Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Клетка

Баш барак | Биология | Клетка

Клетка (латынча , грекче κύτος) — бардык организмдердин түзүмүнүн жана жашоо-тиричилигинин түзүмдүк-функционалдык жана элементардык бирдиги.

Мазмуну

«Клетка деген эмне», анын курамы кандай, ал кантип көбөйөт жана башка ушул сыяктуу суроолорго клетка жонундо маалымат макалабыздан окуңуз.

Жеке зат алмашууга ээ болуп, өзүн-өзү көбөйтүүгө жөндөмдүү. Генетикалык маалыматты көбөйүү жолу менен берет.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, клетка — бул бардык жаныбар жана өсүмдүктөрдүн түзүлүшүнүн жана тиричилигинин негизи; эң жөнөкөй тирүү система[1].

Жалпы маалымат

Адам жана буудай, бака жана микроб — бардык тирүү нерселер клеткадан түзүлө тургандыгын окумуштуулар өткөн кылымда эле аныкташкан. Кээ бир микроорганизмдер жана эң жөнөкөй өсүмдүктөр бир клеткадан турат. Мисалы, микроб жана балырлар болгону бир гана клеткадан турат, ал эми алманын жалбырагы 50 миллиондой клеткадан турат.

Көп клеткалуу организмдерге татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөр, киши, жаныбарлар кирип, алардын көптөгөн клеткалары ткань жана органдарга чогулган.

Клеткалардын көбүн микроскоп менен гана көрүүгө болот. Балыктын икрасы, тооктун жумурткасы сыяктуу алп клеткалар да бар. Ар кайсы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн клеткалары айырмаланып турат, бирок жалпы жактары да көп. Клетканын негизги бөлүгү — цитоплазма менен ядро. Цитоплазма клетканын эң негизги массасын түзөт. Ал гомогендүү түссүз ачык суюктук. Цитоплазмада органелла (органоид) жана бүртүкчөлөр (вакуоль) бар. Жаныбарлардын органелласына ядро (өзөк), митохондрия, эндоплазмалык торчо, рибосома, лизосомалар, Гольжи комплекси жана башка кирет. Ядро катуураак тоголок же сүйрү ядро болот. Клеткалар бири-биринен, ядро цитоплазмадан кабык менен бөлүнөт. Азыркы мезгилде окумуштуулар клетканы жүз миң эсе чоңойтуп көрсөтүүчү электрондук микроскоб менен изилдөөдө. Алар көптөгөн кызыктуу көрүнүштөрдү байкашкан.

Ядро кабыгында тешикчелер бар экен, алардын оозунда өтө эле майда тоголокчолор — рибосомалар кысылышып турат. Клетканын рибосомалары чоң заводдогу цех сыяктанат: алар клетка түзүлүүчү заттарды иштеп чыгарат. Организмге клетка зарыл заттарды иштеп чыгаруу үчүн керек. Бул заттарды да рибосомалар чыгарат — алардын эң башкы мааниси мына ушунда. Мисалы, ак кан денечелеринин рибосомалары зыяндуу микробдорду жок кылуучу жана алардын уусуна зыянсыздандыруучу атайын заттарды, ал эми кызыл кан денечелеринин рибосомалары гемоглобинди чыгарат. Гемоглобин канга кызыл түс берип, бүт денеге кычкылтек ташыйт. Цехтин иштеши үчүн энергия керек. Энергия рибосомалар үчүн да зарыл. Ар бир клетканын өз электр станциясы бар. Ал митохондрия деп аталат.

Клетканын ичинде анын тиричилигинде пайда болгон өндүрүмдөр (май, крахмал бөлүкчөлөрү, белок кристаллдары жана башка) болот.

Клеткалар дайыма иштейт, ошондуктан эскирет, өлөт. Жаңы клеткалар кайдан пайда болот? Клеткалар бөлүнөт. Бир клетка экөө болуп кетет. Анын кандайча бөлүнгөнүн микроскоп менен байкоого болот. Татаал организмдеги, мисалы, адам денесиндеги клеткалар өтө ар башка. Айрым клеткалардан сөөк, башкаларынан булчуң түзүлөт. Булчуң клеткалары тартылып чоюлууга жөндөмдүү, ошондуктан биз кыймылдай алабыз.

Кандагы кызыл кан клеткалары кычкылтек ташыйт. Тери клеткалары денени коргоп турат. Нерв клеткалары ооруксунууну, ысык, муздакты кабылдап, өз дүүлүгүүсүн бөлөк нерв клеткаларына — мээ клеткаларына жиберет. Ар бир клетканын өзү гана аткаруучу кызматы бар. Бул болсо алардын ар биринин организмге мыкты кызмат кылуусуна шарт түзөт.[2]

Тарыхы

Клеткаларды көргөн биринчи адам, англиялык окумуштуусу Роберт Гук (Гук мыйзамын ачкан адам) болгон. Ал 1665-жылы биринчи жолу жыгачтын жука кесиндисин микроскоп менен карап, ал эң майда бөлүкчөлөрдөн турганын көрүп, аларды аарынын уячаларына окшоштуруп, клетка (англисче cell, кыргызча уяча) деп атаган.

1675-жылы италиялык врач Марчелло Мальпиги, ал эми 1681-жылы — англиялык ботаник Неемия Грю өсүмдүктөрдүн клеткалык түзүмүн тастыктаган. Клетка жөнүндө «сиңимдүү ширеге толгон көбүкчө» катары сөз кыла башташкан. 1674-жылы голландиялык уста Антония ван Левенгук микроскоптун жардамы менен биринчи жолу суунун тамчысында жандыктарды (кыймылдаган тирүү организмдер — инфузориялар, амёбалар, бактериялар) көргөн. Ошондой эле, Левенгук биринчи жолу жаныбарлардын клеткаларын да байкаган — эритроциттерди, сперматозоиддерди. Ошентип, XVIII кылымдын башында окумуштуулар өсүмдүктөрдү чоңойтуп караганда алар уячалуу түзүлүшкө ээ экенин билишкен, кийинчерээк бир клеткалуу деген аталышка ээ болгон организмдерди дагы көрүшкөн. 1802-1808-жылдары франциялык изилдөөчү Шарль-Франсуа Мирбель өсүмдүктөр клеткалар тарабынан калыптанган ткандардан тураарын аныктаган. 1809-жылы Ж. Б. Ламарк Мирбелдин клеткалык түзүлүш идеясын жаныбарларга да таандык кылган. 1825-жылы чехиялык окумуштуу Ян Пуркине канаттуулардын жумуртка клеткасынын ядросун ачып, 1839-жылы «протоплазма» терминин киргизген. 1831-жылы англиялык ботаник Роберт Броун өсүмдүк клеткасынын ядросун биринчи жолу баяндап, ал эми 1833-жылы ядро өсүмдүк клеткасынын сөзсүз түрдө болуучу органелласы экенин аныктаган. Ошондон бери клетканын уюшулуусунун негизин кабыкчасы эмес, анын ичиндегиси түзөөрү башкы деп саналат.

Клеткалык теория

Негизги макала: Клеткалык теория

Организмдердин түзүлүшүнүн клеткалык теориясы 1839-жылы немец окумуштуулары, зоолог Теодор Шванн жана ботаник Маттиас Шлейден тарабынан калыптандырылып, өзүнө үч абалды камтыган. 1858-жылы Рудольф Вирхов дагы бир абал менен толуктап, бирок, анын идеясында бир катар каталар болгон: ал клеткалар бири-бири менен начар байланышта жана ар бири өз алдынча жашайт деген, кийинчерээк гана клеткалык системанын бирдиктүү экени аныкталган.

1878-жылы орус окумуштуусу И. Д. Чистяков өсүмдүк клеткаларындагы митозду ачкан; 1878-жылы В. Флемминг жана П. И. Перемежко жаныбарлардагы митозду табышкан. 1882-жылы В. Флемминг жаныбарлардагы мейозду байкап, 1888-жылы Э. Страсбургер өсүмдүктөрдөгүсүн көргөн.

Клеткалык теория заманбап биологиянын негиз салуучу идеясынын бири болуп саналат, ал бүткүл тирүүнүн бирдиктүү экенинин аныктамасы жана эмбриология, гистология жана физиология сыяктуу дисциплиналардын өнүгүүсүнүн түпкүрү. Бүгүнкү күндө теория кийинкидей ырастоолорду камтыйт:

  • Клетка — бардык тирүү организмдердин түзүлүшүнүн, иштешинин, көбөйүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн элементардык бирдиги. Клеткадан тышкары жашоо жок.
  • Клетка — көп сандаган бири-бири менен байланышкан элементтер — органеллалардан турган биридиктүү система.
  • Түрдүү организмдердин клеткалары түзүлүшү жана негизги касиеттери боюнча окшош (гомологиялуу), жана жалпы келип чыгууга ээ.
  • Клеткалардын көбөйүүсү алардын ДНКларынын репликациясынан кийин (клеткадан клетка) бөлүнүүсү аркылуу жүрөт.
  • Көп клеткалуу организм — ткандар жана органдар системасына бириккен, өз ара гуморалдык жана нерв тууралоосу менен байланышкан, көп сандаган клеткалардан турган система.
  • Көп клеткалуу организмдердин клеткалары организмдин генетикалык материалынын толук фондуна ээ жана бул материалдын бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн потенциалына ээ. Өзүнчө гендердин экспрессия (жумуш) деңгээли менен айырмаланып, бул алардын морфологиялык жана функционалдык ар түрдүүлүгүнө (дифферециациясына) алып келет.

Өзүнчө абалдардын саны жана туюнтмасы заманбап клеткалык теорияда (ар түрдүү булактарда) айырмаланышы мүмкүн[3].

Түзүмү

Клеткалар курамы, функциясы, формасы жана өлчөмү жактан абдан ар түдүү. Өлчөмү 5тен 200 мкмге чейин. Адам организминдеги эң ириси жумуртка жана нерв клеткасы, эң кичинеси — кандын лимфоциттери. Формасы жагынан клеткалар шар, сүйрү, жалпак, куб, призма сыяктуу. Кээ бир клеткалар өсүндүлөрү менен бирге узундугу жагынан 1,5 м чейин жана андан дагы узун болушат (нейрондор).

Ар бир клетканын курамы болуп, алар биополимерлер системасын элестетет, ал өзүнө ядро (өзөк), цитоплазма жана андагы органеллдерди камтыйт.

Клеткалык органеллалардын мембранасы клеткада туюк көңдөйлөрдү пайда кылып, анда бир мезгилде көпчүлүк химиялык бирикмелердин биосинтези менен ажыроо процесстери жүрөт. Клеткалык органеллалардын мембранасында зат алмашууну күчөтүүчү ферменттер болот. Ошондой эле, кээ биринде жарык энергиясын механикалык же жылуулук энергиясын химиялык энергияга, электр импульсуна айландыруучу мембраналар бар.

Клетка тышкы чөйрөдөн татаал түзүлүштүү жана көптөгөн функцияны аткарган цитоплазмалык мембрана (кабыкча) менен капталган — анын аталышы плазмалемма (калыңдыгы 9-10мм), ал клеткага зарыл нерселерди ташыйт, жана тескерисинче башка коңшу клеткалар, клетка аралык зат менен иш аракет кылат.

Клетка түзүмү (жөнөкөйлөтүлгөн иллюстрация)
Клетка түзүмү (жөнөкөйлөтүлгөн иллюстрация)

Ядро

Ядро (өзөк) — тукум куума маалыматты алып жүргөн микро түзүмү бар негизги органелла. Ядродо белоктун синтези жүргүзүлөт, генетикалык маалыматты ДНК (дезоксирибонуклеин кислотасы) түрүндө камтыйт. Ядро тоголок же сүйрү формада, жалпак клеткаларда жалпак жана тегерек болот, ал эми лейкоциттерде болсо таякча сымал. Эритроцит жана тромбоцитте ядро жок. Ядро сыртынан эки кабат кабыкча (тышкы жана ички) — мембрана менен капталган. Кабыкчалар ядрону цитоплазмадан бөлүп турат. Ядродо нуклеоплазма бар, ал гель сыяктуу затты элестип, өзүнө хроматин менен ядрочону камтыйт. Көпчүлүк клеткалардын бир ядросу болот, бирок эки же андан көп ядролуу клеткалар да кездешет.

Кабыкчада эң майда тешикчелер болуп, алар аркылуу ядродон цитоплазмага белок, углевод, май, нуклеин кислоталары, суу жана ар кандай иондор келип, зат алмашуу жүрөт. Ядродо ядрочо жана хроматий жипчелери бар. Ядрочолордо рибонуклеин кислотасы (РНК) менен рибосомалар синтезделет. Ядронун калган жери ядронун ширеси (кариолимфа) менен толтурулган. Анда хроматин жипчелери калкып жүрөт. Хроматин жипчеси — татаал нуклеопротеид.

Цитоплазма

Ядронун айланасында цитоплазма бар, ал өзүнүн курамына гиалоплазма, органеллалар жана кошумчаларды камтыйт. Гиалоплазма — цитоплазманын негизги заты, ал клетканын алмашуу процесстеринде катышат, белок, полисахарид, нуклеин кычкылын жана башкаларды камтыйт.

Белгилүү бир курамга ээ болгон жана биохимиялык функцияларды аткарган, клетканын туруктуу бөлүктөрү — органеллалар. Аларга клетка борбору, митохондриялар, Гольджи комплекси, эндоплазмалык (цитоплазмалык) тармак кирет.

Клетка борбору — негизинен ядронун же Гольджи комплексинин жанында, эки тыгыз түзүмдөрдөн турат — центриолийлер, алар жылуучу клетканын веретенинин курамына кирип, кирпикчелерди жана чоюлмаларды түзөт.

Эндоплазмалык торчо — клеткада белоктордун биосинтезин камсыз кылат. Ал цитоплазма менен ядронун, клетка менен чөйрөнүн ортосунда заттарды ташуу, дүүлүктүрүүлөрдү өткөрүү функцияларын аткарат.

Лизосомалар — ыйлаакчадай болгон чоң органеллалар. Ар бир лизосома цитоплазмадан тыгыз мембрана менен бөлүнөт. Лизосомалардын ичинде белок, полисахарид, липиддерди жана башка ажыратуучу ферменттер бар. Бир клеткада бир нече ондогон лизосомалар топтолгон, алар клеткага келген заттарды сиңирүүдө, сиңирилгенден калган калдыктарды клеткадан чыгарууга катышат.

Митохондриялар — ар кандай үрөн, жип, таякча формаларында болуп, эки тышкы жана ички мембранадан калыптанат. Митохондриянын узундугу 1ден 15 мкмге чейин, диаметри болсо — 0,2ден 1,0мкмге чейин. Ички мембрана бырыштарды (кристаларды) түзүп, аларда ферменттер жайгашат. Митохондрияда глюкозанын бөлүнүшү, амин, май кислоталарынын кычкылдануусу, АТФ (аденозинтрифосфор кислотасы) — негизги энергетикалык материалдын пайда болуусу жүрөт.

Митохондриянын химиялык курамы боюнча айырмаланган эки катмары бар. Сырткы мембранасы жылмакай, ички мембранасындагы бырыштары митохондриянын ички көңдөйүнө кирип туурасынан кеткен тосмону (кристаларды) пайда кылат. Митохондрияда кант, липиддер, аминокислоталар кычкылданып, көмүр кислотасы жана сууга чейин ажырайт, энергияга бай аденозинтрифосфор кислотасы (АТФ) синтезделет. Митохондриялар өз алдынча кээ бир белокторду синтездейт.

Хлоропласттар — жашыл өсүмдүктөрдүн клеткасынын органеллалары. Мында фотосинтез жүрөт.

Гольжи комплекси — мембраналар менен бөлүнгөн майда ыйлаакчалар. Клетканын тиричилигинде пайда болгон өндүрүмдөрдү топтоо жана сыртка чыгаруу функциясын аткарат, ошондой эле полисахариддердин синтезинде жана башка катышат. Секрециясын сыртка чыгаруучу боор, ичеги-карын, бездердин Гольжи комплекси жакшы өөрчүгөн.

Гольджи комплекси (ички клеткалык сеткалуу аппарат) көбүк, пластина, түтүк түрүндө болуп, ядронун айланасында жайгашкан. Анын функциясы айтылгандай эле заттарды ташуу, аларды химиялык жактан иштетүү жана клетканын иш-аракеттеринен пайда болгон нерселерди сыртка чыгаруу.

Эндоплазмалык (цитоплазмалык) тармак агранулдук (жылмакай) жана гранулдук (быдыр) тармактан түзүлөт. Агранулдук эндоплазмалык тармак майда диаметри 50-100нм болгон цистерна жана түтүктөрдөн пайда болот, алар липиддердин жана полисахариддердин алмашуусунда катышат. Гранулдук эндоплазмалык тармак пластиналардан, трубкалардан, цистерналардан туруп, алардын дубалчаларына рибосома, синтездөөчү белок сыяктуу пайда болуулар жабышып калат.

Цитоплазма дагы өзүнчө заттардын туруктуу топтолушуна ээ, алар цитоплазма кошумдары аталып, белок, май жана пигмент табиятына ээ.

Микротүтүкчө жана микрофиламенттер

Клеткадагы органеллалар цитоплазмада белгилүү иретте жайгашкан. Бирок клеткада анын функциялык абалына жараша өзгөрүлүп турууга жөндөмдүү система бар. Анын негизги элементтери — микротүтүкчө жана микрофиламенттер. Алар башка органеллалардын клетка ичинде жайгашуу кыймылына катышат. Микрофиламенттер менен микротүтүкчөлөр тубулин белогунан турат. Тубулин аминокислотасынын курамы жана касиеттери боюнча булчуң талчалары — актинге окшош. Микротүтүкчөлөр клеткада түрдүү түзүмдөрдү (мисалы, диплосома) түзүп, клетканын бөлүнүүсүндө катышат.

Микротүтүкчөлөр дем алуу органдарынын ыргалма эпителий түктүү клеткаларын түзөт. Клетка өзүн-өзү кайра курууга жана өзүнүн ички түзүмүн ирети менен иштетүүгө, белок нуклеин кислоталары, полисахариддерди синтездөөгө жөндөмдүү. Бул функцияларды ишке ашыруу үчүн клетка дайыма энергияны талап кылат. Алар гетеротрофтуу (киши менен жаныбарлардын) жана аутотрофтуу (жашыл өсүмдүктөрдүн) клеткаларга бөлүнөт. Органикалык бирикмелердин кычкылдануусунан түрдүү жөнөкөй заттардан башка бош энергияны топтоочу АТФ, креатинфосфат жана башка да пайда болот. Алардын энергиясы жаңы химиялык бирикмелерди синтездөө, нерв импульстарын өткөрүү жана башка үчүн жумшалат. Клетканын тиричилигинде клетка капталы жана органелла мембраналары ар кайсы заттарды киргизип жана чыгарып өткөргүч касиетке ээ. Клетка мембранасында жеке клеткаларды жабыштыруучу, ферменттер жайгашуучу, биохимиялык процесстерди жөнгө салуучу, сууну, түрдүү иондорду жана анча чоң эмес молекулаларды (моносахариддер менен аминокислоталар) клетканын ичине же андан сыртка өткөрүүчү бөлүктөр болот. Клетканын мембраналары аркылуу молекулалар тобу, макромолекулалар да өтөт. Клеткалар тышкы таасирлерге жооп кайтарууга жөндөмдүү.

Клетканын абалын өзгөртүүчү факторлор (жарык, температура, биологиялык активдүү заттар жана башка) таасир эткенде биохимиялык процесстердин ылдамдыгы, мембраналардын өткөргүчтүгү жана башка өзгөрүлөт. Клетканын жооп кайтаруу реакциясы анын дифференциациясына (процесстердин түзүүчү бөлүктөргө бөлүштүрүлүшүнө) жараша болот: мисалы, булчуң клеткасы жыйрылат, нерв клеткасында электр импульсу пайда болот жана башка клетканын тиричилиги анын энелик клеткадан бөлүнүшүнөн башталып, картаюу жана өлүм менен бүтөт[4].

Бөлүнүүсү

Клетканын бөлүнүү мезгилинде хроматин жипчелери спиралдай болуп буралат. Алар мындай абалда хромосомалар деп аталат. Клетка көп клеткалуу организмдин бөлүгү катары негизги функцияларды аткарат, алар төмөнкүдөй: келүүчү заттарды алуу, жана аларды бөлүү менен организге зарыл болгон энергияны жаратуу. Клеткалар ошондой эле дүүлүгүүгө ээ (кыймыл реакциялары) жана бөлүнүү менен көбөйүүгө мүмкүндүгү бар. Клеткалардын бөлүнүүсү түз эмес (митоз) жана редукциондук (мейоз) болот.

Митоз татаал, үзгүлтүксүз өтүүчү процесс. Анда тукум куугуч материал эки эсе көбөйөт да, бөлүнүүдөн пайда болгон эки жаш клеткага хромосомалар тең бөлүнөт. Клетканын бөлүнүүгө даярдануу процессинде (интерфаза) хромосомалардын саны эки эсе көбөйүп, ядро чоңоёт. Цитоплазмада бирөөнүн ордуна эки диплосома пайда болот. Митохондриялардын функциясы күчөп, алар митоздун кийинки стадиялары үчүн энергияны топтойт.

Митоз — клетка бөлүнүүсүнүн эң эле көп тараган формасы. Ал бир нече баскычтан турат — профаза, метафаза, анафаза жана телофаза. Клетканын жөнөкөй (же түз) бөлүнүүсү — амитоз — сейрек кездешет, клетка эки бирдей же бирдей эмес бөлүккө бөлүнгөндө.

Дене клетка (сома клетка) ядросунда жуп хроматин жипчелери болуп, митоз убагында ал хромосомага айланат. Ошентип ядродогу хромосома экиден (жуп) болот. Ал диплоид тобу деп аталат.

Мейоз — ядролук бөлүнүүнүн формасы, мында хромосомалардын саны уруктандырылган клеткада эки эсе азаят жана клетканын гендик аппаратынын кайра курулушу байкалат. Клетканын бир бөлүнүүсүнөн экинчи бөлүнүүсүнө чейинки мезгил жашоо цикли делет.

Жыныс клетка мейоз жолу менен бөлүнгөндүктөн дене клеткаларынан айырмаланып, аларда хромосома эки эсе аз, башкача айтканда, жалгыздан болуп гаплоид тобу деп аталат. Уруктанууда жыныс клеткалар кошулуп, хромосоманын саны 2 эсе көбөйөт, башкача айтканда. диплоиддик тобу калыбына келет. Анын бирөө аталык, экинчиси энелик жыныс клетканын гаплоид хромосомасынан турат.

Мейоз — клетканын редукциялык бөлүнүүсү, башкача айтканда, жыныс клеткаларынын пайда болуу механизми. Мейоз митоздогудай эле хроматин жипчелери эселенип башталат. Хроматин жипчелери спиралдашып, окшош хромосомалар бири-бири менен чырмашып, жабышат. Ичке узун хромосомалар бири-бирине жакындашып чырмашканда хроматин жипчелеринин бөлүктөрү алмашат. Кийинки стадиясы митоздун метафазасына окшош.

Анафазада клетканын уюлдарына митозго салыштырганда хромосомалардын эки эсе аз саны — гаплоид саны барат. Телофазада хромосома спиралдарынын жанышы өтө күчтүү эмес. Телофазадан кийин хроматин жипчелери ныкталып, кыскарат жана алар митоз хромосомаларынын формасындай болот. Натыйжада төрт клетка пайда болуп, ядросунда гаплоиддүү хромосомалар болот. Клеткалар дифференциялангандан кийин жыныс клеткалары (сперматозоиддер жана жумуртка клеткалары) пайда болот[5].

Кишинин клеткаларынын негизги түрлөрү

Клеткалар ткандын түрүнө жараша эпителий, тутумдаштыргыч, булчуң, нерв клеткаларына бөлүнөт. Клетка ткандын түрүнө мүнөздүү касиеттерин сактап, сырткы көрүнүшү жана функциясы боюнча айырмаланат. Ар бир тканда бөлүнүүгө жөндөмдүү клеткалар болот. Бөлүнүүдөн кийин кээ бир бөлүгү дифференциацияланат, кээси өлгөн клетканын ордун басат. Айрымдары дифференциацияланбай, кийинки бөлүнүүгө жөндөмдүү болот.

Эпителий клеткаларына бүт ич көңдөйлөрүн ичеги-карын, кан, лимфа тамырлары, дем алуу жана, заара жолдору, бездердин түтүгү, дененин сыртын каптоочу (эпидермис), айрым без клеткалары, ошондой эле жыныс клеткалары кирет. Көпчүлүк эпителий клеткалар органдын сыртын каптап же катаал шартта иштеп, тез эскирет. Алардын арасында бузулган клеткалардын ордун басуучу клеткалар тобу менен же жалгыздан жайгашкан. Эпителий клеткаларынын формасы ар түрдүү болот. Ичегинин эпителий клеткаларынын үстүндө өсүндүлөр болуп, алар клеткалардын үстүн кеңейтет. Түктүү эпителий клеткалары дем алуу органдарын каптайт.

Организмдин тиричилигинде айрым эпителий клеткалар чоң роль ойнойт. Мисалы, карында пепсиноген, туз кислотасын, он эки эли жана ичке ичегиде пептидаза, амилаза жана башкаларды чыгаруучу клеткалар бар. Дененин сыртынан каптоочу эпителий клеткалары кератин белогун синтездейт жана бөлүп чыгарат. Ал өзгөрүлүп катууланат да, астындагы тирүү клеткаларды жабыркоодон сактайт. Түйүлдүк эпителий клеткалары (сперматозоиддер жана жумуртка) көбөйүү функциясында катышат. Боордун эпителий клеткалары организмге кирген же тамак сиңирүүдөн кийин пайда болгон уулуу заттарды чыгарууда катышат. Кээ бир минералдык заттар (оор металлдар, мышьяк) боордун клеткаларында топтолуп, белок менен биригип, өт аркылуу чыгат. Тутумдаштыргыч ткандын клеткаларынын формасы жана функциясы ар түрдүү. Аларга кемирчек, сөөк, кан клеткалары кирет.

Борпоң жана тутумдаштыргыч ткандын клеткалары коллагенди синтездейт, андан клетка аралыгында фибрилла, талча, торчолор жана башка жаралат. Бул клетка түрдүү полисахариддерди, гиалурон кислотасын синтездейт. Алар болсо илээшкек чөйрө түзүп, борпоң тутумдаштыргыч тканда тирөөч функцияны аткарат. Катуу тутумдаштыргыч ткандын клеткалары кандан минералдык заттарды алып, аларды клетка аралыгына чыгарат. Коллагендин фибриллалары, гликопротеиндер менен сиалон кислотасынын молекулалары борпоң жана кемирчек ткандардын, коллаген менен гидроксиапатиттин кристаллдары сөөк ткандарынын негизин түзөт. Тутумдаштыргыч клеткалардын негизги тибине коллаген чыгаруучу чоң клеткалар — ретикулоциттер таандык. Алардан лимфоциттер, моноциттер, гранулоциттер, ошондой эле кан клеткалары пайда болот.

Булчуң тканынын клеткалары жыйрылууга жөндөмдүү. Алар жылма жана скелет булчуңдарынын клеткаларына бөлүнөт. Жылма булчуң клеткалары кан тамыр, ичеги, дем алуу жолдорунун жана башка булчуңдарын пайда кылат. Алар акырындык менен жыйрылат. Скелет булчуңдарынын клеткалары скелет булчуң тканынын негизги элементи; алар миофибриллалардан турган узун цилиндр сымал түзүлүштө. Булчуң клеткалары көп ядролуу клеткаларга кирет. Клетканын ортосунда — миофибриллалар, четинде ядролору жайгашкан. Миофибриллалардын ортосунда митохондриялар ирети менен орун алган.

Булчуң клеткасынын сыртын сарколемма каптайт. Ага көптөгөн нерв учтары келет. Миофибриллалар жоон жана ичке талчалардан түзүлгөн. Жоон талчаларында жип сымал миозин, ичке талчаларында актин белоктору бар. Ичке жипчелердин жоон жипчелерге карата салыштырма жылмышуусунан булчуң талчалары жыйрылат. Жүрөк булчуңдарынын клеткаларында миофибриллалар болбойт. Ядро гликоген жана май гранулдары менен курчалган. Митохондриялар ирети менен микрожипчелердин арасында жайгашкан. Клеткалар бутактанып, бир-бири менен бириккен. Эндоплазмалык торчосу жакшы өөрчүгөн. Нерв клеткалары нерв тканын түзөт (Шилтеме: Нерв системасы).

Жарактан чыгуу, калыбына келүү процесстери

Клеткалары узакка иштегенде макромолекулалары жана андан түзүлгөн органеллалар эскирип, керектен чыгат. Андан тышкары жагымсыз факторлордун таасири клетка түзүмдөрүн бузат. Клеткада калыбына келүү процесстерди күчөтүүчү, ажыроо өндүрүмдөрүн иштеп чыгып, керекке жаратууну жөнгө салуучу атайын система бар. Калыбына келүү процессинин бир түрү — ядродо өтүүчү ДНКнын репарациясы.

Клетка функциясынын бузулушу

Клетка функциясынын бузулушу (клетканын патологиясы) көп түрдүү факторлордун (физикалык, химиялык, биологиялык) таасиринен болуп, анда органеллалардын жалпы же айрым функциясы, зат алмашуу процесстери өзгөрөт. Клеткага жарык, радиоактивдүү нурлануу, төмөнкү же жогорку температура, бактериялык, вирустук бирикмелер, жугуштуу оорулар, азык заттардын, кычкылтектин жетишсиздиги жана башка, ошондой эле ички факторлор, мутациялар жагымсыз таасир тийгизет. Клетканын патологиялык өзгөрүүлөрүнөн митохондрия, лизосома, эндоплазмалык торчонун мембранасынын структурасы жана өткөргүчтүгү бузулат.

Клеткага вирустар, бактериялар кирип көбөйүшүнөн оорулуу өзгөрүүлөр көп учурайт. Анда Клетканын зат алмашуусу оору козгогуч вирус үчүн жумшалып, жаңы вирустар чыккандан кийин клетка өлөт. Оору козгогуч вирустардын ичинен клетканы өлтүрбөй, аны башка клеткага айландыруучулары да бар[6].

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2017-11-27, Көрүүлөр: 60112, Өзгөртүлгөн: 2024-05-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу