Жүктөлүүдө...
Макал лакаптар жыйнагы (К)
К тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.
Мазмуну
Достор К тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына К тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот.
К
- Каалаганын сүйлөгөн кагуу жейт.
- Каалаганыңыздын кабылганы — досуңуздун сагынганы.
- Каалооң тапса, кар күйөт.
- Каапыр ток болсо, мусулман тынч болот.
- Каардуу коңшуңдан кутулайын десең карыз бер.
- Каба элинин карды тойсо, катын издейт.
- Кабагы жамандын сабагы жаман.
- Кабанаак ит тамакка да, таякка да тоёт.
- Кабанаак иттен качып өт.
- Кабыгы жерден, камыры колдон.
- Кавхар (көөр) жерде жатпас, жакшылык жолдо калбас.
- Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт.
- Кагылышта кан өлөт.
- Кагылыштан кан өлөт, калаа бузулат, эрегиштен эр өлөт, эриш бузулат, өчөштүктөн өрт чыгат, эл бузулат.
- Кагыша берсе, май түшөт.
- Кадик мерген жол кылат, карайган бийик асканы.
- Кадырды билген кара аяк.
- Кадырлуу барктуу жерден тууган-уругуң болсо, кара жерде кайык жүрөт.
- Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
- Кажалаң болбой — жут болбойт, кара өзгөй болбой — доо болбойт.
- Кажыгар күйөө — кайынсаак, төжүгүр катын — төркүнсөөк.
- Каз каркылдайт саз жерде, эр баркылдайт тар жерде.
- Каз өрдөгүжок болсо, балыр каптап көл карып.
- Каз, өрдөгү болбосо — балыр каптап көл карып, калк кадырын билбесе — кайраттуу туулган эр карып.
- Каз, өрдөк көлгө таянат, чечендик сөз жөнгө таянат, чал — кемпир төргө таянат.
- Казак кайың сааганда, кыргыз Ысар кирген.
- Казак, кыргыз жоо болсун, кара жаным соо болсун.
- Казан алсаң, кагып ал.
- Казан карасы кетет, намыс карасы кетпейт.
- Казан толгон аш болсо, буюрганын ичесиң.
- Казанга жакын жүрсө көөсү жугат, ууруга жакын жүрсө чуусу жугат.
- Казанга жакын жүрсө, көөсү жугат.
- Казанга түшкөн аш капка түшпөйт.
- Казанга эмне салсаң, сүзгөндө ошону аласың.
- Казанда болсо — кашыкка чыгат.
- Казандагы кайда качат, каптагыңа сак болгун.
- Казанчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы.
- Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса.
- Казаны бөлөктүн камы бөлөк.
- Казаны жок кайдак, катыны жок бойдок.
- Казанын сууга салып коюптур.
- Казаныңа жараша чөмүч таңда.
- Казга теңелем деп, карганын буту сыныптыр.
- Казды туурап карганын буту сыныптыр.
- Казы кертип жал чайнап сен да өтөөрсүң дүйнөдөн, кара жарма жалмалап мен да өтөөрмүн дүйнөдөн.
- Казына — казына эмес, калк — казына.
- Казысы кучактын, азуусу бычак.
- Кайгы — пайдасыз, ый — жардамсыз.
- Кайгы адамды өлтүрөт, кайгырса адам эскирет.
- Кайгы адамдын өзүн чиритет, калп адамдын сөзүн чиритет.
- Кайгы жокто кайгы болду, өгөй кайнененин өлгөнү.
- Кайгы жокто кайнене өлгөн кайгы экен.
- Кайгы жокто кайненем өлүптүр.
- Кайгы жокто кайын энем өлүп кайгыртты.
- Кайгы кайгыртат, кайрат жаңыртат.
- Кайгы менен күлкү — куйрук улаш.
- Кайгы өмүрдү кесет, калп ырысты кесет.
- Кайгы пайдасыз, ый жардамсыз.
- Кайгыга да токтоолук керек, шаттыкка да кыраакылык керек.
- Кайгыга жеңдирбеген көңүл сергек, оору — сыркоодон алыс.
- Кайгыда да кармана бил.
- Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.
- Кайгылуу катын каралуу.
- Кайгынын түбү — кара суу, кайгырасың, каласың.
- Кайгырганга кайрылган — сооп.
- Кайгырганга кайрылган жакшы.
- Кайгыргандан опаа жок.
- Кайгырып уктасаң, ооруп ойгоносуң.
- Кайгысы жок кара сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет.
- Кайгысы канча болсо, көз жашы ошончо.
- Кайгысы көптүн — касы көп.
- Кайгысыз кара сууга семирет.
- Кайгысыз киши карыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
- Кайгысызга уйку таттуу.
- Кайда барса да Мамайдын көрү.
- Кайда барса таш тараза тең.
- Кайда барсаң да, казандын кулагы төртөө.
- Кайда болбосун бир өлүм.
- Кайдан болсо кадигиң, ошондо болсун катарың.
- Кайдан дешке болобу, кайыгып келчү кырсыкты.
- Кайдан карасаң да, казандын кулагы төртөө.
- Кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек.
- Каймактан күйгөн колуң, сүттөн да күйөт.
- Каймактуу кашык, оозго салык.
- Каймактын даамын кашык билбейт.
- Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт.
- Кайнаса каны кошулбайт.
- Кайнатпай каныңды ичкен, кактабай этиңди жейт.
- Кайнене айбаттуу болсо, келини уяттуу болот.
- Кайран башың өткөн соң, карындаш ыйлап не пайда.
- Кайрат — дартты жеңилдетет, кайгы — дартты ырбатат.
- Кайраттуу — карыса да жаштай, кайратсыз — жаш болсо да карыдай.
- Кайраттуу адам калкка башчы болот.
- Кайраттуу жүрөк таш жарат.
- Кайраттуу карыса да жаштай, кайратсыз жаш болсо да карыдай.
- Кайраттуунун калпагы да курал.
- Кайраты бар кишинин, берекети бар ишинин.
- Кайраты жоктун сабыры жок, сабыры жоктун кадыры жок.
- Кайрылгандан — айрылба.
- Кайрылып ачар капканды катуу жаппа.
- Кайрылып ачар эшикти катуу жаппа.
- Кайрылып ичер ашыңа какырба да түкүрбе.
- Кайрылып ичер ашыңа, какырба да -үкүрбө, кереги тиер башыңа.
- Кайрылып суу ичер кудукка, какырба да түкүрбө, кереги тиет башыңа.
- Кайрылыш да болсо жол жакшы, качак да болсо кыз жакшы.
- Кайрымдуу карындаш — түгөнбөгөн казына (болот).
- Кайрымсыз хандан көрө, ырбаган жара жакшы.
- Кайрымы жок байдан, суусу жок сай жакшы.
- Кайсы жактан бороон соксо, ошол жакка калкан тос.
- Кайсы жериң ооруса, (Ооруң кайда болсо), жаның ошол жерде.
- Кайтып кирер эшикти катуу жаппа.
- Кайын эненин камырынан.
- Кайың эмес, тал эмес арча чалыш, кыргыз эмес, сарт эмес калча чалыш.
- Кайырсыз байдан, ырайымы жок кандан каптап келген сел жакшы.
- Кайырсыз катаал хандан көрө, ырбаган жара жакшы.
- Кайырчыга да хандын иши түшөт.
- Кайыры жок байдан кач, паанасы жок сайдан кач.
- Как эткен карга, кук эткен кузгун жок.
- Какаары болбой кыш болбойт, катыны болбой эр болбойт.
- Какаганга муштаган.
- Какаганга муштагандай кылба.
- Какса-соксо карыдан.
- Какшык кадырлашты да бузат.
- Какшык казанда, калемпир базарда.
- Какшык сөз кадырлашты да бузат.
- Какшыкчылдын түбү какшыйт.
- Калаалуу коргон бузулса, калаа болбойт ал кайтып.
- Калайык колдогон алп — журт ээси.
- Калак кайраттуу болсо, кайык баарына чыдайт.
- Калак кайраттуу колдо болсо, кайык бардыгына чыдайт.
- калат бир күн алтын баш казылган көрдүн түбүндө.
- Калган ашты батырган, кагылайын курсагым.
- Калган ишти кар басат.
- Калган кадыр (көңүл) качкан куш, кайрылып келбейт ал кайтып.
- Калган көңүл — чыккан жан.
- Калем курчу — изденүү менен акылда, достук күчү — бирдик менен жакында.
- Калем менен жазганды, балта менен чаба албайсың.
- Калемдин учунда найзанын күчү бар.
- Калемпир ачуу — туз болбойт, катындар кыңшылап сүйлөп — кыз болбойт.
- Калемпир ачуу — туз болбойт.
- Калжың менен сөз көбөйөр, жаңжал менен көз көгөрөөр.
- Калжыраган сөз канжалайт.
- Калк айтса — калп айтпайт.
- Калк айтса, калп айтпайт.
- Калк кадырын билбесе, кайраттуу туулган эр карып.
- Калк кадырына жетүү кымбат, урмат — сыйдан ажыроо — уят.
- Калк ордунда, кан тактысында.
- Калкка түзөлбөгөн калыпка түзөлбөйт.
- Калкка эп келсе кан төөсүн соёт.
- Калкыма нарк болсун, уулума барк болсун деген тура.
- Калкынан азган кор тура, каңгыган эр шор тура.
- Калкынан азган кор экен, элдүүнүн баары эр экен, элинен азган жигитке эртелеп өлүм эп экен.
- Калкыңдын көөнүн калтырба, жетсе да колуң жылдызга.
- Калмак — кыргыз жоо болсун, кара жаным соо болсун.
- Калп — адамдын сөзүн иритет, кайгы — адамдын өзүн чиритет.
- Калп — дар, чындык — эм.
- Калп — оору, чындык — дары.
- Калп — ырыс кесет, кайгы — өмүр кесет.
- Калп «ойноп айттым» дейт, ууру «таап алдым» дейт.
- Калп адамдын сөзүн иритет, кайгы адамдын өзүн чиритет.
- Калп айткан киши жарыбайт.
- Калп айтпай абийир ачылбайт, кысталбай малың чачылбайт.
- Калп айтсаң да билип айт.
- Калп айтып жыргайм дегенче, чындыкты айтып азап чек.
- Калп айтып пайда тапкыча, чын айтып зыян тапкан жакшы.
- Калп каткырык ыйдан жаман.
- Калп көп, чындык бирөө.
- Калп менен жыргал көргөнчө, чындык менен азап чек.
- Калп менен көйрөңдүк — өтө калпыс көрүнүш.
- Калп сөз — жанга жөө, өткүр бычак — канга жоо.
- Калп сөз — жандын душманы.
- Калп сөз жанга жоо, өткүр (кээде мокок) бычак кынга жоо.
- Калп сүйлөгөн каакы.
- Калп сүйлөп жашаганча чын айтып өлгөн жакшы.
- Калп сүйүндүргөндөн, чын күйүндүргөн артык.
- Калп ырыс кесет, кайгы өмүр кесет.
- Калпка жакын болсоң, жалаасы жугаар, казанга жакын болсоң көөсү жугаар.
- Калпты — чынды көп айтып — сеники аша кеттиби, каза элечек оронуп — меники аша кеттиби.
- Калпты чындай айткан, аксакты тыңдай кылат.
- Калпты чындай айтса, чын чыга качыптыр.
- Калпты чындай айтса, чындык чычая качат.
- Калпты чындай, аксакты тыңдай кылба.
- Калптын арышы кыска.
- Калптын казаны кайнабайт, дасторкону жайнабайт.
- Калптын куйругу кара.
- Калптын оозу — мурду кыйшайбайт.
- Калптын өмүрү коендун куйругунан кыска.
- Калптын өпкөсү калбырдай.
- Калптын сөзү суу кечпейт.
- Калптын сөзүушак, чындын сөзү тузак.
- Калптын чын сөзү сая кетет.
- Калптын чырагынан жарык түшпөс.
- Калпычы киши элге ишенбейт.
- Калпычынын куйругу бир тутам.
- Калпычынын өмүрү коендун куйругунан кыска.
- Калпычынын чын сөзү да калпка чыгат.
- Калпычынын чын сөзү да төгүнгө чыгат.
- Калпычынын эртеңи түгөнбөйт.
- Калың токоч бышкыча, жука токоч күйүп кетет.
- Калың элди жамандаба, каргышына каласың.
- Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт.
- Калыпсыз кыш болбойт, ойлонбосо иш болбойт.
- Калыс арыбайт, калпычы жарыбайт.
- Калыс башкарган элде кайгы жок, кара өзгөй башкарган элдин дайны жок.
- Калыс канда, кайын жок, туура канда, тууган жок.
- Калыс кар болбойт.
- Калыс карыбайт, калпычы жарыбайт.
- Калысты калк колдойт.
- Калыстыкты элге жаса, камбылдыкты эмгекте жаса.
- Кам болгон — кем болбойт.
- Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
- Камгак өзүн жанмын дейт, камкөш өзүн канмын дейт.
- Камдуу журт жоого кор болбойт.
- Камсыз мерген карайган кырды атат.
- Камсыз мерген карарган тоону атат.
- Камсыздын коюн карышкыр жейт.
- Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң, бир сырдуу бол.
- Камчы кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
- Камырдан кыл алмак кыйын, молдодон пул алмак кыйын.
- Камырдан кыл сууругандай.
- Камыш өзүн чий ойлойт, бака өзүн бий ойлойт.
- Камышты бош кармасаң колуңду кесет.
- Камышы болбой көл болбойт, кайраты болбой эр болбойт.
- Кан (улуктун, бектин) башы көпүрө болсо аттап өт.
- Кан ак кеңешсе, кул оң көрсөтөр.
- Кан болмоктон бек болгун, кадырың болбойт малдан соң.
- Кан жакшы болбой, калк жакшы болбойт.
- Кан жардыгы эки болбойт.
- Кан жолду ат басар, эшек таптар.
