TYUP.NET
Баш барак | Күндөр | Октябрь: айдын кыргызча аталышы, баяндалышы, майрамдар

Октябрь: айдын кыргызча аталышы, баяндалышы, майрамдар

Акыркы оңдоо:

Октябрь (латынча octo — сегиз) — Григориан календарынын онунчу айы. Цезардын март айынан башталган реформасына чейинки эски римдик жылдын сегизинчи айы.

Жалпы маалымат

Кыргызча аталышы — Тогуздун айы (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык). Сентябрь менен ноябрь айларынын ортосунда жайгашкан.

Октябрь айынын эмне үчүн «Тогуздун айы» деп аталып калышы боюнча негизги эки варианты бар:

Узактыгы 31 күндөн турган жети айдын бири. Жердин Түштүк жарым шарында жаздын, Түндүк жарым шарында — күздүн экинчи айы.

Аталышы латындын сегиз дегенди билдирген octo сөзүнөн чыккан.

Бул айда кышкы убакка өтүүнү колдонгон өлкөлөрдө жана аймактарда октябрь айы жылдын эң узак айы болуп калат (745 саат).

Заманбап доордо григориан календары боюнча 30-октябрга чейин күн Бийкеч топ жылдызында турат, 30-октябрдан тарта (башка маалыматтар боюнча 31-октябрь) — Тараза топ жылдызында.

Баяндалышы

Кыргызстанда октябрь айы — орточо температурасы +10...+12 °C болгон классикалык күз айы.

Октябрь айында аба ырайы — ала булуттуу, кээде карга айланган созулма жамгырлары менен. Ошол эле убакта, октябрь айында температурасы +15...+20 °C болгон жылуу күндөр болушу ыктымал. Мындай жылуу күндөр көбүнчө октябрдын биринчи жарымында болот, экинчи жарымында мындай температуралык көрсөткүчтөр өтө сейрек. Октябрдын акыркы күндөрүндө биринчи жана туруксуз кар каптамынын орношу мүмкүн. Өтө аз убакытка кар каптамы айдын башында дагы орношу толук мүмкүн, Кыргызстанда мындай нерсе 2022-жылы болгон, мында 10-октябрда кар жааган.

Майрамдар

Эл аралык

Улуттук

Көрүүлөр: 319
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо