Макал лакаптар жыйнагы (З)

З тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор З тамгасына болгон макал лакаптар анча көп эмес, ошондуктан силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына З тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот.

З

  • Зайыпсыз ашың даамсыз, тузсуз да, узун колуң кыска, каруусуз.
  • Зайыптарсыз ак ордо караңгы да, ак шейшептүү калың жууркан суук.
  • Закүндүн алды — көт кыскан.
  • Залим менен жакын болсоң, башың жерге кирер.
  • Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт (замандын түрүнө карап, салт да өзгөрөт).
  • Заманы бирдин амалы бир.
  • Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.
  • Заманына карай — күлкү, тонуна карай — түлкү.
  • Заманына карай амалы.
  • Заманына карай күлкү, тоосуна карай түлкү.
  • Заманың бөрү болсо, бөрү бол.
  • Заманың кандай болсо, бөркүңдү ошондой кий.
  • Заманың сокур болсо, көзүңдү кыс.
  • Зарыгып аккан булактан, сасык да болсо көл жакшы.
  • Зарылдын пулу күйөт.
  • Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет, күйүү кадырын сүйгөн билет.
  • Зергер билет зер сырын, дыйкан билет жер сырын.
  • Зор адамга жакшы адам, сөзү менен теңелет, бар адамга жок адам, күчү менен теңелет.
  • Зор иште жаның чыкса да даңкың калат.
  • Зорго да зор мокочо жолугат, зорго сыйынсаң, кудайга сыйын.
  • Зордукчуга мал жокпу.
  • Зордукчуга тендик жок.
  • Зордун түбү кор болот, байдын түбү ачка өлөт.
  • Зордун түбү кор болот, туздуу жерде шор болот.
  • Зулум эшиктен кирсе, ырыс түндүктөн чыгар.
  • Зыкым бай кедейден жарды.
  • Зыкым марттан качат, ичи тар коноктон качат.
  • Зээндүү бала сүйүнтөт, кежир бала күйүнтөт.
  • Зээндүү сүйүнтөт, кежир — күйүнтөт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо