Жерде-сууда жашоочулар


Көлмөдө жана агын сууларда көп кездешүүчү, баарыбызга жакшы тааныш бака жана тритондор ушундайча да аталат. Аты эле айтып тургандай бул жандыктар жерде да, сууда да жашашат. Алгачкы мезгилде жерде-сууда жашоочулардын көпчүлүгү сууда жашап, балык сыяктуу бакалоору менен дем алат. Кичинекей көнөкбаштар чоңоё түшкөндө бакалоору жоюлуп, жердеги жаныбарлар сыңары өпкөсү менен дем ала баштайт. Бирок жерде-сууда жашоочулардын териси жука жана нымдуу. Ал мезгил-мезгили менен сууланып турбаса болбойт. Ошондуктан жерде-сууда жашоочулар суудан алысташпайт.

Эгер бака же тритонду кургак жерде узак убакыт кармаса өлүп калышы мүмкүн. Жерде-сууда жашоочулардын бардыгы жырткыч. Алар курт-кумурска, сөөлжан, үлүлдөрдү кармап жейт. Көнөкбаштар сууда өсүүчү өсүмдүктөрдү курч мүйүз тишчелери менен кемирип жейт. Баканын суу ичин жатканын силер эч качан көрбөйсүңөр. Көрсө, ал сууну териси менен ичет экен. Сууну бака териси аркылуу сиңирип алат. Ошондуктан суу ичиш үчүн оозун ачуунун зарылдыгы жок. Жазында көлмөлөрдө баканын тоголоктошкон, майда бүртүкчөлүү уругу пайда болот.

Мээримдүү жазгы күндүн жылуусунан урукта түйүлдүктөр өсө баштайт. Көп өтпөй балыктын чабагына окшогон кичинекей көнөкбаштар чыгат. Алардын куйругу узун келип, буттары болбойт. Бирок көнөкбаш чоңоё түшкөндө адегенде арткы, анан алдыңкы буттары пайда болот. Көнөкбаштын капталында бутактанган бакалоору серейип турат. Акырында көнөкбаш чоңоюп, кургакка чыгуучу мезгил да келет. Ошондо таң каларлык өзгөрүүлөр болот. Бакалоору жоюлат, анан жээкке чыкканда куйругу жоголот. Ошентип ал көнөкбашка такыр окшобогон кичинекей бакага айланат.

Тритондордо мындай кубулуу бир аз башкачараак. Негизгиси - алардын куйругу жоголбойт. Ошондуктан тритондор жана алардын туугандары куйруктуу жерде-сууда жашоочулар деп аталат. Байламта суулардан жазында, эрте жайда кадимки жана быдырлуу тритондорду көрүүгө болот. Күзгө тарта алар кургакка чыгып, нымдуу жерлерди байырлайт. Күндүз таштардын, токойдогу бутак, дөңгөчтөрдүн астында ысыктан жашынып жатышат. Түнкүсүн салкындай түшкөндө чабытка чыгышат. Карпат тоолорунда кескелдириктин темгилдүү саламандра деген түрү жашайт. Бул да куйруктуу жерде-сууда жашоочу.

Анын денеси сары темгилдер менен капталган. Мындай түс душмандарды: мага тийбе, мен жегенге жараксызмын деп эскертип тургансыйт. Чынында эле саламандранын териси ойгуч, жегич зат бөлүп чыгарат. Анын жытынан жырткыч-тардын табити дароо бузулат. Куйруксуз жерде-сууда жашоочулар куйруктууларга караганда алда канча көп. Булар: бака, курбака, шаңкай курсак жана башка бакалар. Көлмө жана көлчүк бакалары тиричилигин негизинен сууда өткөрөт. Ошондуктан териси көлмөлөрдүн жээгиндеги жашаң чөпкө түспөлдөш - ачык жашыл. Чөп бакасы менен шиш тумшук бакалар көлмөгө урук чачып, өздөрү токой, шалбаа, короо-бактарга кетишет.

Алар күрөң түстүү келип, топуракта же куураган күрөң жалбырактын арасында байкалбайт. Ал эми даракчы шаңкай курсактын көйнөгү ачык жашыл түстүү. Аны дарактын жашыл жалбырагынын арасынан табуу оңой эмес. Жерде-сууда жашоочулардын көпчүлүгүнүн үнү бийик. Өзгөчө тропик шаңкай курсактарынын добушу уккулуктуу: алардын чардаганы куштардын сайраганына да окшоп кетет. Жерде-сууда жашоочулар абдан пайдалуу.

Алар токойдогу, жемиш бактарындагы, короолордогу эң көп зыянкечтерди жок кылат. Жерде-сууда жашоочулар өздөрү да көптөгөн пайдалуу жаныбарларга азык болот. Айрым өлкөлөрдө (мисалы, Францияда) бака тамакка пайдаланылат. Андан эң сонун чүйгүн тамак даярдалат. Ошондуктан бул өлкөлөрдө бакаларды кармоону чектеген өзгөчө мыйзамдарды киргизүүгө туура келген. Жерде-сууда жашоочулардын айрымдары, өзгөчө бакалар жана аксолотлдар лабораториялык жаныбарлар катары көптөн бери илимге кызмат кылууда.

Дүйнөнүн илимий лабораторияларында жүз миңдеген бака пайдаланылат. Илимге келтирген пайдасы үчүн Парижде бакага эстелик да коюлган.

2016-05-22 4998 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22