Маймыл, маймылдар — приматтар отрядынын сүт эмүүчүлөр тобу. Биологиялык систематикада «маймыл» аталышы Simiiformes (маймыл сымалдуулар) инфоотрядынын же Haplorhini отрядчасынын бардык өкүлдөрүнө колдонушу мүмкүн. Бул эки таксон өзүнө тиричилик мааниде маймыл деп саналбаган адамды да камтыйт.
Маймыл |
---|
![]() |
Ата-энелик таксон |
Инфраотряд, маймыл сымалдуулар (Simiiformes) |
Өкүлдөр |
жазы мурундуу маймылдар (Platyrrhini), кууш же ичке мурундуу маймылдар (Catarrhini) |
Маймыл деп алардын чоңун дагы, кичинесин дагы айтабыз, башкача айтканда, маймылга горилла (латынча Gorilla), шимпанзе (латынча Pan), карлик оюнчу маймылы (латынча Cebuella pygmaea) ж. б. таандык.
Маймылдар — акылдуу жана социалдык жаныбарлар. Алар көбүнчө дүйнөнүн тропикалык жана субтропикалык токойлорунда кездешет.
Эски систематика боюнча эки түргө бөлүнөт:
Маймылдардын арасынан акылдуулары: шимпанзелер акылдуу келип, аспаптарды колдоно алат, мисалы, термиттерди сууруп чыгуу үчүн чыбыктарды колдонуу. Капуциндер болсо жаңгактарды жаруу үчүн таштарды пайдаланат.
Өз ара сүйлөшүү үчүн үндөрдү, мимиканы, жаңсоолорду жана жыттарды колдонушат. Гориллаларда адамдыкына окшош келген «жаңсоо тили» бар.
Маймылдар көбүнчө топ болуп жашап, бири-бирине кам көрүшөт. Топтун ичинде калгандарын коргоочу башчысы болот. Айрыкча дарактарда жүрүшөт.
Айрым маймылдардын түркүмдөрү токойлорду кыюуунун жана аңчылыктын айынан жок болуп кетүү коркунучунда турат. Мисалы, органгутандар (латынча Pongo) жана гориллалар.
Маймылдардын дене түзүлүшү — алдыңкы аяктары кыймылдуу, ар кандай нерселерди кармоого ылайыкташкан. Көбүнчөсүнүн куйругу бар, бирок, адам сымал маймылдарда жок (шимпанзе, горилла, орангутан). Мээси өнүккөн, көпчүлүк жаныбарлардан акылдуу, үйрөнүү, эстеп калуу жана аспаптарды колдонууга жөндөмдүү. Бети жалпак, көздөрү алдыны карайт, бул аларга аралыкты аныктоого жардам берет.
Лемурлар жана лорилер маймылдардын жакынкы туугандары десе болот, бирок, аларды жарым маймылдар дешет.
Таксономияда, б. а. татаал уюшулган, иерархиялык жактан бири-бирине ылайык келген нерселерди классификациялоо жана системалоо жөнүндөгү окууда, маймылдардын отрядчасы (антропоид) эски систематикада жазы мурундуу же Жаңы дүйнө маймылдарына (латынча Platyrrhini) жана ички мурундуу же Эски дүйнөнүн маймылдарына (латынча Catarrhini) бөлүнчү.
Жаңы систематикада чыныгы маймылдарды Simiiformes инфраотряды белгилеп, жай кыймылдоочулар (орусча долгопяты) менен Haplorhini отрядчасына бириктиришет, жарым маймылдар (маймылсоройлор) Strepsirrhini отрядчасына кирет.
Маймылдын өзүн болбосо да сүрөтүн көргөндө, анын кишиге таң каларлыктай окшоштугуна көңүл бурбай койбойсуң. Киши сымал маймылдар: орангутан, шимпанзе, горилла адамга көбүрөөк окшош.
Учурда маймылдын адамга окшоштугуна эч ким таң калбайт, анткени адам маймылдан келип чыккандыгы ар бир мектеп окуучусуна маалым. Муну англиялык улуу окумуштуу Чарлз Дарвин жүз жыл мурда далилдеген.
Демек, өтө көп жылдардан кийин азыркы киши сымал маймылдар да маймылга айланат турбайбы? - деген суроо туулушу мүмкүн. Жок. Адам азыркы маймылдардан эмес, эзелки киши сымал ири маймыл-дриопитектен келип чыккан.
Тейярдина и архицебус эң байыркы Haplorhini отрядчасынын өкүлдөрү, булар 55 млн жыл мурун айланасында жашашкан. Мурда бул отрядчага Гуджараттык антрасимиянын таандык кылышчу, бирок, кийинчерээк анын калдыктарын Asiadapidae нымдуу мурундуу приматтар бүлөсүнүн курамына кирген Marcgodinotius indicus түркүмүнө киргизишкен. Ошол мезгилдерде Гуджаратта жашаган (Индостан аралы) Vastanomys major жана Vastanomys gracilis түркүмдөрү омомииддерге таандык.
Маймылдардын (Haplorhini) жана жарым маймылдардын (Strepsirrhini) малекулалык маалыматы боюнча бөлүнүшү 87 млн жыл мурун айланасында болгон.
Алар даракта жашап, жоон сөңгөк, бутактарда эки буттап басышкан, ошол кезде булардын мындай жөндөмдүүлүгү мындан 15 миллион жыл мурун жер бетинде климат укмуштай катуу өзгөргөндө зор керекке жараган. Кургакчылык болуп, чытырман токойлор куураган, көптөгөн маймылдар ачык жерде жашоого ыңгайлашууга мажбур болгон. Алардын арасында адамдын түпкү ата-теги да бар эле.
Дайыма эки буттап басууга үйрөнгөндүгү жана башка табигый өбөлгөлөр бара-бара адамга айлануусуна шарт түзгөн. Адам менен маймылдын көп жалпы жактары бар: алардын кан курамында, мээ түзүлүшүндө, сезим органдарынын жайгашуусунда, скелетинде окшоштуктар көп. Ошондой эле абайлап карасан алардын организми дарак башында гана жашоого ыңгайлашканын оной эле байкоого болот. Маймылдар дарактын башында гана жеңил, шамдагай кыймылдал, өздөрүн ээн-эркин сезишет. Жерде колдоюп эби жок, көбүнчө алсыз, мажүрөө.
Чындыгында алардын жерде деле кылар иши жок. Буттары кыска, колдору узун болгондуктан, алаканы менен таманы бутакка жабышууга абдан ыңгайлашкандыктан маймылдар дарактан даракка секирип өтө тез кыймылдай алышат. Алар дарак башында өздөрүнүн тамак-ашын: мөмө-жемиш, жалбырак, бүчүрлүү жаш бутак, курт-кумурскаларды, канаттуулардын жумурткаларын таап жейт.
Маймылдар уя сымал турак жайын да дарак башына курат. Балдары дарак башында жетилет. Ошентсе да айрым маймылдар, мисалы, павиан жерде жашоого ыңгайлуу. Бирок мындай маймылдар өтө аз. Окумуштуулар, алардын ичинде врачтар, маймылга, өзгөчө киши сымал маймылдарды изилдөөгө зор маани беришет. Анткени алар — адамдын жакын тектештери.
Маймылдар адамга тез үйүр алат, машыктырууга да жатык. Дене түзүлүшү боюнча маймыл адамга көп жагынан окшош, адам ооруларынын көбү менен ооруйт. Маймылдарды изилдөө иши жаңы дарыларды таап, медициналык жаңы приборлорду сыноого жардам берет.