- Кан казанын кармадым, канакей колго жукканы.
- Кан казанын көп астым кана колум көөсү.
- Кан койнунда калтырап жатканча, кул койнунда кутуруп жат.
- Кан койнунда калтырап жатканча, кул койнунда кутуруп жатканың артык.
- Кан менен энчисин бирге жыйган ээр — токумун көтөрүп бош калат.
- Кан сарайы — кылычтын мизи, камчынын күчү.
- Кан тартуусу — тогуз.
- Кан төкпөй жеңиш жок, тер төкпөй жемиш жок.
- Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги.
- Канаат (же каниет) карын толтурат.
- Канаат карын тойдурат.
- Канагаттансаң карының тойот.
- Канаттууга кактырбай тумшуктууга чокутбай.
- Канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай, тумшуктууга чокутбай.
- Канаттуунун баары кыраан эмес, сойлогондун баары жылан эмес.
- Канаты менен учкан куйругу менен конот.
- Кандай салам берсең, ошондой алик аласың.
- Кандай салса түз кетер, карга жүргөн чанадай.
- Кандай соксоң, андай сок, кара баатыр барында, улак берээр адам жок.
- Кандала чакса, бургогө ыйлап көрүшөрсүң.
- Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба.
- Кандан, бектен кайра тартпаган.
- Кандектин карыганы билинбейт.
- Канды кудай ураарда, катыны менен кагышат, калкы менен чалышат, как башынан бак кетет, астынан алтын так кетет, ала аскардай бел кетет, андан кийин эл кетет.
- Канды кудай урарда катыны менен кабышат, эли менен чабышат.
- Кандын башы көпүрө болсо, аттап өт (кээде өтпө).
- Кандын башын кан жутат, кардын башын кар жутат.
- Кандын да бир татым тузу кемиптир.
- Кандын каары жаман, жыландын заары жаман.
- Кандын каарынан сакта, каракчынын дооматынан сакта.
- Кандын кызы кашык кармаса колу жооруйт.
- Кандын өлүмү — эли терс караганы, алптын өлүмү — эл алдында уятка калганы.
- Кандын тагы кандуу болот.
- Канжыгалуу кара сеңсел — алгыр кырааны, калкка туу, баатыр чеңгел — адам кырааны.
- Канжыганын катканын каптал билбейт, ат билет.
- Канкор каарына алса: — эмне үчүн тамак ичесиң, — эмне үчүн жашап жүрөсүң? — деп кыйнайт.
- Канкор ханды көрбөгөн, ханга токол болсом дейт.
- Канча кырып жуусаң да, кара кийиз агарбайт.
- Канчалык жакшы болсо да, жалгыз жигит бий болбос.
- Канчалык жаман болсо да, алганыңдан сүрдөйсүң.
- Канчалык жоон болсо да, жалгыз жыгач үй болбос.
- Каны жок калк болбойт.
- Капалуунун — кабагына кар жаайт, кайыккандын — мурутуна муз тоңот.
- Капаңды жарыңа айт, калса курбуңа айт.
- Капарың кимден болсо, кадигиң ошондон.
- Капка шибеге ката албайсың, элекке суу сактай албайсың.
- Капканчы тилейт түлкүнү, боз балдар тилейт күлкүнү.
- Капсалаң болбой жут болбойт, кара өскөй болбой доо болбойт.
- Капта болсо, казанга түшөт.
- Каптагыны катын билет.
- Кар бузулбай — сел болбойт.
- Кар да кетээр, кадыр да өтөөр.
- Кар төшөнүп таш баспай, тоо таянып түз баспай, белине саадак байланбай, түн уйкусун төрт бөлбөй, эрендерге арзан мал кайда.
- Кар эрисе суу болот, кан белгиси туу болот.
- Кар эрисе суу болот, карыса сакал куу болот.
- Кара атан өлсө союлар, кан ата өлсө коюлар, он эки айда бир келген кар сонор кайдан табылар.
- Кара баш киши алжыса — өз башына күлкү, билги алжыса — калайыкка күлкү.
- Кара болсо болсун, карап турган ал жаман, таруу болсо болсун, томсоруп турган ал жаман.
- Кара далы — эр тандабайт, өлөөр адам — жер тандабайт.
- Кара десе кузгундай, жору десе адамдай.
- Кара жанга күч келсе, дебегенди деп коёт, жебегенди жеп коёт.
- Кара жемсөө адамда калыстык жок.
- Кара жерге кар жааса, карды көргөн бир мурат.
- Кара жерден кар кетсе, жерди көргөн бир мурат.
- Кара жерди жамандаба кайтып бир күн барасың, калың элди жамандаба каргышына каласың.
- Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың.
- Кара зоо боору муз болбойт, карыганда катындар кыңшылап сүйлөп кыз болбойт.
- Кара килең болбой, кар кетпейт.
- Кара кишинин ачуусу келгенче, сары кишинин жаны чыгат.
- Кара көңүл чорт кыял, карматпаган азоо.
- Кара куурай көрбөгөн, отун жакпаган.
- Кара куш канча кыраан болсо да, бүркүттөн ашпайт.
- Кара куш кардына карайт, шумкар чагына карайт.
- Кара кыздын агынан эмес, багынан.
- Кара кыздын багы билет.
- Кара кылар адам жок, кайсалап алар тамак жок.
- Кара кылды как жарган — калыс.
- Кара кыяк, бетеге казысы экен жылкынын, кара мурут кул жигит ээси экен жылкынын.
- Кара мүртөз сакчы болсо, момунду жоого чаптырат.
- Кара ниеттин карды тойбойт, кара өзгөйдүн иши оңолбойт.
- Кара өгүз минсем камчым жок, үйгө келсем тынчым жок.
- Кара өзгөй болбой доо болбойт, капсалаң болбой жут болбойт.
- Кара өзгөй болбой, доо болбойт.
- Кара өзгөйгө кабылба, жеңемин деп чамынба.
- Кара сууда каймак жок — муз болбосо, кой этинин даамы жок — туз болбосо.
- Кара терек жыгылса, калган терек не пайда.
- Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга май кайгы.
- Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.
- Карагай болбой чер болбойт, кайратсыз адам эр болбойт.
- Карагайга карап тал өсөр, катарына карап мал өсөр.
- Караганга чымчык корголөйт.
- Карайлаган там сүзөт.
- Каракчы бол, ууру бол, эсеби менен бол.
- Каракчы үйүнө кирсе, аял да курал көтөрөт.
- Карамыктын даны болгуча, ак буудайдын саманы бол.
- Каран түн калайыктын башын кошот.
- Карандай чай — кайрымы жок бай.
- Каранын каны чыкканча, сарынын жаны чыгат.
- Караңгы элге каапыр да молдо.
- Караңгыда жарык түгөй.
- Караңгыда көз табаар, капилеттен сөз табаар.
- Караңгыны көрбөгөн, жарыкты да билалбайт.
- Караңгыны көрбөй, жарык кадырын билбейсиң.
- Караңгыны көрбөй, жарыкты ким билет.
- Караңгынын көзү жок, жамандын кулакка сыяр сөзү жок.
- Карап койсо — көргөндөй, күлүп койсо — сүйгөндөй.
- Карап койсо «сүйдү» дебе, күлүп койсо «өптү» дебе.
- Карапайым адам — касиеттүү адам.
- Карарып, уурум чыкканча, саргарып, жаным чыксын.
- Карачайга карап тал өсөр, катарына карап мал өсөр.
- Карачу болсоң сүттөн да кара табасың.
- Карбаластын казаны катуу кайнап, кам бышат.
- Карга бакса куш болбойт, кара темир курч болбойт.
- Карга бакса, куш болбойт.
- Карга баласын «аппагым» дейт.
- Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласып жумшагым дейт.
- Карга да эки чокуп, бир карайт.
- Карга карганын көзүн чукубайт.
- Карга каркылдап каз болбос катын шыңкылдап кыз болбос.
- Карга каркылдап учуп каз болбойт.
- Карга карысын ким билет, киши аласын ким табар.
- Карга көргөнүн чокуйт, молдо билгенин окуйт.
- Карга өзүн куш ойлойт.
- Карга сүйөт баласын «аппагым» деп, кирпи сүйөт баласын «жумшагым» деп.
- Карга тарп жебей тоюнбайт.
- Карга учуп шумкар болбойт, эшек чуркап тулпар болбойт.
- Карга, каркылдап учуп, каз болбойт.
- Каргадан тоту туулбайт.
- Каргайын десем — жалгыз, каргабайын десем — желмогуз.
- Каргайын десем — жалгызсың, каргабайын десем — байкушсуң.
- Каргангандын калпы көп.
- Карганы алты жылы борго байласа, бир чалымы — жин (же бок) татыйт.
- Карганы каз ордуна көторсө да, бок чокуганын койбойт.
- Карганын «как!» эткени өзүнө кубаныч.
- Карганын жашын, кишинин ичин билиш кыйын.
- Каргаса кар, жалгаса жамгыр жаайт.
- Каргаша болсо кан өлөт.
- Каргылуу тайган бар, адамдан чыккан айбан бар.
- Каргыш албай, алкыш ал.
- Каргыштан өлбөйт, алкыштан тирилбейт.
- Каргышты билбесең, бирөөдөн үйрөнбө.
- Каргыштын эңжаманы: «өзүң билбе, билгендин тилин алба».
- Кардалдуу жерде карындашың болсо, кара жерде кемен жүрөт.
- Кардуу жерде какаар бар, карылуу жерде кекээр бар.
- Карды ачкан — нанга карайт, суукка тоңгон — күнгө (отко) карайт.
- Карды ачкан кара казанды сагалайт.
- Карды ачкан нанга карайт, суукка тоңгон күнгө карайт.
- Карды ачканга калемпир да аш.
- Карды тойгон канга салам бербейт.
- Карды токтун кайгысы жок.
- Кардыма ыйлабай, кадырыма ыйлайм.
- Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат.
- Кардын какаары бар, эрден чыгаар катындын такоолу бар.
- Кардың ач болсо да, казаның кайнап турсун.
- Кардың ачса дыйканга бар, жоо кыстаса баатырга бар.
- Кардың ачса карындаш изде.
- Кардың ток болсо, кайратың күч болот.
- Кардыңа как болбогон, жумуруңа жук болбойт.
- Каркыра катары менен жүрөр, кадыры билген киши билер.
- Карт адам акылга бай, март адам доско бай.
- Картайган карышкырга кандек да үрөт.
- Картайганда кайталап, сөздүн курчу азаят.
- Картайганча үмүт эскирбейт.
- Картайсаң кара жердей болосуң.
- Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
- Каруу жумшап кармашканча, кыйыр сөз менен кынына кийир.
- Каруусуз кишинин кайраты бекер, кайратсыз кишинин айбаты бекер.
- Карчыга — учушунан, тулпар — басышынан байкалат.
- Карчыгага кушуң түшпөсүн, бакшыга ишиң түшпөсүн.
- Кары — жаш болбойт, баш — таш болбойт.
- Кары — карынын сөзү дары.
- Кары адам — үйдүн куту.
- Кары адамды каркыттаган, «Карыя» деген сөз болот (керек).
- Кары алжыса — баладай.
- Кары алжыса — жаш баладай.
- Кары билет кааданы, карчыга алат сонону.
- Кары болбой кап болбойт, кайгысы болбой жан болбойт.
- Кары да бол, жаш да бол, кадырлашкын тирүүңдө;
- Кары жаш болбойт, баш таш болбойт.
- Кары канча карыса да, карышкырга амал табат.
- Кары карап турбайт, жигит жилик албайт.
- Кары келсе — ашка, жаш келсе — ишке.
- Кары кызга таң атпайт.
- Кары түлкү капканга түшпөйт.
- Кары уйкуну сүйөт, жаш күлкүнү сүйөт.
- Карыга аш тийсе, жашка иш тиет.
- Карыга катуу айтпа, ката кетирсе жаакка чаппа.
- Карыган киши таптоодогу куш.
- Карыган мышыкка, өлүү чычкан туш келет.
- Карыган сайын дүнүйө маңдайга келет (көзгө көрүнөт).
- Карыган соң жашарбайт, кемпир менен чал кайтып.
- Карыганда — көздүн кубаты кетсе, мас болгондо — сөздүн уяты кетет.
- Карыганда адам кичирейет, көркү кетип чүгүрөйөт.
- Карыганда адам таарынчаак болот.
- Карыганда берсин дөөлөттү, жаш кезде берсин мээнетти.
- Карыганда дүйнө кишинин маңдайыңа келет.
- Карыганда дүнүйө маңдайга келет.
- Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу.
- Карыганда жан таттуу.
- Карыганда катын жоо, баркыңды билбейт балаң жоо, кылыгың жакпайт кызың жоо, кебиң жакпайт келин жоо, туурадан чыккан тууган жоо, ошолордун ичинде кантип болот дениң соо.
- Карыгандан шумкар туулбайт.
- Карыз арасына суу жүрбөйт.
- Карыз бергенде — дос, кайра сураганда — кас.
- Карыз карыбайт.
- Карыз үн катпай уктатпайт.
- Карыз үн катпайт — бирок уктатпайт.
- Карыз, карызды берүү парыз.
- Карыздан башы чыкпаган адам айыкпас дартка жолугат.
- Карыздар болгончо, кайышып жүр.
- Карызды отуруп берип, туруп аласың.
- Карызсыз кедей — бай кедей.
- Карылар жаштыгын ойлоп уктабайт, жаштар карырын ойлосо уктабайт.
- Карылардын жаманы, тарп аңдыган жорудай.
- Карылуу үй ырымсыз болбос.
- Карылык — коркунуч эмес, өлүм — коркунуч.
- Карылык — өмүрдөн, эрдик өлүм артык.
- Карылык карты келсе, казган көрдөй, азаматтан бак тайса — кара жердей.
- Карылык коркунуч эмес, өлүм — коркунуч.
- Карылыктын алды, жаштыктын арты.
- Карын ачты — кайрат качты.
- Карынбай малга тойбойт, Улукман жашка тойбойт.
- Карыны токтун кайгысы жок.
- Карынын кебин (же кеңешин) капка сал.
- Карынын кебин капка сал.
- Карынын кебин капта сакта, өлүгүн апта сакта.
- Карынын сөзү — жамак, жамагы жашоого — сабак.
- Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот.
- Карынын сөзүн капка сал.
- Карынын ырымы жаман, суунун ирими жаман.
- Карып калган бээден кайгуулга минер ат туулбас.
- Карып калган катындан эрөөлгө чыгар эр туулбас.
- Карыпбай малга тойбоптур, соргок опкоктугун койбоптур.
- Карыптык менен карылык, түндүктөн түтүн аңдытат.
- Карысаң каруулугуңду айтпа, кемисең байлыгыңды айтпа.
- Карысаң мендей бол, кара жердей бол.
- Карысаң, мендей бол, өлсөң кара жердей бол.
- Карысы бар үйдүн — карааны чоң.
- Карысы бардын ырысы бар.
- Карысы болбой эл болбойт, тулаңы болбой жер болбойт.
- Карысы болбой, эл болбойт.
- Карысы жоктун ырысы жок.
- Карысы карап турбайт, жигити жилик албайт.
- Карыш — карыш, сөөм — сөөм.
- Карыш ажыраган карыганча көрүшпөйт.
- Карышкыр арыктыгын билбей, итке жонун үрпүйтөт.
- Карышкыр арыктыгын билдирбей, итке жүнүн үрпөйтөт.
- Карышкыр бирди жебейт, миңди кырат.
- Карышкыр капканда жатып, койго жулунат.
- Карышкыр картайса — итке күлкү, молдо картайса митаам түлкү.
- Карышкырга кой кайтартпа.
- Карышкырды көрсө, эшектин ыйыгы тутулат.
- Карышкырды сындасаң, улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой.
- Карышкырдын дөбөтү каарына алса, канчыгынын ырылдаганы кеппи.
- Карышкырдын көзү койдо, молдонун көзү аш менен тойдо.
- Карыштан сөөм жакын.
- Карыя өз үйүнө — конок, одоно болсо — жонок.
- Карыялуу үйдө — кут, кара бороон болсо — жут.
- Карыяны сыйлабаган, карыганда сый көрбөйт.
- Касап да өзү, бычак да өзү.
- Касапчы энесине сөөк сатат.
- Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы.
- Касташканың уялгандай болсо, кайрып камчы салба.
- Касташсаң да, кастын намысын кордобо.
- Кастыктын түбү — көмүр, достуктун түбү — өмүр.
- Кастын ою — бөлөк, достун ою — жөлөк.
- Касынды жыргалда сына, кашыктап уу береби, досуңду тозокто сына, кайрылып суу береби.
- Касыңдан бал жегенче, досундан суу ич.
- Ката бизден, кечирим сизден.
- Катардан ашсаң да, калктан ашпа.
- Катасын танган — эки эсе ката.
- Каткалаң болбой жут болбойт.
- Каткырып күлгөн карыбайт.
- Катуу басса, «таскак» дейт, акырын басса, «аксак» дейт.
- Катуу жерге как турат, кайратгуу эрге мал турат.
- Катуу жерге тал бүтөт, кайраттуу эрге мал бүтөт.
- Катуу камчы, заар тил, оор жумуш, тузсуз аш, шордуулардын энчиси.
- Катуу кыштан калган мал олжо, катуу оорудан калган жан олжо.
- Катуу сөз — камчы, жылуу сөз — укурук.
- Катуу сөз камчы, жылуу сөз укурук.
- Катуудан — тиш, жумшактан — ич.
- Катуудан тиш оору жаман, жумшактан ич оору жаман.
- Катын — жапаа, ит — упаа.
- Катын — карга, бала — сагызган.
- Катын албай кайын ал, жакшы көргөн досундун атын албай, тайын ал.
- Катын алганча отун ал.
- Катын алсаң дардай, уул тууйт нардай.
- Катын бийликке жетсе азынат.
- Катын бузулганда каада урайт.
- Катын жакшы — эр жакшы, обозгер жакшы — кан жакшы.
- Катын жакшы — эр жакшы.
- Катын жаманы эр коруйт, эр жаманы жер коруйт.
- Катын ичине кара башыл киши жатат, эрдин ичине ээр — токуму менен ат батат.
- Катын ишин билет, эркек кушун билет.
- Катын калп айтпайт, каңырыш угат.
- Катын каяша кылбайт, каяша кылса да болушууга жараша кылбайт.
- Катын кесир күткөндө эрине зыяны тиет.
- Катын кыңшылап сүйлөп кыз болбойт.
- Катын кыркка чыкса карыды да.
- Катын менен айтышкан кызда не сын.
- Катын намыс үчүн кара киет.
- Катын өлсө — камчы сап, кайра төшөк жаңырат.
- Катын өлсө камчы сап сынган менен тең.
- Катын өлсө камчы сап.
- Катын төркүнү төрдөн узайт, эр төркүнү ирегеден узайт.
- Катын үчүн, жаман болсо да, бир эркектин кучагында жатыш жыргал.
- Катын эрден табат, эр пирден табат.
- Катын эрден чыкса да элден чыкпайт.
- Катын эрден чыкса чыгат, элден чыкпайт.
- Катын эрди карайт, эр жерди карайт.
- Катын эрке болсо, эрине теке болот.
- Катын ээн баштаганда доор — кыямат келет.
- Катынга бийлик тийсе, теңирин тааныбайт.
- Катынга зарга кара катын айдай көрүнөт.
- Катынга кеңеш салса, төркүнүнө кетели дейт.
- Катындан башка душман жок, койнуңда жатып билинбейт.
- Катындуу жерде челек бар.
- Катынды күтүп албаган — күң кылат.
- Катынды мээнет чырмаса — каяша айтат эрине, жардыны мээнет чырмаса — аштыгы чыкпайт жерине.
- Катындын (келиндин) тарбиясы башынан.
- Катындын кесири — эрге, эрдики — элге.
- Катындын чачы узун, акылы кыска.
- Катыны жакшы болсо, эли бактылуу болот.
- Катыны жакшы жигиттин кайда жүрсө көөнү ток.
- Катыны жакшы кор болбойт.
- Катыны жамандын казаны сынык, эркеги жамандын бычагы ийри.
- Катыны жок караңгы үйгө теминет, акылы жок арам сөзгө семирет.
- Катыны жок үй — жетим, калыстыгы жок бий — жетим.
- Катыны жок чайдан кач, кайыры жок байдан кач.
- Катыны жоктун алтыны жок.
- Катыны менен урушкан, кайнына салам бербейт.
- Катыным сокур — жаным тынч.
- Катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда.
- Катының жаман болсо мейманың кетер, уулуң жаман болсо ыйманың кетер.
- Катының урушчаак болсо, элиң тынч болбосо койсун.
- Катыныңды казы бузса, арызыңды кимге айтасың.
- Катып отуруп казы жегиче, кайкайып отуруп сарымсак же.
- Качааган айгыр үйрүн түгөтөт, көчөөгөн төрө элин түгөтөт.
- Качааган айгыр үйрүн түгөтөт.
- Качагандын кесири, жуушаганга тиет.
- Качан болсо да аял боорукер келет.
- Качан көрсөм тойдон көрөм.
- Качкан бакыт кайрылып келбейт.
- Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт.
- Качкан жоого катын бий.
- Качкан кой — бөрүгө той.
- Качканга кара жер куурулат.
- Качканды айтпай кууганды айт, карадан төрө тууганды айт.
- Качкын болуп жүргөнчө, кайрылып келген эр жакшы.
- Качмак — куумак эрде бар, көчмөк — конмок элде бар.
- Качып кетсең, чачып (шашып) кет.
- Качып кетсең, чачып кет.
- Качыргандан кач(па), качканды кууба.
- Каш коём деп, көзүн чукуп алыптыр.
- Каш коёмун деп, көзүн оюп алды.
- Кашаа жыгач — чеп эмес.
- Кашаң атка камчы жоо, тешик үйгө тамчы жоо.
- Кашаң аттан көрө, моюнча тана жакшы.
- Кашкулак семиз — карта жок, катын чечен, акыл жок.
- Кашкулак семиз — карта жок, катыны жакшы жигиттин кайда болсо көөнү ток.
- Кашкулак семиз, карта жок.
- Кашкулакты жонго чапкан сайын күчөйт.
- Кашыгы бар чөмүчү барга жалдырайт.
- Кашыгы да, чөмүчү да май.
- Кашык менен көлдү соолто албайсың, кастык менен элди курута албайсың.
- Кашыктап жыйса кап толот.
- Кашыктап чогултканды чөмүчтөп чачпа.
- Кашын оңдоймун деп, көзүн чукуган.
- Кашыңда ким отурса, душманың ошол.
- Каяшадан кабак чытыган жаман.
- Каяшачыл карыш узабайт.
- Кебек жеген ат байгеде чыкпайт.
- Кебетең жаман болсо күзгүдөн көрбө.
- Кеби токмоктун, өзү акмак.
- Кегиңди ичиңе кат, камчыңды койнуңа кат.
- Кедей байга жетем дейт, бай кудайга жетем дейт.
- Кедей болсоң, көчүп көр.
- Кедей жаңы тон кийсе «кайдан алдың» — дейт.
- Кедей кызы байга келин болуп барганда: «Куңкулчуңкул мүлжүгөнгө моюн жакшы, карт-карт чайнаганга карын жакшы» дептир.
- Кедей менен бай от болбос, бөрү менен кой дос болбос.
- Кедейге коён табылса, коёрго жер табылбайт.
- Кедейдин (жардынын) жалгыз атын бөрүжейт.
- Кедейдин байы буудай нандан шерине жейт.
- Кедейдин бир тойгону — орто байыганы.
- Кедейдин жалгыз аты бээ болот, сүйлөгөн сөзү кээ болот.
- Кедейдин жалгыз атын ууру алат (бөрү жейт), кедейдин кекиргени кээ болот.
- Кедейдин кадыры жок — бай жанында.
- Кедейдин келди заманы, байлардын кетти амалы.
- Кедейдин эти болсо оту жок, оту болсо эти жок.
- Кедейдин эчкиси уйга тете.
- Кедейлердин эс алганы — музоо кайтарганы.
- Кедейлик — кемтик эмес.
- Кедейликтен киши өлбөйт, жан кыйналат дебесе.
- Кежир жек көрүнөт, элпек эп көрүнөт.
- Кезеги келсе — кетмен чап, оролу келсе — орок ор.
- Кезеги келсе кетмен чап, орою келсе орок ор.
- Кезегинде кечирген — кеңдик.
- Кейисе жаның чыдагын, кечинен бер деп өлүмдү.
- Кейүү бар — кер тартуу жок.
- Кекечтин тилин энеси билет.
- Кекилик өз атын өзү чакырат.
- Кекиртектен өткөндүн баары тамак.
- Кекчил болбой (же болбо), эпчил бол.
- Кекчил болбой эпчил бол.
- Кекчилдин сөзү кээ болот.
- Кекээрден кудай безиптир.
- Кел — келине келгенде келинден мурун кыз тууйт.
- Кел дебеген үйдөн, төбөсү түшкөн көр жакшы.
- Кел демек бар, «кет» демек жок, кел демин жеген соң эт жемек жок.
- Келбети келгенден кеңеш сура.
- Келген — дөөлөт, кеткен — мээнет (же келген — байлык, кеткен — кедейлик).
- Келген жериңден кеткен жериң аруу болсун.
- Келген журттан көчө элек, келин аты өчө элек.
- Келгенче конок уялат, келгенден кийин үй ээси уялат.
- Келгенче мейман уялат, келгенден кийин үй ээси уялат.
- Келе деген доом жок болсо, ыңк эткен (онтогон) ооруң жок болсо, башкы бакыт ошол да.
- Келер (же келген) сөздү келин айтат.
- Келер сөздү келин айтат.
- Келжиректи аңдыбай, кеменгерди аңды.
- Келин жакшы — үйдүн керегеси алтын.
- Келин жакшысы — керемет, келин жаманы — кетпес кесик.
- Келин жаман эмес, келген жери жаман.
- Келин жаманы — кетпес кесик, келин жакшысы — керемет.
- Келин келет, кыз чыгат.
- Келинди келгенде көр, же тезек терип жүргөндө көр.
- Келинди келгенде көр, кемпирди — өлгөндө көр.
- Келиндин — аягынан, койчунун — таягынан.
- Келиндин баласын кеңешип сүй.
- Келиндин бетин ким ачса ошол ысык.
- Келиндин бетин ким мурун ачса, ошол ысык көрүнөт.
- Келиндин жаман болгону — кереги тийбес ташка тең, уулдун жаман болгону — апийим ичкен сартка тең.
- Келиндүү болсоң кекээр сүйлөбө.
- Келип-кетиш туугандыктын белгиси, уруш-кериш — душмандыктын белгиси.
- Келиш — кетиш туугандыктын белгиси.
- Келиш — коноктун иши, кетириш — кожоюндун иши.
- Келме кезек — терме тезек.
- Келме кезек, терме тезек, бүгүн көргөн эртең жок.
- Келмек — көңүл, кетмек — уруксат.
- Келмек ирада, кетмек ижаза.
- Келээр (келген) сездү келин да айтат.
- Кембагал байдан кем эмес, бир айыбы малы жок.
- Кембагал болоюн десең, накта алып, насыяга сат.
- Кембагал болсоң көчүп көр.
- Кембагалды төө үстүнөн ит кабат.
- Кемеге түшкөндөрдүн (же мингендердин) жаны бирге (же тилеги бир).
- Кемеге түшкөндүн жаны бирге.
- Кемер өзүн жар өйлөйт, акмак өзүн эр ойлойт.
- Кемибейм деген кандын бир татым тузу кемиптир.
- Кемигинде да бар, керкисинде да бар.
- Кемин кийгенден түңүлбө, кементай кийгенден түңүл.
- Кемпир менен чал жатат, кейиш менен таң атат.
- Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
- Кемчилиги көптүн кемсинтээри көп.
- Кемчилигин моюнга албаган, келечегин оюна албайт.
- Кемчилик — менден, кечирмек — сенден.
- Кемчиликсиз киши болбойт.
- Кемчиликти айтпасак, кесепети уланат.
- Кен асылы — жерде, сөз асылы — элде.
- Кен байлыгы — кең байлык.
- Кенди чыккан жеринен каз.
- Кенебей жатып, кесилбе.
- Кенешээрге киши табылбаса, өз бөркүңө кеңеш.
- Кенже гозонун кебези жок, көп сөздүн мазеси жок.
- Кең болсоң, кем болбойсуң.
- Кең бычкан кийим жыртылат.
- Кең бычкан кийим жыртылбайт.
- Кең жер улуу — кичүүгө тең жер.
- Кең кеңешип жыртылат, тар тартышып жыртылат.
- Кең пейилдин кени болоор, тар пейилдин ташы болоор.
- Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүүжарыбайт.
- Кеңге — кең дүйнө, тарга — тар дүйнө.
- Кеңешип кескен бармак оорубайт.
- Кеңешип кескен кол оорубайт.
- Кеңешчиң болбосо, кабыргаң менен кеңеш.
- Кеңешчү болсок ыраак бар.
- Кеп (оюн) музоо эмизет, музоо таяк жегизет.
- Кеп баштаса, кеп чыгат.
- Кеп билген адам — көп билген адам.
- Кеп жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
- Кеп кедең болду, кедең неден болду.
- Кеп көтөрбөй жакшы бөлбойт, тер көтөрбөй күлүк болбойт.
- Кеп кутулбайт чеченден, мээнет кетпейт бечелден.
- Кеп кыйшыгын (же кыйыгын) жүйөчү билет, ичер ашты ээси билет.
- Кеп кыйшыгын жүйөчү билет, ичээр ашты ээси билет.
- Кеп музоо эмизет, музоо таяк жегизет.
- Кеп салбагын маңызга, кейбир кылат башыңды.
- Кеп чынынан бузулбайт.
- Кеперез ичсең кепиниңди даярдап кой.
- Кепил болгуча, кемин кий.
- Кепилдин кепини күйөт, кээ бирөө ошону сүйөт.
- Кепилдин кепини күйөт.
- Кепин кийгенден — түңүл, кеменек кийгенден — түңүлбө.
- Кепин кийгенден түңүл, кементай кийгенден түңүлбө.
- Кепке кемтик болгуча, кеп билгенди ала жүр.
- Кептен улам кеп чыгат, кементайдан жүн чыгат.
- Кепти коюп, кеңешке кел.
- Кепти көп тыңшаган чечен болот, сөз укпаган бечел болот.
- Кепти кызыганда, темирди ысыганда.
- Кепти сууга сал, мени тууган кылып ал.
- Кепти чорт айткандан алыстаба.
- Кербен жүрө берет, ит үрө берет.
- Керегеде кулак бар, кеңешер болсоң алыс бар.
- Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук.
- Керегеси кердеп турат, ыңырчагы ырдап турат.
- Кереги тийсе тереги жыгылат.
- Керек болсо, терек жыгылат.
- Керексиз буюмдун ээси болбойт.
- Керектүү сөздү кечке айтса да көптүк кылбайт.
- Керектүү таштын оордугу жок.
- Керектүү таштын орду жок.
- Кереч ичсе келиним калбайт беле, жалбыз ичсе жалгызым калбайт беле.
- Кери кеткендин сакалы кекиртекке бүтөт.
- Кериден ташты көтөргөн, кетет кайран балбан кез.
- Кериш — келген бакты кетирээр.
- Керишпес келин, урушпас уул болбойт.
- Керкини бузсаң кетмен болбойт, чымчык семирип батманга толбойт.
- Керкисинде да бар, кемигинде да бар.
- Кермекашты алам деп, чалма этектен айрылдым.
- Керооз сөздө кырсык көп.
- Кесел адам кейикчил.
- Кеселди жашырса, өлүм ашкерелейт.
- Кесип алса кан чыкпайт.
- Кесирдүү баш келген бактыны кетирет.
- Кесирдүүдөн келте оорудай сөз чыгат.
- Кесирдүүдөн сай бою кач, жалакордон жаа бою кач.
- Кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат.
- Кескен бычак сөөккө токтойт, кесирлүү сөз жүрөккө токтойт.
- Кетенчиктеп отуруп да, чокуга чыгууга болот.
- Кетер кызды кеңкип кал.
- Кетер кыздын керээзи, кетилген болот жетилет, күйүттүү кабак ачылат.
- Кеткенге кейиген менен айла жок, өлгөнгө өксүгөн менен пайда жок.
- Кеткени болот келгендин.
- Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасың.
- Кетмен чапкан нанын жейт, ууру кылган жанын жейт.
- Кетмен чапмак — алмак, салмак, кош айдамак — бармак, келмек.
- Кетмен чаппай нан кайда, айраны келди, мал кайда.
- Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда.
- Кетсе дөөлөт башыңдан — келмеги кыйын ал кайтып, келе десе бересең — кемитет жанды саргартып.
- Кетсе дөөлөт колуңдан, келмеги кыйын ал кайтып.
- Кеч жүрө — жүрө түзүлөт.
- Кеч калар ишке кар жаайт.
- Кеченин тилин энеси билет.
- Кечиккен соң, шашканыңдан не пайда.
- Кечинде жатып ойлон, эртең менен туруп сүйлө.
- Кечинде күн кызарса, келиниң эркек төрөгөндөй сүйүн, эртең менен күн кызарса, элиңе жоо тийгендей күйүн.
- Кечки суутмадан жалмаган, эртең мененки ысытмадан куру калбайт.
- Кечмеликти кечпейли досум, кечкен соң (кечишели, кетишпейли) кечели, кечпейли дешпейли досум.
- Кечтим байдын кызынан.
- Кечүү билбей кечпе, адамдын сырын билмейинче ишенбе.
- Кечүү кечсең жалгыз кеч — жолуң тайгак болбосун, ууру кылсаң жалгыз кыл — жолдошуң айгак болбосун.
- Кечүү таппай өтүгүңдү чечпе.
- Кечүүсү болбой суу болбойт, ашуусу болбой тоо болбойт.
- Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
- Кечээгиңин кээсин чыгар.
- Кечээки күндүн алысы жок, эртеңки күндүн жакыны жок.
- Кийгени топу, өзү мышык сопу.
- Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку.
- Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин салынып жат.
- Кийиз чоюлат, кичине чоңоет.
- Кийик атып эт бербесе — тоодогусу жакшы, бээ саап кымыз бербесе — жоодогусу жакшы.
- Кийиктин жүргөн тоосу бийик болсо, көзү кызыл болот.
- Кийим менен мактанбай, билим менен мактан.
- Кийимдин жакшысы кир көтөрүмдүү, кишинин жакшысы сөз көтөрүмдүү.
- Ким ишенсе ушакка, өзү да түшөт тузакка.
- Ким көп окуса, ал көптү билет.
- Ким кудайга ишенсе, колу-буту кишенде.
- Кимди ким көрдү Быржыбайды там басты.
- Кимди ким көрдү, Байкараны (же Аламанды) таш басты.
- Кимди кор тутсаң ошого зар болосуң.
- Кимдин башы сулуу десе, таш бака башын көтөрөт имиш.
- Кимдин жерин жердесең ошонун ырын ырдайсың.
- Кимдин сараң экенин кайырчы билет.
- Кирбей туруп, чыгаарыңды ойло.
- Киргил суу башынан тунат.
- Кирерге — жер катуу, кыярга — жан таттуу.
- Китеп — билим ачкычы.
- Китепсиз дүйнө — жапайылардын дүйнөсү.
- Кичи пейилдик — айкөлдүктүн белгиси.
- Кичи пейилдүүлүктөн кичирбейсиң.
- Кичик чоңоет, кийиз созулат.
- Кичине жалаадан чоң балаа чыгат.
- Кичине жалкоолук чоң жалкоолукка жеткирет.
- Кичине жоолук токуса — уздун чери жазылат, күйөөлөрү келгенде — кыздын чери жазылат, балдыздары келгенде — күйөөнүн чери жазылат, аны көрүп турганда — бирөөнүн чери жазылат.
- Кичине төөнүн жүгү билинбейт.
- Кичинеге чоңсунба, асмандагы айга кол сунба.
- Кичинеге чоңсунба, салба күчүң.
- Кичинекей таш да килейген башты жарат.
- Кичүү болгуча иттин күчүгү бол.
- Кичүүнү сыйлабаган, улууну урматтабайт.
- Кичүүсүндө салам жок, улуусунда алик жок.
- Кишенеген айгырдын үйрүн көр, чиренген жигиттин үйүн көр.
- Киши акылы — кишен менен тушоо, өз акылың — өзүң менен тамыр.
- Киши аласы ичинде, аны сыртынан билиш кыйын.
- Киши аты — терчил, киши кийими — кирчил.
- Киши аты терчил, киши кийими кирчил.
- Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
- Киши кишинин баркын көбүнчө айрыларда билет.
- Киши өзү тойсо да, көзү тойбойт.
- Киши өлөт, жакшылыгы калат.
- Киши сүйлөшкөнчө, жылкы кишенешкенче.
- Киши сыры анын иштеген ишинен билинет.
- Киши уулу эсиргенде, анын арты кырсык алып келет.
- Киши эмес киши сөз эмес сөздү сүйлөйт.
- Кишиге киши тең эмес, чийкиге бышык тең эмес.
- Кишиге көр казсаң, кең каз.
- Кишиге ор казсаң тайыз каз, өзүң ыргып чыгарга.
- Кишиге ор казсаң, өзүң түшөрсүң.
- Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаң ишинен бил.
- Кишини киши аксатат.
- Кишини өлтүрсөң, таанып өлтүр.
- Кишинин аты терчил.
- Кишинин баарын өз нүкумуң менен ченебегин.
- Кишинин жумшагын киши жейт, жыгачтын жумшагын курт жейт.
- Кишинин кишиси бар, бышуунун чийкиси бар.
- Кишинин кулагын кессең, бирөөгө кийиз кескенче көрүнбөйт.
- Кишинин өз майы өзүнө эм.
- Кишинин өзүнө караба, сөзүнө кара.
- Кишинин шайтаны киши.
- Коён — коңулчул, теке — тоочул.
- Коён көлөкөсүнөн коркот.
- Коён өз көлөкөсүнөн коркот.
- Коён териси бир күнүчарыкка чыдаптыр.
- Коёндон корккон аюуга жолугат.
- Коёнду жатагына чейин билет.
- Коёнду камыш өлтүрөт, азаматты намыс өлтүрөт.
- Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт.
- Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
- Коёнду көп коркутса — арстан болот.
- Коёнду кубалай берсе баатыр боло баштайт.
- Коёндун кош кабыргасын барда аяйынбы, жокто аяйынбы.
- Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр.
- Коёндун териси деле бир күн чарыкка чыдаптыр.
- Кожонун бергенин коюнга сал.
- Кожонун ичинде кожосу бар, кээ кожонун үйүндө молдосу бар.
- Кожонун курсагы ток, кулу менен иши жок.
- Кожонун өзү тойсо да көзү тойбойт.
- Кожосу колго түшсө, кошоматчы кайда барат.
- Кожоюн — коноктун малайы.
- Кожоюн корк этет, малайдын жүрөгү болк этет.
- Козголбой жатып өлгөнчө, козголуп жатып өл.
- Козусунда сүткө тойбогон, токтусунда түрткүсүн койбойт.
- Козусунда тойбогон, токтусунда да уңчулугун койбос.
- Кой аксагы менен жүз.
- Кой аксагы менен миң.
- Кой баккан конок күтөт.
- Кой дедим калдым балаага.
- Кой десе, коруш алган.
- Кой жеген бөрү коңулда, койчусу калды куугунга.
- Кой каргышы бөрүгө жетпейт.
- Кой көтөрөт өлүмдү, журт көтөрөт көңүлдү.
- Кой оозунан чөп албаган момун.
- Кой өрүшү короодон.
- Кой семизи — койчудан.
- Кой уурдаган, төө уурдайт.
- Кой үстүнө торгой жумурткалаган заман.
- Койго — бычак, кызга — кучак.
- Койдон койдун неси артык (кем)? кол башындай эти артык (кем) эрден эрдин неси артык (кем)? эптеп айткан сөзү артык (кем).
- Койду ала кыркса, жүндүн берекеси болбойт.
- Койду кортук бузат.
- Койду курбан бүлдүрөт, элди султан бүлдүрөт.
- Койду серке баштайт, оюнду эрке баштайт.
- Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт.
- Койнуңан төгүлсө, кончуңа.
- Койчу көп болсо, кой арам өлөт.
- Койчунун — таягынан, келиндин — аягынан.
- Койчунун кызы кой келгенде иш кылат.
- Кокуй коңшудан качып кутул.
- Кокуй менен кой багат.
- Кокуйдун кошкон кошогу, наалаттын салган төшөгү.
- Кокуйдун үстүнө алат эми башталды.
- Колго түшкөн баатырдын башын чабыш — канкордук.
- Колго түшкөн коёнду, коё берген болобу.
- Колдо жоктун айынан, колтойгон уулум бой жүрөт.
- Колдо жоктун кордугу чоң.
- Колдон келбеске асылып, жетпести кууган менен да болбойт.
- Колдон мал, аяктан аш кетсе — өлүм.
- Колдон намыс кеткенче, канжыгага баш байла.
- Колдон намысты кетиргенче, башты кетирген артык.
- Колдоо бар алтындын баркы жок.
- Колдошконду кудайым колдойт.
- Колдун беш манжасы (бармагы) тең эмес.
- Колдун кири жууса кетет, көңүлдүн кири жуусаң да кетпейт.
- Коломтону кошо келсе жер болот, алачыкты кошо келсе айыл болот, айылды кошо келсе калдайган калың эл болот.
- Колу ачыктын жолу ачык.
- Колу байлангандын тили байланбайт.
- Колу жетпеген кудайчыл.
- Колу жок — кор, буту жок — зар.
- Колу жокко найзанын кереги эмне.
- Колу кыймылдабагандын, оозу да кыймылдабайт.
- Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт.
- Колу кысканын, тону кыска.
- Колу менен берип, аягы менен суу болот.
- Колу менен жасаган, мойну менен тартат.
- Колу менен иштебеген оозу менен орок орот.
- Колу менен иштеген мойну менен көтөрөт.
- Колу ойногондун оозу ойнойт.
- Колу устанын сөзү нуска.
- Колунан иш, тилинен сөз качып кутулбайт.
- Колунан кара таш келбейт, элдин баарын мен билем дейт.
- Колунда жок — комсок, койнунда жок эрсээк.
- Колунда иши бардын кайырмагы сууда.
- Колунда талканы бар бала — сүйгүнчүктүү.
- Колунда токочу (же талканы) бар бала сүйгүнчүктүү.
- Колуң жетпесе, колтугуңду созбо.
- Колуң көтөрбөс чокморду белиңе байланба.
- Колуң менен иштебей, оозуң менен орок орбо.
- Колуң менен кылсаң мойнуң менен тартарсың.
- Колуң менен кылсаң, мойнуң менен көтөрөрсүң.
- Колуңда болсо жакын көп.
- Колуңда жүрүп билинбейт — камчыдан артык курал жок, койнуңда жүрүп билинбейт — катындан артык тууган (же душман) жок.
- Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө, алыстан келээр коноктун, кабарын укпай күтүнбө.
- Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт.
- Комуз сынды — ыр жок, көңүл сынды — сыр жок.
- Комузчу комузчуну көрсө, колу калтырайт.
- Конгон жерге коргон сал, түнөгөн жерге түркүк как.
- Коно жатпай кепке тойбойт, кой союлбай этке тойбойт.
- Коногу күчтүү болсо, кожосун бийлейт.
- Коногу пейил күтсө, үй ээси капа болот.
- Коногум сен «эт» дебегин, мен «кет» дебейин.
- Коногум үйүңдү ойлой отур, кулу — бийиңди ким билет.
- Конок — болжолсуз, өлүм — сураксыз.
- Конок (мейман) кирсе эшиктен, ырыскы кирет тешиктен.
- Конок «тойбодум» дебейт, «сойбоду» дейт.
- Конок аз олтуруп, көп сынайт.
- Конок айтып келбейт, өлүм кам жедирбейт.
- Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт.
- Конок бар жерде береке бар.
- Конок бир күн консо — кут, эки күн консо — жут.
- Конок бышты десе, ала бакандын башындагы эт да бышат.
- Конок бышты десе, алабакандагы эт бышат.
- Конок деген койдон жоош, козу сойсо жей берет.
- Конок каадасы кылгыла.
- Конок койдон жоош, май берсе жей берет.
- Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
- Конок койдон жоош.
- Конок конбой кетпейт, чакырып кондурганга жетпейт.
- Конок конгон жеринде оор, таш түшкөн жеринде оор.
- Конок конокту сүйбөйт, үй ээси баарын да сүйбөйт.
- Конок конокту сүйбөйт, үй ээси баарын сүйбөйт.
- Конок тандап конот, ууру жашынып уурдайт.
- Конок үч болсун, үчтөн ашса жүз болсун.
- Конокко аш кой, эки колун бош кой.
- Конокко жатып жаздык, ийилип төшөк боло көр.
- Конокко колуңда барыңды бер.
- Коноктон коруганың кокуйга жем.
- Конокту аткар, балаадан куткар.
- Конокту аткар, башыңды куткар.
- Коноктун алдына (конокко) аш кой, эки колун бош кой.
- Коноктун атасын эт өлтүрүптүр, чечектин атасын бит өлтүрүптүр.
- Коноктун да өз ырыскысы бар.
- Конооруңдан мурда конушуңду камда.
- Конуш акысын төө кайтарат.
- Конуш алгыча, коңшу ал.
- Конуш алгыча, өрүш ал.
- Конуш издебе, кошуна изде.
- Конуш тандаардан мурда коңшу танда.
- Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат.
- Коңшулуктун белгиси — алыш-бериш, досчулуктун белгиси — барыш-келиш.
- Коңшунун азары болсо да, безери болбойт.
- Коңшунун ити коншуну тиштебейт.
- Коңшунун өрдөгү да каздай, катыны да кыздай.
- Коңшуң коркок болсо, өзүңдү үркүтүп өлтүрөт.
- Коңшуң көр болсо көзүңдү кыс.
- Коңшуң көр болсо, көзүңдү кысып жүр.
- Коңшусу жаман үйүн сатат.
- Кообуң кайдан болсо, катарың ошондон.
- Коогадан теңир сактаар.
- Коогалуу күн кезек күттүрбөйт.
- Коон коондон көрүп ыраң алат.
- Коон үзгөндө жолдош элек, бозо сүзгөндө унуткансыңбы.
- Коончуга бочоктун зарылдыгы жок.
- Коргондуу жердин ору бар, улуктун катта зору бар, экинин бири болбогон кембагал элдин шору бар.
- Коргону бөлөк көктөлбөйт, көңүл бөлөк эптелбейт.
- Кордук — оору, муңдук — өлүм, зарлык — жокчулук.
- Кордук өмүрдөн, эрдик өлүм артык.
- Корккон көлөкөсүнөн да коркот.
- Коркконго бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
- Коркконго дабыштын баары жоо.
- Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт.
- Коркконго кош көрүнөт.
- Корккондон баатыр болот.
- Корккондон жүрөк айрылбайт, кубангандан маңдай жарылбайт.
- Корккондун көзү чоң, акмактын сөзү чоң.
- Коркок жанын сактайт, чоркок малын бакпайт.
- Коркок иттин капканынан үргөнү катуу.
- Коркок кандын башында туулга турбас.
- Коркок көзгө кыпын үйүр.
- Коркок мактанса — колдон өлөт.
- Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
- Коркок чындап корксо, өз кулагынан өзү коркот имиш.
- Коркокко кош көрүнөт.
- Коркокко кырга чыккан жалгыз тал жоо көрүнөт.
- Коркокту өлүм өзү издеп табат.
- Коркокту үч жолу коркутсаң, баатыр болот.
- Коркоктун — аты Жообасар.
- Коркоктун асылы болгончо, баатырдын жесири бол.
- Коркоктун баары корунчаак.
- Коркоктун барынан жогу.
- Коркоктун иши так болот.
- Коркпогондон корк, уялбагандан уял.
- Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
- Коркунучтан келе элегинде корк.
- Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа.
- Коросон бычак кол кесет.
- Кортук кочкор төл бузат, куйту киши эл бузат.
- Корукчу коон түгөтөт.
- Котур — колдон, жоор — жондон.
- Котур ташы койнунда.
- Котур төө чычырканакка сөйкөнсө, кычуусу канат.
- Котурдун үстүнө чыйкан, кокуйдун үстүнө наалат.
- Кочкор болор козунун маңдай жагы дөң болот.
- Кошконго үйүр эмес, сүйгөнгө үйүр.
- Кош-кош десе, куяң кой кошокко кошулат.
- Кошомат кой сойдурат же кошоматка кой соёт.
- Кошоматка кой соёт.
- Кошоматчыга кой сойдурба.
- Кошуна — кошунанын күзгүсү.
- Кошуна болсоң — жөлөк бол, болбосоң — бөлөк бол.
- Кошунаң сокур болсо, бир көзүңдү кысып өт.
- Кошунаң сокур болсо, бир көзүңдүжуумп өт.
- Кою барга сарт келди, кою жокко дарт келди.
- Кою бирге — короолош, буудайы бирге — ороолош.
- Кою бирге короолош, эгиндери ороолош.
- Кою көптүн ою көп.
- Коюн алдырган короосуна сак болот (же короосун бекитти).
- Коюндан төгүлсө, кончко.
- Көбүнө шүгүр, азына канаат кыл.
- Көбүрөөк билгиң келсе, аз укта.
- Көгөөндөн бий койсоң, көзүңдү оюп жейт.
- Көгөөндөн бий койсоң, көтөнүңдү оюп жейт.
- Көз — коркок, кол — баатыр.
- Көз — чырдын уясы, көңүл — сырдын уясы.
- Көз байлыкты эңсейт, көңүл чындыкты эңсейт.
- Көз жалтанган зор ишти кол бүтүрөт.
- Көз жетпеген жерге сөз жетет.
- Көз карыса да, көөдөн карыбайт.
- Көз коркок, кол — баатыр.
- Көз көрбөсө, жүрөк сүйбөйт.
- Көз көргөндү, көңүл тилейт.
- Көз көрсө, көңүл айныйт.
- Көз көрсө, көңүл каалайт.
- Көз көрүп кызыкканды кол баса албайт.
- Көз менен көргөн — чын, кулак менен уккан — күмөн.
- Көз менен көргөн чын.
- Көз сокурун дарыласа болот, көңүл сокурун дарылап болбойт.
- Көз учу менен көздөбө, зыян болот көзүңө, тил учунан сүйлөбө, зыяны келет өзүңө.
- Көзгө айтылган ак сөздү — көмө чаппа, көшөкөр түлкү көп сөздү — көмүскө бакпа.
- Көздөн аткан ок таамай, орундуу айткан кеп таамай.
- Көздөн кетет, жүрөктөн кетпейт.
- Көздөн кетсе да, көңүлдөн кетпейт.
- Көздөн көңүл көрөгөч.
- Көздүн көргөнүнөн кулактын укканы көп.
- Көздүн курчу болот, сөздүн мурчу болот.
- Көздүн сокуру көрөт, көкүрөктүн сокуру көрбөйт.
- Көзсүз күнүң өтөөр, элсиз күнүң өтпөс.
- Көзү ачык көптү көрөт.
- Көзү бозоргон там сүзөт.
- Көзү жамандын сөзү жаман.
- Көзү жок көгөөн, башы жок балапан.
- Көзү жоктун өзү жок.
- Көзү сокурга жолуксаң — жолук, көкүрөгү сокурга жолукпа.
- Көзү сокурдан көңүлү сокур жаман.
- Көзүжокко көргөзсө да, билбейт.
- Көзүжоктун теңири бар.
- Көзүм барда «дурус» деген сөз укпай, көзүм жокто «сонунуңду» не кылам.
- Көзүм көрбөсө, көтүмдү бөрүжесин.
- Көзүң ооруса колуңду тый, ичиң ооруса оозуңду тый.
- Көзүң ооруса колуңду тый, ичиң ооруса тамагынды тый.
- Көзүң чалыр болсо да, сөзүң, кыңыр болбосун.
- Көзүңдөн оюң алыс көрөт.
- Көзүңдү бирөө сүйлөп берсе, оозуңду кычыштырба.
- Көзүңө чөп салган, душмандыктын белгиси.
- Көйнөгү башканын көөнү башка, чапаны башканын санаасы башка.
- Көйнөгү кирдин көөнү кир.
- Көйнөгү көөлүүнүн тамагы майлуу.
- Көйнөгү экөө болсо, көңүлү төртөө.
- Көйнөк берсең бу жайда, көлөкө болот ти жайда.
- Көйнөк тердебесе, талаа гүлдөбөйт.
- Көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет.
- Көйрөң ат минсе чабат.
- Көк байтал минген — сергек, көгүчкөн аткан — мерген.
- Көк байтал минген сергексийт, көгүчкөн аткан мергенсийт.
- Көк жал сөзү митедей.
- Көк итти көп ит талаптыр.
- Көкөлөй учат көк кытан, дүнүйө жалган бир тутам.
- Көкөтөйдүн ашы — көп жаңжалдын башы.
- Көкөтөйдүн ашы бул, көп жаңжалдын башы бул.
- Көктө жарык жылдыз көп, кара сууда кундуз көп.
- Көктөгөн жетилет да, жетилген кетилет.
- Көктөн тилегеним жерден табылды.
- Көкүрөгү сокур менен алгыча, көзү сокур менен алсын.
- Көкүрөгүн жоготкондон көзүн жоготкон артык.
- Көкүрөк ачык болсо — көңүл ачык болот, көңүлүң каш болсо — ичкениң таш болот.
- Көкүрөк чечен болсо, көзү көрүп не кылат.
- Көл таянычы — жер, көсөм таянычы — эл.
- Көл таянычы жер, көсөм таянычы эл.
- Көл толгондо чайпалат.
- Көл чайкалса көбүгү бетине чыгат, эл чайкалса — тентеги четине чыгат.
- Көлгө кушуң түшпөсүн, жаманга ишиң түшпөсүн.
- Көлдө жүргөн коңур каз, чөлдүн баркын билеби.
- Көлдү бороон толкутат, элди эселек толкутат.
- Көлдү бороон толкутат, элди эси жок толкутат.
- Көлдү көрбөгөн көлчүккө таңыркайт.
- Көлөкөгө карап, тон бычпайт.
- Көлөкөгө тон бычкан.
- Көлөкөдө жаткан ит, күндү көрүп үрөт.
- Көлөкөдөгү көк күчүк арабаны мен сүйрөп баратам дейт.
- Көлөкөңдү кууба, жел менен жарышпа.
- Көлтөйгөн лөк — көгөргөн (түпсүз) көлдөй көк болот.
- Көлүгүнө жараша — жүгү.
- Көлүнөн безген каз оңбос, элинен безген эр оңбос.
- Көлчүк өзүн көл ойлойт.
- Көмүр өчүрүп көө болгон, бир токойго ээ болот (болгон).
- Көмүрчүгө темирчи үйүр.
- Көмүскө достон көрүнөө душман артык, көнбөгөн бейишиңен, көнгөн тозогум артык.
- Көнбөгөн жер — көрүстөн, көнгөн жер кемби бейиштен.
- Көңүл — сөздүн сандыгы.
- Көңүл каалабаса, себеп көп.
- Көңүл картайбайт, көз картаят.
- Көңүл ооруткан — наадандык, көңүл көтөргөн — адамдык.
- Көңүлдөгү сырды көз билдирет.
- Көңүлдүү коңшуга ызалуу сөз айтпа.
- Көңүлсүз көздөн жаш чыкпайт.
- Көңүлү бузук башкалардан айып издейт.
- Көңүлү куунактын өмүрү узак.
- Көңүлү тынар көп элдин (көпчүлүк), көзгө толор (токтоор) эр чыкса.
- Көңүлүм келсе көлдөймүн, келбесе такыр чөлдөймүн.
- Көңүлүмө жагат деп көрүнгөн менен дос болбо.
- Көңүлүңө жакканды, дүлөй да угат.
- Көөдөнү жукадан, чөнтөгү жука артык.
- Көөлдөгөн киши көңүлгө карабайт.
- Көөрүктүн оту тутанбайт, көп жагынан жел чыкса.
- Көп — коркутат, терең — батырат.
- Көп адашпайт, көлөкө карматпайт.
- Көп акмактын агасы болгончо, бир акылмандын иниси бол.
- Көп акча көздү көр кылат.
- Көп алгың келсе, көп иште.
- Көп аткандан мерген болбойт, көп сүйлөгөндөн чечен болбойт.
- Көп аялдуунун кокую көп.
- Көп баатырдан жоо кетет, көи чеченден доо кетет.
- Көп байкаган көсөм, сөз байкаган чечен.
- Көп бар жерде сын бар, сын бар жерде чын бар.
- Көп баскан адам, бок басат.
- Көп баскан аяк бок басат.
- Көп баскан аяк чок басат.
- Көп бергенден аз берген; кечиктирбей бат берген (артык).
- Көп бергенден тез берген артык.
- Көп бергендин көөнү билет, аз бергендин өзү билет.
- Көп берекетке көп аракет керек.
- Көп билген — нуска болот, көп иштеген — уста болот.
- Көп билген аз сүйлөйт, аз билген көп сөз сүйлөйт.
- Көп билет деген жигит, башына коргон салганы.
- Көп билсең да, көптөн артык билбейсиң.
- Көп бириксе көл болот, көл каптаса сел болот.
- Көп бириксе токчулук.
- Көп дабыш кошулса, бир дабышты жок кылат.
- Көп душманың болсо, көз ирмебес эр болгун.
- Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
- Көп жашаган куу (же карт) түлкү капканга түшпөй койчу эмес.
- Көп жашаган не билет, көптү көргөн шо билет.
- Көп жашта эмес, башта.
- Көп жойлогон куу түлкү, колго түшпөй койчу эмес.
- Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт.
- Көп жойлогон түлкү капканга түшөт.
- Көп жойлогон түлкү капканга түшпөй койбойт.
- Көп жылкынын ичинде, жетим кулун билинбейт.
- Көп ичкендин көөнү билет, аз ичкендин пейли билет.
- Көп иштесең, көсөм болорсуң.
- Көп каз башсыз учпайт.
- Көп кайгырган - дартка чалынат.
- Көп карынын ичинде бир бала болсо, даана болот, көп баланын ичинде бир кары болсо, бала болот.
- Көп көлдөтөт, аз чөлдөтөт.
- Көп көтөрбөй, жакшы болбойт, төр көтөрбөй күлүк болбойт, кой союлбай этке тойбойт.
- Көп көчүрүлгөн дарак бүрдөбөйт.
- Көп менен көргөн — той.
- Көп менен көргөнгө өкүнүч жок.
- Көп ойногон катындын бир ажалы чөптөн.
- Көп окуган көптү билет.
- Көп ооз сүйлөсө, бир ооз тек турат.
- Көп сөз — бок сөз.
- Көп сөз — көмүр, аз сөз — алтын.
- Көп сөз ич көптүрөт.
- Көп сөз чөп сөз.
- Көп суур ийин казбайт, ийин казса да кең казбайт.
- Көп сүйлөгөн жигиттин бир ажалы көптөн.
- Көп сүйлөгөн маңгилер, көзгө кирген тикендей.
- Көп сүйүнгөн — катуу кайгыраар.
- Көп тамчыдан көл болот.
- Көп төксөң кыкты, түшүм болот мыкты.
- Көп түкүрсө — көл, көл толкуса — сел.
- Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот.
- Көп түкүрсө, көл болот.
- Көп тыңдаган аз сүйлөйт.
- Көп тыңша, аз сүйлө.
- Көп уктаган көптөн кур калат.
- Көп үйлөсө жел болот, көп ыйласа сел болот.
- Көп чогулса калмак каны — Ажаанды кармайт.
- Көп чогулса көл болот.
- Көп ыйлаактын көзү жаман, көп сүйлөөктүн сөзү жаман.
- Көпкө аз түтпөйт.
- Көпкө белгилүүнү келиштирип айтуу кыйын.
- Көпкө кан чачпа, топко көө тартпа.
- Көпкө кубанба, азга ыйлаба.
- Көпкө ык келсе, кан төөсүн соет.
- Көпкөн жигит (же киши) басыгынан байкалат.
- Көпкөн жигит (уул) көп сүйлөйт, чечен жигит бап сүйлөйт.
- Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт.
- Көпкөн киши басышынан байкалат.
- Көпкөн, көпкөндүн өлүмү (же жазасы) көптөн.
- Көпкөндүн көчүгүнөн чыгат.
- Көпсөң — жарыларсың, толсоң — төгүлөрсүң.
- Көпсүнгөн жоону кыйын дебе, кайрат кылсаң жыгасың.
- Көптөгөн кыз аткарат, өмдөгөн жоо качырат.
- Көптөн качкан көмүүсүз калат.
- Көптөн көп акыл чыгат.
- Көптөн үмүт эткен аздан куру калат.
- Көптү азайтмак оңой, азды көбөйтмөк кыйын.
- Көптү жамандаган көмүүсүз калат.
- Көптү көрбөй көсөм болбойт, көп сүйлөбөй чечен болбойт.
- Көптү көргөн, көнөктүн түбүн тешкен.
- Көптү көргөндөн сөз оку, көөнөрбөс кылып бөз току.
- Көптүн көзү көрөгөч.
- Көптүн көөнүн эриткен көрөңгөлүү сөз болот.
- Көптүн оозу күбөлүү да дубалуу.
- Көптүн пикири — көрөгөчтүн өзү.
- Көптүн тилеги — көл.
- Көпчүл болсоң өсөсүң, кекчил болсон — өчөсүң.
- Көпчүлүк бар (болгон) жерде токчулук бар (болот).
- Көпчүлүк бир уучтан берсе тойгузат, көпчүлүк бир муштан берсе өлтүрөт.
- Көпчүлүк деген көл да.
- Көпчүлүк жөөлөсө, канкор кан өкүмүн коёт.
- Көпчүлүк камын ойлосоң — озосуң, өз камынды ойлосоң — тозосуң.
- Көпчүлүк көөлөсө, сараң бай төөсүн соёт.
- Көрбөгөн көздөн тамдын тешиги жакшы.
- Көрбөгөн ой — чукур көп.
- Көрбөгөн төөнү да көрбөйт.
- Көрбөгөнгө көтөн таң, көк ала итке куйрук таң.
- Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа.
- Көрбөйт деп, ууру кылба.
- Көрбөс (же көрбөгөн) төөнү да көрбөйт.
- Көрбөстү көрбөй көзүңө сак бол, айтпасты айтпай оозуңа сак бол.
- Көргө — көрсөтпө, керге — угузба.
- Көргөн — көргөнүн кылат, көсөө — түрткөнүн кылат.
- Көргөн көздүуккан кулак жеңиптир.
- Көргөн көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
- Көргөнү жаман бергенин алат (же доолайг).
- Көргөнүн жазбай так айтат, ырчылардын устасы.
- Көргөнүңдөн — көрө элегиң көп, укканыңдан уга элегиң көп.
- Көргөнүңдөн көрө элегиң көп.
- Көрдүм деген көп сөз, «көрбөдүм» деген бир сөз.
- Көркөм өнөр — касиеттүү күч.
- Көрктүүнү көрүп алганча, сүйгөнүңдү сурап ал.
- Көрктүүнү көрүп алганча, тектүүнү сурап ал.
- Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот.
- Көрөөр күнү бардын, ичээр суусу болот.
- Көрпөнү күндө күбүсө — түлкү, түлкүнү күндө күбүсө — күлкү.
- Көрсө — барымта, көрбөсө — сыйрымта, барып алып кел.
- Көрсө барымта, көрбөсө сыйрамта, барып алып кел.
- Көрүнгөн адамдан карыз сурабай жүр.
- Көрүнгөн өз эмес, өз бирдей эмес.
- Көрүнгөн тоону бийик дебе, аракет кылсаң чыгасың.
- Көрүнгөн тоонун ыраагы жок.
- Көрүнгөнгө ыйлаган көзсүз калат.
- Көрүнөө зордук — башкы кордук.
- Көсөм чыккан адамдар, көрөңгөлүү сабаадай.
- Көсөө — кудай буйругу, сакал — иттин куйругу.
- Көсөө түндө сүйүнөт, катыны сулуу күндө сүйүнөт.
- Көсөө узун болсо кол күйбөйт, көп молдо болсо, жол тийбейт.
- Көсөө узун болсо, кол күйбөйт.
- Көсөөнү (ууруну) үйгө киргизбе, көчүгүн жерге тийгизбе.
- Көсөөнүн акылы түштөн кийин кирет.
- Көсөөнүн акылы түштөн кийин.
- Көтөнү бөлөктү көктөсө болбойт, жатыны бөлөктү жамаса болбойт.
- Көтөрүлбөй жакшы жүр, элге келген убакта.
- Көтөрүм көтөрүлсө, көч алдын бербейт.
- Көтөрүп сууга салган жаман, көз салбаган тууган жаман.
- Көч — көчтөн кабар келсе, уйкунун тынчы кетет.
- Көч жүрө — жүрө түзөлөт.
- Көч жүрө албай токтолот, көз учкан бийик бел чыкса.
- Көчкөн журттун баркын, конгон журтуңда билесиң.
- Көчкөн журттун кадыры конгон журтта өтөт.
- Көчкөндөн — отун артат, өлгөндөн — катын артат.
- Көчкүдөн сагызган гана кутулуптур.
- Көчмөк, конмок жерге сын, качмак, куумак эрге сын.
- Көчөрман болсо, журтту жамандайт.
- Көчөт тиккен көлөкөлөйт.
- Көчсө — көттө, консо — четте.
- Көчүктү кыскан бай болот.
- Көчүп кордук кылганча конуп турук кыл.
- Куда — сөөктүн кызыгы — барып, келиш.
- Куда болгуча кулу — бийиңди сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш.
- Кудага алыстан сыйлаш.
- Кудай берген бактыны кудай кыркты.
- Кудай берген кишиге кудай урган киши асылат.
- Кудай берейин десе эки кулагын тең кесип берет.
- Кудай берейин десе, казынасы кенен.
- Кудай бирөө, кезек экөө.
- Кудай деген кул ачка өлбөйт.
- Кудай деген кул өлбөйт, тамекиден пул өнбөйт.
- Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот.
- Кудай кулум десе, байгамбар чычып жиберет.
- Кудай кулум десе, Мухаммет үмөтүм дебей турган чарасы жок.
- Кудай кулум десе, Пайгамбар үмөтүм дебей, айласы канча.
- Кудай кулум десе, Пайгамбар үмөтүм дебеске аргасы жок.
- Кудай кылайын десе кулду баш кылат, ак падышаны кара кылат.
- Кудай кылганга кудай урган теңелет.
- Кудай кылды, куш кылды, курган эрге туш кылды.
- Кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы.
- Кудай кылса, кайкы бээ жорго болот.
- Кудай кылса, кубаарыңдын акысы жок.
- Кудай малыңды алса да, абийириңди албасын.
- Кудай сактаган токтуну бөрүжебейт.
- Кудай сүйгөн куда, пайгамбар сүйгөн дос болот.
- Кудай ураар жигитке кумгандай жүрөк жаралат.
- Кудай ураар кишиге, кумгандай жүрөк пайда болот.
- Кудай урар кишини кырк биринде таз кылат.
- Кудай урганды кошо ур.
- Кудай чоң, кудайдан соң дүйнө чоң.
- Кудайга ишенген жөө калат.
- Кудайга ишенген курсагы тойбойт.
- Кудайга ишенген куру калат.
- Кудайга сунган кол жетпейт, падышага айткан сөз өтпөйт.
- Кудайга сунган кол жетпейт.
- Кудайдан коркпогондон корк.
- Кудайды көрбөсөң, акылың менен тааны.
- Кудайдын «ме» деген үнү угулбайт, берген колу көрүнбөйт.
- Кудайдын бергенин билбейт, урганын билет.
- Кудайдын буйругу кумдан көп, аны аткарган адам жок.
- Кудайдын буйругу чачтан (же кумдан) көп, аны кылган (аткарган) киши жок.
- Кудайдын буйругусуз кумурсканын бели сынбайт.
- Кудайдын каргышы тийген жыгачты тегирмендин шакылдагы кылат.
- Кудайдын көзү түшкөнгө, пайгамбардын сөзү түшөт.
- Кудайдын кулагы сүйүнсүн.
- Кудайдын күнү кумдан көп, буюрганын жашайсың.
- Кудайчынын куржуну толбойт.
- Кудайыңа ишенсең, жөө каласың.
- Кудаң алыс болсо, сыйлуу болосуң, кудаң жакын болсо, чырлуу болосуң.
- Кудукка талкан чалууга болбойт.
- Кудукка таш салууга болбойт.
- Кудукту көз жеткен жерден каз.
- Кузгун тарп көрбөсө, жүрө албайт.
- Кузгунга куда болсоң жегениң тарп болор.
- Кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкүтең орток.
- Куйма кулакка айтсаң, куюп алат, акма кулакка айтсаң, агып кетет.
- Куйтунун сөзүн — куп дебе.
- Куйтунун үйү күйөт.
- Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту.
- Кул кулду тааныйт, шарыят жолду тааныйт.
- Кул кутурса байын урат, ит кутурса ээсин кабат.
- Кул кутурса кудукка кайырмак салат.
- Кул кутурса кудукка түкүрөт.
- Кул кутурса, өтүгү менен төргө өтөт.
- Кул күмүш тапса, коёрго жер таппайт.
- Кул менен жеген каймак кустурбай койбойт.
- Кулак уккан сасык сөз, жүрөккө барып муз болот.
- Кулак уккан сасык сөз, курсакка барып муз болот.
- Кулак укканды көз көрбөй койбойт.
- Кулак укканды, көз көрөт.
- Кулак укса суук сөз, курсакка барып муз болот.
- Кулак укса, курсак кайнайт.
- Кулакка кирген сасык сөз жүрөккө барып бир тиет.
- Кулактууга кеп айтса, кулагынын кашында, кулаксызга кеп айтса, куу бакырдын башында.
- Кулалы жыйып куш кылган, куранды жыйып журт кылган.
- Кулалыдай салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманда чалкып, бир жыл өмүр сүр.
- Кулан кудукка түшсө, кур бака айгыр.
- Куланды үйрөткөн эр, кулжаны эңген бүркүт.
- Куландын тиши — курчтун мизи.
- Кулда кулак жок.
- Кулдай иштеп, хандай жаша.
- Кулдун башы мукул, аягы — тукул.
- Кулдун жаны иттин жаны менен тең.
- Кулдун мойну жоон, күчүжок, курсагы бир тойсо, дүйнө менен иши жок.
- Кулжанын куулугу «түшөт» деп, түлкү ачка өлүптүр.
- Кулжанын куулугу түшөт деп, түлкү ачкадан өлүптүр.
- Кулпу күчтүү эмес, ачкыч күчтүү.
- Кулча иштеп, бийче же (ич).
- Кум жыйылып таш болбойт, кул жыйылып баш болбойт.
- Кум кулакка куйсаң болбойт.
- Кумарга ууру жолдош.
- Кумардын түбү — өкүнүч.
- Кумурска бириксе, арстанды да алат.
- Кумурска да төөнүн өркөчүнө чыккысы келет.
- Кумурска кичинекей болсо да, кайраты тоо аңтарат.
- Кумурсканын уюгуна жыгач салба (же көөлөбө).
- Кунаажын көзүн сүзбөсө, букачар мурдун да чүйрүбөйт.
- Кунаажын көзүн сүзсө, бука жибин үзөт.
- Кунажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт.
- Купуя сөз — эл жобо күткөн жырым.
- Кур аякка бата жүрбөс, экөө бирөөнү күтпөс.
- Курал иштебейт, уста иштейт.
- Курама темир курч болот.
- Куран кудайдын тили дешет.
- Курандын сөзү — кудайдын сөзү.
- Кургак сөз там жарат, куру кайрат баш жарат.
- Курдаштын кудайы бир.
- Курсагы ач курушат, акылы аз урушат.
- Курсагы ачкан — урушчаак.
- Курсак ачканда көз киртеет.
- Курсак ток болсо, колун, (же тилиң) шок болот.
- Куру аякка бата жүрбөйт.
- Куру жерден өрт чыкпайт.
- Куру жүлүш — күлүшпү, куру жүрүш — жүрүшпү.
- Куру кайгыдан пайда чыкпас, кайгыңды кайгы экен деп эч ким укпас.
- Куру кайрат баш жарат, кур кыйкырык таш жарат.
- Куру намыс көрк бербейт.
- Куру сөз курсак тойгузбайт, куру кеп кулакты тойгузбайт (кулакка жакпайт).
- Куру сөздөн (соодадан) маани чыкпайт.
- Куру сөздөн май чыкпайт, курумшудан тон чыкпайт.
- Куру суудан май чыкпайт, куру сөздөн маани чыкпайт.
- Куру убададан курсак тойбойт.
- Курут десе куу баштан суу чыгат.
- Курч кетилет, чарыкка кармаса жетилет.
- Куттуу конок келсе, кой эгиз табат, кутсуз конок келсе, койго карышкыр чабат.
- Куттуу үйдөн кур чыкпа.
- Кутургандан кутулгандын өзү — акыл.
- Куу алган кушка сын жок.
- Куу түлкү капканга кош буттап түшөт.
- Куубаш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
- Кууга куу намаз шамда жолуксун.
- Кууган да кудай дейт, качкан да кудай дейт.
- Куур тондун ичинде куурасын жигит өлбөсүн, тери тондун ичинде тердесин жигит өлбөсүн.
- Куураган кезде кумар жазуу — кудай берген ырыскы менен тең.
- Куурай чыкпас куу такыр, куурай чыгып бергенде кулан чуркап өтө албайт.
- Куурайды бирден сындырган оңой, тобу менен сындырмак кыйын.
- Куурдактын акесин төө сойгондо көрөрсүң.
- Куучуюп бай болгончо, колу ачык кедей бол.
- Куш баласы кырымга карайт, ит баласы жырымга карайт.
- Куш жаңылса (ып) торго түшөт, эр жаңылса (ып) (жыгылып) колго түшөт.
- Куш жаңылса, торго түшөт, эр жаңылса колго түшөт.
- Куш жемге алданат, адам сөзгө алданат.
- Куш жемине кайрылат, эр элине кайрылат.
- Куш жемине какабайт.
- Куш канаты менен конот, гүлдөр ысыкта соолот, жокчулукту эмгек жоет.
- Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот.
- Куш төрөсү — буудайык, ит төрөсү — кумайык.
- Кушта сүт жок, кудай өзү асырайт.
- Кушту жырткыч кылган тырмагы, кишини сүрдүү кылган мансабы.
- Куштун алганынан салганы кызык.
- Куштун да туулган уясы бар.
- Куштун сырын мүнүшкөр билет.
- Кушу жоктун турумтайы — шумкар, аты жоктун жаман тайы — тулпар.
- Куюшканга кыпчылган боктой болбо.
- Куюшканга кыпчылган боктой.
- Куюшканга кыпчылган тезектей болду.
- Күбөлүү сөз — никелүү катын (зайыптай).
- Күбөлүү сөз никелүү зайыитай.
- Күз — күрөш, жаз — жарыш.
- Күз — талаш маалы.
- Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе, жазгы күчүңдү атаңды өлтүргөндөн да аяба.
- Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе.
- Күзгү муздун күзгүдөйүнөн качпа, жазгы муздун жабыктайынан кач.
- Күзгүгө үйүр — боюн түзөйт, күмөн болгон — оюн түзөйт.
- Күзөттө көзүң илинсе жоого өзүн илинесиң.
- Күзүндө үркүп калат, жазында илкип калат.
- Күзүндө чыгынбаган, кышында жылынбайт.
- Күйбөгөнү күл болду, көрбөгөнү көр болду.
- Күйгөн катын — кошокчул (же күйгөн катын — кошокчу).
- Күйгөн катын кошокчул болот.
- Күйгөн менен өткөнгө өкүнгөн болбос.
- Күйөө — жүз жылдык, куда — миң жылдык.
- Күйөө карыса — жээн.
- Күйөө карыса жээн болот.
- Күйөө келсе — кыз даяр, жүйөө келсе — баш даяр.
- Күйөө келсе, кыз даяр.
- Күйөөгө жетпей кыз тынбайт.
- Күйөөнү пайгамбарым сыйлаптыр.
- Күйөөнүн аты менен күл ташы.
- Күйөөңдүн көөнүн кирдетпе, күнүгө бизди тилдетпе.
- Күйөөңжаман болсо кызыңдан көр, келиниңжаман болсо уулуңдан көр.
- Күйөөсү молдо болсо, аялы ушакчы.
- Күйүттү күйүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.
- Күйүшөр тууган болбосо, күлө багып жатка жак.
- Күкүк өз атын өзү чакырат.
- Күкүктүн доошун эшитпей күн жайылып ачылбайт, күйүттүү болгон адамдын күндө добушу басылбайт.
- Күл жигит — ээси экен жылкынын.
- Күлбө карыга, келет башыңа.
- Күлгөнгө күттүрбөй өзүм барам деген ушул.
- Күлгөндү билбесен, ыржайба.
- Күлгөндү сурасаң билгени бар, ыйлаганды сурасаң өлгөнү бар.
- Күлгөндүн баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
- Күлгөндүн билгени бар, ыйлагандын көкүрөгүнө түйгөнү (же муңу) бар.
- Күлгөндүн билгени бар.
- Күлкү — ден соолуктун мүлкү.
- Күлкү — өмүргө күлазык.
- Күлкү ден соолуктун — мүлкү.
- Күлкүдөн — күлкү, кайгыдан — кайгы чыгат.
- Күлкүдөн да жаш чыгат.
- Күлкүдөн өлгөндүн арманы жок.
- Күлү додо болбоо жаман.
- Күлүк ат чапкан сайын арбытат.
- Күлүк жардыга туулуп, байга токтойт.
- Күлүк күнүндө, тулпар тушунда.
- Күлүк озбой, сулуу озбой, бак озот.
- Күлүккө күн салгыча, байталга бак берсин.
- Күлүктөн күлүк өтөт, күйүкпөгөнү марага жетет.
- Күлүктөн күлүк чыкса — төрт аягы тыбырайт.
- Күлүктү табына келтирген — саяпкер, кушту кыраан кылган — мүнүшкөр.
- Күлүктү таптайт саяпкер, сүрөөгө алат талапкер.
- Күлүп киргенден түнүлбө, күңгүрөнүп чыккандан түңүл.
- Күлүп сүйлөгөн адамдан корк, күлүмсүрөп жааган жамгырдан корк.
- Күлүп сүйлөгөн кишиден түңүл, тийип жааган күндөн түңүл.
- Күлүп сүйлөгөн кишиден түңүл, тийип туруп жааган күндөн түңүл.
- Күлүп сүйлөгөндөн түңүл, күн тийип жаагандан түңүл.
- Күмүш сахналуу чылым чегейин десең — эски шаарга бар, кайып болуп өлүп кетейин десең — пиян базарга бар.
- Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
- Күмүш ээр ак кабак, күмүшкө жайы болбосо, күмүшүн алып отко жак.
- Күмүш ээр ак кабат, ат жоорутар болгон соң — күмүшүн алып отко жак, күйүшөр тууган болбосо — күлүмсүрөп жатка жак.
- Күмүштү жыйган сен болдуң, күйүттү тарткан мен болдум.
- Күн жаабаса жер гүлдөбөйт, кумга тиккен жыгач бүрдөбөйт.
- Күн жаз, эт аз.
- Күн жаманга да жакшыга да бирдей тиет.
- Күн караган — суукка тоңот, бай караган — ачтан өлөт.
- Күн караган суукка тоңот, бай караган (ачтан өлөт) оңолбойт.
- Күн катаалы — күндө жаайт.
- Күн тегерек, сабы жок, күйөөрүмдүн табы жок.
- Күн тийген жердин күкүгү.
- Күн тийген жердин чоросу.
- Күн тийип туруп жааган күндөн түңүл, күнгүрөнүп сүйлөгөн кишиден түңүл.
- Күн чубактоо — жалкоолуктун белгиси.
- Күндө келген — күл ууртайт, айда келген — май ууртайт.
- Күндө Мамай чабылбайт, мендей кемпир табылбайт.
- Күндө тийгендей күн белем, айда тийгендей ай белем.
- Күндө тийгендей Күн эмес.
- Күндө эт жеген киши мал күтөбү (күтпөйт), айына бир жолу эт жебеген киши жан күтөбү (күтпөйт).
- Күндү бузган ала булут, элди бузган ушакчы чуут.
- Күндүзкү аштын (же тамактын) ортогу көп.
- Күндүк жолго чыксаң, айлык азык ал.
- Күндүк өмүрүң болсо (калса), түштүгүнө жорго мин.
- Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин.
- Күнөө кылбас киши жок — актанса да, сыр алдырбас киши жок — мактанса да, алтын көрсө периште жолдон чыгар.
- Күнү — күйүшкөн жоо, абысын — андышкан жоо.
- Күнү бүтпөгөндүн, ырысы түгөнбөйт.
- Күнүмдүк ишке кайгырба, түбөлүк ишке кайгыр.
- Күң саткан жерин төркүнсүйт.
- Күңгө күлө бакса, бир штандык бөз сурайт.
- Күңдүн көтүндө күмүш жылтылдайт.
- Күрөк кайда болсо, баштык ошондо.
- Күрөккө бок жокпу бок табылат.
- Күрөктүн издегени — бок, боктун издегени — күрөк.
- Күрүч (же шалы) сугарганда, күрмөк кошо суу ичет.
- Күрүчтүн (шалынын) аркасы (бээнеси) менен күрмөк суу ичет.
- Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет.
- Күүсү жанбас заман жок, күчү кайтпас адам жок.
- Күч — биримдикте.
- Күч айласын билбеген көчтө көлүк өлтүрөт.
- Күч акылга баш иет.
- Күч атасын тааныбайт.
- Күч бербеген тулпардан, сүт берген уй жакшы.
- Күч бербеген тулпардан, сүтүн берген уй жакшы.
- Күч бирдикте.
- Күч кетет, билим кетпейт.
- Күч күйөө жатканын калыңга тогойт.
- Күч күйөө уктаганын калыңга тогойт.
- Күч эшиктен кирсе, адилдик түндүктөн чыгат.
- Күчтү күч токтотот, сөздү сез токтотот.
- Күчтүн аздыгынан эмес, курсактын ачтыгынан.
- Күчтүү болсоң жердей бол — баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол — баарын жууп кетирген.
- Күчтүү болсоң, жердей бол — баарын чыдап көтөргөн.
- Күчтүү күчөнсө, күчүнө келет, күчүжок күчөнсө, бели мертинет.
- Күчтүү күчсүздү жеңет.
- Күчтүү менен күрөшпө, таалайлуу менен тартышпа.
- Күчтүү менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе.
- Күчтүү шамал же отту өчүрөт, же күчөтөт.
- Күчтүүнүн күнү тууса, күлөөгөчтүн алды катат.
- Күчүндү тилиңе (тишиңе) (ден) чыгарба, ишиңе (ден) чыгар.
- Күчүнө ишенген күчүркөнбөйт.
- Күчүңдү күлкүгө кетирбе, асылыңды эрмекке чаппа.
- Күчүңдү тилиңден чыгарбай, ишиңден чыгар.
- Күчүңө ишенбе, ишиңе ишен.
- Кыбыр киши жадатат, шыбыр сөз шектентет.
- Кыбыраган (кыймылдаган, жүрө — жүрө) кыр ашат.
- Кыбыраган кыр ашат.
- Кыбыраган кыраң ашат.
- Кыдыр назар кылбай, эшек базарында далдалчы.
- Кыз — башка үйдүн жарыгы.
- Кыз — конок.
- Кыз — кырк жылкы, эркек бала — ырыскы.
- Кыз баласы — кызыктырат, уул баласы — ууктурат.
- Кыз боозуп энесин коркутат (болбо).
- Кыз деген буйлалаган төө.
- Кыз жакшысы — жакадагы кундуз.
- Кыз жакшысы чалкакка тийген айдай, чыныга куйган майдай.
- Кыз жаманы — кыроо, кыз жакшысы — кымбат.
- Кыз жаманы — кыроо, уул жаманы — уйгак, келин жаманы — кетпес кезик.
- Кыз жети жашка келгенде энесин жергеге кошот.
- Кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
- Кыз жыргаар жерине ыйлап кетет.
- Кыз калыңсыз болсо да, каадасыз болбойт.
- Кыз конок, бүгүн өз үйүндө, эртең башка бирөөнүн үйүндө.
- Кыз күлүндөсө — кубангандык, санаа тынчыса — жубангандык.
- Кыз кылыгы менен жакшы, ийне учугу менен жакшы.
- Кыз кылыксыз болбойт.
- Кыз Кырымга (Крым) жеткизет, уул Урумга (Үрүмчү) жеткизет.
- Кыз маалында — бары жакшы, жаман катын кайдан чыгат.
- Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө — үч күн жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.
- Кыз сулуусу калмакта, сөз кычкылы саякта.
- Кыз турган үйдө кыл жатпайт.
- Кыз туудум — кыялын кошо туубадым, уул туудум — уздугун кошо туубадым.
- Кыз уяты — тартуу, ат уяты — сатуу.
- Кыз экенде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат.
- Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот, уул атадан үлгү албаса коркок болот.
- Кызара жортсоң, агара бөртөсүң (же саргара жортсоң, кызара бөртөсүң).
- Кызаргандын баары манат болот, кылган иштин баары адат болот.
- Кызга катылган кедей болот.
- Кызга кырк үйдөн тыюу, кымызга — бишкек.
- Кызга тийген кедей болот.
- Кызганба тамак, кызгансаң — таяк.
- Кызганган да күң, куру калган да күң.
- Кызганчаактыкын кызыл ит жейт.
- Кызганчаактын ашы ич оорутат.
- Кыздан жаман нерсе жок: өзгө эрибей, жатка эрийт, туздан жаман нерсе жок: майга эрибей, сууга эрийт.
- Кыздуу болсоң — көздүү бол.
- Кыздуу жерде — кыякчы, кымыздуу жерде — аякчы.
- Кыздуу киши кыр ашат.
- Кыздуу үй кылыктуу.
- Кыздуу үйгө — ырчы.
- Кыздуу үйдө - кыңыр сүйлөбө, уулдуу үйдө - узун сүйлөбө.
- Кызды берсең жашка бер, кучакташып ойносун.
- Кызды берсең корго бер, кызды алсаң зордоп ал.
- Кызды өпсөң — алма, шекер, бал татыйт.
- Кызды сураганга бер, кымызды ичкенге бер.
- Кыздын баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат.
- Кыздын жаманы иттен чыгарат.
- Кыздын көзү кызылда.
- Кыздын көңүлү (же көөнү) кызылда.
- Кыздын кыздай болгону.
- Кыздын кырк чачы улуу.
- Кыздын кыя тартып басканы — кыйбасына сөз айтканы.
- Кыздын сыры төркүнгө маалим.
- Кыздын сырын төркүнү билет.
- Кыздын төрүндө болгуча уулдун улагасында бол.
- Кыздын эркеси — биттин сиркеси.
- Кызмат — колдун кири.
- Кызматыңа карай урматың.
- Кызуу кандуулук менен убада бербе.
- Кызууну кымыз чыгарат.
- Кызы бар үй — кымызы бар саба.
- Кызы бар үй — кыялдуу үй.
- Кызы бар үйдө кыл жатпайт.
- Кызы бардын назы бар.
- Кызы бардын ыракаты бар.
- Кызы жаман болсо — жаш дейт, баласы жаман болсо — мас дейт.
- Кызыганды кымыз чыгарат.
- Кызый — кызый кыздын койнуна кириптир.
- Кызык сөз кызыганда чыгат.
- Кызыл — ала кекиртек кыйла жерге секиртет.
- Кызыл — кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет.
- Кызыл — кызыл кыялар, кыргый талга уялаар, акыр заман болгондо такыясын колго алып, кыз жигитти кубалаар.
- Кызыл козуга өткөргөн соодагерлердей болбо.
- Кызыл от кысыр болбойт (же калбайт).
- Кызыл от кысыр калбайт, кысырак кулун салбайт.
- Кызылды кийим дебеңер — аш-тойдо кийилер, кызды балам дебеңер — кайда өлгөнүн ким билер.
- Кызылдын баары шайы эмес, сарынын баары май эмес.
- Кызым кылыгыңан табаарсың.
- Кызым, колумдан учурган кушум.
- Кызыма ак халат жарашпайт, ага жакшы жигит жанашат.
- Кызымдын кулагына алтын сырга.
- Кызың жаман болсо, жети атаңа жетээр, «аттигиниң ай» деп өмүрүң өтөөр.
- Кыйкыргандан коркпо, кылтыйгандан корк.
- Кыймылдаган кыр ашат.
- Кыйнаган да тил, сыйлаган да тил.
- Кыйналганда киши өзүнүн ким экенин таанытат.
- Кыйналып табылган ырыскы — баалуу.
- Кыйналыштын артында жеңилдиги болот.
- Кыйнап минген атыңды, суук сууга сугарба.
- Кыйшык болсо да жол жакшы, калы болсо да кыз жакшы.
- Кыйшык болсо да көз жакшы, сокур болсо да уз жакшы.
- Кыйшык иш кырк жылдан кийин да билинбей койбойт.
- Кыйыктаса жумурткадан кыр табылат.
- Кыйындыкта жолдошуңду сакта, максаттуу иштен качпа.
- Кыйынчылык башка түшкөндө эски тааныш эске түшөт.
- Кыйыштырып каласаң — отун жанаар.
- Кыламыктан бут сынат, буламыктан тиш сынат.
- Кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп.
- Кыларга иши жок, саларга кушу жок.
- Кылганың бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.
- Кылгылыкты кылып коюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп.
- Кылды бакандай кылып көрсөтөт.
- Кылмыштуу катын эрине жорго, кийгени торко.
- Кылымга кеткен сөз калды, өзгөлөр кетип, өз калды.
- Кылып ичкен — кыйын аш, кыдырып ичкен — оңой аш.
- Кылыч — бирди, тил — миңди жыгат.
- Кылыч — курал эмес, акыл — курал.
- Кылыч жарасы — бүтөт, тил жарасы — бүтпөйт.
- Кылыч кында турса — кылча пайдасы жок, кырдаалы келсе — кызын берсе да табылбайт.
- Кылыч кындан чыкпаса, мусулман динден чыгат.
- Кылычтуу коркокту союлдуу баатыр жеңет.
- Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде, кандай киши шайланат.
- Кылычы курчтун кыйыры бек.
- Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңиптир.
- Кымбат сөз кыска айтылат.
- Кымыз — кишинин каны, эт — кишинин жаны, токоч — тоют, жарма — оокат.
- Кымыз — кишинин каны, эт — кишинин жаны.
- Кымыздан эки кесе ичкен — муңдук, айрандан эки кесе ичкен — шумдук.
- Кымыздуу үй — назар, кыздуу үй — базар.
- Кымыздуу үйдө — аякчы, кыздуу үйдө — кыякчы.
- Кымызды — ичкенге.
- Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер.
- Кымынды үйдөй, кылды тоодой көрсөтөт.
- Кына ташка чыгат, байлык башка жугат.
- Кыныккан киши тыныкпайт.
- Кыңыр иш — кырк жылдан кийин билинет.
- Кыпындан жалын чыгат, оюндан от чыгат.
- Кыраан учаарында, күлүк чуркаарында сынына чыгат.
- Кыргоол кызыл болот, куйругу узун болот.
- Кыргыек келбей күз болбойт, кыямга келбей иш болбойт.
- Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат.
- Кыргыз болуп туулган соң, кыргыз боло билели.
- Кыргыз сынчы келет, казак ырчы келет.
- Кыргызда — айран көп, оруста — майрам көп.
- Кыргызды артка тарткан — кайдыгерлик.
- Кыргыздыкы — кырк жылда.
- Кыргыздын атасын эт өлтүргөн.
- Кыргыздын шорпосу кырк жылда ооз күйгүзөт.
- Кыргында кан өлөт.
- Кыргында хан өлөт.
- Кырдаалың барда жигиттер, кызыгып ишке жарагын.
- Кырк (миң) күнкү сыпайкерчиликтен (мырзачылыктан), бир күнкү бакырчылык (иш) артык.
- Кырк жыл кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт.
- Кырк кадам бастырган кыяматтык жолдош.
- Кырк киши — бир жакта, кыңыр киши — бир жакта.
- Кырк күнкү сыпайкерчиликтен (же мырзалыктан) бир күнкү бакырчылык артык.
- Кырк эчкиге сексен теке.
- Кыркында кырдан аша албас.
- Кырманды кырк таптаган аз.
- Кырсык — каш — кабактын ортосунда.
- Кырсык — кырсыкты ээрчите жүрөт.
- Кырсык аяк астынан табылгандай, бакыт да айттырып келбейт.
- Кырсык деген аяк астында.
- Кырсык жалгыз келбейт.
- Кырсык чалар жигиттин жалгыз атын ууру алат.
- Кырсыкты «кайдан» деп болобу? Кырсыкты «кайдан» десе болбойт.
- Кырсыкты адам баласы күн мурунтан билбейт.
- Кырсыкты болжоп болбойт.
- Кырчаңгыга кырчаңгы үйүр.
- Кырчаңгынын таскагы кызыганда чыгат.
- Кыса (же кысас) кыяматка кетпейт.
- Кысасыз кыямат жок.
- Кыска жип байлоого жетпейт, малы жок жайлоого көчпөйт.
- Кыска жип же байлоого келбейт, же күрмөөгө келбейт.
- Кыска сөз чүйүндүү болот.
- Кыска сөздүн көп мааниси бар.
- Кысыр уй мөөрөк болот.
- Кытай кыйнаганына төө кайтартат.
- Кытыгысы келсе, кычыша бербейби.
- Кыш азыгын жайда камда.
- Кыш арабаңды дайында (шайла), жай чанаңды дайында.
- Кыш деген айттырбай келет.
- Кыш кырга конбо, жаз сайга конбо.
- Кышкы суукта куу сакта, жазгы чөлдө суу сакта.
- Кышта көрсөң камылга, келерки күздө табылга.
- Кыштак сураган кыз кыша (камыш) каланып отурган төркүнүнөн үмүт кылат.
- Кыштын камын жазда ойло.
- Кыштын камын жайда көр, жайдын камын кышта көр.
- Кышын кышына кынаштырган, ташын ташына кынаштырат.
- Кышында арабаңды дайында, жайында чанаңды дайында.
- Кыюусун билип таптаса, кыраан чүйлү каз алат.
- Кыя тартып сууруса — күлөсү (илеби) болот кылычтын.
- Кыябын таап сөз айтса, көнбөгөн адам болобу.
- Кыял — алтын, ой — күмүш.
- Кыялаган кыр ашат.
- Кыялаган кырга чыгат.
- Кыялданган (же кыялдагы) тилекти кыстаган турмуш бийлейт.
- Кыялданган тилекти кыстаган турмуш жеңет.
- Кыялдуу короо, кооз бак, эмгекчил эрдин колунан.
- Кыямат — кайым кайда десе, аттан айрылган жерде тура.
- Кыямат кайым кайда экен, аттан айрылган жердеэкен.
- Кыяматтын кабы жарылат.
- Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт.
- Кыянаттык кылсаң, кумурска да чагат.
- Кыяны тосуп көч алат, эр өлтүрүп өч алат.
- Кээ бирөө жайын айтам деп, баарын айтат.
- Кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө жүрөт, төө мингенде жигитти, төбөсүнө көтөрүп тегеректеп эл жүрөт, жөө жүргөндө жигитти, жөлөгү жок байкуш деп, жөөлөсүнтүп эл күлөт.
Жайгаштыруу: 2023-07-17, Көрүүлөр: 2640, Өзгөртүлгөн: 2023-07-17,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо