Макал лакаптар жыйнагы (Ж)

Ж тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Ж тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына Ж тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот.

Ж

  • Жаа сынаарында катуу, суук чыгаарында катуу.
  • Жаагың сынса сынсын, шагың сынбасын.
  • Жаак жаңылаар, туяк мүдүрүлөөр.
  • Жаан баарыга саат, өлгөн өзүнө саат.
  • Жаан каарына алса — тамары тамчы, катын каарына алса — табары камчы.
  • Жаан каарынын тамаары тамчы, катын каарынын табаары камчы.
  • Жабагы жалдуу деп сатып алба, жаманды малдуу деп жакын кылба.
  • Жабагы жалдуу экен деп, сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба.
  • Жабагыны тай болбойт деп кордобо, кыштан чыкса мал болот.
  • Жабуу астында жал калат, жал калбаса, жан калат.
  • Жабуу, жабуу дебеңер, жайсыздан айгыр салбаңар.
  • Жабууласа жал калат, жол астында жан калат.
  • Жабыгып жүрсө жигитти жакырсың деп кордобо, ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.
  • Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын.
  • Жабышсаң оролосуң, жаңылсаң жоголосуң.
  • Жагымсыз конок жатаар маалда келет.
  • Жадаткан меймандын жагымы жок.
  • Жаз — жарыш, күз — күрөш.
  • Жаз жамгыры ылай болбойт, ууру күчөп бай болбойт.
  • Жаз жардыныкы, кыш алдуунуку.
  • Жаз жарыш, күз күрөш.
  • Жаз кар эритет, жар жан сергитет.
  • Жаз келсе гул күлөт, кут келсе — адам күлөт.
  • Жазбаган кара жер, жаңылбаган бир алда.
  • Жазбай аткан мерген бар, алыскы ишти көргөн бар.
  • Жазган кулда чарчоо жок.
  • Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
  • Жазганды өчүрө албайсың.
  • Жазгы жамгырга ишенбе, кышкы күнгө ишенбе.
  • Жазгы муздун жабыктайынан кач, күзгү муздун күзгүдөйүнөн кач.
  • Жазгы мээнет — күзгү ыракат.
  • Жазгы суук жандан өтөт.
  • Жазгы этте жазык жок.
  • Жазда жамынчагыңды таштаба, кышта өзүң билесиң.
  • Жазда жаныңды айдабай, кышта казаның кайнабайт.
  • Жазда кыл мээнетти, кышта көр дөөлөттү.
  • Жазда кылган мээнетти, кышта көрөт дөөлөттү.
  • Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың.
  • Жазда малды айдап бак, кышта малды байкап бак.
  • Жаздыктан өлгөн — жаман, ат, жоодөн өлгөн — салтанат.
  • Жаздын аракети, күздүн берекети.
  • Жаздын жаздайы жакшы, жаштын жаштайы жакшы.
  • Жаздын тонун кыш кийсе, тоңуп калат азамат.
  • Жаздын уйкусу (түйшүгү) — кышка кам.
  • Жазылбаса сыя жукпайт, жабыркаса кулак укпайт.
  • Жазында ырдап жүрбөсөң, кышында жыргап жүрөсүң.
  • Жай — бейиштин белгиси, кыш — тозоктун белгиси.
  • Жай аккан суудан жаа бою кач.
  • Жай жакшы болсо, эл эгиндүү болот.
  • Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын.
  • Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан оңолсун.
  • Жайбаракат — жазга жакпайт, жабыла иштөө — жалкоого жакпайт.
  • Жайбаракат жазга жакпайт, жарыша иштөө жалкоого жакпайт.
  • Жайдак тилден чаң чыкпайт.
  • Жайдын күнүжаш баладай.
  • Жайкы жамгырга, кышкы күнгө ишенбе.
  • Жайлоону жоо алса, кыштоону өрт алат.
  • Жайлоонун көркү мал менен, өзөндүн көркү сай менен.
  • Жайыл дасторкон — марттыктын белгиси.
  • Жайын билбей — жер тандаган кызык, алын билбей — эр тандаган бузук.
  • Жайын билген — темирди үзөт.
  • Жайында баспаган, кышында чуркайт.
  • Жайында жаткан, кышында катат.
  • Жайында иштебей жаткан катын, кышында колун отко кактаган (каткан).
  • Жайың болсо, мал табылат, ашың болсо, казан табылат.
  • Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт, ага — инисиз эл болбойт.
  • Жакшы — арына кул, жаман — малына кул.
  • Жакшы — жаман тизгиндеш.
  • Жакшы — жаныңа жолдош, жаман — малыңа жолдош.
  • Жакшы — жумуш башында, жалкоо — үй кашында.
  • Жакшы — журтунун камын жейт, жаман — журтунун малын жейт.
  • Жакшы — сөздү таап сүйлөйт, жаман — каап сүйлөйт.
  • Жакшы — сөзү менен күлдүрөт, назы менен күйдүрөт, мээрими менен сүйдүрөт.
  • Жакшы - сөзү менен сооротот, жаман - токмогу менен ыйлатат.
  • Жакшы — сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен.
  • Жакшы — сылык, жаман — өнөк.
  • Жакшы - эл камын ойлойт, жаман - өз камын ойлойт.
  • Жакшы — эли менен, жер - кени менен.
  • Жакшы абысыныңа баргыча, жаман сандыгыңды аңтар.
  • Жакшы адам жайлоодогу гүлдөй, тийип турган күндөй.
  • Жакшы адам жер эсебинен, жаман адам эл эсебинен жан сактайт.
  • Жакшы адам иш үстүндө, жаман адам сөз үстүндө.
  • Жакшы адам макалчы, жаман адам сакалчы.
  • Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса карыдым дебейт.
  • Жакшы адам сөздү таап айтат, жаман адам каап сүйлөйт.
  • Жакшы адам улууну ак дилинен урматтайт, кичүүнү орду менен ызааттайт.
  • Жакшы адамга жамандар, малы менен теңелет.
  • Жакшы адамда жаштык жок, тобокелдин көөнү ток.
  • Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
  • Жакшы азамат белгиси ары мырза, ары күл.
  • Жакшы ай менен күндөй, жакшылыгы ар кимге бирдей.
  • Жакшы айттырбай билет, суратпай берет.
  • Жакшы аким элин оңдойт, жаман аким элин кордойт.
  • Жакшы ат жанга шерик, жакшы ит малга шерик.
  • Жакшы ат камчы салдырбайт.
  • Жакшы ата — жаман уулга кырк жыл азык.
  • Жакшы ата алысты жакын кылат.
  • Жакшы ата кашыктап жыйнаганын, жаман уул чеңгелдеп чачат.
  • Жакшы атак жатак, жаман атак алыска качат.
  • Жакшы атанын кашыктап жыйнаганын жаман уул чөмүчтөп чачат.
  • Жакшы атка — бир камчы, жаман атка — миң камчы.
  • Жакшы атка жаман ат, жалы менеп теңелет.
  • Жакшы аттын (малдын) тишин ачпа, жакшы эрдин (адамдын) жашын сураба.
  • Жакшы аттын жалын сактагыча, жакшы жигиттин арын сакта.
  • Жакшы атын аябайт, баатыр жоону санабайт.
  • Жакшы атыңдан айрылганча, жаман козуңдан айрыл.
  • Жакшы атыңды тойго мин, жаман атыңды буйга мин, түнөп калган уйга мин.
  • Жакшы ашын жейт, жаман башын жейт.
  • Жакшы аял — дөөлөт, жаман аял — мээнет.
  • Жакшы аял — ырыс, жаман аял — уруш.
  • Жакшы аял алгандын тою үйүндө.
  • Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
  • Жакшы аял жакын кошот, талыкпай окуу акыл кошот.
  • Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жаман аял жакшы эрди жер кылат.
  • Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси.
  • Жакшы аял үйдүн жайсаңы, жаман аял үйдүн шайтаны.
  • Жакшы баксаң эгинди, эгин берээр тегиңди.
  • Жакшы бала тил алчаак, жаман бала уялчаак.
  • Жакшы бала эр болот, жаман бала жер болот.
  • Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа, бактылуу болом десең, башка адамга көз артпа.
  • Жакшы болсо — бийден, жаман болсо — кулдан.
  • Жакшы болсо алганың, жаркылдаган кушка окшойт, жаман болсо алганың, алдыңдан өткөн сызга окшойт, каңтардагы музга окшойт.
  • Жакшы болсо алганың, жаркылдаган кушка окшош.
  • Жакшы болсо катының — табыла берет акылың, куусаң да кетпейт жакының, жаман болсо катының — кете берет акылың, чакырсаң (жалынсаң) келбейт жакының.
  • Жакшы болсо катының келип турат жакының, жаман болсо катының качып турат жакының.
  • Жакшы болсоң — жатык бол, улук болсоң — кичик бол.
  • Жакшы болсоң жатык бол, ар ким жолдош башыңа, жакшы болуп тар болсоң, кимдер келет кашыңа.
  • Жакшы болсоң жатык бол, чындык сенден адашпайт, карапайым калыс бол — сени төмөн санашпайт.
  • Жакшы болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол — баарынын кирин кетирген.
  • Жакшы болсоң өздүн да, өзгөнүн да үзүрүн көрөсүң, жаман болсоң экөөнөн тең кол үзөсүң.
  • Жакшы болуучу азамат жатып алып бий болот, жаман болуучу азамат качып жүрүп ий болот.
  • Жакшы болуучу балаңды соодагер кылба.
  • Жакшы дарыгер — өмүр шериги.
  • Жакшы деген бир ат (ты) бар, кууса жетпейт (жеткис), жаман деген бир ат (ты) бар, жууса кетпейт (кеткис).
  • Жакшы дос жан жыргатаар азык, жаман дос башка тиер казык.
  • Жакшы дос пайдасын тийгизбесе да зыянын тийгизбейт.
  • Жакшы жалган айгпайт, жалгандан пайда таппайт.
  • Жакшы жаныңа жолдош, жаман малыңа жолдош.
  • Жакшы жар марьггат, жаман жар карытат.
  • Жакшы жарсыз өткөн күн курусун.
  • Жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган сайын жашарат.
  • Жакшы желик болот, жүк көтөргөн көлүк болот.
  • Жакшы жетекчи элин түзөйт.
  • Жакшы жигит көктөгү (асмандагы) жылдыз.
  • Жакшы жигит сыртта — мырза, үйдө — кул.
  • Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жигит үйдө мырза — сыртта кул.
  • Жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрөт, жаман жигит өз камы үчүн жүгүрөт.
  • Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
  • Жакшы жүргөн жерине тынч салар, жаман жүргөн жерине өрт салар.
  • Жакшы зайып — жарым ырыс, жаман катын — күнүгө уруш.
  • Жакшы зайып жаман эрди бий кылат, жаман эркек жакшыны алса күң кылат.
  • Жакшы зайып таранчыны таяке, бөдөнөнү бөлө кылат.
  • Жакшы зайып тартарды таап, бөдөнөнү бөлө кылат.
  • Жакшы зайып үйдүн куту.
  • Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
  • Жакшы ишке келет, жаман ашка келет.
  • Жакшы карасаң, сүттөн да кара табасың.
  • Жакшы катын — жарым ырыс.
  • Жакшы катын — капкалуу шаар, жаман катын — ичи толтура заар.
  • Жакшы катын — катын, жаман катын — отун.
  • Жакшы катын — үйдүн көркү, жакшы чапан — тойдун көркү.
  • Жакшы катын — ырыс, жаман катын — уруш.
  • Жакшы катын жаман эрди зор кылат, жаман катын жакшы эрди кор кылат.
  • Жакшы катын жаман эрди эр кылат, жаман катын жакшы эрди жер кылат.
  • Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш.
  • Жакшы келин — келин, жаман келин — өлүм.
  • Жакшы келсе — кут, жаман келсе — жут.
  • Жакшы кеңеш — жарым ырыс.
  • Жакшы кеп — жандын азыгы, жаман кеп — жандын казыгы.
  • Жакшы киши калааны курат, жаман киши калааны бузат.
  • Жакшы киши карыса да, акылынан танбас.
  • Жакшы киши мал бакса — торугун семиртет, жалкоо киши мал бакса — сөөгүн итке кемиртет.
  • Жакшы киши менен жанашкан жакшы.
  • Жакшы киши ооруса тойго барып келгендей, жаман киши ооруса көрдөн чыгып келгендей.
  • Жакшы киши ооруса, коноктон келгендей, жаман киши ооруса, көрдөн келгендей.
  • Жакшы киши үлгү, жаман киши күлкү.
  • Жакшы кишиге бир сөз, жаман кишиге миң сөз.
  • Жакшы конок ток болот, жаман конок шок болот.
  • Жакшы коңшу — жан азыгы, жаман коңшу — баш казыгы.
  • Жакшы кошуна — бөксөрбөгөн казына.
  • Жакшы кошунаңа жарамсыз сөз айтпа.
  • Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.
  • Жакшы көргөн досунан, мал (ат) аяган жигитпи.
  • Жакшы көргөн досуңа ат байлатып сына.
  • Жакшы көргөн досуңдун, атын албай, тайын ал.
  • Жакшы көрөт деп, бара бербе, берет деп, ала бербе.
  • Жакшы кушка жаман куш бабы менен теңелет, жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
  • Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө — тууган дос.
  • Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы уул — көктөгү жылдыз.
  • Жакшы кыз кылыгы менен, жакшы ийне учугу менен.
  • Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт.
  • Жакшы кыздын башына бермет менен шуру ойнойт, жаман кыздын башында сирке менен бит ойнойт.
  • Жакшы кылсаң өзүңө, жаман кылсаң өзүңө, өөдө карап түкүрсөң, кайтып түшөөр көзүңө.
  • Жакшы кылсаң өзүңө, жаман кылсаң өзүңө.
  • Жакшы максат — бүтүн кылат, жаман максат — күкүм кылат.
  • Жакшы мал (ат) жанга аралжы, жакшы дос (жолдош) малга аралжы.
  • Жакшы мал өлсө, жанга себеп.
  • Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
  • Жакшы менен дос болсоң — ырыскысын тең бөлөт, жаман менен дос болсоң — өзүнөн сени кем көрөт.
  • Жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот.
  • Жакшы менен жолдош болсоң, оозуңа аш тиет, жаман менен жолдош болсоң, оозуңа таш тиет.
  • Жакшы менен жүргөн жарыйт, жаман менен жүргөн убайым тартып карыйт.
  • Жакшы менен жүрсөң — жетесиң муратка, жаман менен жүрсөң — каласың уятка.
  • Жакшы менен жүрсөң — күндө базар, жаман менен жүрсөң — күндө азар.
  • жакшы менен сүйлөшсөң — көңүлүң ачылат.
  • Жакшы нерсе аз болот, жаман жүрөк таш болот.
  • Жакшы ниет — жарым иш.
  • Жакшы ниет — жарым ырыс.
  • Жакшы оозго — аш, жаман оозго — таш.
  • Жакшы өлсө бир өлөт, жаман өлсө миң өлөт.
  • Жакшы өмүрдүн алды — өрт, аркасы — күн.
  • Жакшы өскөн бала эшикте калган ата-энесин төргө чыгарар, жаман өскөн бала төрдөгү ата-энесин сыртка чыгарар.
  • Жакшы санаа — жарым ырыс.
  • Жакшы санаа (тилек, сөз, үмүт, ниет) жарым ырыс (дөөлөт).
  • Жакшы санаалаштын белгиси — барын алышып, жогуна таарынышпоо.
  • Жакшы сөз — жан эритет, жаман сөз — жан кейитет.
  • Жакшы сөз — жарым дөөлөт.
  • Жакшы сөз — жарым ырыс.
  • Жакшы сөз — суу, жаман сөз — уу.
  • Жакшы сөз — таш эритет, жаман сөз — баш чиритет.
  • Жакшы сөз жан семиртет, жаман сөз — жан кейитет.
  • Жакшы сөз жан семиртет, жаман сөз жан кейитет.
  • Жакшы сөз жан эргитет.
  • Жакшы сөз жандын эшиги.
  • Жакшы сөз менен жылан ийинден чыгыптыр.
  • Жакшы сөз таш эритет, жаман сөз баш чиритет.
  • Жакшы сөздү айбан да билетЖакшы сөз жандын эшиги.
  • Жакшы сөздү айбан да түшүнөт.
  • Жакшы сөзү менен күлдүрөт, назы менен күйдүрөт, мээрими менен сүйдүрөт.
  • Жакшы сөзү менен сооротот, жаман токмогу менен ыйлатат.
  • Жакшы сүйлөсө — гүл төгүлөт, жаман сүйлөсө — жин төгүлөт.
  • Жакшы сүйлөсөң, бекер берет.
  • Жакшы сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен.
  • Жакшы таап айтат, жаман каап айтат.
  • Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт.
  • Жакшы тамак жайдары кылат.
  • Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын.
  • Жакшы тамак калгыча, жаман курсак жарылсын.
  • Жакшы тарбиядан жашоо жеңил.
  • Жакшы тартип орнотсоң, элиң сыйлайт.
  • Жакшы тилек — жарым ырыс.
  • Жакшы тилек — жарым ырыскы.
  • Жакшы тондун жакасы бар, жеңи жок, жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок.
  • Жакшы төөнүн мурду жырылбайт.
  • Жакшы уктагың келсе, жатаарда тое ичпе, болбосту ойлонуп капага түшпө.
  • Жакшы ургаачы колго түшсө күң болбойт.
  • Жакшы ургаачынын колунда куту, койнунда ырысы толо.
  • Жакшы уул атадан, жаман уул батадан.
  • Жакшы уул эл ишине жарайт, жаман уул колуңду карайт.
  • Жакшы уул элине баш болот, жаман уул элине кас болот.
  • Жакшы уулдун башына ырыс менен кенч ойнойт, жаман уулдун башына келтек менен камчы ойнойт.
  • Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот.
  • Жакшы ыр жан жыргатат.
  • Жакшы эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.
  • Жакшы эли менен, жер кени менен (даңктанат).
  • Жакшы элпек болот, жамандын колунда келтек болот.
  • Жакшы энелер төш жебейт.
  • Жакшы эр — эли менен, жакшы жер — кени менен.
  • Жакшы эр (жигит) элин өргө сүйрөйт, жаман эр (жигит) элин көргө сүйрөйт.
  • Жакшы эрге жаман эр малы менен теңелет.
  • Жакшы эрге жаман эр, жары менен теңелет.
  • Жакшы эрге кыз барса, сылап сылап султан кылат.
  • Жакшы эрдин жашын сураба, жакшы аттын тишин ачпа.
  • Жакшыга — жанаш, жамандан — адаш.
  • Жакшыга (эстүүгө) айтсаң билет, жаманга (эссизге) айтсаң күлөт.
  • Жакшыга айткан сөз жүрөктө калат.
  • Жакшыга акыл айтсаң, таап алгандай сүйүнөт, жаманга акыл айтсаң, алдап алчудай күйүнөт.
  • Жакшыга барсаң (түшсөң) жашарып жарайсың.
  • Жакшыга бир ата, жаманга да бир ата.
  • Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
  • Жакшыга жакын болсоң, колуң асманга жетер, залим менен жакын болсоң, башың жерге кирер.
  • Жакшыга жакындаба, өзү сени сүйбөгөн соң.
  • Жакшыга жалынса — жан калат, жаманга жалынса — бир кашык кан калат.
  • Жакшыга жаман айтсаң, бейпай болот.
  • Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
  • Жакшыга жата кал, жаманга ката кал.
  • Жакшыга жут жок, жаманга кут жок.
  • Жакшыга жүрүм жок, жаманга өлүм жок.
  • Жакшыга кызмат кылсаң — калынды дээр, жаманга кызмат кылсаң — жалынды дээр.
  • Жакшыда жалуу жок, жаманда каруу жок.
  • Жакшыда жамандын сөз акысы бар, байда жардынын көз акысы бар.
  • Жакшыда жатым жок, жаманда батым жок.
  • Жакшыда кек жок, жаманда тек жок.
  • Жакшыда кек жок, кекчилде тек жок.
  • Жакшыдан — мөөн, жамандан — жаан.
  • Жакшыдан ат калат, жамандан дат калат.
  • Жакшыдан башчы койсоң элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң элди жүдөтөөр.
  • Жакшыдан бөөн, жамандан — жаан (туулат).
  • Жакшыдан жаман туулса — чыгаша, жамандан жакшы туулса — киреше.
  • Жакшыдан жаман туулса эм табылбайт, жамандан жакшы туулса тең табылбайт.
  • Жакшыдан качпа, жаманга баспа.
  • Жакшыдан пайда тийбейби — эки таалай төп болсо, жамандан пайда тийбейби — өз курсагы ток болсо.
  • Жакшыдан сөз калат, соодагерден бөз калат, усталардан дат калат, молдолордон кат калат.
  • Жакшылардын сөздөрү май сепкендей, жамандардын сөздөрү тай тепкендей.
  • Жакшылыгын алса — кут, жамандыгын алса — жут.
  • Жакшылык — жамандыкты бирдей ойлон.
  • Жакшылык ай менен күндөй, бардык элге бирдей, жаралганың чын болсо, пайда кыл карап жүрбөй.
  • Жакшылык болсо билип ал, жаш куракта билим ал.
  • Жакшылык жакшылык менен бүтпөйт.
  • Жакшылык жан эритет, жамандык жан кейитет.
  • Жакшылык жерде калбайт.
  • Жакшылык жолдо калбайт, асыл таш жерде калбайт.
  • Жакшылык көрсө — дүңгүрөп калат, жамандык көрсө — үлдүрөп калат.
  • Жакшылык кылсаң — ырыска батасың, калпың кармалса кайда качасың.
  • Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым деп тим болот.
  • Жакшылык өмүр шамы, чөккөн көңүлдү чалкытат, өчкөн отту тамызат.
  • Жакшылыкка жакшылык — ар адамдын башында, жамандыкка жакшылык — эр адамдын башында.
  • Жакшылыкка жакшылык, ар кишинин ишидир, жакшылыкка жамандык, көр кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык, эр кишинин ишидир, жамандыкка жамандык, кем кишинин ишидир.
  • Жакшылыктан кечик, жамандыктан кечикпе.
  • Жакшылыкты досуңа кыл, досуңдан артса өзүңө кыл.
  • Жакшылыкты унуткан, жамандыкка жолугат.
  • Жакшылыктын жолу узун, ыймандуулуктун колу узун.
  • Жакшыны — сөз өлтүрөт, жаманды — таяк өлтүрөт.
  • Жакшыны — сөз ээрчийт, жаманды — чөп ээрчийт.
  • Жакшыны жаман кылган мал сени.
  • Жакшыны жараштыр, жаманды адаштыр.
  • Жакшыны жатым дебе, жаманды досум дебе.
  • Жакшыны коштой бил, жаманын таштай бил.
  • Жакшыны көргөн, жаманды бөлгөн — бул акылмандык.
  • Жакшыны көрсөңжакшы болосуң, бакшыны көрсөң бакшы болосуң.
  • Жакшыны көрүп пикир кыл, жаманды көрүп шүкүр кыл.
  • Жакшыны мактасаң, жоону чабат, жаманды мактасаң, каман чалат.
  • Жакшыны мээнет чырмаса, жакыны менен кас болот, баланы мээнет чырмаса, сарыкарт түшүп таз болот.
  • Жакшыны мээнет чырмаса, жакыны менен кас болот.
  • Жакшыны отко салса ойноп турат, күлгө салса күлүп турат.
  • Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт.
  • Жакшыны сөз ээрчийт, жаманды чөп зэрчийт.
  • Жакшыны сыйласаң эсинен кетпейт, жаманды сыйласаң эшигиңден кетпейт.
  • Жакшыны уккуң келсе, жаманды айтпа.
  • Жакшыныкын сатып ич, жамандыкын басып ич.
  • Жакшынын — шарапаты, жамандын — кесепети.
  • Жакшынын акылы ташка тамга баскандай, жамандын акылы түз жерге казан аскандай.
  • Жакшынын асты тар, арты кең болот.
  • Жакшынын аттан жыгылганы да жакшы.
  • Жакшынын аты жакшы.
  • Жакшынын аты өчпөйт.
  • Жакшынын бир аты залим, бир аты зулум.
  • Жакшынын жакшы билээр сымбатын, жамандар кайдан билсин, адамдын арзаны менен кымбатын.
  • Жакшынын жакшылыгы (пайдасы) тиер ар жерде, жамандын жамандыгы (зыяны) тиер тар жерде.
  • Жакшынын жарыгы жалпыга тиет.
  • Жакшынын жаты болбойт, жамандын уяты болбойт.
  • Жакшынын иши да, сөзү да элге пайда, жаманда андай сапат кайда.
  • Жакшынын иши жугат, жамандын бити жугат.
  • Жакшынын колуна мал түшсө жалпы эл менен көрөр, жамандын колуна мал түшсө түбөлүк кетпестей көрөр.
  • Жакшынын көкүрөгү элге калкан.
  • Жакшынын көөнүн калтырганча, жамандан муш же.
  • Жакшынын өзү да жакшы, сөзү да жакшы, жамандын өзү да жаман, оозунан чыккан сөзү да жаман.
  • Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
  • Жакшынын өмүрү жарым.
  • Жакшынын сөзү жатык болот, жамандын сөзү кычык болот.
  • Жакшынын сөзү каймак, жамандын сөзү токмок.
  • Жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил.
  • Жакшынын сөзү таш эритет, жамандын сөзү баш чиритет.
  • Жакшынын сөзү ташка тамга баскандай.
  • Жакшынын сөзүн капка сал.
  • Жакшынын тебетейи кебинен кетпейт (жанбайт).
  • Жакшынын тоюна бар, жамандын өлүмүнө бар.
  • Жакын жерге куда болсоң, түрдүүушак сөз келээр.
  • Жакын талашса, жатка жем.
  • Жакынга көз жеткирет, алыска тил жеткирет.
  • Жакындагы тебишет, ыраактагы кишенешет.
  • Жакынды жаралаба, алысты каралаба.
  • Жакыны көп жазганбайт.
  • Жакынын сыйлабаганды жат сыйлабайт.
  • Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
  • Жакырдын жайын жалчы билет.
  • Жакырчылык илдет, жан багуу — милдет.
  • Жакырчылыкта табылбайт тыйын.
  • Жалакор жалаа издейт, паракор жалаадан кетпейт.
  • Жалактап шыпыр болбо, жан кечти түшөт колго.
  • Жалам айраны жок баласынын аты Жууратбек.
  • Жалаң кудайга ишенген жөө калат.
  • Жалбыраксыз гүл болбойт, тикенексиз тил болбойт.
  • Жалгабаган кудайга, жалынбаса не болот.
  • Жалгаймын деп үзүп алба, түзөймүн деп бузуп алба.
  • Жалган айтсаң, жадында сакта.
  • Жалган жерден өрт чыкпайт.
  • Жалган сөз бел ашырган менен эл ашырбайт.
  • Жалган сөз сени жарытпайт, чындык сөз сени карытпайт.
  • Жалган эсеп түпкө жетет.
  • Жалганды чын кайтарар.
  • Жалганчы аксактан мурда колго түшөт.
  • Жалганчы өлгөн адамды күбө тутат.
  • Жалганчынын сөзү жалганга кетет.
  • Жалганчынын чын сөзү жалганга кетет.
  • Жалгыз аттуу — жарышчаак, жаргак шымдуу — күрөшчөөк.
  • Жалгыз аттуу жарышчаак, жаман катын урушчаак.
  • Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, жалгыз эрдин даңкы чыкпайт.
  • Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, чаңы чыкса да, даңкы чыкпайт, жалгыз эрдин аты чыкпайт, (жалгыз кишинин үнү чыкпайт) аты чыкса да даңкы чыкпайт.
  • Жалгыз бала атка чапса, атасы көчүгүн көтөрөт.
  • Жалгыз баласынын көзүн чыгара чабат.
  • Жалгыз болсоң жакшынын жөрөлгөсүжаныңда болсун.
  • Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн, жарды болсоң кооз бол, бай жанынан түңүлсүн.
  • Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн.
  • Жалгыз болсоң шок бол.
  • Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт.
  • Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз таруу ботко болбойт.
  • Жалгыз дарак токой болбойт.
  • Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт.
  • Жалгыз жүрүп жол тапканча, көп менен бирге адаш.
  • Жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт.
  • Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт.
  • Жалгыз карга бокко тойбойт.
  • Жалгыз кол түйүн чечпейт.
  • Жалгыз кыз — жалама туз, эки кыз — эрмек кыз, үч кыз ата — энеге күч кыз.
  • Жалгыз кылган уурунун, жаманаты — жалпыга.
  • Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт.
  • Жалгыз өгүз кош болбойт, эки арамза (жаакташкан, жакалашкан) дос болбойт, дос болсо да акыбети оң болбойт.
  • Жалгыз өлө жегиче, досуң менен бөлө же.
  • Жалгыз өлсө — чуу чыкпайт, жар ураса суу чыкпайт.
  • Жалгыз өлсө чуу чыкпайт, жар куласа суу чыкпайт.
  • Жалгыз таруу ботко болбойт, ботко болсо коюу болбойт, жалгыз адам тутка болбойт, тутка болсо да журтка болбойт.
  • Жалгыз үйдүн тамагы жетсе да, табагы жетпес.
  • Жалгыз чапкан ат күлүк.
  • Жалгызга жар — кудай.
  • Жалгызга жылдыз жолдош.
  • Жалгыздыгын жашырган көбөйбөйт.
  • Жалгыздык жалдыратат, жалкоолук шалдыратат.
  • Жалгыздык жалдыратат.
  • Жалгыздын жары — кудай.
  • Жалдуу болсо — ат, жакалуу болсо — тон.
  • Жалкоо — ашка белен, ишке керең.
  • Жалкоо «биз бүтүрдүк» деп, бүткөн иштин башында.
  • Жалкоо «качан тамак берет» деп, катынынын кашында.
  • Жалкоо жеңилдин асты менен оордун үстү менен жүрөт.
  • Жалкоо карап отуруп чарчайт.
  • Жалкоого аш болсо да, иш болбосо.
  • Жалкоого иш буюрсаң, өзүңө акыл үйрөтөт.
  • Жалкоого кеч кирбейт, жаманга эс кирбейт.
  • Жалкоого күн кечкирбейт.
  • Жалкоого шылтоо көп.
  • Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.
  • Жалкоону алкы башкарат, ак ниетти намыс башкарат.
  • Жалкоонун иши аз, себеби көп.
  • Жалкоонун сыркоосу көп, жандеменин шылтоосу көп.
  • Жалкоонун шылтоосу көп.
  • Жалпылап көтөргөн жүк жеңил.
  • Жалтанбаган жоону жеңет, жадабаган тоону жеңет.
  • Жалчы жумшаган жарыбайт, кул жумшаган куунабайт.
  • Жалчы жумшаган жарыбайт.
  • Жалчы мал багат, жакшылар калың салат.
  • Жалы барда чамынган, жаман аттын белгиси, жаны барда жалынган — жаман эрдин белгиси.
  • Жалын пастайт, желпилдеген чок калат.
  • Жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында.
  • Жалындуу эрдин белгиси — жалтанбай тосот жоо бетин.
  • Жалынса жакшы кечээр, чапса болот өтөөр.
  • Жаман — жакшы кеп болсо, өз оозуңдан чыгарба.
  • Жаман — жакшыны териштирүү кыйын.
  • Жаман — каап сүйлөйт, жакшы — таап сүйлөйт.
  • Жаман — кишиден кийин, иттен илгери.
  • Жаман — өз ашынан куру калат.
  • Жаман — эки аяк аш ичсе, бир аягы башына жүк болот.
  • Жаман (же жалгыз) аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк.
  • Жаман агайын — күнүчүл, жакшы агайын — сынчыл.
  • Жаман адам — өз ырыскысына өзү түкүрөт.
  • Жаман адам жакшыны тааныбайт.
  • Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
  • Жаман айгак жанына тартат.
  • Жаман айгыр үйүрүнө тап.
  • Жаман айгыр энесине тап берет.
  • Жаман айтпай жакшы жок.
  • Жаман айыл болгонун милдет кылат.
  • Жаман атка жал бүтсө, жалына торсук байлатпайт.
  • Жаман атка камчы, жакшы атка камчы.
  • Жаман атты жакшы бакса тулпар болот.
  • Жаман атты жакшы баксаң — тулпар, күйкөнүн табын тапсаң — шумкар.
  • Жаман атты жал басат, жаман аялды чач басат.
  • Жаман атты мингенче жөө жүргөн артык, жаман катын алганча бойдок жүргөн артык.
  • Жаман аял белгиси казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
  • Жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек өлөм деп коркутат.
  • Жаман бала тентек, жакшы бала элпек.
  • Жаман бергенин доолайт.
  • Жаман болбой жакшы болбойт.
  • Жаман болоор жигит чегинчээк, кедей болоор жигит эринчээк.
  • Жаман болоор жигиттер, өз боюна кас болот.
  • Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей.
  • Жаман болсоң — бир кишисиң, жакшы болсоң — миң кишисиң.
  • Жаман бука өз башына чөп үйөт.
  • Жаман да (же кичине да) болсо, өз козуман кочкор салам.
  • Жаман да болсо атабыз, жакшыны кайдан табабыз.
  • Жаман дарт — жалкоолук.
  • Жаман достон ачык душман артык.
  • Жаман жайын айтам деп, баарын айтат.
  • Жаман жакшыны сыйлабайт.
  • Жаман жанын сатат, малын катат, жакшы малын сатат, элин катат.
  • Жаман жаңдаса «жаңдайт» дейт, акыл айтса «алдайт» дейт.
  • Жаман жарманын кызуусу (же ысыгы) менен черүүгө аттанат.
  • Жаман жарманын ысыгы менен черүүгө аттанат.
  • Жаман жашка тойбойт, жашка тойсо да ашка тойбойт.
  • Жаман жашырынбайт, жакшы көрүнбөйт.
  • Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
  • Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
  • Жаман жоктон жогору.
  • Жаман жолдош жоого алдырат, жаман сөз доого калтырат.
  • Жаман жолдош жоого алдырат, жантык жолдош уятка калтырат.
  • Жаман жолдош көлөкө сыяктуу: күн ачыкта качып кутула албайсың, күн бүркөктө издеп таба албайсың.
  • Жаман жолдоштон жалгыздык артык.
  • Жаман жүргөн киши өзүн билбейт, башка бирөөнү назарына илбейт.
  • Жаман жүрүп жакшы болгондон сактан, жарды жүрүп бай болгондон сактан.
  • Жаман жыл эстен кетет, жаман кошуна эстен кетпейт.
  • Жаман жылкы жал күтсө (жал бүтсө), жанына торсук байлатпайт.
  • Жаман инек — музоочул, жаман катын — төркүнчүл.
  • Жаман инек музоочул, жаман катын төркүнчүл.
  • Жаман ит жазгы тамактан куру кылат.
  • Жаман ит жайлоодогу жармадан үмүт кылат.
  • Жаман ит күндүз үрөт, жаман күйөө кайын менен айыл жүрөт.
  • Жаман ит күндүз үрөт.
  • Жаман ит ыркырап буттан алат, жаман катын аркырап беттен алат.
  • Жаман иттин аты «Бөрү — басар».
  • Жаман иттин чычкысы түлкү кууганла келет.
  • Жаман каап сүйлөйт, жакшы таап сүйлөйт.
  • Жаман калем, жакшы эстен мыкты.
  • Жаман катын — күндө уруш.
  • Жаман катын алганча — бойдок жүргүн өлгөнчө, жаман бычак алганча — тиштеп жегин тойгончо.
  • Жаман катын алганча, бойдок жүргөн артык.
  • Жаман катын белгиси, жапкан наны карала, беш эчкиси тууса эле, бел кырчоодон сарала.
  • Жаман катын мактанат, жарга тартып аттанат.
  • Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, башын жуубай биттен көрөт.
  • Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт.
  • Жаман катындын амалы кырк эшекке жүк.
  • Жаман кийим жок болсо, жакшы кийим кор болот.
  • Жаман киши мал күтсө, жанына коңшу кондурбайт.
  • Жаман киши мас болсо, жакыны менен кас болот.
  • Жаман киши өз камы үчүн күйүнөт, жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт.
  • Жаман киши өз үйүндө коноксуйт, жаман кыз өз үйүндө манапсыйт.
  • Жаман кишиден кийин, иттен илгери.
  • Жаман кой шишегинде карыйт.
  • Жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт.
  • Жаман көргөн уулу түп тутат.
  • Жаман көргөндүн бөркү казанбактай.
  • Жаман көрсө жармасын бербей койсун.
  • Жаман көрүп май бергенче, жакшы көрүп чай бер.
  • Жаман кушту жакшы бакса шумкар болот.
  • Жаман кыз бет тырмаак болот.
  • Жаман кыз тамак үчүн ыйлайт, жакшы кыз энесин сыйлайт.
  • Жаман кыздын белгиси — жазгы келген коноктой, үй-бүлөсүн жүдөтөт мизи мокок ороктой.
  • Жаман кыздын сөздөрү, көк желкеге ургандай.
  • Жаман кылып коюучу, жакшысы уят болуучу.
  • Жаман кыргый сагызганга жем.
  • Жаман малын катат, жакшы элин катат.
  • Жаман малын коруйт, жакшы арын коруйт.
  • Жаман менен жанашканча бир кылым, жакшы менен чай кайнамча бирге бол.
  • Жаман менен жолдош болбо, наадан менен сырдаш болбо.
  • Жаман менен жолдош болсоң каларсың уятка, жакшы менен жолдош болсоң жетерсиң муратка.
  • Жаман менен жолдош болсоң, балаасына каласың.
  • Жаман мененжолдош болсоңжоого алдырат.
  • Жаман мыйзам жакшы элди жакыр кылат.
  • Жаман өз ашынан куру калат.
  • Жаман өз ишине кулдук урат.
  • Жаман өз камы үчүн күйүнөт, жакшы эл камы үчүн жүгүрөт.
  • Жаман өз үйүндө коноксуйт.
  • Жаман өзү боло албас, болгонду көрө албас.
  • Жаман өзүн билбейт, жакшыны көзгө илбейт.
  • Жаман сөз доого калтырат.
  • Жаман сөз жүрөккө барып так болот.
  • Жаман тайын тааныбайт.
  • Жаман тил үчүн жакшы баштан айрылыптыр.
  • Жаман төө жабуусун жерийт, жаман адам айлын жерийт.
  • Жаман төө мингенче, жөө жүргөн артык.
  • Жаман туугандан жакшы коңшу артык.
  • Жаман туугандан жакын кошуна артык.
  • Жаман туугандын намысын талашам деп, жакшы душманың менен кас болбо.
  • Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт.
  • Жаман уй жарда музоолойт.
  • Жаман уста темирди да согот, көмүрдү да согот.
  • Жаман уул — атага кул.
  • Жаман уул атасы өлгөндө бир көбөт, катын алганда бир көбөт.
  • Жаман уул атасы өлгөндө көбөт.
  • Жаман уул жакшы атанын наамын булгайт.
  • Жаман үйдүн (жамандын) коногу билет.
  • Жаман үйдүн ити кабанаак, жаман кыз болор тубанак.
  • Жаман үйдүн коногу бийлейт.
  • Жаман үйлүү жардыга борошолуу чилде кас.
  • Жаман чарылдак болот, кабанаак иттей арылдак болот.
  • Жаман чөйчөктөгү сууга чөгүп өлөт.
  • Жаман эки аяк аш ичсе, бир аягы башына жүк болот.
  • Жаман элдин жакшысы болгуча, жакшы элдин жаманы бол.
  • Жаман энеден бала да качат.
  • Жаман эрге кыз барса, уруп — согуп ултан кылат.
  • Жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт.
  • Жаман эрден мал тайса, жаздыктан башын көтөрбөйт.
  • Жаман эрдин белгиси — үйдө баатыр, жоодо жок.
  • Жаман эркек тууганчыл, жаман катын төркүнчүл.
  • Жаман эсеп түпкө жетет.
  • Жаман ээрден жайдагым артык, жаман катындан бойдогум артык.
  • Жаман, жайын айтам деп, баарын айтат.
  • Жаманга (соргокко) чоң аягыңды көрсөтпө.
  • Жаманга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
  • Жаманга айткан кайран сөз.
  • Жаманга айткан сөз кулактын сыртында калат.
  • Жаманга айткан эссиз сөз, өлүккө ыйлаган эссиз көз.
  • Жаманга акыл айтсаң, тосо чыгып закүн айтат.
  • Жаманга алкыш да жок, каргыш да жок.
  • Жаманга барсаң (түшсөң) убайым менен карыйсың.
  • Жаманга башчы болгончо, жакшыга коңшу бол.
  • Жаманга берсең кызыңды, алтын башы кор болот.
  • Жаманга дөөлөт жар болсө, көтөрө албай маң болот.
  • Жаманга жакшылык кылба, жоорго бок сыйпаба.
  • Жаманга жакын болсоң, жалаасы жугат.
  • Жаманга жакындаба, эч пайдасы тийбеген соң.
  • Жаманга жалынба, жакшыга таарынба.
  • Жаманга жалынбагын малы бар деп, эшекти сылабагын жалы бар деп.
  • Жаманга жардам кылсаң, жакшылыгыңды билбейт.
  • Жаманга ишиң түшпөсүн, токойго кушуң түшпөсүн.
  • Жаманга кеңеш айтсаң, буйруктай көрөт.
  • Жаманга кеп айтам (гэп урам) деп, сөзүндү айып кылбагын.
  • Жаманга кеп айтса, теңтушсуп калат.
  • Жаманга күн салгыча, көтөрүп көргө сал.
  • Жаманга олжо түшсө, бөлүшө албай колго түшүптүр.
  • Жаманга өчөшпө.
  • Жаманга сый жарашпайт.
  • Жаманга сый көрсөтпө, уйга суу көрсөтпө.
  • Жаманга сырыңды айтсаң, жарда жыгат.
  • Жаманга үңүлбө, жакшыдан түңүлбө.
  • Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.
  • Жаманга чөп илээшет, жакшыга сөз илээшет.
  • Жаманга эш тарткыча, жаакка беш тарт (же камчы менен беш тарт).
  • Жаманга эш тарткыча, камчы менен беш тарт.
  • Жаманда достук жок, жакшыда кастык жок.
  • Жаманда тек жок, жакшыда кек жок.
  • Жамандан жазган, нттен иймен, элиңди сүй.
  • Жамандан жакшы болду деп кубанба, жакшыдан жаман болду деп кайгырба.
  • Жамандан жакшы туулат адам айтса ынангыс, жакшыдан жаман туулат бир аяк ашка алгысыз.
  • Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангысыз.
  • Жамандан жакшылык артпайт, кедейден кешик артпайт.
  • Жамандан жарты кашык аш артат.
  • Жамандан жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн аңтара чабат.
  • Жамандан кач, жакшыга жанаш.
  • Жамандан кач, жакшыга кучак ач.
  • Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.
  • Жамандан тон кийсең, тойдо доолайт.
  • Жамандарга олжо түшсө, бөлүшө албай көпкө түшөт.
  • Жамандардын жакшысы болгуча, жакшылардын жаманы бол.
  • Жамандашпа турасың, жаакташпа — тунасың.
  • Жаманды доого жиберсе, чуу чыгарат.
  • Жаманды жаныңа жолотпой айрыл, жакшыны изде, артыңа кайрыл.
  • Жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат.
  • Жаманды ит да каппайт, жакшыны жаман сөз ээрчибейт.
  • Жаманды койсон жайына, күндө келет чайыңа.
  • Жаманды кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт.
  • Жаманды мактаса жардан алыс кетиптир.
  • Жаманды мактасаң, каманчалык өлтүрөт.
  • Жаманды төө үстүнөн ит кабат, эл четинен жоо алат.
  • Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
  • Жаманды эл четинен жоо алат.
  • Жамандыгы болбосо, жат дегениң жок нерсе.
  • Жамандыгы болбосо, жаштыгы калган жок.
  • Жамандыгыбыз болбосо, жаштыгыбыз калган жок.
  • Жамандык — өчпөйт, жоолашкан — өспөйт.
  • Жамандык бир күндө, жакшылык миң күндө.
  • Жамандык бирөө, жакшылык көп.
  • Жамандык жалгыз келбейт, жаныңды эзип мээлейт.
  • Жамандык жаманга жарашат.
  • Жамандык жерге жатпайт, жакшылык ичке батпайт.
  • Жамандык жерге жатпайт.
  • Жамандык жолго баспагын — кырсык тилеп аласың, досуңа чуңкур казбагын — өзүң түшүп каласың.
  • Жамандык издетпей эле табылат.
  • Жамандык кылбасаң, жабыкпай жүрөсүң.
  • Жамандык кылгандын үйү күйөт.
  • Жамандыкка жакшылык — эр кишинин ишидир, жакшылыкка жамандык — ар кишинин ишидир.
  • Жамандыкты амандык жеңет.
  • Жамандыкты таманымдын астынан табам.
  • Жамандыкты үнуткан — жакшы, жакшылыкты унуткан — жаман.
  • Жамандын бажасы көп, жанына пайдасы жок.
  • Жамандын бары таарынчак, ар бир ишке корунчаак.
  • Жамандын барынан жогу, ачынан тогу.
  • Жамандын барынан жогу.
  • Жамандын берген ашынан, жакшынын айткан сөзү артык.
  • Жамандын бир аты жоош, бир аты момун.
  • Жамандын бир өнөрү артык, жата калып ат үркүтөт.
  • Жамандын бир өнөрү артык.
  • Жамандын бойдогу бийлейт, жардынын коногу бийлейт.
  • Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.
  • Жамандын жаманынын адам таппас амалы бар.
  • Жамандын жан жыргалы — уйку, жалангычы — жылкы.
  • Жамандын жан жыргатары — уйку.
  • Жамандын жан сактары — айыл, жан жыргатаары — уйку, жалаңгычы — жылкы (же мал баккан).
  • Жамандын жаны ардак.
  • Жамандын жаны таттуу, жай табаары көр.
  • Жамандын жароосуз жерде дыкандыгы болот.
  • Жамандын жаштыгы өлгөнчө калбайт.
  • Жамандын жолдошу (жек жааты) көп, жанына пайдасы жок.
  • Жамандын жыргалы - уйку.
  • Жамандын катыны болгуча, жакшынын жесири бол.
  • Жамандын кесепети бир чакырым алда жүрөт.
  • Жамандын койнунда жатканча жакшынын жанында жат.
  • Жамандын колуна бийлик тийсе оңдурбайт.
  • Жамандын колуна дес тийсе оңдурбайт.
  • Жамандын колунан жакшы аш жегиче, жакшынын таягын же.
  • Жамандын коногу билет, жардынын бойдогу билет.
  • Жамандын көпкөнүжаман, бучуктун өпкөнүжаман.
  • Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
  • Жамандын ойну жаман, буканын мойну жаман.
  • Жамандын ойну калбайт.
  • Жамандын өзү да өлөт, кою да өлөт.
  • Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
  • Жамандын өзү тартуу, жакшынын сөзү тартуу.
  • Жамандын өзү теңелбесе дагы сөзү теңелет.
  • Жамандын өзүнөн да сөзү күчтүү.
  • Жамандын сөзү — таркылдак, төөдөн кулап түшкөндөй.
  • Жамандын сөзүн талашып, жакшы менен араз болбо.
  • Жамандын тапканы — жапалак.
  • Жамандын тонун кийсең, тойдо доолайт.
  • Жамандын төрүндө отурганча, жакшынын ирегесинде отур.
  • Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
  • Жаманы болбой жакшы жок, чымыны болбой бакшы жок.
  • Жаманы кылып коюучу, жакшысы уят болуучу.
  • Жаманы өлсө — бири өлөт, жакшысы өлсө баары өлөт.
  • Жамгыр — жер ырысы.
  • Жамгыр болбой дан болбойт, тегирмен болбой нан болбойт.
  • Жамгыр жаабай булут көчпөйт, жан кыйналбай жумуш бүтпөйт.
  • Жамгыр жааса, сел болсо — жаз да болсо кыш менен тең, бетинен бедер кеткен сон, — кымкап да болсо бөз менен тең.
  • Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эр гүлдөйт.
  • Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт.
  • Жамгыр өзүн сел ойлойт, көлчүк (же кудук) өзүн көл ойлойт.
  • Жампаны таяк менен чапсаң, өзүңө чачырайт.
  • Жан — ооруган жерде.
  • Жан аябаган жоо алат, мал аябаган доо алат.
  • Жан аяшкан дос болбойт.
  • Жан бар жерде каза (же өлүм) бар.
  • Жан бергендин жанында турба.
  • Жан бир чыгат, эки чыкпайт.
  • Жан кейибей, иш бүтпөйт.
  • Жан кыйналат дебесе, жардылыктан ким өлөт.
  • Жан кыйналбай жан чыкпайт.
  • Жан кыйналбай жумуш бүтпөйт, талаптанбай муратка жетпейт.
  • Жан сакташ оңой, жан жыргатыш кыйын.
  • Жан тартпаса да, кан тартат.
  • Жан эки чыкпайт, бир чыгат.
  • Жанашып калсаң (койсоң) жаманга, жакшылык кылбайт адамга.
  • Жанга күйбөс кандай (таңдай) дос.
  • Жанга күйгөн — жандай дос, жанга күйбөс — кандай дос.
  • Жанга күйгөн жандай дос.
  • Жандоочу кийик аттырат.
  • Жандоочусу жакшы болсо, уулуңа кийик аттырат.
  • Жандуунун жаны башка.
  • Жанжагына карабайт, жакыным деп санабайт.
  • Жанжемил, мурч жанга — тынч.
  • Жанчканга дагы ал керек, жаныңды сакта а көрөк.
  • Жаны ачыгандын жанына барба.
  • Жаны барда жалынган - жаман эрдин белгиси.
  • Жаны барда сүйүнгөн жаман эрлин белгиси.
  • Жаны бардын, үмүтү (өмүрү) бар.
  • Жанын аябаган жоо алат.
  • Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт.
  • Жаның болсо мал табылат, ашың болсо, казан табылат.
  • Жаныңа ким күйсө досуң ошо.
  • Жаныңда жүз сомуң болгончо, жүз жолдошуң болсун.
  • Жаңгакты чак, жаныңды бак.
  • Жаңдоочу кийик аттырат.
  • Жаңы дос келгенде, эски достун көзүнөн жаш чыгат.
  • Жаңы жардын жалыны күчтүү.
  • Жаңыга умтул, жалаадан кутул.
  • Жаңылбас — бир гана Кудай, жазбас — кара жер.
  • Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт.
  • Жаңылыкты ач өсөсүң, жаңылсаң өчөсүң.
  • Жаңыны эски сактайт, койду эчки сактайт.
  • Жаңысында түлкү, эскисинде күлкү.
  • Жапалак куш мактанса, жардан чычкан алдым дээр.
  • Жапалак менен ташты урса да, жапалак өлөт.
  • Жапалакты таш менен урса да жапалак өлөт, жапалак менен ташты урса да жапалак өлөт.
  • Жапыз да болсо тоом бар, тайыз да болсо суум бар.
  • Жар — эрдин жаны.
  • Жар башында жапалак, жапалак көрсөң атып өт, жаманды көрсөң качып өт.
  • Жар жыгылса суу бөгөйт, жалгыз өлсө ким жөлөйт.
  • Жар түбү — кечүү, тоо түбү — эл.
  • Жар ураса суу чыкпайт, жалгыз өлсө чуу чыкпайт.
  • Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
  • Жараат бүтөт, так калат.
  • Жарактуу киши зар болбойт, камдуу киши кор болбойт.
  • Жарактуу күнү жоо келбейт.
  • Жаралуу кийик жата албас.
  • Жараткандын бир күнү бар — жарым айга бергисиз, бир түнү бар — жатса уйку келгисиз.
  • Жарачу уул жашынан.
  • Жаргылчактуу катын — жакшы катын, электүү катын — эрке катын.
  • Жардамы тийбеген — жардам күтпөсүн.
  • Жарды — байга жетем дейт, бай — кудайга жетем дейт.
  • Жарды байга жагынам деп, жалгыз эчкисинен айрылыптыр.
  • Жарды байыйт, жаш чоңоёт.
  • Жарды болоор жигит эринчээк (кээде дөөлөтүнө мас) болот.
  • Жарды болоор жигиттер, дөөлөтүнө мас болот.
  • Жарды болор жигит, эринчээк болот.
  • Жарды болсоң — көчүп көр, жалгыз болсоң — өлүп көр.
  • Жарды болсоң да — ардуу бол.
  • Жарды болсоң жоомарт бол, бай малынан түңүлсүн.
  • Жарды болсоң көчүп көр.
  • Жарды болсоң, байдай бол, жалгыз болсоң, көптөй бол.
  • Жарды жүрүп бай болгондон сактан.
  • Жарды менен жоолаш болгончо, бай менен барымталаш бол.
  • Жардыга бай чоң, жалгызга көп чоң.
  • Жардыга таарынба.
  • Жардылыгын жашырган байыбайт, жалгыздыгын жашырган көбөйбөйт.
  • Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.
  • Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
  • Жардылык уят эмес, жалкоолук уят.
  • Жардымын десең — аласаң койбойт, жалгызмын десең, кудайың койбойт.
  • Жардыны кыйнаган менен, жар түбүнөн суу чыкпайт.
  • Жардынын бир тойгону — байыганга барабар.
  • Жардынын бокчосуна коёндун кулагы батпайт.
  • Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр.
  • Жардынын жалгыз аты качааган.
  • Жардынын жаны ардактуу, байдын малы ардактуу.
  • Жардынын жаны кыйналат, байдын малы кыйналат.
  • Жардынын жети каңшаары бар.
  • Жардынын кызы арзан деп, жайсыздан катын алба.
  • Жардынын ую жылда кысыр.
  • Жардынын үйүн коногу бийлейт, жамандын үйүн бойдогу бийлейт.
  • Жардынын чөнтөгүнө акча түшсө, турна болуп кыйкырат.
  • Жаркырагандын баары эле алтын эмес.
  • Жарлуу күнү конок келбейт, жарактуу күнү жоо келбейт.
  • Жарма тамыр жарытпайт.
  • Жарма, жарма да болсо карма.
  • Жарма, чайды жаман деп, этти кайдан табасың.
  • Жармага таарынып, бирөөгө жамандык издебе.
  • Жарманын кызуусу менен черүугө аттаныптыр.
  • Жармаңа ченеп суу куй, жылкыңа ченеп ышкыр.
  • Жарнамаң мыкты болсо, соодаңжакшы болот.
  • Жароокер катын жатканча таяк жейт.
  • Жартыны бөлүп жеген таттуулуктун белгиси.
  • Жартыны жарып жеген татуулуктун белгиси.
  • Жарыбаганга иш түшсө тозуп калат азамат.
  • Жарыбагандын кызын жалчыбаган алыптыр, экөө биригип журтта калыптыр.
  • Жарык дүйнөдө бир улак жаралса, бир түп шыбак кошо жаралат имиш.
  • Жарыкта малың көздөп (жыйнап) ал, караңгы кирсе көз жетпейт.
  • Жарылганды ууру алат.
  • Жарым жолдо кайткандын жолу болбойт.
  • Жарым ниет — жарым ырыс.
  • Жарыңды гүл арасынан тап, багыңды эл арасынан тап, балаңды эл арасына бак.
  • Жарыяң таасирдүү болсо, базарың өкүмдүү болот.
  • Жасалса күнөө, жалооруп өрөпкүбө.
  • Жат — жарытпайт, өз — өлтүрбөйт.
  • Жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт.
  • Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт.
  • Жата берсең чалкалап, мал семирбейт кайкалап.
  • Жатаар курсак жармадан айлансын.
  • Жатаарда көп ичкен, жаман түш көрөт.
  • Жатакчыны тер кысса, жүгүн жөө ташыйт.
  • Жаталак — өлөт, чычалак — көнөт.
  • Жатар курсак жармадан айрылсын.
  • Жатка жанашып, өзгө карасанаба, жаткан арстандан жорткон түлкү көп билет.
  • Жаткан бойро, жүргөн дарыя.
  • Жаткан оору эмес, баккан оору.
  • Жаткан өгүз жок.
  • Жаткан өгүзгө чөп жок.
  • Жатканга жаан жукпайт (же тийбейт).
  • Жатып жеген, катып жейт.
  • Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
  • Жатып ичер — жан бакты.
  • Жатып ичер аш болсо, жалкоолук жанга тынч экен.
  • Жатып ичер аш болсо, жардылык жанга тынч экен.
  • Жатып ичер жаман адат, көп жашатпай жайыңды табат.
  • Жатып ичээр — жанбакты.
  • Жатып ичээр жаман адат, көп жашатпай жайыңды табат.
  • Жатып ичээр жарма болсо, жардылык жанга тынч экен.
  • Жатып ичээрге жай менен кыштын айырмасы жок.
  • Жатып өлгүчө, атып өл.
  • Жаш — каруусу менен, карт — кеңеши менен.
  • Жаш — күчү менен, кары — акылы менен.
  • Жаш - күчү менен, кары — кеңеши менен.
  • Жаш — улук эмес, ажал — улук.
  • Жаш бутактын ийилгени — сынганы, жаш жигиттин уялганы — өлгөнү.
  • Жаш жыгач отундан жаркырап күйгөн тезек жакшы.
  • Жаш жыгачка куу жыгач сүйөнүп өсөт.
  • Жаш кайың желди сүйөт, жаш жүрөк теңди сүйөт.
  • Жаш карыса да, жан карыбайт.
  • Жаш кезде коркок болсо, карыганда чоркок болот.
  • Жаш кезинде сыйлай жүргүн аксакалды, карыны, картайганда кайра өзүңө, сыйдын тийет жарыгы.
  • Жаш келсе — ишке, кары келсе — ашка.
  • Жаш кургаганда — жетимдик унут болот.
  • Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
  • Жаш күчү менен, кары кеңеши менен.
  • Жаш төккөндөн көрө, маңдай тер төк.
  • Жаш улук эмес, акыл улук.
  • Жаш улук эмес, өлүм улук.
  • Жаш устанын бычагынын учу эки миз.
  • Жаш чак — алтын так.
  • Жашаганды билбеген, жашоонун баркын кетирет.
  • Жашка — кызмат, карыга — урмат.
  • Жашоо — бирге, өлүм — башка.
  • Жашоо кандай болсо, өлүм ошондой болот.
  • Жашоо ырахаты — ден соолук.
  • Жашоодон кечүү — акылсыздык.
  • Жашоонун өзүжашыл өрт.
  • Жашта берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
  • Жаштайында сүзөнөөк бөлсө, картайганда үзөнөөк болот.
  • Жаштардын басканы — жыргал, карылардын жатканы — жыргал.
  • Жашты жадатсаң — чабат, итти жадатсаң — кабат.
  • Жаштык бар жерде жалын бар.
  • Жаштык деген кеп эмес.
  • Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет.
  • Жаштык кезиң — мастык кезиң.
  • Жаштык коштошпой кетет, карылык учурашпай келет.
  • Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет.
  • Жаштык укмуштуу доор, жаракөр уяттуу бол.
  • Жаштыктын кадырын карыганда билет.
  • Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
  • Жаштын тилеги бир, жибектин түйүнү бир.
  • Жашчылык — жайдын жамгыр өткүнү.
  • Жашчылык өзү — чөп гүлү, жайдын жамгыр өткүнү.
  • Жашы бирге — курдаш, жаны бирге — сырдаш.
  • Жашы жеткен адамдын, төрүнөн көрүжуук болот.
  • Жашы улуу болсо да, жаны курбу көп болот.
  • Жашыл — оңот, жаш - чоңоёт.
  • Жашыл оңот, жаш чоңоет, кызыл оңот, кыз чоңоет.
  • Жашында жигит октолот (же шок болот), жашаганда токтолот, жалгабаса кудайым жабыгып жүрүп жок болот.
  • Жашыңда берсин (кылсаң) мээнетти, карыганда берсин (көрөсүң) дөөлөттү.
  • Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
  • Жашыңда денең чың болсо, карыганда тың болорсуң.
  • Жашыңда калжың болсоң, карыганда мылжың болорсуң.
  • Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатынды сактаганың.
  • Жашырган жиниң болгуча, ачык жемең болсун.
  • Же ойногон оюн жок, же мүлжүгөн моюн жок.
  • Жебей туруп, сиңирээриңди ойлон.
  • Жебейм, жебейм деп жемекей катын түгөтөт.
  • Жебес жерге чөп бүтөт, ичпес жерге суу бүтөт.
  • Жебесе да — бөрүнүн оозу кандуу.
  • Жебесең да май жакшы, ичпесең да чай жакшы.
  • Жебести ашка салба, билбести ишке салба.
  • Жеген билбейт, туураган билет эттин жакшы жаманын.
  • Жеген ооз уялат.
  • Жеген оозго жарашат.
  • Жегенде тойбогон, жалаганда тоймок беле.
  • Жегендин кусмайы бар.
  • Жегени да жаман, дегени да жаман.
  • Жегениңди көп көрбөйм, алыштырганда аз болбосун.
  • Жегениңдин наркы бар, жебегендин дарты бар.
  • Жегениңдин наркы бар.
  • Жегичтики суудан суута кетет.
  • Жез кадырын жезчи билет, эр кадырын эл билет.
  • Жез эскирсе дат болот, желедеги кулун ат болот.
  • Жездеме ишенип жүрүп жесир калдым.
  • Жейин десе — тиши ооруйт, берейин десе — ичи ооруйт.
  • Жек көрүүдөн кастык туулат.
  • Жеке өтүктүүгө жете албайт, соору өтүктүү бата албайт.
  • Жекен жеринде көгөрөт, эр элинде көгөрөт.
  • Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз ата койбос.
  • Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт.
  • Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
  • Жел өпкөнүн деми сууйт.
  • Жел сөз жанга дары болбойт.
  • Жел чыкпаса жан чыгат.
  • Желдин чаңдуусу жаман, сөздүн каңкуусу жаман.
  • Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
  • Желдүү күнү сүйлөбө — сөзүң сая кетпесин, тумандуу күнү караба — көзүң сая кетпесин.
  • Желе түбү — казык, жекен түбү — азык.
  • Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
  • Желип өмүр өткөн соң, жигит болбойт чал кайтып.
  • Желмогуздун эң кичинекейи кыйын.
  • Желмогуздун эң кичүүсү кыйын.
  • Жем талашпас куш болбос, сөз талашпас эр болбос.
  • Жем талашып боктон өлбөй, эл талашып октон өлгөн жакшы.
  • Жемди көргөн кыргый торду көрбөйт.
  • Жемди көрүп, көктөгү куш торго түшөт.
  • Жемелесе жерге кирбеген, көтөрмөлөсө көккө чыкпаган, көтөрүңкү көк челек деген болуптур.
  • Жемиштин жайын жеген билбейт, багбан билет.
  • Жең ичинде кол жүрөт, эл ичинде эр жүрөт.
  • Жеңем билди дегенче, жер жүзү билди десеңчи.
  • Жеңеме (же энеме) ишенип, эрсиз калдым.
  • Жеңең билди дегенче, жер жүзү укту десеңчи.
  • Жеңи жаман — аш алып иче албайт.
  • Жеңил акыл - бутка күч.
  • Жеңилбес кол — эл, кыйшайбас жол — эмгек.
  • Жеңилди жерден, оорду колдон алган.
  • Жеңилер жоо алды — артына карабайт.
  • Жеңишке жеткен бактылуу, жерине берип бактыны.
  • Жер — казгандан, ушак — айткандан түгөнбөйт.
  • Жер — казына, суу — алтын.
  • Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
  • Жер азыгы — суу.
  • Жер байлыгы — эл байлыгы.
  • Жер жалмаган неченди: падыша, төрө, чеченди, оозунан кудай түшпөгөн зикир чалган эшенди.
  • Жер жемишин берет, эл эмгегин берет.
  • Жер кишинин акысын жебейт.
  • Жер кулагы жети кат (эмне болсо да угула берет).
  • Жер кулагы жети кат.
  • Жер куураса, алабата чыгат.
  • Жер мээнетти жебейт.
  • Жер семизи — мал семизи.
  • Жер тамыры чөп өстүрөр, эл тамыры от күйгүзөр.
  • Жер тамырынан эл тамыры көп.
  • Жер тармал — өн, жеңиш үчүн — өл.
  • Жер тойбой — эл тойбойт.
  • Жер эмгекти жебейт.
  • Жер эрдин эмгегин жебейт.
  • Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат.
  • Жер ээн болсо, суур (кээде доңуз) дөбөгө чыгат.
  • Жерге келет бир кезек, жерге кезек келгенде: байчечекей чөп жайнайт, эрге келет бир кезек, эрге кезек келгенде, эгиз күлүк ат байлайт.
  • Жерге өзүң ийилбесең, жер сенден кийиндейт.
  • Жерге өзүң көөмп алып, жерге таарыныч кылбагын.
  • Жерге түшкөн — жетимдики.
  • Жерге түшкөн гүл болот, отко түшкөн күл болот.
  • Жерге чачылган кык, тогуз жылы пайдасын тийгизет.
  • Жерде жаткан жумуртка — асманда учкан канаттуу.
  • Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот.
  • Жерде жафаа жок, кудайда ката жок.
  • Жерде жүргөн коңуз бар, адамдан чыккан доңуз бар.
  • Жердей март да жок, жердей зыкым да жок.
  • Жерден жарака кетсе, акылдын жүрөгү аркылуу өтөт.
  • Жерди тегиз дебеңиз, алды-артында кайкаң бар, элди тегиз дебестен, алды-артыңды байкаңдар.
  • Жердин да кулагы бар.
  • Жердин Койсарысы көлдө экен, адамдын койсарысы сен экенсиң.
  • Жердин көркү — Алайда, ашуунун көркү — кундузда, сулуунун көркү — кыргызда (калында).
  • Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим.
  • Жердин кулагы жети кат.
  • Жердин танабын тартса кыскарат, коё берсе — узарат.
  • Жердин уусун билген киши, караңгыда карсактын изинен жаңылбайт.
  • Жери байдын, эли бай.
  • Жеримде жээрде сакал бий элем, эми жети сакал кул болдум.
  • Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт.
  • Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт.
  • Жеринен ооган жүк оңолбойт.
  • Жеринен ооганга жети жылы конуш жок.
  • Жесе да, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу.
  • Жетегинде болбосо, жетелеген не болот.
  • Жетек жеткирет, чагым өлтүрөт.
  • Жетеси жокко жети күн айт.
  • Жетеси жокту жетелесе билбейт, акылы жокту алдаса билбейт.
  • Жетеси жокту жетелесе да болбойт.
  • Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
  • Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт.
  • Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин билбеген кыз — күң.
  • Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
  • Жети кишинин бири кыдыр.
  • Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
  • Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
  • Жети күндүн бири өлүм.
  • Жети өлчөп бир кес.
  • Жетиле элек наадандан жетектеген ат жакшы.
  • Жетим — жетилет, жерге — кошулат.
  • Жетим бала кекчил, жесир катын элчил (же эмчил), өгөй өөнчүл.
  • Жетим да торолор, заман да оңолор.
  • Жетим жүрүп жетилет.
  • Жетим өз киндигин өзү кесет.
  • Жетимге боор ооруса, жеңеси койнун ачат.
  • Жетимдин акысы тозоктун оту.
  • Жетимдин акысын жебеңиз, жетимдин акысын жесеңиз — тынч жатамын дебеңиз.
  • Жетимдин желкеси кыйык.
  • Жетимдин курсагы жети кат.
  • Жетимдин сүйгөн тамагын ким берет.
  • Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги баланын көңүлү калбасын.
  • Жеткен — жети муштайт, жетпеген — бир муштайт.
  • Жеткен — кесек менен, жетпеген — тезек менен.
  • Жеткен жети муштайт, жетпеген бир (эки) муштайт.
  • Жеткен кесек менен.
  • Жеткенден — калтек, жетпегенден — мантек.
  • Жеткенден калтек, жетпегенден мантек жеп.
  • Жеткилең бийик жол болбойт, жээн — тага эл болбойт.
  • Жетпеген — жекчил.
  • Жетпести кууба, келбести күтпө.
  • Жибекти туталбаган жүн кылат, катынды күтө албаган күң кылат.
  • Жибекти туталбаган жүн кылат.
  • Жигит бир сырдуу, кырк (төрт, сегиз) кырдуу болот.
  • Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
  • Жигит келсе, кыз даяр.
  • Жигит менен кыз жатат, жыргал менен таң атат.
  • Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет.
  • Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  • Жигит тереңи көк ирим көлдөй, жигит күчтүүсү каптаган селдей.
  • Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
  • Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
  • Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
  • Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  • Жигитке кырк өнөр аздык кылат.
  • Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
  • Жигиттик өттү ашкан белдей, карылык келди казган көрдөй.
  • Жигиттин куну — жүз жылкы, ары — миң жылкы.
  • Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин сураба.
  • Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
  • Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
  • Жигиттин түзүн (же сырын) айтпай, ишин айт.
  • Жигиттин уялганы — өлгөнү.
  • Жиксиз жерден жел чыкпайт.
  • Жип кессең — узун кес, кеп салсаң — кыска сал.
  • Житкен окту аткан ок табат.
  • Житкен окту каккан ок чыгарат.
  • Жоболоңдуу жолго чыкса, эмгектүүнүн этеги булганат.
  • Жоболоңдууга жолдош болбо.
  • Жоголгон бычактын сабы алтын.
  • Жоголуп табылган мал — олжо, ооруп айыккан жан — олжо.
  • Жоготуу — тапкычтыкка үйрөтөт.
  • Жойпу дос ишке жарабайт, мыкты күчүн аябайт.
  • Жойпу наадан — жоодон жаман.
  • Жойпулук эмне дедирбейт, жокчулук нени жедирбейт.
  • Жок азабын бар сезбес да, ач кадырын ток билбес.
  • Жок болсо, баарына көнөт.
  • Жок болсо, март да бере албайт.
  • Жок жокко — көмөктөш.
  • Жокко амал жок.
  • Жокко дабаа жок.
  • Жокко суу да жок, алып ичер идиш да жок.
  • Жокко суу да жок.
  • Жокко туз да жок.
  • Жоксуз жалтаң, жондуу балтаң.
  • Жокто байдай сыйлагын, бай малынан түңүлсүн.
  • Жоктон бар болоор, бардан жок болоор.
  • Жоктон барды жараткан адамдын акылы.
  • Жоктон бары артык.
  • Жоктон көрө жогору.
  • Жокту байдай сыйлагын, бай малынан түңүлсүн.
  • Жокту жок издеген табат, жолдошу шайыр болсо, жолоочунун кумары канат.
  • Жокту жок издеген табат.
  • Жокту жок табат.
  • Жокту керек таптырат, өйдө — төмөн чаптырат.
  • Жокту керек таптырат.
  • Жоктун бары болот, арыктын семизи болот, ачтын тогу болот.
  • Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
  • Жоктун жайын жакыр билет.
  • Жоктун жону катуу, өгүздүн (же буканын) мойну катуу.
  • Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
  • Жоктун жону катуу.
  • Жокчулук таштан да катуу, оорулук зындандан да оор.
  • Жокчулук эрди жоботот.
  • Жол (из) кууган — казынага жолугат, кеп (сөз) кууган — балаага жолугат.
  • Жол азабы — көр азабы.
  • Жол атасы — туяк, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
  • Жол бирге болсо да тагдыр башка.
  • Жол кууган казынага жолугат, кеп кууган балаага жолугат.
  • Жол кыскарткан сөз.
  • Жол салсаң — өтөсүң, ор казсаң — түшөсүң.
  • Жол үстүндө жоокер тыныкпайт.
  • Жолборс (арстан) нзинен кайтпайт, жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жолборс изинен кайтпайт, баатыр сөзүнөн кайтпайт.
  • Жолборс терисин кийгендин баары баатыр эмес.
  • Жолборс чабуу эр даңкын чыгарат.
  • Жолборс чапкан алп — ал колбашчы.
  • Жолборс чапкан эр — жоону чабат.
  • Жолборстун баскан изин ит баспайт.
  • Жолборстун жаткан жерине ит батпайт.
  • Жолборстун жаткан жерине өрт күйбөйт.
  • Жолго чыксаң — шайлан, бел куруңду (же бооңду) байлан.
  • Жолго чыксаң жол азыгың мол болсун.
  • Жолго чыксаң жолоочуңду шайлап ал.
  • Жолго чыксаң шайлан, бел — бооңду байлан.
  • Жолдо жүрсөң, жортуп жүр.
  • Жолдо тамактын оордугу жок.
  • Жолдон келип, тон меники дейт, эшиктен кирип төр меники дейт.
  • Жолдон келип, төр меники дейт.
  • Жолдон чыксаң да, көптөн чыкпа.
  • Жолдош болбо айгакка, мүдүрүлтөт тайгакка.
  • Жолдош болбо коркокко, жүк артпагын торпокко, иш кылдырба чоркокко.
  • Жолдош болсоң кууга, башыңды салаар чууга.
  • Жолдош таппаган эр азат, башчысын таппаган эл азат.
  • Жолдош таппаган эр өксүк, башчысын таппаган эл өксүк.
  • Жолдошту жол айрат.
  • Жолдошу көптүн колдоосу көп.
  • Жолдошу көптүн олжосу көп.
  • Жолдошун таппаган эр азат, башчысын таппаган эл азат.
  • Жолдошуна күйбөгөн жоого түшөт.
  • Жолдошуң жаман болсо алыс жолго түн катпа, аялың жаман болсо, киши алдында үн катпа.
  • Жолдошуңду жонуңа, оорубаса мойнуңа көтөр.
  • Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
  • Жолоочу ат жалына казан асат.
  • Жолоочу болсо — атын ал, жортуулчу болсо — башын ал.
  • Жолоочу болсо атын ал (жолго сал), жортуулчу (тоноочу) болсо башын ал (ортого сал).
  • Жолоочу жол менен, жортуулчу эл менен.
  • Жолоочулукка эрөөн жок.
  • Жолоочуну ээрчип ит убара (же өлөт).
  • Жолоочуну ээрчип, ит өлөт.
  • Жолоочунун — жолдогусу жакшы, жолдо болбосо — үйдөгүсүжакшы.
  • Жолоочунун азЫгы жолунда.
  • Жолоочунун бай экенин ким билет, кул экенин ким билет.
  • Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо — үйдөгүсү жакшы.
  • Жолоочунун үзөңгү боосу алты кабат, кулу — бийин ким билет.
  • Жолоочуң кечиксе — сүйүн, жортуулчуң кечиксе — күйүн.
  • Жолу болор жигиттин жеңеси алдынан чыгат.
  • Жолун таап ырдаса, кубаныч экен ыр деген.
  • Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун.
  • Жолуңа кууну албай, акылдууну ал.
  • Жомок деген жорго сөз.
  • Жомоктон курсак тойбойт, кулак кубанат, көңүл тоёт.
  • Жоо аяган — жаралуу, катыны — каралуу.
  • Жоо аяган — жаралуу, эри өлгөн катын — каралуу.
  • Жоо аяган жаралуу.
  • Жоо аяган өзү өлөт.
  • Жоо жакадан, бөрү этектен алганда.
  • Жоо жакаласа, бөрү этектер.
  • Жоо капыстан чабат, өлүм суратпай келет.
  • Жоо качканда баатыр көбөйөт.
  • Жоо келгенде — баатыр бол, доо келгенде — акыл бол.
  • Жоо кеткен соң, кылычынды ташка чап.
  • Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап.
  • Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка (бокко) чаппа.
  • Жоо кыстаса баатырга бар.
  • Жоо малынын тезеги пайда.
  • Жоо сырын жоо билбейт.
  • Жоо түбү — эл, жар түбү — кечүү.
  • Жоо чапкан алпка айып жок.
  • Жоого барсан баарың бар, доого барсаң бириң бар.
  • Жоого жалынба — жаныңды алат, доого жалынба — малыңды алат.
  • Жоого жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
  • Жоодон алып качкан жан арам.
  • Жоодон ачарчылык күчтүү, жошултуп алсыратат күчтү.
  • Жоодон корккон — жоого дос, элди сүйгөн — эрге дос.
  • Жоодон корккон жолдошун сабайт.
  • Жоокер жараксыз болбойт, ырчы комузсуз болбойт.
  • Жоокерге тон тиге албаган жар — жоо босогосунда күң.
  • Жоолашкан эки журттун кыйыры ыйык.
  • Жоолашкан эки элди бириктирүү үчүн кайраттуу кол керек, акыл дагы мол керек.
  • Жоолук да болсо жолго ийги.
  • Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла.
  • Жоомарттын жайы бейиште, сараңдар калат кейиште.
  • Жоон болсоң капкурсак дейт, ичке болсоң — жылан жуткан жип курсак дейт.
  • Жоон сүзүлгүчө, ичке үзүлөт.
  • Жоону сайса ким (эр) сайды, аты калды Манаска.
  • Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска.
  • Жоону таап ал, жоошутуп чаап ал.
  • Жоонун малынын тезеги жугат.
  • Жоонун сыртында болбо, ичинде бол.
  • Жоонун түбү эл болор, тоонун түбү бел болор.
  • Жоор семирсе баш бербейт, жаман сүйлөсө сөз бербейт.
  • Жоорду чымын ырбатат.
  • Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет.
  • Жоош төө чуудаларга жакшы.
  • Жооштон жоон кеп чыгат.
  • Жооштон жоон чыгат.
  • Жорго жолду арбытат, жокчулук эрди карытат.
  • Жорго жүрүшүнөн баа болот, жаман жүрүшүнөн кул болот.
  • Жорго минген жолдо мас, катыны сулуу күндө мас.
  • Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат.
  • Жорго минген менен жолдош болбо, жоболоңдуу менен айыл конбо.
  • Жорго мингенге жолдош болбо.
  • Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт.
  • Жоргодон туулган жорток бар, баатырдан туулган коркок бар.
  • Жоргонун баркын мингенде билерсиң, жакшынын баркын өлгөндө билерсиң.
  • Жоргонун кадыры желгенде билинет, жолдоштун кадыры өлгөндө билинет.
  • Жоргонун тери кургабайт, эркенин жашы кургабайт.
  • Жоргоң мыкты болсо төшкө сал, ишиң катуу болсо элге сал.
  • Жорто албаган (жүрө албаган) жол бузат, айта албаган сөз бузат.
  • Жорто албаган жол бузат, айта албаган сөз бузат.
  • Жортсоң — жол аларсың, жолугушсаң — сөз угаарсың.
  • Жортуп жүрсөң, жол өнөр.
  • Жортуулда жоокердин жоосу — уйку.
  • Жортуулчунун башы жолдо калат.
  • Жору тарпка конот, чымын майга конот.
  • Жору тарпка тойсо, чарбакты эңсейт.
  • Жору томого кийгендей.
  • Жору, жору, жорумун, аты куштун зорумун, беш тырмагым жогунан аты куштун корумун.
  • Жоруга томого кийгизгендей.
  • Жорулуу жерде тарп калбас.
  • Жорунун өзү тоодо болсо да, көзү бөксөдө.
  • Жосунсузга жорго мингизсе жарашпайт.
  • Жөжөнү күзүндө санайт.
  • Жөн билгини жумшасаң, акыл үйрөтпө.
  • Жөн сурамак изаттан, ат сурамак келбеттен.
  • Жөнү жок чыркыратып кетпе, жолуңду түбөлүктү эсте.
  • Жөнүжок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
  • Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы экен.
  • Жөө жүрүп ырдаганы курусун, өгүз минип жыргаганы курусун.
  • Жөө калган эр — канаты жок карга.
  • Жөө калганча ат кадырын билбес, ач калганча аш кадырын билбес.
  • Жөөнүн топосу чачылбайт, жалгыздын сөзү өтпөйт.
  • Жөөнүн ырысын аттуу жебейт.
  • Жөөнүн энчисин атчан албайт.
  • Жөтөл — картаңдын күлкүсү.
  • Жука жерден жыртылат, ичке жерден үзүлөт.
  • Жулук ууру журттан айлансын.
  • Жумурткадан кыр тапкан кудайым.
  • Жумуру башка бир өлүм, эрте — кечи баары бир.
  • Жумуру башта нелер жок.
  • Жумурунда уузу жок өмүрүндө тойдум дебейт.
  • Жумуш кылсаң үшүйсүң, арак ичсең тердейсиң.
  • Жумуштан качып жашынган жаман, жалкоолук күчөп, ашынган жаман.
  • Жумушту кечеңдетпе, ырбатып тереңдетпе.
  • Жумуштун көзүн тап, кыйшыктын тегин тап.
  • Жумшак айткан месел сөз, муз жүрөктү эритет.
  • Жумшак жыгачты курт басат.
  • Жупуну — жугумдуу, сыпайы — сүйкүмдүү.
  • Журт аймагы кең, аалам менен тең.
  • Журт арасы — темир талкуу.
  • Журт арасын атанын арам сийдик уулу бузат.
  • Журт кечээ кубарса, бүгүн көгөрөт.
  • Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар.
  • Журт мазар, журттан чыккан азар.
  • Журтка жек көрүнгөндү кудай жек көрөт.
  • Журтту жалгасын, журт ичинде бечера бизди жалгасын.
  • Журттун ынтымагына балта чапкан бузукуну журт алдында мууздайт.
  • Журту тирүүнүн өзү тирүү.
  • Жутаанак төө жабуусун жалмайт.
  • Жуталаң жылы ит семиз, тумоолуу жылы молдо семиз.
  • Жуткан — жумурда, ичкен — ичегиде.
  • Жуткан жутабайт.
  • Жутканга комсоо дебесек, кебеги менен кылканы.
  • Жуурат ичкен кутулат, жугунду ичкен тутулат, айран ичкен кутулат, аягын жалаган тутулат.
  • Жуурат төгүлсө, жугу калат.
  • Жуучулукка кордук жок, элчиликке өлүм жок.
  • Жүгү уйда болсо да, дымагы төөдө.
  • Жүгүргөн албай — буюрган алат.
  • Жүз - жүрөктүн күзгүсү.
  • Жүз дос — аз, бир кас — көп, (Миң дос — кем, бир кас — артык).
  • Жүз дос — аз, бир кас — көп.
  • Жүз жолу айткандан бир жолу көргөзгөн артык.
  • Жүз жолу айткандан бир жолу көргөн жакшы.
  • Жүз жолу уккандан, бир жолу көргөн жакшы.
  • Жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн.
  • Жүз сомуң болгуча, жүз жолдошуң болсун.
  • Жүз сөздү бир сөз токтотот.
  • Жүз, жүзгө жеткенде кудайдан күдөрүңдү үз.
  • Жүзгө жет, мүдөөм кет.
  • Жүзгө чейинди «жасоол» дейт, миңге чейинди «кол» дейт, миңден ашыгын «кошуун» дейт.
  • Жүздөн — бирди, миңден — онду танда.
  • Жүздөн бирөө — чечен, миңден бирөө — көсөм.
  • Жүздөн күлүк, миңден тулпар.
  • Жүздүн (карынын, өрдүн) көркү сакал, сөздүн көркү макал.
  • Жүздүн көркү — сакал, сөздүн көркү — макал.
  • Жүзүмүн жеп, багын сураба.
  • Жүйөлүү сөз жүйөсүн табат, жүйөсүз сөз ээсин табат.
  • Жүйөөлүү сөз жүлүнгө тиет.
  • Жүйөсүн таап жумуш кыл, жерин таап тыным кыд.
  • Жүктү лөк көтөрөт, мээнетти эр көтөрөт.
  • Жүктүн оорун нар көтөрөт.
  • Жүктүн өз теңи, теңтуштун өз кеби.
  • Жүрбөгөн атка «чу» деген дем.
  • Жүргөнүмдүжел билет, конгонумду сай билет.
  • Жүргөнүмдүжел билет, коногумду сай билет.
  • Жүрө албаган жол бузат, айта албаган сөз бузат.
  • Жүрөгүм күйгүчө, билегим күйсүн.
  • Жүрөк менен кан бирге, жүлүн менен жан бирге.
  • Жүрөк сыры тилден чыгат.
  • Жүрөк сырын көз билдирет.
  • Жүрөккө доо кеткенче, өзөккө өрт кеткен жакшы.
  • Жүрөккө жакын алба, жибитип алда.
  • Жүрөктөгү сыр жүздөн байкалат.
  • Жүрөктөй үЙДӨН, ЖүЛГӨДӨЙ түтүн.
  • Жүрөктөн чыкпай, жүрөккө кирбейт.
  • Жыгач кессең узун кес, темир кессең кыска кес, көйнөк бычсаң кенен быч.
  • Жыгач ким жагаарын билет, мал ким багаарын билет.
  • Жыгачка мөмө бүткөн сайын салбырайт.
  • Жыгачты курт чиритет, элди өзгө иритет.
  • Жыгачтын баары тез болбойт, сарынын баары жез болбойт.
  • Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт.
  • Жыгачтын ийрисин тезге салса түзөлөт, жолдошуңдун ийрисин кепке салсаң түзөлөт.
  • Жыгылган күрөшкө тойбойт.
  • Жыгылган ооганга күлөт.
  • Жыгылгандын үстүнө жудурук (муштум).
  • Жыгылсаң нардан жыгыл, (жез) буйласын кармай жыгыл.
  • Жыгылсаң, нардан жыгыл, буйласын ала жыгыл.
  • Жыгылсаң, нардан жыгыл, этиң оорубас.
  • Жыйноочу бармакка басып, тырмакка кысып жыйнайт.
  • Жыкмак бар, баштан аттамак жок.
  • Жыл дегениң, жылгадан аккан суу.
  • Жыла баскан жылманын кеби жылуу, ичи ала.
  • Жылан ийри сойлосо да, ийнине түз кирет.
  • Жылан кээде чагат, тажаал күндө чагат.
  • Жылан кээде чагат, ушакчы күндө чагат.
  • Жылан оз уусунан өлбөйт.
  • Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербейт.
  • Жылан чаккан кайтат, бөйөн чаккан кайтпайт.
  • Жылан чакпай, жылкы теппей.
  • Жыланга чактырган аркандан коркот.
  • Жыландай ийрилип башталса, шоонадай чубалып бүтөт.
  • Жыландан сыр сураса, чаяндан калыс кылат.
  • Жыланды жылан чакпайт.
  • Жыланды үч кессе да, кескелдирикче алы бар.
  • Жыландын куйругун баспа — чагат.
  • Жыландын сырты жумшак болсо да, ичи заар.
  • Жыландын териси — кооз, тиши — уу.
  • Жыландын уусу — тишинде, жамандын уусу — ичинде.
  • Жыландын уусу башында, бейкамдын (же жалкоонун) жоосу кашында.
  • Жыландын уусу башында, бейкамдын жоосу кашында.
  • Жыландын уусунан айыкса болот, ушактын уусунан айыгыш кыйын.
  • Жылаңачка — караган — бута.
  • Жылаңачка тон бербей, атласты кантип кийесиң.
  • Жылдаш катын — сырдаш.
  • Жылдыздар жайнаган түн сонун, жылытып тердеткен күн сонун.
  • Жылдыздын көбү — асмандын көркү, билимдин көбү — акылдын көркү.
  • Жылдырма оосурактын жыты жаман.
  • Жылкы — берен, жылкыны баккан — эрен.
  • Жылкы (айбан) кишенешкенче (искешкенче), адам сүйлөшкөнчө (көрүшкөнчө).
  • Жылкы аласы — тору ала, сыртынан таанылат, адам аласы — ичинде, баамчылар жаңылат.
  • Жылкы жайлоодо семирет, бордогусу байлоодо семирет.
  • Жылкы кашынышканча (кээде кишенешкенче), адам сүйлөшкөнчө (кээде көрүшкөнчө).
  • Жылкы кишенешип, киши сүйлөшүп таанышат.
  • Жылкы кишиге канат, төө кишиге күч.
  • Жылкы семирсе, жылкычы сүйүнөт.
  • Жылкы суудан калбасын.
  • Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы эрдин мүлкүдүр.
  • Жылкыга жыландай уул жарайт.
  • Жылкыда жал болсо, койдо козу, куйрук бар.
  • Жылкыда жая жал болсо, койдо козу, куйрук бар.
  • Жылкыдан качыр, мусулмандан капыр туулат.
  • Жылкыдан оосоң жалын карма, уйдан оосоң мүйүзүн карма, кишиден оосоң оозуңду карма.
  • Жылкыны имерсе, качагаан жылкы өзү эле четке чыгат.
  • Жылкыңа карап ышкыр.
  • Жылкыңа ченеп (же карап) ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр.
  • Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
  • Жылкычы болгон бээ багат, жылас болгон төө багат.
  • Жылкычы болуучу уул ээрде уктайт, ээрде уктоочу уул эл багар.
  • Жылкычы кадик адис болбосо, жоого минер ат жок.
  • Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт.
  • Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт.
  • Жылкычынын жыйганы жубан үчүн.
  • Жылкычынын ичкенин бирде ит ичпейт, бирде кан ичпейт.
  • Жылуу келген душманды суук чыгарба.
  • Жылуу сөз жылытат, муздак сөз муздатат.
  • Жылуу сөз жылытат, суук сөз муздатат.
  • Жылуу сүйлөсө жыла — жыла жылаан ийинден чыгат.
  • Жылуу сүйлөсө, жылан да ийинден чыгат имиш.
  • Жылуу, жылуу сүйлөсөң, жылан ийинге кирет, катуу — катуу сүйлөсөң мусулман (кээде каапыр) динден чыгат.
  • Жылуулук - от бар жерде, сулуулук — сүйүү бар жерде.
  • Жылуунун муздашы — бат, муздактын жылышы — кымбат.
  • Жылуусу жок тон курусун.
  • Жылымчы оосурактын жыты жаман.
  • Жылып консо жылкы сүйүнөт, жылбай отурса катын сүйүнөт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт, жылып, жылып булут кетет көк калат, жүрүп, жүрүп жалгыз кетет көп калат.
  • Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу.
  • Жыргайсыңбы, куурайсыңбы — жашоо керек.
  • Жыргалдын ана башы — ден соолук.
  • Жыртык — тешикке күлөт.
  • Жыртык ийненин кереги тиет.
  • Жыртык тешикке күлөт.
  • Жыртык тондуу — күрөшчөөк.
  • Жыртык үйдөн кыйшык түтүн чыгат.
  • Жыртык үйдү жел табат, калп сөздү эл табат.
  • Жыртык үйдүжел табат, калпычыны эл табат.
  • Жыртыкка жамак табылат, дартка дабаа табылат.
  • Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
  • Жээ ары барып, Чүйдө өлбөй, жээ бери келип, үйдө өлбөй.
  • Жээн келгенче, жети бөрү келсин.
  • Жээн эл болбойт, желке таз болбойт.
  • Жээн эл болбойт, желки тон болбойт.
  • Жээн эл болот бай болсо тайкеси, желки тон болот, май болсо желкеси.
  • Жээндин жээни, желкинин тону (жыты тууган).
  • Жээринде майда чайна, айтаарыңда мыкты ойло.
  • Жээриңе келгенде жети кабат бөрү элең, жебесиңе келгенде жин окуган молдо элең.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо