Кошой). Субальп шалбаасы 2600-3100 м бийиктикте, тоолордун түндүк капталдарында кезигет. Өсүмдүктөрдүн тогуз төбөл, каз таман, флемистүү формациялары басымдуу. Ошондой эле шимүүр, чекилдек, алтай троллиусу кеңири таралган. Альпы шалбаасы 3300- 3800 м бийик жерлерде таралган. Өсүмдүк катмарынын негизин доңуз сырттуу формациялар түзөт. Ошондой эле ыраңдар, примула, каз таман, ыраңдын кара гүлдүүсү кезигет. Бийик тоолуу альп талаалары Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк бетинде ири эмес массивдерде кезигет. Аларды негизинен бетегелүү, битеге-шыбактуу, бетеге-жылгамдуу өсүмдүк формациялары түзөт.

Калкы. "Талас облусу" мамлекет калкынын 4,1%и (же 199,900 акыркы эл каттоодо) жашайт. Анын 33,500 же 16,8%и шаарда, 166,4 миңи же 83,2%и айылдарда турушат. Калкы көп улуттуу, басымдуу болүгү кыргыздар (калктын 88,5%и), анын ичинде орус (4,0%), немис (0,7%), өзбек (0,9%), татар (0,2%) ж.б. улуттардан да бар. Элдин жыштыгы 1 чарчы чакырым аймакка 18 (республикада - 24). Облустун борбору Талас шаарында 32,600, Маймак шаарчасында 882 жашаган (1999). Калк көп жашаган ири айылдар: Кызыл-Абыр (10000), Покровка (69000), Бакай-Ата (6600), Көк-Ой (5700). Калктын 41,7% (83400) иш курагына жете элек жаштар, 49,6 (99100) эмгекке жарактуу жаштагы адамдар, 8,7% (17400) картандар түзөт. 2000-ж. калктын миграциясында облуска келген элдин саны 1571, кеткендер - 2795 болуп, калктын азайуусу 1224 адамды түзгөн. Алардын ичинен 674 киши Бишкек шаарына, Чүй облусуна, 456 КМШнын башка мамлекеттерине, 94 алыскы чет өлкөлөргө кетишкен.

Экономикасы. Облус Кыргыз республикасындагы экономикасы ортодон төмөнүрөөк деңгээлде өнүккөн чакан регион. 1991-жылдан экономикалык, социалдык реформалар жүргүзүлүп, базар экономикасына багыт алынды. Натыйжада облустуи экономикасынын тармактарында түзүм өзгөрүүлөрү киргизилди. Ар түрдүү менчиктеги жаңы ишканалар пайда болду. 2001-ж. 1-январына карата стастистикалык бирдиктин мамлекеттик регистрине киргизилген ээлик кылуучу субъекттердин (юридикалык жактардын) катталганынын саны 1158 (иштегендери 632) жеткен. Алардын ичинен мамлекеттик менчикте 146 (117), коммуналык - 193 (145), жеке менчикке 819 (370) тиешелүү болчу. Субъекттердин түрлөрү боюнча 1158 ишкананын чакан ишканалар - 869 (393), орточосу - 171 (139), ири ишканалар - 118 (100) болуучу. Бул субъекттерден башка жеке ишкердикке тиешелүү көптөгөн субъекттер уюшулган. Алардын ичинен айыл чарбада эле 4125 жеке дыйкан (фермер) чарбалары түзүлгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн субьектгер облустун экономикасынын дээрлик бардык тармактарында (өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, транспорт, байланыш, ошондой эле калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүү, тейлөө ж.б.) катталып, ар бири өз багыттары боюнча иштешет.

Облустун экономикасынын негизин, жеринин жаратылыш шартына ылайык чарбалар тармагы ээлеп, кой, уй, жылкы багылып, алардын азык-түлүктөрүн өндүрүүгө адистешкен. Дыйканчылыкта негизинен дан, тамеки, картөшкө, жашылча өстүрүлүп, кийинки жылдарда областта кант кызылчасы, май өсүмдүгү эгиле баштады. Айылчарба тармагында 2000-ж. 2 колхоз, 45 дыйканчарба коллективи, 5 мамлекеттик чарбалар, 5 акционердик коом, 12 айыл чарбалар кооперативи, 32 биргелешкен айыл чарбалардын ассоциациясы, 3528 жеке дыйкан (фермер) чарбалары иштешкен. 1999-ж. облустун айыл чарбачылык тармагында 42700 жумушчу эмгектенип (КРдин 5,0%), 3786,9 млн сомдук азык-түлүктөр (9,2%) өндүрүлгөн. Облустун янтынын 65,3% же 746900 га (Мекенибиздин 7,0%) айыл чарбада пайдаланууга жарактуу жер эле. Ошонун 14,6% 108,7 миңи (Мамлекетибиздин айдоо аянтынын 8,6%) айдоо, 0,3% же 2,3 миңи (5,5%) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 0,4% же 2,7 миңи (1,6%) чөп чабынды, же 84,8% же 633.0миң га (6,9%) жайыт.

Областта 2000-ж. 100200 гектар жерге эгин (республикадагы эгин аянтынын 8,3%), 53,1 % же 53100 гектир (7,8%) дан, 0,4% же 434гектар (2,8%) тамеки, 3,2% же 3200 га (9,5%) кант кызылчасы, 9,5% же 9500 га (13,7%)картөшкө, 4,5% же 4500 га (9,5%) жашылча, 25,2% же 25200 га (9,3%) тоют чөптөрү эгилген. Облуста булардан башка 3000 га мөмө-жемиш дарактары өскөн. Дыйканчылыктан 2000-ж. 134500 тонна дан (өлкөбүздүн 8,6%), 938 тонна тамеки (2,7%), 63000 т кант кызылчасы (14,0%), 2700 т май өсүмдүктөрүнүн уругу (5,1%), 160100 тонна картөшкө (15,3%), 83500 т жашылча (11,2%), 12400 т мөмө-жемиш (7,7%) жыйналган.

Облустун бардык чарбаларында 2001-жылдын 1-январына 47300 уй (Кыргызстандын 5,0%), 334000 кой, эчки (8,8%), 2100 чочко (2,1%), 24200 жылкы (6,8%), 145800 үй куштары (4,8%) багылган. Айыл чарбада 2000-жылы 24500 т тирүү салмактагы эт (7,1%), 68200 т чийки сүт (6,1%), 13,1 млн даана жумуртка (6,3%), 1200 т жүн (10,3%) өндүрүлгөн. Мал чарбанын азык-түлүктөрүнүн дээрлик бардыгын жеке менчикке тиешелүү чарбалар: калктын жеке чарбалары, дыйкан (фермер) чарбалары өндүрүшкөн. 2000-ж. алардын үлүшү эт өндүрүүдө 99,8% (катары менен 66,8, 33,0%), сүттүн - 99,0% (57,0, 42,0%), жумуртканын - 100,0% (70,3, 29,7%), жүн кыркууда - 98,5% (58,3, 40,2%). Облуста өнөр жай өндүрүшү республикага салыштырмалуу начар өнүккөн. 2000-ж. облуста анча чоң эмес 19 өнөр жай ишканалары өзүнчө баланста турган.

Булар өндүргөн өнөр жай продукциялардын көлөмү 2000-ж. 153,5 млн сомду түзүп, облустун республикадагы үлүшү болгону 0,4%га жеткен. Облустун өнөр жайынан 90%дан көп продукциясын тамак-аш, ун тартуу, жем чыгаруу тармактары берет. Ошондуктан өнөр жайдын башкы продукциялары: эт (2000-ж. 212,7 т), быштак (197,0 т), малдын чалган майы (117,8 т), ун (10900 т), азыраак санда бут кийим (900 жуп). Салыштырмалуу ири ишканалары: Таластагы ун, жем чыгаруучу "Талас дан-азык мамлекеттик акционердик коому" (1999-ж. облустун өнөр жайынын 45,3% продукциясын чыгарган), Кара-Буура районундагы "Арашан" (18,5%), "Талассүт" (15,2%), "Азык" (6,4%) акционердик коомдору.

Транспорт. Талас облусундагы эл чарбасынын жүктөрүн, жүргүнчүлөрүн ташып, сырткы, ошондой эле ички экономика байланышты тейлөөдө негизги орун автомобиль транспортуна тишелүү. 2000-ж. авто транспорт 713000 тонна жүк (республиканын 2,0%), жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 133,1 млн жүргүнчү км (3,1%). Башкы унаа жолдору Тараз (Казакстан) - Кара-Буура-Талас-Чат-Базар-Өтмөк (Суусамыр өрөөнү), Талас-Покровка-Тараз, Кара-Буура-Аманбаев-Шекер-Көк-Сай. 1996-ж акырында Чөңөр ашуусу аркылуу Талас-Чат-Базар-Кулан (Казакстан) жолу курулган эле. Жол Талас-Бишкектин аралыгын 145 чакырымга кыскартмак. Шашылыш, сапатсыз курулгандыктан жол татаал, коркунучтуу. Ошондуктан азыр пайдаланылбай бузулуу абалында турат. Облустун батыш чегинен Маймак шаарчасы аркылуу 17 чакырымга жакын темир жол өтөт. Бул жол сыртка жүк чыгаруу, алып келүүдө маанилүү.

Талас облусунда ушул темир жолдун аймагында 1997-ж март айында "Маймак" эркин экономика аймагы (ЭЭА) уюшулган. Бул аймак облустун Кара-Буура районунун Казакстанга чектеш жаткан Жоон-Дөбө темир жол бекетинин айланасын ээлеп, бардык аянты 520 гектарды түзөт. Аймак башка өлкөлөргө өндүрүштүк байланышты түзүүгө абдан ыңгайлуу жерде жайгашкан. Кыргызстанда ЭЭАларды уюштуруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык бул зонага салык төлөө, бажы акы алуу, башкалар боюнча жеңилдиктер берилип, чет өлкөлүк каражаттарды тартып, алдыңкы технологияны пайдалануу жолу аркылуу сапаттуу, өтүмдүү продукцияларды чагарган өндүрүштү уюштурууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ошого карабастан "Маймак" ЭАсында 2000-ж. карата болгону чарбалыктарды жүргүзүүнүн 9 субъекти катталып, алар ар түрдүү себептерден өндүрүш иштерин баштай албай уюшуу абалында турушат.

Маданий турмушу. "Талас облусу" 2000-ж. калкты турак жайга камсыз кылуу, өлкөнүн көрсөткүчүнө салыштырганда 20,0%, бала-бакчадагы орундарды камсыз кылуу 25,0%, ооруканадагы орундар, врачтардын (10000 адамга эсептегенде) саны 19,0%, элди тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү (адам санына эсептегенде) 60,0% төмөн. 1999/2000-ж. окуу жылында облуста 51100 окуучуну камтыган 108 билим берүү мектепте 3700 мугалим иштеген. Алардын бирөө жатак мектеп, 3 сабактарды терендетип окуткан мектеп, 1 лицей бар. Бардык мектептердин 90унда информатика кабинети бар. Облуста 6 кесиптик-техникалык окуу жайы иштеп, аларда 1143 окуучу окуган. Талас облусунда атайын адистик берүүчү 2 орто окуу жайда 1011 студент окуп, аларда 70 мугалим иштеген. 1999/2000-окуу жылы облуста жогорку окуу университетинде (бирөө өлкөнүн борборундагы университеттин филиалы) 2363 студент окуган, аларда 121 мугалим иштеп, 13 илимдин кандидаты белгилүү.

Саламаттык сактоо тармагында 2000-ж. облуста 4 райондук, 9 участкалык, 1 облустук оорукана, согуш ардагерлердин дарылоочу оорукана, 21 айылдык врачтык амбулатория, 4 фельдшер-акушердик пункт (ФАП), 4 санитария-эпидемиологиялык станция (СЭС), наркологиялык диспансер, 2 бейтапкана ж.б. медицина мекемелери иштейт. Облус боюнча 526 врач, 2033 медициналык орто билимдүү адис иштеген.

2000-ж. облуста 74 китепкана иштеп, аларда 894000 нускада адабияттар, журналдар болгон. 27 клуб, маданият ишканалары, 3 музей иштеген. 1991-жылдан "Талас турмушу" деген облустук гезит, райондук гезиттер чыгып турат. 1992-ж. январдан облустук жергиликтүү телекөрсөтүү ар жуманын шейшемби, бейшемби күндөрү эфирге чыгат. Теленин жумалык көрсөтүүсү 3 сааттан кем эмес. Радио уктуруу жумасына 4 жолу 45 мүнөттөн жүргүзүлөт. Ар жекшемби сайын "Талас таңшыйт" өлкөнүн аймагына уктурулат. Санариптик телеберүү киргизилегенине байланыштуу телекөрсөтүү, радио уктуруулардын саатары көбөйгөн.

Облустун аймагында коло дооруна тиешелүү Таш-Дөбө, Кызыл-Сай, Беш-Таш, Желе-Дөбө, Таш-Арык көрүстөндөрү, Кеңкол байыркы көрүстөнү (б.з.ч. 3-2-к.), Нушжан шаар чалдыбары (Үч-Булак бекетинин жанында), эпиграфикалык эстеликтерден Талас байыркы жазуу эстеликтери (таштын бетине байыркы түрк жазуучу чегилген; Айыртам-Ой өндүрү), архитектуралык эстеликтерден "Манастын ордосу" комплекси (Манастын күмбөзү, "Манас" музей коругу, "Манас" музейи, мечит ж.б.), байыркы археологиялык, архитектуралык эстеликтер бар. Талас областы жонундо макала пайдалуу болду деген үмүттөбүз, кошумча-алымчалар болсо пикир калтырып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-07-19, Көрүүлөр: 30695, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо