Макал лакаптар жыйнагы (Х)

Х тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Х тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Х тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Х

  • Хан болбосо эл уюбайт.
  • Хан кайда барса нөкөрү калбайт.
  • Хан кебине кайруу жок.
  • Хан койнунда калтыраганча кул койнунда кутуруп жат.
  • Хан сарайы — кылычтын мизи, камчынын күчү.
  • Хан тартуусу — тогуз.
  • Ханды кудай ураарда катыны менен кабышат, эли менен чабышат.
  • Хандын каарынан сактан, каракчынын доосунан сактан.
  • Хандын кызы кашык кармаса колу жооруйт.
  • Ханы кайрымдуу болсо, калк башына бак конот.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо