Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Булчуң

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Булчуң

Биздин бардык кыймылыбызды дененин өзгөчө органы - булчуңдар аткарат. Кишинин денесинде 500гө жакын булчуң болот. Алардын ар биринин өзүнө тийиштүү милдети бар. Булчуң жыйрылып жана кайрадан жазылып туруучу өзгөчө касиетке ээ. Нервдер аркылуу мээден буйрук алганда булчуңдар жыйрылып кыскарат, андан кийин кайра муруңку калыбына келет. Булчуң эттин көбү скелет сөөктөрүнө бекиген. Ошондуктан булчуң жыйрылганда ал булчуң бекиген сөөктөрдүн жайгашуу абалы өзгөрөт да кыймылы башталат. Ошентип булчуңдун жардамы менен бут, кол, манжалар бүгүлөт жана жазылат. Киши бир кадам жасашы үчүн жыйырмадай булчуңу иштеши керек. Адатта бир булчуң жыйрылганда, экинчи булчуң жазылууга тийиш. Мисалы, башты солго буруучу булчуңдар жыйрылганда, башты оңго буруучу булчуңдар бошоңдоп жазылышы керек.

Мунун бардыгы белгилүү бир тартипте аткарылат. Бардык кыймылыбызды биз кадыресе эле автоматтык түрдө жасайбыз. Организмдин өзү да ушуга ыңгайлашкан. Адам адаттагыдан башкача өтө татаал кыймылдарды да автоматтык түрдө аткаруу жөндөмүнө өзүн көнүктүрө алат. Пианист татаал музыкалык чыгарманы аткарганда, анын манжалары клавишаларды минутасына 120 жолу басат жана кезектеги клавишаны кайсы манжасы менен басарды ойлонбойт. Анткени ал узак убакыт бою көнүгүп, абдан дасыгып калган. Чыгарманы адегенде жай, анан бара-бара тездетип ойноп колдорунун булчуңдарын автоматтык кыймылдоого көндүргөн. Ошол сыяктуу эле машинанын алдынан тоскоолдук жолуккан учурда айдоочу эч нерсени ойлонбостон тормозду басат.

Цирк жана балет артисттери, спортсмендер булчуңдарын каалагандай башкарып, укмуштуудай кыймылдарды жасашат. Мына ушундай болот экен биздин булчуң.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 665, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо