Ноябрь (латынча Novem — тогуз) — Григориан календарынын он биринчи айы. Цезардын март айынан башталган реформасына чейин башталган эски римдик жылдын тогузунчу айы. Узактыгы 30 күн болгон төрт айлардын бири.
Түндүк жарым шарда, анын ичинде Кыргызстандагы календарлык күздүн акыркы айы, түштүк жарым шарда жаздын акыркы айы. Октябрь менен декабрь айларынын ортосунда жайгашкан.
Кыргызча аталышы — Жетинин айы (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык). Жети ата-бабасын билүү, жети кылым өткөнчө, жети атасынан бери турган деп байыркы кыргыздар айтышчу. Ушул себептен жетинин айы деп аталып калган деген жоромол бар.
Башка версия боюнча тогуздун айында (октябрда) салык жана алымды тогуздап төлөө мезгили болгон, мына ошондо алуучулар эл эч нерсеси жок калбасын деп салыктын жана алымдын тогуздан эки бөлүгүн гана алып, жети бөлүгү элде калчу делет. Буга байланыштуу жетинин айы болуп калган имиш. Кандай болсо да аталышы боюнча так маалымат жок.
Баяндалышы
Кыргызстанда ноябрь айында жабырактар эбак түшкөн мезгил. Аба ырайы суук тартып, түнкү температура нөлдөн төмөн боло баштайт.