Сентябрь (латынча septem — жети) — Григориан календарынын тогузунчу айы. Күз мезгилинин биринчи жана жылдын тогузунчу айы. Август жана Октябрь айларынын ортосунда жайгашкан. Узактыгы 30 күндөн турган төрт айдын бири. Сентябрь — Жердин түндүк жарым шарында күздүн башкы айы, түштүктө — жаздын.
Кыргызча аталышы — Аяк оона (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык).
Аяк оона деп аталышынын себеби бул мезгилде бугу жаныбарынын аягы тынбай, маралга тынбай чуркап турган чагы болуп калганы үчүн айды ушундай атаган деген гипотеза айтылат. Башка бир маалымат боюнча кыргыз эли малдарын жайлоодо багып, ошол жайлоодон ылдый түшүп, үйүнө келген мезгилге туура келип, үйүнө келсе, каралбагандыктан үй-жайынын кайсы жер жерлери жыртылып-тешилип калган болот, мисалы, шыбынан суу агып, кашаасы кыйшайып, таш дубалдарынан таштары түшүп, короосу жалбыраакка толуп калган мезгил болот. Мындан улам үйүн калыбына келтирүү иштерин жасап жүрүп адам башка бир нерсеге убактысы жетпей, колу бошобогондуктан аяк оона деп атап койгон деген гипотеза айтылат. Эске салсак, аяк дегенибиз — бут, оона дегенибиз — ала салып кетүү деген мааниде. Демек, буту жерге тийбей, ары-бери мүдүрүлүп чуркап жүргөн деген мааниде.
Заманбап аталышы латындын septem сөзүнөн келген, анткени, март айынан башталган Цезардын рефомасына чейинки эски римдик жылдын жетинчи айы болгон.
Заманбап доордо григориан календары боюнча 16-сентябрга чейин күн Арстан топ жылдызында турат, 16-сентябрдан тарта — Бийкеч топ жылдызында (башка маалыматтар боюнча — 17-сентябрдан тарта).
Кыргызстанда сентябрь айында жалпысынан жайкы аба ырайынын көрүнүштөрү сакталып турат бирок, орточо айлык температуралар кыйла төмөндөөлөрдү берет. Сентябрь айындагы орточо күндүзгү температурасы +24 °C түзөт, түнкүсүн +19 °C. Айдын үчүнчү декадасында (он күндүгүндө), күзгү күн-түндүн теңелүүсүнөн кийин күн нурунун интенсивдүүлүгүнүн жана узактыгынын азая башташына байланыштуу өсүмдүктөрдүн жалбырактары саргая баштайт. Жаан-чачындар негизинен жамгыр түрүндө түшөт, сейрек учурларда айдын аягында жаан аралаш кар жаашы мүмкүн (мисалы, 2024-жыл, 18-сентябрь Төө Ашуу өтмөгү). Ал эми айдын аяк ченинде эртең мененки температура нөлдөн төмөн болушу ыктымал.
Сентябрь айында күндүзү күндүн +20..+25 °C чейин жылуу болушу көп байкалат. Мисалы, 1959-жылдын сентябрь айында орточо температура +21,5 °C түзгөн. Ал эми эң муздак ай 1949-жылы болгон, мында орточо айлык температура +14,3 °C болгон. Сентябрь айында айыл-чарба иштериндеги көптөгөн оруп-жыюуу иштери башталат.