Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бороон

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Бороон

Бороондун болору ал баштала электе эле билинет. Жел жүрбөй, аба үп тартат. Чымчыктар уяларына корголошот же бир жерден экинчи жерге учуп-конуп, тынчсыздана чырылдашат. Түнөргөн капкара булуттар пайда болот. Демек, бороон башталат! Карарган зор булут өтө тездик менен жылып жакындайт. Алай-дүлөй түшүрүп, катуу шамал согуп, күн күркүрөп, чагылган жаркылдайт. Бороон күчөгөн кездеги ызы-чуу артиллериялык атууга окшошуп кетет.

Чамынган шамал дарыянын суусун артка карай агызган учур да болот, кылымдап өскөн дарактар тал-чыбыктай ийилип, кээде тамыры менен жулунат. Өзгөчө катуу бороон экваторго жакын түштүк деңиздердин үстүндө болот. Бул бороон тропик циклону же тайфун деп аталат. Күчтүү шамал диаметри жүздөгөн чакырым жеткен айлана боюнча зор ылдамдык менен зыпылдайт. Куюндаган аба жолундагы бардык нерселерди алдыга карай учуруп, деңизде тоодой толкундарды көтөрүп, кургактыкты бүлгүнгө учуратат. Уюлгуган зор куюндар абдан коркунучтуу. Алар добулда капкара булуттун самсаалаган четтеринде пайда болот. Мында жерден көтөрүлгөн же жер бетиндеги абанын күчтүү агымдары, муздак жана жылуу агымдар, күчтүү шамал менен сыдырым жел кагылышат. Куюн жин ургандай уюлгуп төмөн түшөр замат, анын тартуу күчү менен аба же суу агымы көтөрүлөт.

Мындай куюндун бийиктиги кээде бир нече жүз метрге чейин жетет. Куюн мамычасынын ортосундагы аба төмөн түшүп ал эми сыртындагы аба жогору көтөрүлөт. Куюндун тумшугу эмнеге барып тийсе, ошонун баарын учуруп алып кетет. Түндүк Американын түштүгүндө торнадо (муну испанчадан которгондо айлануучу дегенди билдирет) деп аталган куюн өзгөчө көп болот. Ал малды, кишилерди, атүгүл чакан үйлөрдү да асманга учуруп кетет. Бороон 200мден 6 чакыргымга чейинки узун, кууш тилке менен өтөт. Аны көбүнчө добул коштойт.

Новороссийск аймагында мезгили менен катуу муздак шамал - бора жүрүп турат. Ал телеграф мамыларын кулатып, үйдүн чатырын учурат, бухталарды буркан-шаркан түшүрөт. Бир жолу бора зор кемени жээкке ыргытып таштаган. Байыркы гректер түндүк-чыгыштан соккон муздак шамалды мифтеги түндүк шамалынын кудайынын атынан борей деп аташкан. Бора деген аталыш да ушундан чыкса керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2283, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу