Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Илим деген эмне

Баш барак | Илим | Илим деген эмне

Илим — чындыкка болгон объективдүү маалыматты иштеп чыгаруу жана системалоого багытталган, адам ишмердигинин бөлүгү. Мындай ишмердиктин негизин фактыларды чогултуу жана аларды дайыма жаңылап, системалап, критикалык анализ жүргүзүп, жана булардын негизинде жаңы билимди же жалпылоону синтездөө түзөт. Фактылар жана тажрыйбалар менен тастыкталган гипотезалар табият же коом мыйзамы болуп калыптанат.

Мазмуну

Илим деген эмне? илимдин кандай түрлөрү бар? деги эле бул эмнени түшүндүрөт? Илим — ошол ишке туура келүүчү кең мааниде бардык шарттарды жана компоненттерди камтыйт:

Илим жүргүзүү (науковедение) — илим изилдөө илими

Атомдун сүрөттөлүшү — илимдин символу
Атомдун сүрөттөлүшү — илимдин символу

Илимдин негизги белгилери

Тарыхы

Байыркы цивилизация өлкөлөрүндө жазуунун өнүгүүсү менен табият, адам жана коом жөнүндөгү эмпирикалык билимдер топтолуп жана көп ойлонулуп, математиканын, логиканын, геометрия, астрономия, медицинанын башаттары чыга калып турган. Заманбап окумуштуулардын аталары деп койсок болот го, Байыркы Грециянын жана Римдин философтору болгон. Алардын ойлонуулары жана чындыкты издөөлөрү жашоосунун негизин түзгөн. Байыркы Грецияда билимдин класификациясынын варианттары пайда болот.

Илимдин заманбап түшүнүгү 16—17-кылымдарда калыптана баштаган. Тарыхый өнүгүүнүн жолунда илимдин таасириси техника жана технология чегинен чыгып кеткен. Илим коомдун жана маданияттын бардык тармактарына чоң таасирин берген маанилүү социалдык, гуманитардык институтка айланган. 17-кылымдагы илимий ишмердиктин көлөмү ар бир 10—15 жылда эки эсеге көбөйүп турган (илимий ачылыштардын, илимий маалыматтардын, илимий адистердин санынын өсүүсү).

Илимдин өнүгүүсүндө экстенсивдик жана революциялык мезгилдер орун алмашып турган — илимдин структурасын, түшүнүү негиздерин, категорияларын жана ыкмаларын, жана алардын уюштуруу формаларын өзгөрткөн илимий революция. Илимге диалектикалык процесстердин айкалышуусу, жана алардын дифференциациясы менен интеграциясы, фундаменталдуу жана прикладдык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү мүнөздүү.

Жамаат

Илим менен иш алып барган адамдардын жыйындысы илим жамаатын түзөт. Илимий жамаат мамлекеттик, коомдук мекемелер жана формалдуу эмес топтор эмгектенген, татаал өзү уюшуучу системаны элестетет. Мындай жамааттын өзгөчөлүгү илимий ийгиликтердеги жетишкендиктери менен таанып билүүчү жогорку баскычтагы авторитет, жана бийликтүү авторитеттин төмөнкү денгээлдеги таанып билүү баскычы, бул кээде мамлекет жана илимий жамааттын конфликтисине алып келет. Ошондой, формалдуу эмес топтордун жана жеке инсандардын башка социалдык катмардагы жогоруулугу. Илимий жамааттын маанилүү маселелеринин бири — бул билимдин илимий өнүгүүсүн камсыз кылуучу жана билим берүү системасын колдоочу, жаңы илимий ишмерлерди даярдоочу, жаңы идеяларды жана теорияларды таанып билүү же алардан баш тартуу.

Илимий жамаат адамдарынын жашоо түрү жана жашоого болгон көз карашы коомдогу жөнөкөй адамдардыкынан дээрлик айырмаланат. Азыр илимий жамаатта атеисттик жана скептикалык көз караштар көптүк кылат деп эсептелинет. 1990-жылдардагы өткөрүлгөн изилдөөдө америкалык улуттук академия мүчөлөрүнүн 7 пайызы жана Улуу Британия илим академиясынын 3,3 пайызы гана кудайга ишенгендер болгон. Ошол эле убакта жалпы улуттук сурамжылоонун маалыматы боюнча Улуу Британия калкынын 68,5 пайызы өзүн кудайга ишенгендеп деп эсептешет. Ал эми Америкалык окумуштууларды алсак, кудайга ишенгендер 40 пайызын гана түзгөн жана бул көрсөткүч дээрлик өзгөрбөстөн калууда. Америкалык университеттердин мугалимдеринин арасынан кудайга ишенгендери 73 пайызын түзүп, 2005-жылы июнь айындагы Чикаго университетинин изилдөөчүлөрүнүн жарыялоосу боюнча докторлордун 76 пайызы кудайга ишенишет. Илим тарыхы илимдеги доктриналардын жана башкаруучу элестердин өзгөрмө экенин күбөлөнтөт, жана алардын тиешелүү мамлекеттеги же тарыхый мезгилдеги саясый конъюнктурадан көз каранды экенин көрсөтөт.

Окумуштуулар

Окумуштуу — илимий ишмердиги жана квалификациясы илим жамааты тарабынан тигил же бул формада таанылып, дүйнөнүн илимий сүрөтүн негиздөөдөгү акыл-эси менен ишмердик кылган илимдин өкүлү. Квалификациясынын таанылышынын негизги формалдуу белгиси — авторитеттүү илимий басмаларда изилдөө материалдарын чыгаруу жана авторитеттүү илимий конференцияларда доклад окуу. Эл аралык басмалар жана конференциялар, ошондой эле эл аралык денгээлде таанып билүү приоритетке ээ. Окумуштуунун авторитети жана квалификациясын таанып билүү анын тар адистер чөйрөсүндөгү белгилүүлүгүнө байланыштуу. Башка окумуштуулардын эмгектеринен учурдагы окумуштуунун иштеринин санына шилтеме берүү менен рейтинг түзүү аракеттери болот. Мисалы, бир илим чөйрөсүндөгү профессорлор арасында, өзүнчө илимий багыт боюнча жазманын автору ким болсо, ошол багытта ал эксперт болуп эсептелинет. Эгер (бирдей окумуштуу наамындагы) эки автор, бир эле илимий багытта иштеп, кимисинин ишине көбүрөөк шилтеме болсо, ал мыкты эксперт болуп саналат, натыйжада, башка авторлор дагы анын квалификациясын таанып билишет. Илимий жамааттагы престиж ушинтип калыптанат.

Окумуштуулар арасында кандайдыр бир илимий теманы изилдеген, каалаган узакка созулган эмгекти ага тиешелүү монографияны чыгаруу менен бүтүрүү талап, андай монография негизинен изилдөөнүн так ыкмаларынын баяндалышы, аткарылган иштин натыйжаларын берүү, жана алардын интерпретациясы менен болот.

Илимий жамаатта педагогикалык эмгек жогору бааланат. Престиждүү окуу жайда лекция окуу укугу окумуштуунун денгээлин жана квалификациясын таанып билүүгө жатат. Ошондой эле илимий мектепти түптөө дагы жогоруу бааланат, башкача айтканда окутуучунун идеясын улантуучу же өнүктүрүүчү окумуштууларды даярдоо.

Профессионалдык илимге таандык болгонун жана окумуштуунун клалификация денгээли формалдуу түрдө жергиликтүү жана улуттук квалификациялык комиссиялар тарабынан аныкталышы мүмкүн (диссертацияны коргоо боюнча кеңеш, аттестациялык комиссия). Кыргызстанда окумуштуунун квалификациясы окумуштуу денгээли (даражасы) (илимдин кандидаты же доктору) жана окумуштуу наамы (доцент же профессор) менен тастыкталат. Даражаларды жана наамдарды берүү УИА (Улуттук Илимдер Академиясы) тарабынан көзөмөлдөнөт. Окумуштуу даражалар илим багыты боюнча берилет, мисалы, физика-математика илиминин кандидаты, юридика илиминин кандидаты жана башкалар. Тиешелүү окумуштуу даражаны алуу үчүн атайын кенеште диссертация жазып аны жактоо зарыл. Көптөгөн илимий эмгектери бар болгондо гана, диссертация, жасаган эмгегинин доклады менен алмашылат. Бирок мындай адаттан тышкары иштер абдан сейрек болот, мисалы, Генералдык конструкторлор үчүн. Ийгиликтүү жактоонун сөзсүз түрдө болуучу шарты — илимий эмгектердин публикациясы жана апробациясы болот. Апробация деп — негизи конференцияларда чыгып сүйлөөлөр эсептелинет, анткени бул форма натыйжаларды дискуссия түрүндө талкулоого мүмкүндүк берип, окумуштуу жамааттын көз караштары келишпегенде ачык критикага жол ачылат. Окумуштуу наамын алуу үчүн (доцент же профессор), окумуштуу даражадан тышкары педагогикалык иш жүргүзүү талап кылынат, негизинен окуу-методикалык басылмаларга ээ болуу. Квалификацияны таанып билүүнүн майда формалдуу белгилери дагы болот, мисалы, аспиранттардын илимий иштерине көзөмөл жүргүзүү укугу. Бул кандидаттан докторлукка өтүү үчүн зарыл болгон кичинекей баскыч десек болот.

Жогорку баскыч — илимдер академиясына мүчөлүк. Мурдагы СССР убагындагыдай эле Кыргызстанда мүчө болуунун эки баскычы бар: биринчи — академиянын корреспондент-мүчөсү, жана жогоркусу — академик. Академияда — өзү уюшуучу илимий жамааттар, академиктерди жана корреспондент мүчөлөрдү өзүлөрүнүн чогулушунда тандайт. Кандидаттарды ЖОЖ (жогорку окуу жайлар) жана ИИИ (илимий изилдөө институттары) көрсөтөт. Ошону менен бирге тандоолор дайыма көп альтернативдүү негизде жүргөн. Учурда Кыргызстанда Илимдер Академиясынан тышкары, тармактык Академиялар да иш алып барат, алардын кээ бири, мисалы Медицина илиминин академиясы көп жылдык тарыхка ээ, башкалары — салыштымалуу жакында эле пайда болгон. Ал уюмдар Илимдер Академиясы сыяктуу, бирок даражасы, албетте, төмөн.

Уюмдар

Илим жамаатында абдан көп илимий уюмдар бар. Илимдин өнүгүүсүндө активдүү ролду ыктыярчы илим коому ойнойт, алардын негизги иши илимий маалымат менен алмашуу, анын ичинде, конференцияларда, жана коом тарабынан чыгарылуучу мезгилдик басмаларга жарыялоо менен дагы. Илимий коомдордо мүчөлүк өз ыктыяры менен болуп, көп учурда эркин, жана кээде мүчөлүк акы төлөө талап кылынат. Мамлекет мындай коомдорго ар кандай колдоолорду көрсөтүшү мүмкүн, ал эми коом бийлик менен макулдашылган позициясын айтып чыгат (жалпы дүйнөдөгү кээ бир учурлар). Кээ бир учурларда ыктыярчы коомдордун ишмердиги чоң маселелерди камтыйт, мисалы, стандартизация. Бирден бир авторитеттүү жана массалык коомдордун бири катары IEEE саналат. Эл аралык илимий бирикмелер коллективдүү дагы, жеке дагы мүчөлүктөргө мүмкүндүк берет. Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн Улуттук Илимдер Академиялары улуттук илимий коомдордон өсүп чыккан. Мисалы, Улуу Британияда академиянын ролун Илимий Королдук Коом алып барат.

Биринчи илимий коомдор 1560-жылдары Италияда пайда болгон — алар Неаполь шаарындагы «Табият сырларынын академиясы» (Academia secretorum naturae), Римдеги (1603) «Линчейлер Академиясы» (Accademia dei Lincei — сөзмө сөз которгондо, өзгөчө көрүүгө ээ болгондордун академиясы), Флоренция шаарындагы «Тажрыйбалуу билим Академиясы» (Тажрыйба академиясы, 1657). Бул, бардык Италия академияларында көптөгөн белгилүү ойчулдар жана коомдук ишмерлер катышкан, алардын ичинде ардактуу мүчө болгон, атактуу Галилео Галилей тарабынан физика чөйрөсүндөгү үгүттөө жана илим-билимди кеңейтүү максатында, тез-тез кезигүү негизинде, идеялар жана эксперименттер менен тажрыйба алмашуу уюшулган. Булар Европа илиминин жаплы жонунан өнүгүүсүнө таасирин тийгизгенинде сөз жок.

Илимдин жана техниканын тез өнүгүү зарылдыгы өкмөттөн илимдин өнүгүүсүнө активдүү катышуусун талап кылды. Буга ылайык, бир нече өлкөлөрдө, Академия өйдө жактын буйругу менен түзүлөт. Бирок көпчүлүк Илим Академияларында демократиялык уставдар кабыл алынган, бул өз учурунда мамлекетке таандык көз карандысыздыкты камсыз кылат.

Илимий мекемелер:

Эл аралык институттар

Илимий институттар — академиялар жана ИИИ(илимий изилдөө институттары) — эл аралык денгээлде иштешет. Заманбап ири масштабтуу илимий проектилер, мисалы, адам геномун чечмелөө же эл аралык космос станциясы, ири материалдык чыгымдарды жана көптөгөн илимий, ошондой эле өндүрүш коллективдерининин иш аракетин координациялоону талап кылат. Көп учурда мындайды эл аралык кооперацияда жасоо эффективдүү.

Эле аралык илимий институттар:

Медалдар жана сыйлыктар

Илимий жетишкендиктери үчүн окумуштууларга илимий сыйлыктар жана медалдар берилет.

Илимий ыкма

Дүйнөнү предметтик жана объективдүү кароо ыкмасы илимди башка таанып билүүдөн айырмалайт, аларга дүйнөнү кадыресе, көркөм, диний, мифологиялык, эзотерикалык, философиялык таанып билүү кирет. Мисалы, искусстводо чындыктын чагылдырылышы субъективдүүлүктүн жана объективдүүлүктүн суммасы катары берилет, ал эми реалдуулукту кайталоо негизинен эмоционалдык баалоо же реакцияны жоромолдойт.

Заманбап илимий ыкманын түзүмүнө, башкача айтканда жаңы билимди түзүүгө төмөнкүлөр кирет:

Ар бир баскычта приципиалдуу маани каалаган денгээлдеги маалыматка дагы, алынган натыйжага дагы критикалуу мамиледе болот. Бардыгын тастыктоо зарылдыгы, текшерилүүчү маалымат менен негиздөө, теориялык чечимдерди эксперимент натыйжалары менен тастыктоо, илимди башка таанып билүү формаларынан айырмалайт, анын ичинде бул же тигил негизги догматка, ишенимге негизделген динден дагы. Илим жана илимий ыкмалардын түшүнүгү — илим методологиясы, убакыттын өтүшү менен өзгөргөн.

Изилдөө багыттары

Илимий изилдөөлөрдө негизги үч багытты бөлүп кароо болот:

Өзүнө өзү тажрыйба жасоо

Көптөгөн окумуштуулар өзүнө өзү тажрыйба жасашкан.

Философия

Илимдин өнүгүүсү жана маалымат берүүчү иш-аракеттин бул же тигил моделин берүүчү, илимдин философиясы көптөгөн оригиналдуу концепция менен берилген. Ал илимдин ролун жана маанилүүлүгүн чыгарууга, маалымат берүүчү иш-аракеттин башка түрлөрүнөн айырмалоого мүмкүндүк берүүчү илим мүнөзүнө багытталган. Илим философиясы табият таанууга же социалдык-гуманитардык илимге багытталганбы же багытталган эмеспи, баарыбир тарыхый маданий-социалдык билим статусуна ээ. Илимдин философу дайыма илимий изденүүлөргө, ачуу алгоритми, илимий билимдин өнүгүү динамикасы, изилдөө иштеринин ыкмалары кызыктырат.

Эгер илимдин негизги максаты — чындыкты алуу болсо, илим философиясы адам баласынын интеллектин колдонуудагы маанилүү чөйрөлөрдүн бири, бул рамкада «чындыкка кантип жетүү болот?» суроосуна талкулоо жүргүзөт.

Билим чеги

Илимдин бардыгын жасаарына ишенгендик жана илимдин билим чогултуу процессинин үзгүлтүксүз күчүнө ишенүү менен тааныла электик убактылуу бойдон калуусу, дайыма жаңыланып турууучу илим коомунун жигердүү эмгек үчүн үзгүлтүксүз стимулу болуп келет. Ошону менен бирге бул постулат илимий ыкманын чөйрөсүндө эксперимент аркылуу тастыкталбайт дагы, четке дагы кагылбайт, ошондуктан Поппердин критериясы илимге тиешеси жок.

Билимдин ырастыгы

Илим реалдуу дүйнөнүн бул же тигил денгээлде айырмалануучу, реалдуу объектилердин моделдери менен операциялайт. Бул учурда пайда болуучу маселе «карта жана аймактын байланышы» аталышта болот.

Илим философиясынын, гносеологиянын бирден-бир көйгөйү илимий билимдин тактыгы. Жалпы учурда бул көйгөй «илимий билим объективдүүбү» деген суроого такалат. Көп кездешүүчү жооп катары «орточо релятивисттик» болот: жетишкен илимий билим аныкталган (объекттивдүү), эгер учурда ал көптөгөн көз карандысыз булактар жана байкоолор менен тастыкталса.

Илимий изилдөө мотивдери

А. Эйнштейндин ою боюнча: Илимге алып баруучу бирден-бир күчтүү түркүлөрдүн бири — бул күнүмдүк жашоо-тиричиликтен качуу, анын кыйнаган ырайымсыздыгы жана муңдуу ээндиги. Бул себеп жан дүйнөсү назик адамдардын жеке санааларынан объективдүү көрүү жана түшүнүү дүйнөсүнө түртөт.

Бул негативдүү себепке позитивдүүсү дагы кошулат. Адам сезүү дүйнөсүнөн арылуу үчүн, кандайдыр бир адекваттуу ыкма менен өзүнө дүйнөнүн жөнөкөй жана ачык сүрөтүн түзүүгө умтулат.

Ошондой эле илим жаатында эмгектенүүнүн негизги себептеринин бири (маданий өндүрүм чыгарууга багытталган башка эмгек сыяктуу эле) катары, кам көрүү түрүндө аңсыздык менен жыныс тандоо көз карашы бар. Бул илимдеги эркектердин пропорцианалдуу эмес көптүгүн түшүндүрөт, жана буга жараша адам жашоосундагы жогорку интеллектуалдык жана сексуалдык активдүүлүк мезгилдери.

Дүйнөнүн илимий сүрөтү

Дүйнөнүн илимий сүрөтү (модели) — Илимий түшүнүктөрдүн жана принциптердин жалпылоосунун, синтезинин натыйжасында куралган, реалдуулуктун касиеттери жана мыйзамченемдүүлүктөрү жөнүндөгү элестетүүлөрдүн системасы.

Илимдин өнүгүү процессинде билимдин, идеялардын жана концепциялардын дайыма жаңылануусу болуп турат, мурунку элестетүүлөр жаңы теориялардын жеке учуру болуп калат. Дүйнөнүн илимий сүрөтү догма эмес, абсолюттук чындык дагы эмес. Айлана-чөйрө боюнча илимий элестетүүлөр бардык аныкталган фактылар жана себеп байланыштары менен орнотулган бардык жыйындыларда негизделген. Бул, кайсы бир денгээлдеги ишенимдүүлүк менен адам цивилизациясынын өнүгүүсүнө жана биздин дүйнөнүн жыйынтыктоого жана касиеттерине алдын ала айтууга мүмкүндүк берет. Теория, гипотеза, концепциялардын натыйжаларын текшерүүдөгү туура келбестиктер, жаңы фактыларды чыгаруу — мунун баары болгон көз караштарды кайра карап чыгууга мажбурлайт жана жаңысын, реалдуулукка жакыныраагын түзүүгө түрткү берет. Илимий ыкманын маңызы — ушундай өнүгүүдө.

Классификация

Адам билиминин чөйрөсүн классификациялоо аракеттери, ар кандай негиздер менен антикалык мезгилден (байыркы греция мезгили) бери аракет жасалып келген. Мисалы, Аристотель (биринчи аракеттердин бири), мындай чөйрөнүн үч ири тобун белгилеген: теориялык (физика жана философия), практикалык (адамдын өзүн алып жүрүү үчүн башкаруучу идеяларды берет, этика жана саясат), жана чыгармачылык, поэтикалык (таанып билүү кандайдыр бир жакшы нерсеге жетүү үчүн жүргүзүлөт, эстетика). Теориялык билимди (анын өзүн таанып билүү жүрөт) ал төмөнкүдөй (анын предмети боюнча) бөлгөн:

  1. Биринчи философия (акырында метафизика — жогорку башаттар жөнүндөгү илим жана бардык болгондордун биринчи себептери, сезүү органдарына таптакыр түшүнүксүз жана акыл-эс менен гана жетүүчү);
  2. математика;
  3. физика (табияттагы заттардын ар кандай абалдарын изилдейт). Аристотель өзү түзгөн формалдык логиканы ал философия менен окшоштурган эмес, ар кандай таанып билүүнүн органы (куралы) деп эсептеген.

Рим энциклопедисти Марк Варрондун класификациясы өзүнө төмөнкүдөй илимдерди камтыган: грамматика, диалектика, риторика, геометрия, арифметика, астрология, музыка, медицина жана архитектура.

Мусулман, араб окумуштуулары илимди араб (поэтика, оратордук искусство) жана чет элдик илимге (астрономия, медицина, математика) бөлүшкөн.

Классификация аракеттери орто кылымдарда дагы болгон. Гуго Сен-Викторский Дидаскаликондо илимди төрт топко бөлөт:

Ф. Бэкон илимди үч топко бөлгөн (эс-тутум, акыл-эс, элестетүү сыяктуу таанып билүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша)

Роджер Бэкон дагы илимдин төрт классын белгилеген: грамматика жана логика, математика, натурфилософия, метафизика жана этика. Ошону менен бирге табият жөнүндөгү илимдин негизин ал математика деп эсептеген.

Энгельс классификациясы

Органикалык түрдө эки негизги учурду байланыштырган, Энгельс тарабынан жаңы негиздер чыгарылган: объективдүү мамиле жана субординация негизи (же өнүгүү негизи). Жалпы табияттын бардык чөйрөлөрүнө «кыймыл формасы» түшүнүгүн Энгельс энергиянын ар кандай түрлөрүн алган, ал тирүү эмес тибятта жана жашоо (кыймылдын биологиялык формасы) иш-аракетте болгон. Бул жактан илим өзү эле бир катарга тизилет: механика...физика... химия... биология. Илимдердин катары түзүлгөн: математика, химия, физика, биология.

Эки ыкма бар:

Совет философу, тарыхчы жана илим методологу Б. М. Кедров илимдин кененирээк классификациясын түзүп чыгарган. Кедров бардык реалдуулукту табиятка жана адамга бөлгөн. Адамда ал коомду жана ойлоону белгилеген. Табият жөнүндөгү илимдер — табигый, коом жөнүндөгүлөр социалдык, жана ойлонуу жөнүндөгүлөр — философиялык.

Илимдер таблицасы
Коомдук жана гуманитардык илимдер Табигый илимдер Техникалык илимдер
Маданий антропология Астрономия Агрономия
Археология Биология Архитектура
География (экономикалык) География (физикалык) Аэронавтика
Лингвистика (тил таануу) Геология Баллистика
Искусство таануу (искусствоведение) Медицина Бионика
Тарых Топурак таануу (Почвоведение) Биотехнологиялар
Клиометрия Физика Геомеханика
Аймак таануу (краеведение) Химия Геофизика
Культурология Психология Информатика
Адабият таануу (литературоведение) Математика Кеме куруу
Педагогика Гидрология Тамак-аш технологиялары жана кулинария
Политология Геофизика Криптография
Психология Геохимия Материал таануу (Материаловедение)
Дин таануу Табият таануу (Естествознание) Машина таануу (Машиноведение)
Социология Жаратылыш таануу (Природоведение) Метрология
Филология Зоология Механика
Философия жана философия тарыхы Ботаника Нанотехнологиялар
Экономика Өнөржай
Этнография Робот техникасы
Юриспруденция Систематехника
Китепкана алып баруу (Библиотековедение) Трибология
Китеп таануу (Книговедение) Электротехника
Иш кагаздарын алып баруу (Документоведение)

Математика, логика, информатика, кибернетика деген сыяктуу илимдер кээде өзүнчө класска белгиленет — формалдык илимдер болуп, башкача айтканда абстракттуу илимдер болуп. Формалдык илимдерге табигый жана социалдык илимдер каршы коюлат дагы, эмпирикалык илимдер аттуу жалпы белгиге ээ болушат. Башка окумуштуулар математиканын так илим деп атайт, калгандары болсо когнитивдик илимдерге киргизишет.

Жаңы илимди түзүү

Жаңы илимди (өз алдынча илимий багытты) түзүү баскычтар менен өтөт, алар:

Эгер жаңы илимди түзүүдөгү предмет өнүгүү процессинде таанылса, анын илимий мазмунунун систематизацияланган негизи болсо жана спецификалык ыкмалар түзүлгөн болсо, илим (жаңы илим) өз алдынча дисциплина болуп таанылат. Табият таануудагы жаңы илимди түзүүнүн мисалы катары геологиялык цикл илими боло алат.

Илимий билимдин элементтери

Илимий адабият

Илимий адабият — илимий эмгектер, монографиялар жана журналдар. Жөнөкөй адабияттан жана философиялык эмгектерден, аныкталган эксперименттер жана илимий булактарга таянууларга негизделген ойлордун тастыктоолору айырмалайт.

Илимди жайылтуу

Илимдин популяризациясы — илимий билимди жеткиликтүү жана заманбап формада көпчүлүккө жайылтуу процесси. Илимди популяризациялоо, начар даярдыктагы угуучу, окуучу тилине маалыматты которуу — популяризатор-окумуштуулардын алдында турган бирден-бир маанилүү маселелеринин бири. Илим популяризаторунун тапшырмасы — мындайча айтканда зээриктирме, кургак илимий маалыматты кызыктуу, түшүнүктүү жана бардыгына жеткиликтүү маалыматка айландыруу. Андай маалыматтар жалпы коомго да, жана анын бир бөлүгүнө дагы багытталган болот, мисалы, өсүп келе жаткан муунга, таланттуу мектеп окуучуларына.

Илимдин популяризациясындагы маанилүү ролду илимий фантастика ойнойт. Дал ушул фантастика көптөгөн илимий ачылыштарды бизге айтып берген. Мунун ичинде буга жүйөлүү салымды фантаст-жазуучу Жюль Верн кошкон. Жаштардын илимге жана жогорку технологиялык өндүрүү чөйрөлөрүнө келүүчү, коомдун билимге муктаж бөлүгүн илим маселелерине көңүлүн буруу популяризация денгээлинен көз каранды.

Окумуштуулар, илимий маалыматтын булагы катары, ал маалыматтын сакталышына жана көбөйүшүнө кызыктар, бул өз жагынан илимге жаштардын келүүсүүнө түрткү. Анткени илимдин популяризациясы илимге кызыкккан адамдардын санын көбөйтүп, алардын ага кирүүсүнө стимул болот. Көп учурда, илимий маалыматты популяризацияда ал жөнөкөйлөнүп, акырындык менен илимий мифке айланат. Ошондой эле илимди популяризациялоодо дүйнө тааным сырлары, окумуштуулар ачышты — деген илимий-популярдуу клишелер пайда болот.

Тихо Браге илимий билимдер аны колдоно билген башкаруучуларга гана жеткиликтүү болушу керек деп эсептеген. Ал эми РАН академиги Людвиг Фаддеев илимдин популяризациясы жөнүндө төмөнкүдөй сөз айткан: «Биз эмне кылып жатканыбызды адамдарга, салык төлөөчүлөргө айтып беришибиз керектигине отчет беребиз. Бирок илимдин толук түшүнүктүү болгон чөйрөлөрүн гана популяризациялоо керек. Заманбап илимди популяризациялоо татаалыраак. Ар кандай кварктар, кылдар, Янга-Миллс талаалары... жакшы болбой атат — калп айтуу менен».

Илим жана жалган илим

Жалган илим — илимий эмгекти имитациялоочу иш-аракет, бирок мааниси жагынан андай эмес. Жалган илим теориясына мүнөздүү белгилер катары фактыларды көзгө илбөө же аларды башкача берүү, фальсификация болбогондугу (Поппер критерийине туура келбөөсү), теориялык берүүлөр менен реалдуу акыл-эс, чындык же авторитеттүү ойлордун натыйжалары теңештирип талдоодон баш тартуу, көз карандысыз эксперимент маалыматтары менен тастыкталбаган теорияларды колдонуу, көз карандысыз текшерүүнүн мүмкүн эместиги же изилдөө натыйжаларын кайталоонун мүмкүн эместиги. Илимий эмгектерде саясый жана диний орнотууларды, догмаларды колдонуу.

Илимий жамаат менен таанылбаган теориялардын түзүүчүлөрү көп учурда «официалдуу картайган илимдин күрөшүүчүлөрү» катары иш-алып барат. Ошол эле мезгилде мындайлар официалдуу илимдин өкүлдөрүн «өз каталыктарын мойнуна алышпайт» — деп, өзүлөрүнүн жалган теорияларын алга түртөт. Ал эми жалган илимди же теорияны аныктоо жөнүндө маалыматты кичине өйдөрөө жаздык. Илимий эмес концепциялардын бөлүгү параилим (паранаука) аттуу аталышка ээ болду.

Урматтуу окурман, «илим деген эмне» аталыштагы макаланын жазылганына көп убакыт болду, эгер кандайдыр бир туура келбестиктер, каталыктар же эскирген маалыматтарды тапсаңыз бизге билдирип койгула. Макаланын акыркы өзгөртүлгөн датасы төмөндө жазылган.

Жайгаштыруу: 2017-12-15, Көрүүлөр: 26696, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-04-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу