Дем алуу (латынча respiratio) — жаныбарлардын, анын ичинде адамдын, өсүмдүктөрдүн жана көптөгөн микроорганизмдердин катаболизминин (энергиялык алмашуунун) негизги формасы.
Дем алуу бул тирүү организмдердин метаболизминин (зат алмашуу жана энергиянын) нормалдуу жүрүшүн камсыздоочу физиологиялык процесс, ал гомеостазды (ички чөйрөнүн туруктуулугун) колдоого көмөктөшүп, айлана-чөйрөдөн кычкылтекти (О₂) алып, газ сымал түрдө айлана-чөйрөгө метаболизмдин айрым өндүрүмдөрүн (СО₂, H₂O ж. б.) чыгарат.
Дем алууну өсүмдүк жана айбанат организминде органикалык заттардын кычкылдануусунун физиологиялык процесси деп дагы аташат. Дем алуу төмөндөгү химиялык жөнөкөй формула менен туюнтулат:
С6Н12О6 + 6О2 = 6СО2+6Н2О+2875кДж
Бул глюкозанын грамм-молекуласы толук кычкылданганда 674 ккал энергия бөлүнүп чыгат.
Эгер оозду жаап, мурунду кыпчып, дем алууну токтотуп көрсөк бир нече секундадан кийин эле дем кыстыгып, терең дем алууга аргасыз болобуз. Таза абасыз биздин организмдин бардык клеткалары тумчугуп кетет. Секунд сайын алар абанын курамындагы кычкылтек менен камсыз болушу зарыл. Ал органдардын тирүүлүгүн жана андагы зат алмашуунун бардык маанилүү процесстерин жөнгө салат. Организм тамак-аштан жашоо үчүн зарыл болгон энергияны кычкылтексиз ала албайт.
Адам кандайдыр бир иш аткаруу үчүн канча энергия сарптаса, аны калыбына келтирүү үчүн ошончо кычкылтек талап кылынат. Ошол себептүү биз чуркаганда, секиргенде, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаганда алда канча терең жана тез-тез дем алабыз.
Адам дем алганда аба алгач көмөкөйгө келип, андан кекиртекке өтөт. Ал абдан чебер жайгашкан: биз бир нерсе жутканда тамак-аштын күкүмү кокусунан өпкөгө кирип кетпес үчүн кекиртек кичинекей жапкыч калканчы менен тосулуп калат. Ал эми дем алганда жапкыч ачылып, аба түптүз өпкөгө өтөт. Кекиртек эки жоон түтүккө — бронхаларга тармакталып кетет да, анан оң жана сол өпкөгө тарайт.
Өпкө эсепсиз көп майда баштыкчалардан — альвеолалардан турат. Өпкө эки чоң губкага окшошуп кетет. Альвеолалардын капталдары көзгө илешпеген кан тамырлар менен жыш торчолонуп капталган. Анын ар бири адамдын чачынан 50 эсе ичкелик кылат.
Адам дем алганда өпкө кеңейип, альвеолаларга таза аба толот. Андагы кан тамырлар менен келген кан кычкылтекти өзүнө сиңирип алып, аны бардык организмдин клеткаларына жеткирет. Ал эми канга чогулган зыяндуу көмүр кычкыл газ кан алмашуу процессинде альвеолаларга келет, аны демибиз менен сыртка чыгарабыз.
Чоң кишинин өпкөсүндө 700 миллиондон ашык альвеола болот. Эгер алардын кабыкчаларын бири-бирине улап жайса, 100 чарчы метр жерди ээлеген плёнка пайда болор эле. Адамдын бир суткада өпкөсү аркылуу 500 литрдей аба өткөрүп дем алууга кетирген энергиясы үйдүн экинчи кабатына бир тонна сууну сордуруп чыгарууга тете. Адамдын ушундай кубаттуу дем алуу аппараты бар.
Айтылгандай эле, адамдар гана эмес, бардык жаныбарлар, өсүмдүктөр да өзгөчө жол менен дем алат. Мисалы, балыктар суудагы эриген абадан бакалоору менен, ал эми өсүмдүк жалбырагы менен дем алат. Бардык тирүү организмдин тиричилиги үчүн дем алуу зарыл.
Адамдын дем алуу органдары өзүнө кийинкилерди камтыйт жана дем алуу процессинде түздөн-түз катышат:
Адам дем алууну башкара алган жалгыз автономдуу система болуп саналат.
Мурун аркылуу дем алууда аба чыпкалоонун 4 баскычнан өтөт, ал эми ооз аркылуу дем алууда дароо төртүнчү баскычка өтүп дем алабыз.
Дем алуу өсүмдүктүн бардык тирүү органдары, клеткалары жана ткандарына мүнөздүү. Алардын тиричилиги бөлүп чыгарган көмүр кычкылы менен жуткан кычкылтектин санынан билинет. Өсүмдүктүн жаш өсүп жаткан органдары менен ткандары тынымсыз дем алышат. Сабак менен тамырга караганда жалбырак көбүрөөк дем алат.
Көлөкөдө өскөн өсүмдүк жарыкчыл өсүмдүктөн азыраак, тоодогу өсүмдүк түзөңдөгү өсүмдүктөн көбүрөөк дем алат. Өсүмдүктүн органдарынын өсүү процессинде дем алуунун өзгөрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кургак дан өтө начар дем алат, ал эми дан көөп, андан ары өнгөн кезде дем алуусу 100, 1000 эсе күчөйт. Бул жаш, жаңы ткандардын пайда болушуна байланыштуу. Өсүмдүктүн өсүүсү токтогондо дем алуу да басаңдай баштайт. Ургаал дем алуу урук бышканда токтолот.
Бир клеткалуу жана кээ бир көп клеткалуу жаныбарлар (мисалы, жалпак жана жумуру курттар) бүт денеси менен, ал эми татаал түзүлүштөгү жаныбарлар атайын органдары аркылуу дем алат. Омурткалуу жаныбарлардын дем алуусу 3 баскычка бөлүнөт: тышкы, кан аркылуу жана ички дем алуу. Сырткы дем алуу — сырткы чөйрө менен кандын ортосундагы газ алмашуу процесси. Буга сүт эмүүчү айбанат менен куштун өпкөсү менен жана балыктын бакалоор аркылуу дем алуусу кирет.
Кан аркылуу дем алуу — бул кычкылтектин дем алуу органдарынан башка бардык органдар менен ткандарга өтүшү жана көмүр кислотасын сыртка чыгарышы. Бул кандын дем алуу функциясы деп аталат. Ички (ткандык) дем алуу — кан менен дене ткандарынын ортосундагы газ алмашуу болот. Мындай дем алуу кан айланган кезде капиллярларда болуп, кычкылтектин бир аз бөлүгү кандан тканга, ал эми көмүр кычкыл газы ткандан канга өтөт. Дем алууда аба толук бойдон өпкөгө барбай, жутулган абанын кээси ооз, мурун көңдөйлөрүндө, коко менен кекиртекте калып, газ алмашуу процессине катышпайт.
Малдын (мисалы, жылкы, уй) чоңу минутасына жөн турган кезде 4-6 литр, орточосу 0,3—0,5 литр, кичинеси 0,1—0,5 литр аба жутат. Бул дем алуу абасы деп аталат. Жөн турган уй минутасына 12-25, кой менен эчки 16-30, чочко 15-20, жылкы 8-16, төө 5-12, бугу 8-16, коён 50-60 жолу дем алат. Жаш мал чоңдоруна караганда тез-тез дем алат. Бооз кезинде, температура жогорулаганда, иш же кыймыл мезгилинде малдын дем алуусу тездейт. Ургаачы мал эркегине караганда тез-тез дем алат. Жаныбарлардын дем алуусу дем алуу процессине катышуучу көкүрөк клетка менен булчуңдары дартка чалдыкканда, өпкө, коко жана кекиртекке суук тийгенде, анемия жана башка болгондо бузулат.