Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак сиңирүү

Баш барак | Биология | Тамак сиңирүү

Тамак сиңирүү, же азык сиңирүү — азыкты химиялык (негизинен ферменттик), кээде механикалык жактан иштетүү, башкача айтканда, азык заттарды сиңирилишине жана зат алмашууга жарактуу болгондой кылып түрдүү компоненттерге ажыратууну камсыз кылган процесстердин жыйындысы.

Мазмуну

Тамак сиңирүүнүн жүрүшүндө органикалык азыктардын макромолекулалары майда молекулага айланат, негизинен, азык биополимерлери мономер түрүнө өтөт (мисалы, майлар, глицерин жана жогорку карбон кислоталарына). Бул процесс тамак сиңирүүчү (гидролиттик) ферменттердин жардамы аркылуу ишке ашырылат. Азыкты иштетүүнүн айтылган процессинен кийин азык түздөн-түз клетканын цитоплазмасына (бактерия жана козу карындарда клеткадан тышкаркы тамак сиңирүүсүндө, жана клетка ичиндеги тамак сиңирүүдө) же тамак сиңирүүчү жолдор (тракт) аркылуу суюк чөйрөлөргө (адамда, канга же лимфага) сиңирилет.

Биологиялык мааниси

Тамак сиңирүүнүн негизги түрлөрү

Клеткадан тышкаркы (дистанттык) тамак сиңирүү

Азык сиңирүүнүн бул түрү бездик (секреттик) клеткалар тарабынан синтезделген ферменттер клеткадан тышкары чөйрөгө бөлүнүүсү менен мүнөздөлөт, мында алардын гидролиттик эффектиси ишке ашат. Гидрополиттик ферменттердин клеткалардан азык сиңирүүчү көңдөйлөргө секрециясы биринчилерден болуп ичеги көңдөйлүүлөр жана жоноктордо (сууда жашоочу омурткасыз жаныбарлар) пайда болгон. Шакек формалуу курттардын, рак сымалдуулардын, курт-кумурскалардын, баш буттуулардын, челдүүлөр жана хордалууларда (ланцеттиктерди эске албаганда) клеткадан тышкаркы тамак сиңирүү басымдуулук кылат. Ал ошондой эле, азык заттарга баштапкы сиңирүүнү камсыз кылган жогорку уюшулган жаныбарларда жана адамда өзгөчө өнүккөн. Бул организмдерде секреттик (бездик) клеткалар азык сиңирүүчү көңдөйлөрдөн жетишээрлик алыс жайгашып, мында гидролаз иш-аракети ишке ашат, ошондуктан клеткадан тышкаркы тамак сиңирүү дистанттык (же аралыктан) деп аныкталат. Атайын көңдөйлөрдө өтүүчү дистанттык тамак сиңирүү көңдөйлүк деп белгиленет.

Клеткадан тышкаркы тамак сиңирүү бардык гетеротрофтуу организмдер үчүн мүнөздүү, башкача айтканда, организминде клеткалык дубалчасы бар клеткаларда, мисалы, бактериялар, архейлер козу карындар, жырткыч өсүмдүктөр ж. б. Мындай азык сиңирүү ыкмасында ферменттер тышкы чөйрөгө секреттелет же болбосо, тышкы мембранага (терс грамдуу бактерияларда) же клеткалык дубалчага бекилет (жабышат). Азыктын сиңирилиши (иштетилиши) клеткадан тыш жүрүп, калыптанган мономерлер клеткалык мембрананын транспорттоочу белоктору аркылуу сиңирилет.

Көңдөйлүк тамак сиңирүү

Көңдөйлүк тамак сиңирүү ашказан-ичеги жолдору бар көп клеткалуу жаныбарларга мүнөздүү, жана азыктын сиңирилиши ошол көңдөйдө жүрөт.

Ичегиден тышкары тамак сиңирүү

Ичегиден тышкары тамак сиңирүү, тамак сиңирүүчү ферменттерди аңынын (аң улоо деген мааниде) денесине киргизип, жарым-жартылай иштетилген азыкты соруп алып азыктанган айрым жаныбарларга мүнөздүү. Мындай жаныбарларга кеңири белгилүү болгон жөргөмүштөр жана суу коңуздардын курттары (личинкалары) мисал боло алат.

Мембраналык (дубалдык) тамак сиңирүү

Дубалдык же мембраналык (кабыкчалык) тамак сиңирүү ичке ичегинин былжыр чел катмарындагы микроскопиялык түктөрүнүн арасында өтөт, ошондой эле, омурткалуу жана айрым башка жаныбарларда түздөн-түз ичегинин бетинде (гликокаликсте).

Клетка ичиндеги тамак сиңирүү

Клетка ичиндеги тамак сиңирүү — эндоцитоз менен тыгыз байланышта болуп, клеткалык дубалчасы жок эукариоттор тобуна (протисттердин бөлүгү жана жаныбарлардын көпчүлүгү) мүнөздүү болгон процесс. Филогенетикалык жактан берилген тамак сиңирүү түрү эң байыркы деп саналат, анткени, жөнөкөйлөр жана эң жөнөкөй көп клеткалуу организмдер арасында жайылган, көбүнчө жалпак курттарда. Клетка ичиндеги тамак сиңирүүнүн эки түрү бар. Биринчиси анча чоң эмес молекулаларды клеткалык кабыкча же мембрана аркылуу транспорттоп (өткөрүп), андан кийин цитозол ферменттери менен сиңирүүсү (иштетүүсү) менен байланыштуу. Экинчиси, клетка ичиндеги тамак сиңирүү, атайын клетка ичиндеги азык сиңирүүчү вакуол көңдөйлөрүндө дагы жүрүшү мүмкүн, булар туруктуу түрдө клеткада болушу мүмкүн же фагоцитоз жана пиноцитоздо калыптанып, азык ажыратылганда (иштетилгенде) жок болуп кетет. Клетка ичиндеги тамак сиңирүүнүн бул экинчи түрү өзүнө кайсыл организмге таандыгына көз карандысыз pH 3,5—5,5 оптимумдуу, кеңири топтомдогу ар кандай гидролиттик ферменттерди камтыган лизосомалар менен байланыштуу. Лизосома ферменттери клеткадан тышкаркы тамак сиңирүүнү ишке ашырган ферменттерден кыйла айырмаланат.

Азык бөлүкчөлөр же азык эритмелер клетка айланасындагы чөйрөдө плазмалык мембрананын (кабыкчанын) кысылышын же түртүлүшүн чакырып, алар боолонуп (жиптелип), цитоплазмага чөгөрүлөт, мында пино- жана фагоцитоздук вакуолдор калыптанат. Акыркысы менен лизосомалар кошулганда айтылуу фагосомаларды калыптандырат, мында ферменттердин тиешелүү субстраттар менен кошулуусу ишке ашат. Мындай учурда клетка ичиндеги плазмадан тышкаркы тамак сиңирүү болот, мунун физика-химиялык мыйзамченемдүүлүктөрү көңдөйлүк тамак сиңирүү мыйзамченемдүүлүктөрүнөн айырмаланбайт же аз айырмаланат. Буга ылайык экинчи түрдөгү клетка ичиндеги тамак сиңирүү микро көңдөйлүү тамак сиңирүү деп мүнөздөлө алат. Лизосома жана вакуолдордун мембранасынын ички бети ар кандай гидролиттик ферменттерди камтыгандыктан, микро көңдөйлүк гидролиз мембраналык менен толукталышы мүмкүн. Калыптанган гидролиз өндүрүмдөрү фагос мембрана аркылуу сиңирилет. Тамак сиңирүү цикли аяктагандан кийин калдыктар фагос тарабынан экзоцитоз ыкмасы менен клеткадан тышкары чыгарылат. Лизосомалар клетканын жеке түзүмдөрүн бөлүктөргө ажыратууда дагы маанилүү ролду ойнойт, алар берилген клеткага же андан тышкары азык материал катары колдонулат.

Жаныбарлардагы тамак сиңирүү

Жаныбарлардын көпчүлүгүндө ичеги ичиндеги тамак сиңирүү клетка ичиндеги тамак сиңирүү менен айкалышта жүрөт. Бир гана клетка ичиндеги тамак сиңирүү былпылдактарда (орусча губки) болот. Ичеги ичиндеги тамак сиңирүү артыкчылыгы (кээде ичегиден тышкаркы менен толукталып) курт-кумурскаларга, нематоддорго жана омурткалууларга мүнөздүү. Айрым жаныбарлардын ичегиси болбойт (былпылдактар, плакозойлор, книдоспоридиялар, дициемиддер, ортонектиддер, погонофорлор, тасма курттар, трематод спороцисттери, тамыр баштуу рактардын бойго жеткен баскычтары жана башка топтордун өзүнчө түрлөрү). Мындай жаныбарлар клетка ичиндеги тамак сиңирүү (былпылдактар, плакозойлор), ичегиден тышкаркы тышкы же мембраналык тамак сиңирүүнү (плакозойлор, тасма курттар) колдонот, же эндосимбионттордун эсебинен азыктанат, буларды алар клетка ичинде сиңире алат (погонофорлор, айрым кош капкалуулар).

Айрым жаныбарларда (книдариялар, немертодерматиддер, ксенотурбеллиддер, көптөгөн жалпак курттар) ичегиси бүтөк болот (азык ичегиге бир гана оозунан барат, жана кайрадан оозунан чыгат). Ошону менен бирге буларда негизинен булчуңдуу кокосу салыштырмалуу жакшы өнүккөн, турбеллярийлерде коко бездери ачылып, тамак сиңирүүчү ферменттер бөлүнүп чыгат.

Көпчүлүк жаныбарлардын тамак сиңирүүчү жолдору өтмө. Мындай жолдор алдыңкы, ортоңку жана арткы ичеги менен белгиленет; алдыңкы жана арткы ичеги эктодермадан өнүгөт, ортоңку — энтодермадан. Көп учурда тамак сиңирүүчү көңдөй функционалдык бөлүмдөргө бөлүнөт — ооз көңдөйү, коко, кызыл өңгөч, ашказан жана ичегилер. Моллюскалардын жана муунак буттуулардын тамак сиңирүүсүндө гепатопанкреас тамак сиңирүүчү бездер катышат, булардын агымы ашказанга барат, ошондой эле, көп учурда шилекей бездер дагы.

Муунак буттуулардын алдыңкы ичегисинде (негизинен ашказанында), артыкча өсүмдүк менен азыктанган түрүндө салыштырмалуу катуу азыкты майдалоочу хитин калыптануулары бар. Ооз аппараты көрүнүшү өзгөртүлгөн аяктардан калыптанган.

Омурткалуулардын тамак сиңирүүсү кийинкидей бири-бири менен байланышкан процесстердин жыйындысын билдирет: азыкты механикалык жана физикалык жактан иштетүү, аны тамак сиңирүүчү жолдор аркылуу жылдыруу, азык компоненттерин химиялык жактан бузуу (гидролиз) ичеги-карын көңдөйүнүн секреттик (бездик) функциясы менен ишке ашырылат; органикалык жана органикалык эмес кошулмаларды сиңирүү процесси, анын ичинде микроэлементтердин жана суунун канга жана лимфага сиңирилиши; Жок кылууга жаткан ичеги-карын көңдөйүндөгү организмдин ишмердүүлүгүнөн пайда болгон өндүрүмдөрдүн экскрециясы; аларды сиңирилбей калган азыктардын калдыктары менен кошо организмден чыгаруу.

Омурткалуулар үчүн клетка ичиндеги тамак сиңирүүнүн жоктугу же начар өнүккөнү, ошондой эле, ичеги ичиндеги жана ичеги дубалдарындагы тамак сиңирүүнүн басымдуулук кылуусу мүнөздүү. Бардык омурткалуулардын тамак сиңирүүсүндө боор жана ашказан астындагы без катышат, кургакта жашоочу жаныбарларда шилекей дагы.

Адамдагы тамак сиңирүү процесси

Негизги макала: Адамдын тамак сиңирүү органы

Адамдын тамак сиңирүү системасынын түзүлүшү кийинкидей: ооз көңдөйү, кекиртек, кызыл өңгөч, ашказан, боор, ичке ичеги, жоон ичеги. Органдардын бөлүгү көңдөй, башка бөлүгү — паренхиматоздук. Адамдын тамак сиңирүүсүнүн борбору жүлүн мээде жайгашкан, себеби, рецепторлордон келген нерв импульстары (белгилери) жүлүн мээге берилип, ошол жактан маалыматтар иштетилет.

Адамдын тамак сиңирүү органдары

Ооз көңдөйү

Адамда тамак сиңирүү процесси ооз көңдөйүнөн башталып, азык чайналып, майдаланат. Бул процесс шилекей бөлүп чыгаруучу экзоскриндик бездердин иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Шилекейдеги амилаза полисахариддерди ажыратууда жана болюстун (кызыл өңгөчтө азыктын жүрүшүн жеңилдетүүчү азык кесеги) калыптануусуна катышат. Коконун былжыр челиндеги рецепторлорду дүүлүктүрүү, сүйрүү мээде жана вароли көпүрөсүндө жайгашкан жутуу борборунда башкарылуучу жутуу рефлексин чакырат. Координацияланган жутуу актысында жумшак таңдай жана кичине тил (uvula) катышат, булар азыктын мурун көңдөйүнө, ошондой эле, трахеяны (кекиртекти) азыктан коргоп турган коко жапкычка өтүп кетпөөсүн алдын алат.

Ашказан

Ашказан диафрагма алдында, сол жактагы кабырга астында жана карын үстүндөгү аймакта орун алган. Үч катмарлуу:

  1. Сырткы (кирич) катмар
  2. Булчуң катмары
    • тышкы катмар (узатасынан кеткен)
    • ортоңку катмар (циркулярдык);
    • ички катмар (кыйгач).
  3. Ички (былжыл чел) — чордонбогон же кабырчыктанбаган цилиндр түрүндөгү эпителий менен төшөлгөн.

Азык кардиалдык сфинктер аркылуу өтүп ашказанга түшөт. Ал жактан, активдүү компоненти туз кислотасы жана азык сиңирүүчү ферменттер болгон ашказан ширеси менен аралашып, кийинкидей курамдан турат:

  • Пепсин — белокторду амин кислоталарына, полипептид, олигопептиддерге чейин ажыратат.
  • Реннин (же химозин) — 1 жашка чейинки балдарда болот, сүт азыктарын иштетип сиңирүүгө жарадам берет. 1 жаштан кийин химозин жоголуп, анын функциясын туз кислотасы аткарат.

Ашказандын париеталдык клеткалары да B12 витаминин сиңирүү үчүн Каслдын ички факторлорун секрекциялайт.

Ичке ичеги

Пилориялык сфинктер аркылуу азык ичке ичегиге түшөт. Ичке ичегинин биринчи бөлүмү — он эки эли ичеги, мында азык менен өт суюктугу аралашат, ал майлардын ашказан алдындагы бездин жана ичке ичегинин ферменттери менен эмульгалашын камсыздайт. Ферменттер болсо, углеводдорду (мальтоза, лактоза, сахароза), белокторду (трипсин жана химотрипсин) ажыратат. Ичке ичегиде азык заттардын жана витаминдердин негизги көлөмүнүн ичеги дубалдары аркылуу сиңирилиши жүрөт.

Жоон ичеги

Ичке ичегиден өткөндөн кийин азыктар, сокур, алкак-чынжыр, сигма сымал ичеги жана түз ичегиден турган жоон ичегиге келет. Мында суулар жана электролиттер сиңирилип, заң массалары калыптанат.

Тамак сиңирүү оорулары

Адамдагы тамак сиңирүү системасынын көп кездешүүчү оорулары — кызыл өңгөчтүн (эзофагит), ашказандын (гастрит), боордун (гепатит), ашказан алдындагы бездин (панкреатит), өттүн (холецистит) сезгенүүлөрү, ошондой эле, ичке, жоон жана түз ичегилердин (энтерит, колит жана проктит) сезгенүүлөрү. Мындан тышкары түрдүү ич өтүүлөр (диарея), ич катуулар да болот. Мындай учурларда былжыр чел бузулуп азык заттардын сиңирилиши, гормондордун, ферменттердин, белоктордун синтезделиши, зат алмашуу өндүрүмдөрүнүн чыгарылышы бузулат.

Ичеги-карын көңдөй ооруларынын себептери:

  • инфекциялар (вирустар, бактериялар, козу карындар, эң жөнөкөйлөр, мителер);
  • тең салмактанбаган азыктануу (рафинирленген, ачуу, ышталган, майлуу, консервацияланган азыктарды колдонуу, өсүмдүк булаларынын жетишсиздиги), зыяндуу адаттар, стресстер, аз кыймылдуу жашоо образы;
  • уулануулар жана антибиотиктердин, сезгенүүгө каршы каражаттардын, цитостатиктердин кыйыр (терс) таасирлери;
  • аллергия болгондогу бузулуулар, жаңы калыптануулар, иммундук системанын организмдеги түзүмдөргө каршы аутоагрессиясы;
  • нерв системасынын бузулуусу (сезгенген ичеги синдрому);
  • эндокриндик системанын бузулуулары (Золлингер-Эллисон синдрому, гипотиреоз, тиреотоксикоз, кант диабети), зат алмашуунун бузулуусунан улам өттөгү таш оорусунун өнүгүшү;
  • генетикалык жакындуулук;
  • жаш-курактык өзгөрүүлөр (органдардын кан менен камтылышынын начарлашы, ичеги тонусунун начарлашы, тамак сиңирүүчү ферменттердин секрециясынын төмөндөшү).

Тамак сиңирүүнүн туураланышы

Адамдын тамак сиңирүүсү психофизиологиялык процесс болуп саналат. Бул реакциялардын ырааты жана ылдамдыгына ичеги-карын жолдорунун гуморалдык мүмкүнчүлүктөрү, азыктын сапаты жана вегетативдик нерв системасынын абалы таасир этет дегенди билдирет.

Тамак сиңирүүгө таасир эткен гуморалдык мүмкүнчүлүктөр ашказандын жана ичке ичегинин былжыр челинин клеткалары тарабынан иштелип чыгуучу гормондор менен шартталат. Негизги тамак сиңирүүчү гормондор: гастрин, секретин жана холецистокинин. Булар ичеги-карын жолдорунун кан тамырлар системасына бөлүнүп чыгып, тамак сиңирүүчү ширелерди жана азыктын жылышына түрткү болот.

Сиңимдүүлүк азыктын сапатынан көз каранды:

Тамак сиңирүүнүн туураланышы вегетативдик нерв системасы менен дагы камсызадалат. Парасимпаттык бөлүк секреция жана перистальканы стимулдайт, ал эми симпаттык бөлүк басаңдатат.

Тамак сиңирүүгө таасир эткен гормондор жана башка биологиялык активдүү заттар

Гастроэнтеропанкреатиттик эндокрин системасы — тамак сиңирүү системасынын ар кандай органдарында эндокриндик клеткалар (апудоциттер) жана пептидергиялык нейрондор менен жайылган, пептиддик гормондорду өндүргөн эндокриндик системанын бөлүмү. Диффуздук эндокриндик системанын (орусча АПУД-система дегендин синоними) жакшы изилденген бөлүгү болуп саналат жана болжолдуу анын клеткаларынын жарымын камтыйт. Гастроэнтеропанкреатиттик эндокрин системаны «адам организминдеги эң чоң жана татаал эндокриндик орган» деп аташат.

Гастрин — негизинен ашказандын полириялык бөлүмүндө жайгашкан G-клеткалары тарабынан синтезделүүчү гормон. Гастрин ашказандагы спецификалуу гастриндик рецепторлор менен байланышат. Ашказандын париеталдык клеткаларындагы аденилатциклаздык активдүүлүктүн жогоркулашы ашказан суюктугунун секрекциясынын көбөйүүсүнүн натыйжасында болот, өзгөчө туз кислотасынын. Гастрин, ашказандын негизги клеткалары тарабынан бөлүнүп чыгуучу пепсиндин секрециясын дагы көбөйтөт, а бул ашказан ширесинин кычкылдуулугунун жогорулашы менен пепсиндин иштөөсү үчүн оптималдуу pH деңгээлин камсыздап, ашказандагы азыктын бир калыпта сиңирилишине өбөлгө түзөт. Ошол эле убакта, гастрин бикарбонаттын жана ашказан былжыл челиндеги былжылдын секрециясын көбөйтөт, мунун менен ал былжыл челди туз кислотасынын жана пепсиндин таасиринен коргойт. Гастрин ашказандын бошотулушун жайлатат, а бул өз кезегинде азыктын жетишээрлик деңгээлде иштетилиши үчүн туз кислотасынын жана пепсинди азык бүртүгүнө узак мөөнөттө таасир этүүсүн камсыздайт. Мындан тышкары гастрин ашказан былжыр челинде простагландин E өндүрүмүн жогорулатат, мындан улам аймактык кан-тамырлар кеңейип, кан айлануу күчөп, ашказан былжыр челинин физиологиялык шишигине жана лейкоциттердин былжыл челге миграцияланышына алып келет.

Секретин — ичке ичегинин былжыр челинин S-клеткалары тарабынан иштелип чыгуучу, 27 амин кислоталык калдыктардан турган пептиддик гормон, ашказан алдындагы бездин секретордук ишмердүүлүгүнө катышат. Өт кислотасынын секретинин өндүрүмүнө түрткү берүүнү күчөтөт. Канга сиңүү менен секретин ашказан астындагы безге жетип, суунун жана электролиттердин секрециясын күчөтөт, көбүнчө бикарбонаттын. Ашказан астындагы без тарабынан бөлүп чыгаруучу ширенин көлөмүн көбөйтүп, секретин без тарабынан ферменттердин калыптануусуна таасир этпейт. Бул функцияны ичке ичегинин былжыр челинде иштелип чыгуучу холецистокинин аталган зат аткарат. Секретиндин биологиялык аныктамасы анын ашказан алдындагы бездин ширесиндеги жегичтин санын көбөйтүү мүмкүндүгүндө (жаныбарларга кан тамыр ичине киргизүүдө) негизделген. Секретин ашказандын париеталдык клеткалары тарабынан туз кислотасынын өндүрүмдөрүнүн блоктоочусу. Секретин тарабынан чакырылуучу негизги эффект — эпителий тарабынан өттүк, панкреатиттик өндүрүмдөрдү жана бикарбонаттардын бруннер бездерин өндүрүүгө түрткү берип, мындай ыкма менен азыктын келишине жооп катары бикарбонат секрециясы 80% камсыздалат. Бул эффект холецистокинин секрециясы аркылуу келип, өттүн өндүрүлүшүнүн жогорулашына, өт баштыкчасынын жана ичегинин жыйрылуусунун стимулуна, ичеги ширесинин секрециясынын жогорулашына алып келет.

Холецистокинин (мурда панкреозимин) — он эки эли ичегинин былжыр челинин I клеткаларынын жана бош ичегинин (орусча тощая кишка) проксималдуу бөлүмү тарабынан иштелип чыккан нейропептиддик гормон. Холецистокинин организмдин, анын ичинде тамак сиңирүүнүн түрдүү процесстеринде медиатордун (ортомчунун) ролунда болот. Холецистокинин Одди сфинктеринин бош абалда болуусуна өбөлгө болот; билиардык системадагы басымды төмөндөтөт: ашказан дарбазачысынын жыйрылуусун чакырат, а бул иштетилген азыктын он эки эли ичегиге жылышын токтотот. Холецистокинин ашказандын париеталдык клеткалары тарабынан туз кислотасынын секрециясынын блокатору болуп саналат. Холецистокининдин ингибитору (толук же жарым-жартылай токтоткучу, англисче inhibition — бөгөт коюуу) — соматостатин.

Глюкозадан көз каранды инсулинтроптук полипептид (мурда жайылган аталыштары: гастроингибитордук полипептид, ашказан ингибитордук пептид; жалпы кабыл алынган аббревиатуралары: кыргызча — ГИП, англисче — GIP, орусча — ГИП же ЖИП) — он эки эли ичегинин былжыр челинин K-клеткалары жана бош ичегинин проксималдуу бөлүгү тарабынан иштелип чыгуучу 42 аминокислоталык калдыктардан турган пептиддик гормон. Секретин түркүмүнө таандык. Глюкозадан көз каранды инсулинтроптук пилипептид инкретин болуп саналат, башкача айтканда, пероралдык тамактанууга жооп катары ичегиде иштелип чыгат. Глюкозадан көз каранды инсулинтроптук пилипептиддин негизги функциясы — азык кабыл алууга жооп катары ашказан алдындагы бездин бета-клеткалары жактан инсулиндин секрециясын стимулдаштыруу. Мындан тышкары, ГИП майлардын сиңирилишин (абсорбциясын) ингибирлейт, тамак сиңирүү жолундагы натрий жана суунун реабсорбциясын басаңдатат (эзет), липопротеинлипазаны ингибирлейт.

Вазоактивдүү интестиналдуу пептид (вазоактивдүү интестиналдык полипептид деп дагы аталат, жалпы кабыл алынган аббревиатуралар ВИП жана англисче VIP) — көптөгөн органдарда, анын ичинде ичегиде, баш жана жүлүн мээде ашказан алдындагы безде кездешүүчү 28 аминокислоталык калдыктардан турган нейропептиддик гормон. Вазоактивдүү интестиналдуу пептид секретин түркүмүндөгү башка пептиддик гормондордон айырмаланып, бир гана нейромедиатордун ролунда болот. Ичегинин дубалчасындагы кан айланууга жана ичегинин жылмакай булчуңдарына күчтүү стимул берүүчү таасирге ээ. Ашказандын былжыр челинин париеталдык клеткалары тарабынан чыгарылуучу туз кислотасын функциясын басаңдаткан (эзген) ингибитор болуп саналат. Ошондой эле, ашказандын негизги клеткалары тарабынан чыгарылган өндүрүмдүн стимулятору.

Мотилин — ичеги-карын жолдорунун, артыкча он эки эли жана бош ичегинин былжыр челинин хромаффиндик клеткалары тарабынан иштелип чыгуучу гормон.

Соматостатин — ашказан алдындагы бездин Лангерганс аралчаларындагы дельта-клеткаларынын гормону, ошондой эле, гипоталамус гормондорунун бири. Химиялык түзүлүшү боюнча пептиддик гормон деп саналат. Соматостатин гипоталамус тарабынан соматотропин-рилизинг-гормондун бөлүнүп чыгуусун жана гипофиздин маңдайкы бөлүгү тарабынан соматотроптук жана тиреотроптук гормондордун бөлүнүп чыгышын басаңдатат. Мындан тышкары, ал ашказанда, ичегиде, боордо жана ашказан алдындагы безде өндүлүүчү түрдүү гормоналдык активдүү пептиддердин жана серотониндин секрециясын басаңдатат. Негизинен, инсулиндин, глюкагондун, гастриндин, холецистокининдин, вазоактивдүү интестиналдуу пептиддин, инсулин сымал өсүү-1 факторун төмөндөтөт.

Тамак сиңирүүчү ферменттер

Тамак сиңирүүчү ферменттер — азыктын татаал компоненттерин химиялык көз карашта түздөн-түз организмге сиңирилүүчү же кан айланууга кирүүчү жөнөкөй заттарга ажыратуучу ферменттер тобу. Кеңири мааниде тамак сиңирүүчү ферменттер деп ири (негизинен полимердик) молекулаларды мономерлерге же майдараак бөлүктөргө ажыратуучу бардык ферменттерди аташат. Тамак сиңирүүчү ферменттер адамдын жана жаныбарлардын тамак сиңирүү системасында иштелип чыгып, ошол жакта аракеттенет. Мындан тышкары, мындай ферменттерге клетка ичиндеги лизосома ферменттерин таандык кылса болот. Ферменттердин адам жана жаныбарлар организминдеги иш-аракетинин негизги жерлери — ооз көңдөйү, ашказан, ичке ичеги. Тамак сиңирүүчү ферменттер тамак сиңирүү органдарынын былжырлуу ткандарында иштелип чыгат: шилекей бездери, ашказан бездери, боор, ашказан алдындагы без жана ичке ичеги бездери. Кошумча, ферменттик функциялардын бөлүгү облигаттуу ичеги микрофлорасы менен аткарылат.

Ичеги микрофлорасы

Адамдын жоон ичегисинде жашаган микроорганизмдер азыктын айрым түрлөрүн сиңирүүгө өбөлгө түзгөн тамак сиңирүүчү ферменттерди бөлүп чыгарат, мисалы:

  • Ичеги таякчасы — лактозаны сиңирүүгө (кайра иштетүүгө) түрткү болот;
  • Лактобактериялар — лактоза жана башка углеводдорду сүт кислотасына кайра иштеп чыгат.

Курт-кумурска менен азыктанган өсүмдүктөрдүн тамак сиңирүүчү ферменттери

Nepenthes macferlanei непентестин секрециясынан протеаздар бөлүнүп алынган, ошондой эле, липаздык активдүүлүк көрсөтүлгөн. Мунун негизги эффектиси — субстракттык спецификалуулугу боюнча пепсинди элестеткен непентезин.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1115, Өзгөртүлгөн: 2024-06-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо