Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чехов Антон Павлович кыргызча

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Чехов Антон Павлович кыргызча

антон павлович чехов кыргызча Каштанка деген ит жөнүндө окуялар силердин эсиңерде болсо керек! Каштанка аңгемесин Антон Павлович Чехов жазган. Жүз жылдай мурун Россиянын түштүгүндөгү бейкут жаткан шаар Таганрогдо гимназист Антон Чехов күндө кечкурун шам чырактын жарыгында сабак даярдап же китеп окучу. Аны Антоша Чехонте деп мугалимдеринин бири койгон ат менен да чакырыша турган. Чехов жонундо маалыматты улап, күн сайын сабактан, андан кийин азык-түлүк дүкөнүн кармаган атасынын жумшоосунда жүрүп чарчаган балага уруп-сокпогон, орой сөз айтпаган кандайдыр бир, башка кызыктуу турмуш жөнүндө бүдөмүк ойлор келчү. Жаш улан билимдүү адам - врач болууну каалочу.

Антон Павлович Чехов 1860-жылдын 29-январында Россиянын Таганрок шаарында жарык дүйнөгө келген.

1879-жылы Москва университетинин медицина факультетине кирет. Студент кезинде эле Чеховдун жазгандары юмор журналдарына чыга баштаган. Окурмандар Антоша Чехонте деген табышмактуу кол коюлган чакан аңгемелердин чыгышын чыдамсыздык менен күтүшчү. Студент Чеховдун азыноолак калем акысы үй-бүлөнүн оокатына дурус эле жардам болуп турган. Себеби атасы алда качан эле жакырданып, аялы менен алты баласын бага албай калган. Бирок Чехов акча табуу зарылдыгы болбосо деле баары бир жазуучу болмок, анткени ал табиятынан таланттуу эле. Таланты жанын жай алдырбай, Москванын ыңгайсыз батирлериндеги ызычууга, көңүл чөгөттүккө, сыркоого да карабай, тынымсыз эмгектенүүгө аргасыз кылган. Адегенде Антоша Чехонте юмор гана чыгармаларды жазчу. Жылкы фамилиялуу, Хирургия, Налим сыяктуу аңгемелерин азыр да чын дилден күлбөй окуй албайсың.

[ushka=seredina]

Чехов тууралуу маалыматтарда анын кээ бир аңгемелерин окуганында күлөрүңдү же ыйлаарыңды билбей каласың деп айтышат. Өтүкчүлүктү үйрөнүү үчүн өтүкчүнүн жардамчысы болуп жүргөн дыйкан бала Ванька Жуков кайра алып кет деп өтүнүп, чоң атасына, кыштакка кат жазат. Анын катында: Мага - бейтаалай жетимге боор ооруй көр, чоң ата, мени баары сабашат, кардым ач, куса болгонумду айтпай эле коёюн, күндө ыйлайм - деген кейиштүү сөздөр бар. Анан ал каттын сыртына Кыштактагы чоң атама деп жазып коёт. Кайсы кыштак? Чоң атасынын аты-жөнү ким? Россиянын сандаган кыштактарынын кайсы бирине багышталды ал кат? Баланын баёолугуна жылмайсаң, кыйналып жүргөнүнө кейийсиң. Муну жазуучу өтө чебер сүрөттөгөн. Кийинчерээк Чехов чоңураак аңгемелерди жана повесттерди, олуттуу пьесаларды жаза баштаган. Бул чыгармаларында кимдер гана сүрөттөлбөгөн. Врачтар жана мугалимдер, чиновниктер, студенттер жана аскер кызматкерлери, помещиктер жана дыйкандар, кулактар жана жакырлар, алтургай полицейлер менен камактагылар да бар. Кыскасы, бардык кесиптегилер, бардык курактагылар - бүткүл Россия камтылган!

Унтер Пришибеев, Кутудагы адам жана башка чыгармаларын окусаңар мурун Россияда турмуш канчалык оор болгонун сезесиңер. Бирок Чехов турмуш өзгөрүп, кыйноо жок болуп, адилет мезгил келерине ишенген. Ошентип таганрогдук гимназисттин жакшы турмушту көксөөсү орустун эң сонун жазуучусунун Россиянын жаркыраган келечеги жөнүндөгү аруу тилегине айланган. Антон Павлович Чехов 1904-жылдын 15-июлунда туберкулез оорусунан көз жумган.

Чехов жонундо кызыктуу фактылар:

  1. Антоша жаз кезинде көп нерселерди жасап жетишчү экен, кол өнөрчүлүккө үйрөнүп, окуп, атасына жардам берип, хордо ырдап жана ойночу.
  2. Ал өзүнүн оорусун адамдардан көп жыл бою жашырып жүргөн.
  3. Иван Бунин Антондун жакын досу болгон.
  4. Чехов такса породасындагы иттерди жакшы көрчү, анын өзүнүн 2 таксасы болгон.
  5. 1908-жылы Германияда Чеховго биринчи эстелик тургузулган.
  6. Антон жазуучу гана болбостон, дарыгер дагы болгон.
  7. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө өзүн начар сезип, дарыгерди чакыртып, ага немис телинде "Ich sterbe" деп айтат, анын студентине орус тилинде "Мен өлүп баратам" дептир.

Антон Павлович Чехов кыргызча дайындаган Акматбекова Салтанат, Рахимова Д., кошумча маалыматтарды электрондук дарек аркылуу сурап-билүү мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 10636, Өзгөртүлгөн: 2018-11-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо