Макал лакаптар жыйнагы (Үү)

Ү тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Ү тамгасына болгон макал лакаптар көп эмес, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Ү тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Ү

  • Үзүлбөгөн нерсени чорт чаап кесет.
  • Үзүлгөндүулаган, чачылганды жыйнаган — азамат.
  • Үй — бүлөнү бузган — чоң шаарды бузганга барабар.
  • Үй — жайга орун камда, мейманыңа оюн камда.
  • Үй кылган да аял, күл кылган да аял.
  • Үй чабышып, мал тийсе, тынчы кетет элиңдин.
  • Үй ээсинин кабагы, меймандын сүйгөн тамагы.
  • Үйгө — жайга орун камда, мейманыңа оюн камда.
  • Үйгө кирген — куру чыкпайт, көргө кирген — тирүү чыкпайт.
  • Үйгө кут кирсе, малга сүт кирет.
  • Үйгө үт киргенде — малга сүт кирет.
  • Үйдө — арстан, сыртта — мышык.
  • Үйдө — баатыр, жоодо — жок.
  • Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
  • Үйдө жүргөн бир чоро, жоого чыкса миң чоро.
  • Үйдө короз, тышта жөжө.
  • Үйдө көпкө талаада батпайт.
  • Үйдө олтурган аялдын ашы менен иши бар, кушу менен неси бар.
  • Үйдө тынчы жоктун талаада кош баракаты бар.
  • Үйдө чечен доодо (же көптө) жок.
  • Үйдө чечен, доого жок.
  • Үйдө ыркы жоктун, талаада сыйы жок.
  • Үйдөгү кеп көчөгө жарабайт (жакпайт).
  • Үйдөгү ойду базардагы нарк бузат.
  • Үйдөгү ток кыз ашка барам деп ыйлайт, аштагы ач кыз үйгө барам деп ыйлайт.
  • Үйдөгү ууруну ит каппайт.
  • Үйдөгүлөр күлсө, сырттагылар ырсайат.
  • Үйдөгүсү майын жейт, мергенчиси жанын жейт.
  • Үйдөн өлгөн жаман ат, жоодон өлгөн салтанат.
  • Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
  • Үйдүн ашы үйгө сонун.
  • Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы жаманы иш түшкөндө билинет.
  • Үйдүн көркү — аялда.
  • Үйдүн чоңу — жут, казандын чоңу — кут.
  • Үйлөнгөндүн көркү — ыр, өлгөндүн көркү — ый.
  • Үйлөнөм десең, бойдокко кеңешпе.
  • Үйрөнбөгөн бейишиңден, үйрөнгөн тозок жакшы.
  • Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы.
  • Үйрөнгөн жоо атышаарга жакшы.
  • Үйрөнгөнүң байлыктан артык.
  • Үйрөнүү үчүн жаша, жашоо үчүн үйрөн.
  • Үйү — ак, ичи — как.
  • Үйү жакын иттин куйругу узун.
  • Үйү өрттөнгөндө кудук казыптыр.
  • Үйүндө жалам талканы жок, уулунун аты Талканбай.
  • Үйүндө жалап ичер айраны жок уулунун аты Жууратбек.
  • Үйүндө кашык (бир ууртам) айраны жок уулунун аты Жууратбек, мойнунда жалгыз мончогу жок кызынын аты Шурубу.
  • Үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жуурат.
  • Үйүндө көптү талаада урбайт.
  • Үйүндө ыракаты жоктун, талаада кош баракаты бар.
  • Үйүң толгон аш болсо, буюрганын ашаарсың.
  • Үйүңдө сүтүң төгүлсө, талаада музооң эмип кетет.
  • Үйүңдө толгон аш болсо, буюрганын ашайсың, кудайдын жылы кумдан көп, буюрганын жашайсын.
  • Үйүңдү тикпес жерди шыпырба.
  • Үйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөсүң.
  • Үйүңдүн ичи тар болсо да, өзүңдүн ичиң тар болбосун.
  • Үйүңө келгенге таарынчы айтпа.
  • Үйүрүн сагынбас (тааныбаган) ат болбойт, жерин сагынбас (тааныбаган) мал болбойт, элин сагынбас (тааныбаган) эр (адам) болбойт.
  • Үлп эткен учкундан үймөк күйөт.
  • Үмүт — узак, ажал — кыска.
  • Үмүт адам менен жашайт.
  • Үмүтсүз — шайтан.
  • Үмүттүн өз дөөлөтү бар.
  • Үмүттүн түпкү чеги жакшылык.
  • Үн жетпегенге, сөз да өтпөйт.
  • Үн салмагы сөз маанисин арттырат.
  • Үндөбөгөн — үйдөй балаадан кутулат.
  • Үнүң жетпес жерге кыйкырба, үйүңдү тикпес жерди шыпырба.
  • Үңкүр болсо да үйүм.
  • Үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо эрим бар.
  • Үпү менен шыйпаң дос, бучук менен жыртык дос.
  • Үрүмчүдө үкөм бар, ал да мендей пекене.
  • Үттүү мончок жерде жатпайт.
  • Үч киши билген сыр — сыр эмес.
  • Үч кыз ата энеге күч кыз.
  • Үшүгөнгө от жактырба.
  • Үшүгөндү — шишиген жетелейт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо