Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргызча күн маалдары

Баш барак | Башкалар | Кыргызча күн маалдары

Жыл эсеп - Кыргыздар алмуздактан улуу табиятка жандаш, шайкеш мамиледе жашашканды ыйык көргөнү - жаратылышты, кубулуштарын пир туткандыгынан, асмандагы жылдыздарга, мезгилге карата бир айга, жылдарга аяр ат койгонунан, дүйнө таанымынан дапдаана ажайып турат.

Табиятка сыйынган кыргыздар энелик доордон бери Асмандагы элүүдөй жылдыздарга өздөрүнчө ат таап койгондорун бөлөк өнүккөн элдердикине салыштырып көргөндө эч бир кынтыгы (кемтиги) жок, анан да кийинки дүйнөлүк астрономия илиминин түшүнүктөрүнө да дал келип, так, туура баа берилип турат.

Асмандагы ай, жылдыздар бабаларга азыркы тил менен түшүндүргөндө географиялык картасы, компасы жана элдик календары болгон. Көчмөн элдердин ичинен он эки жылдык айбанаттар циклин кыргыздар биринчи ойлоп табышкан. Алар байыртан келаткан өздөрүнүн жыл эсептөөсүн (календарын) чыгарышкан. Ай, жылдыздардын жылышына карай бир күндүк айдын, жыл мезгилинин санактарын чыгарышкан, абалын байкашкан, адам мүнөзүн, тагдырын аныкташкан, ыңгайлуу учурун тандап жолго чыгышкан, жоого аттанышкан, жылды тосушкан, жашоо тиричилигин өткөрүшкөн. Мезгилди, жылды жана мүчөлдүү жыл сүрүүнү байыркы Кытай, Египеттиктерден кем эмес билишкен кыргыздардын элдик астрономия илими эзелтен өнүккөн десек болот. Кыргыздар алмуздактан бир күндүн, бир айдын, бир жылдын эсеп кысабын так чыгара алган.

Бир күндүн элдик маалы

Азыркы түшүнүк менен далилдегенде бир күндү жыйырма төрткө, кээ бирөөлөр 34 маалга жеткиришкен. Бир күндүн жыйырма төрткө бөлүнгөн маалы: таңкы бүлбүл, таң куланөөк, таң атуу, күн чыккан, күн көтөрүлгөн, шашке, чоң шашке, жалган түш, чак түш, түш ооган, эрте бешим, бешим, кеч бешим, күн батар, күүгүм, иңир, түн кирген, эл жатар, түн ортосу оогон, түн каракчы, таңга жуук, таңкы үрүл-бүрүл.

Бир күнгө түшүндүрмө

Таң каракчы, таң дүмпөйүү, таң куланөөк, таң кылаюу, таң аппак атуу - бул бешөө таң тууралуу ич ара бөлүнүшөт. Анан күн чыккан, күн тоо баштарына тие баштаган, күн көтөрүлгөн, күн жакшы тийген кез. Бул төртөө экинчи көргөн убакыт.

Ак шам, иңир, үрүүл, бүрүүл, намаз куптан, тамак ичээр, там акты текши ичкен эл жатаар, эл текши жатканда, уйкуга кирээрде, эл текши уктаганда, оор уйкунун ортосуна жакын. Жылдыз толгон учур, түн, түн бышкан кез, сопу садык, үркөр чыккан учур, үркөр көтөрүлгөн учур, үркөр баткан учур. "Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда" - Таң заары (зоору), Апак-шапак.

Сайтка жарнама жайгаштыруу