Бугулар - жаныбарлардын чоң тобу. Ага түндүк бугусу да, Европа токойлорун мекендеген элдик да, ыраакы чыгыш кер маралы да, Сибирь бугусу да, Түндүк Америкадагы Виргиния бугусу да, багыш менен элдик-багыш да кирет. Булардын эң өзгөчөсү - түндүк бугусу. Алар катаал шартта жашоого өтө ыңгайлашкан. Мисалы, кышкы калың карда күрткүгө тыгылбай басуу кыйын, ал эми түндүк бугу болсо кадимкидей эле басып жүрө алат. Анткени алардын жазы туягы күрткү карда, сазда жана баткакта эркин жүрүүгө мүмкүндүк берет. Түндүк бугунун жүнү да өзгөчө болот. Жүнүнүн жоон өзөгүндө толтура аба болот, ал эми аба дененин жылуулугун жакшы сактайт. Ошондуктан бугунун териси катуу бороондо да суук өткөрбөйт.
Түндүк бугусу сууда жакшы сүзөт, анткени жүнүнүн өзөгүнүн ички көңдөйүндө аба бар эмеспи, ошондуктан алар бугу үчүн калкыма катары кызмат кылат. Башка бугулардын эркеги гана, ал эми түндүк бугунун эркеги да, ургаачысы да мүйүздүү болот. Бугулар дайыма үйүрү менен, кээде бир нече миңге жеткен чоң үйүрү менен жер которуп жүрүшөт. Алар жолдо алай-дүлөй түшкөн учурда жылуураак болсун үчүн бири-бирине ыктап, имерилип топтошуп туруп алышат. Түндүктүн жергиликтүү эли бугулардын мыкты касиеттерин: жылуу жүнүн, бышык терисин, даамдуу этин мурдатадан эле баалап келишкен. Ошондой болсо да түндүк бугуларга аңчылык кылуу оңой эмес. Алар абдан сезгич, сак жана күлүк болушат. Түндүктүн эли эзелтеден эле үй бугуларын багышат. Алар бардык үй жаныбарларынын: койдун да, уйдун да, жылкынын да кызматын аткарышат.
Бугулар менен иттер чанага чегилип, соңку мезгилге чейин Түндүктөгү бирден-бир унаа болгон. Женил чанага чегилген эки бугу 100 кг жүк тартып, саатына 10 км ылдамдык менен жүгүрө алат. Түндүк үй бугусу жыл бою ачык талаада багылып, короону да, колдун жем-чөбүн да керектебейт. Алар эңилчек жешет. Кышында күчтүү, жазы туягы менен кар тээп оттойт. Бугулар Кыргызстандын Ысык-көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде учурайт. Нарын коругунда атайын көзөмөлгө алынган бугу (марал) бар.