Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кан айлануу системасы

Баш барак | Биология | Кан айлануу системасы

Кан айлануу системасы — жаныбарлар менен кишинин организминде кан айлануучу кан тамыр жана көңдөйлөр системасы. Кан айлануу системасы татаал түзүлүштө болот.

Малда жана канаттууда

Малдын кан айлануу системасы жүрөк жана жүрөктөн канды алып кетүүчү артерия, ошондой эле канды жүрөккө алып келүүчү вена кан тамырларынан турат.

Артерия менен веналар өз ара өтө ичке кан тамырлар — капилляр торчосу аркылуу байланышат. Жүрөк — канды айлантуучу, булчуңдуу орган. Ал 4 камерадан: оң жана сол карынчадан, оң жана сол дүлөйчөдөн турат.

Оң карынчадан кан өпкө артериясы, сол карынчадан толто аркылуу чыгат. Толтонун жүрөктүн сол карынчасынан чыккан жери догоо делет, андан жүрөк кабынын ичинде оң жана сол коронардык артерия бөлүнүп чыгат.

Толто жүрөк кабынан чыккан жеринен жалпы каруубаш тармагына бөлүнүп, ал түрдүү кан тамырларга: кан менен моюнду, башты жабдыган күрөө артерияларына, алдыңкы буттарга кан жеткирген омуроо артерияларына, жүлүндү жана бир аз өлчөмдө мээни кан менен камсыз кылган омуртка артерияларына, көкүрөктү, моюнду кан менен жабдыган кабырга-моюн артерияларына ажырайт.

Жетим арканын түбүнөн толто артка кайрылып, уча көңдөйчөсүнүн кире бериш жерине чейин жетип, жамбаштын ички жана сырткы артерияларына бөлүнөт. Толтонун көөдөндүн ичинде жаткан бөлүгү — көөдөн толтосу, курсак көңдөйүндөгүсү — курсак толтосу деп аталат. Баштан жана моюндан кан күрөө венасына, алдыңкы буттардан — колтук венасына, арткы буттардан — жалпы жамбаш венасына, ичеги-карындан — капка венасына чогулат. Канаттуулардын кан айлануу системасы малдын кан айлануу системасына окшош келет (жүрөктүн түзүлүшү жана кан тамырлардын узундугу менен жалпы санынан башкасы).

Адамда

Кан айлануу негизинен ырааттуу чынжырга кошулган, айлампа аталган эки жол аркылуу ишке ашат: кичи жана чоң кан айлануу айлампасы.

Кичи айлампада кан өпкө аркылуу айланат. Бул айлампа аркылуу кандын кыймылы жүрөктүн оң дүлөйү аркылуу башталып, андан кийин кан жүрөктүн оң карынчасына келет. Карынчанын жыйрылышы канды өпкөлүк түтүккө түртөт. Кандын бул багытта айлануусу дүйлөчө-карынчалуу тосмо жана эки клапан менен туураланат: кандын дүлөйчөгө кайтуусун алдын алуучу үч канаттуу клапан (оң дүлөйчө менен оң карынчанын ортосунда) жана кандын өптө түтүгүнөн оң карынчага кайтып келүүсүн алдын алуучу өпкө артериясынын клапаны. Өпкө түтүгү өпкө капиллярлар тамагына бөлүнөт, мында кан өпкөнүн вентиялциясынын эсебинен кычкылтекке байытылат. Андан кийин кан өпкө веналары аркылуу өпкөдөн жүрөктүн сол дүлөйүнө келет.

Чоң кан айлампасы кычкылтекке байытылган кан менен органдарды жана ткандарды камсыздайт. Сол дүлөйчө оң дүйлөчө менен бир убакты жыйрылып, канды сол карынчага түртөт. Сол карынчада кан аортага келет. Аорта болсо организмдин ар кайсы бөлүктөрүнө кеткен артериялар жана артериолдорго бөлүнүп, органдардагы жана ткандардагы капиллярдык тармак менен аяктайт. Кандын бул багытта айлануусун дүлөйчө-карынча тосмо, эки канаттуу (митралдык) клапан жана аорта клапаны көзөмөлдөйт.

Ошентип, кан чоң айлампа аркылуу оң карынчадан сол дүйлөчөгө чейин жүрөт, андан кийин кичи айлампа аркылуу: оң карынчадан сол дүлөйчөгө чейин.

Макала толуктоого муктаж

Жайгаштыруу: 2023-12-09, Көрүүлөр: 617, Өзгөртүлгөн: 2023-12-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо