Макал лакаптар жыйнагы (Д)

Д тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Д тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына Д тамгасына башталган макалдарды кошсоңуз болот.

Д

  • Даам таткан жериңе какырба, суу ичкен кудугуңа түкүрбө.
  • Даам таткан кудугуңа түкүрбө.
  • Даана байлык — ден соолук.
  • Даана карт даркан жигиттен чыгат.
  • Дааналык менен кыскалык — сөздүн көркү.
  • Дааналык менен кыскалык — сөздүн көркү. Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.
  • Дабаасыз — дарт болбос, ырымсыз — кары болбос.
  • Дайрадан чыгып, көлчүккө чөгүптүр.
  • Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.
  • Дайыма изденүү, демиңе күч берүү.
  • Дайыны жок сөз — чала күйгөн чычала.
  • Далдал күчөсө — пулуңду алат, оору күчөсө — жаныңды алат.
  • Далилдүү сөз — угузат, кур насаат — качырат.
  • Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.
  • Дан — аш, алтын — таш.
  • Дан жыттанган дыйкан колу, даңгыр эмес баскан жолу.
  • Данданкүү мынча, эт канча.
  • Данектүү болсун сөз, дарактай өнүп өс.
  • Даны жоктун — наны жок, наны жоктун — жаны жок.
  • Даны толук эң (дан) жакшы.
  • Даның болсо орооңдо, малың сыйбайт корооңо.
  • Даражаң көтөрүлгөн сайын кичи пейил бол.
  • Дарак — тамыры менен, адам — тууганы менен.
  • Дарак бир жерде көгөрөт.
  • Дарак бир жерден өсөт, бир жерден көгөрөт.
  • Дарак жемишинен таанылат, адам акылынан таанылат.
  • Дарак нымды сүйөт, эл чынды сүйөт.
  • Дарак тамыры менен көгөрөт.
  • Даракты жер көгөртөт, адамды эл көгөртөт.
  • Дарактын жемиши көп бөлсө, шагы ошончо ийилет.
  • Дарт — эренди мүңкүрөтөт (үшкүртөт).
  • Дарт да башка, ажал да башка.
  • Дарт келгенде — дарман кетет, дарт кеткенде — уйку келет.
  • Дарт кетсе, дарыгер эстен чыгат.
  • Дарт эренди мүңкүрөтөт (үшкүртөт).
  • Дартка дабаа болгон, илдетке шыбаа болот.
  • Дартты жөн койсо жайылат, дарыласаң айыгат.
  • Дарты жок, дары издебейт.
  • Дары — чөптөн, акыл — көптөн.
  • Дары болсо иттин куу тезеги, дарыянын башына чыгат.
  • Дарыя — булактан, мастык — ууртамдан.
  • Дарыя сууда балык бар, биз укпаган калык бар.
  • Дарыядагы балыктын баасы жок.
  • Дарыянын жанына кудук казбайт.
  • Дарыянын суусун жаан ташкындатат.
  • Дат — темирди жейт, дарт — өмүрдү жейт, дат күчөсө, дан алдырбайт, дарт күчөсө, дем алдырбайт.
  • Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.
  • Даяр ашка саламчы көп, жетим кызга жуучу көп.
  • Даярга тап койбө, дардаңдап шап болбо.
  • Деген экен, деген экен — бир коёнду бир коён жеген экен.
  • Ден соолук — биринчи байлык.
  • Ден соолук — карылар үчүн да кубаныч.
  • Ден соолук — түгөнгүс (чон, зор) байлык.
  • Ден соолук — чоң (терең) байлык.
  • Дендин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы.
  • Дене тарбия — ден соолукка табылбас дары.
  • Дени сактын — руху бийик.
  • Дени соонун — байлыгы түмөн.
  • Дени соонун — жаны соо.
  • Дени тазанын деми таза.
  • Дешпе, дешкенден кийин бок жешпе.
  • Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе.
  • Дигериңди кудай алсын, бешимиңди үйрөтчү.
  • Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.
  • Дин — элге апийим.
  • Динчил түшүнө ишенет, эмгекчил күчүнө ишенет.
  • Доңуз ылайдан семирет.
  • Доңуздун санын иттен аяба.
  • Доо карыбайт, аса чирибейт.
  • Доо коюлса, айыпка жыгылат.
  • Доогер суз болсо, казы митайым болот.
  • Доолашаарың казы болсо, дартыңды аллага айт.
  • Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
  • Дооң жок болсо, кепил бол.
  • Дос — жолдошуң бир жылдык, куда — сөгүң миң жылдык.
  • Дос — сенин күзгүң.
  • Дос (тууган) күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  • Дос айрылат, сөөк кайрылат.
  • Дос алдында жооп берүүдөн көрө, душман алдында өлгөн жакшы.
  • Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
  • Дос башка карайт, душман бутка карайт.
  • Дос гүл болсо, душман күл болот.
  • Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
  • Дос досту кыйынчылыкта таштабайт; дос — доско жаныңды кош.
  • Дос досту үлпөттө сынайт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт.
  • Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт.
  • Дос изде, душман өзү табылат.
  • Дос көтөрөт көңүлдү, кой көтөрөт семизди.
  • Дос көтөрөт көңүлдү, мал көтөрөт өлүмдү, кой көтөрөт семизди.
  • Дос күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  • Дос менен дос болсоң — мактан, кас менен дос болсоң — сактан.
  • Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
  • Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
  • Дос таарынса, (доолашса) бергенин алат.
  • Дос табылбайт, акча табылат.
  • Дос табышат, душман кагышат.
  • Дос тапмак арзан, аны күтмөк кыйын.
  • Дос эгиз, душман сегиз.
  • Дос, доско жаныңды кош.
  • Дос, досту үлпөттө сынайт.
  • Дос, жолдош — бир жылдык, куда — сөөк — миң жылдык.
  • Доско берип турсаң жакшы, бербей калган күнү бергенин кайта доолайт.
  • Доско ишенгиче, дооранынды байлана жүр.
  • Досондону ант урат, куданданы бата урат.
  • Досондонун жаны бир, куданданын малы бир.
  • Доссуз адам — канатсыз куш.
  • Досторум келсе дудукмун, досторго барсам — кудукмун.
  • Досторуңа таттуу бол, кастарыңа катуу бол.
  • Достук барча байлыктан абзел.
  • Достук тар кыяда сыналат.
  • Достуктун наркы доорунда.
  • Достун (досуңдун) көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  • Достун жаны бир, туугандын малы бир.
  • Достун кадыры бир татым насыбайдан калат.
  • Достун каны башка, жаны бир.
  • Достун көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  • Достун көңүлү бир тыйындан калат.
  • Достун орду — төр, кастын орду — көр.
  • Достун түбү — маймак, уурунун түбү — айгак.
  • Досу жок жан жетимден да жаман.
  • Досу жок киши канаты жок куштай.
  • Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш.
  • Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
  • Досум, дос элек коон үзгөндө, кас болдук бозо сүзгөндө.
  • Досунан ажыраган — өзүнө өзү душман.
  • Досуң баягыдай эмес баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
  • Досуң баягыдай эмес, баятыдай болсо, аягыдай эмес.
  • Досуң канча болсо, душманың ошончо.
  • Досуң күзгүдөй, сындырсаң эптей албайсың.
  • Досуң миң болсо да — аз, душман бирөө болсо да — көп.
  • Досуң миң болсо да аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
  • Досуңа сыр (же сырыңды) айтпа, досуңдун да досу бар.
  • Досуңдан (төркүнүңдөн) төө сура, уялгандан (чыдабаса) бээ берет.
  • Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
  • Досуңду ант урат, куданы бата урат.
  • Досуңду токтотпо, жолунан калат, касыңды токтотпо, сырыңды алат.
  • Досуңдун ашын касындай же.
  • Досуңдун ашын касыңдай же (же ич).
  • Досуңдун ашын касыңкындай ич.
  • Досуңдун бергенин (же берген малынын) тишин ачпа.
  • Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
  • Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душмандын бычагы менен кийиз кес.
  • Досуңдун касынан сактан, касыңдын досунан сактан.
  • Досуңдун сөккөнүнөн коркпой, касыңдын өпкөнүнөн корк.
  • Досуңдун сүйгөн буюмун сураба.
  • Досуңдун тепкени душманыңдын өпкөнүнөн артык.
  • Досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла.
  • Досуңдун эсеби туура чыкса, кудуңдайт.
  • Дөө карыпты урат, карып жолдо турат.
  • Дөөлөр келсе, шаалар көчүгүн кысат.
  • Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө — көрүн бербейт.
  • Дөөлөт басса эт басат, мээнет басса бит басат.
  • Дөөлөт тоголок болот, мээнет жалпак болот.
  • Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак.
  • Дөөлөттөн артык мээнет бар.
  • Дөөлөттүү адам ток болот, жашыңда жигит шок болот.
  • Дөөлөтү башта турганда, ким күркүрөп жүрбөгөн.
  • Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен.
  • Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишенбе, хан болгон башың бир күнү түшөр кишенге.
  • Дөшү болсоң — чыда, балка болсоң сок.
  • Дубайы салам дубайдан, жардам болсун кудайдан.
  • Дубалды аттап ууруга кирсең, түрмөнүн эшигин тааныйсың.
  • Дубана таарынса, куржунуна зыян.
  • Дудук айткысы келет, төкөр баскысы келет.
  • Дудук сөзгө жарабайт, ууру сакчылыкка жарабайт.
  • Дудук сөзгө жарабайт.
  • Дудуктун душманы жок.
  • Думанадан айбашы үмүтөтүптүр.
  • Думананы урса, мазарга барат.
  • Душман алыстабайт — жаныңда.
  • Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
  • Душман жумурткадан кыр табат, тууган (дос) күйдүрүп айтат.
  • Душман жумурткадан кыр табат.
  • Душман иши душманЖоо аяган жаралуу, катыны каралуу.
  • Душман кыйрап, согуш унут болсо да, жүрөктөрдө көксө суубай кек калат.
  • Душман не (же эмне) дебейт, түшкө не (же эмне) кирбейт.
  • Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
  • Душман сырттан жылмаят, ичинен кубанат.
  • Душманга (же жатка) таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
  • Душманга боор оорусаң, боорго тебет.
  • Душманга жаныңды (өзүндү) берсең да, сырыңды (сөзүңдү) бербе.
  • Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
  • Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
  • Душманга өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле.
  • Душманга таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
  • Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
  • Душмандашкан киши оңолбойт.
  • Душманды таш менен урба, аш менен ур.
  • Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
  • Душмандын биринчи кадамы — жылмалап айткан саламы.
  • Душмандын душманы — сенин досуң.
  • Душмандын өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  • Душмандын өчү канбайт, тутулсаң төбө кандайт.
  • Душмандын сөзүжылуу, боору таш.
  • Душмандын сырты жылма, ичи кара.
  • Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол.
  • Душмандын чырагына май тамызба.
  • Душманы жок адам болбойт, дудуктун да жанын койбойт.
  • Душманын аяган кийин өкүнөт.
  • Душманың кылдай болсо, тоодой көр.
  • Душманың суу берсе, досундай көр.
  • Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  • Дүйнөгө курсагың менен карасаң, көңдөй каласың.
  • Дүйнөгө мас болбогон, мансапка бой көтөрбөйт.
  • Дүйнөгө түркүк болгон адам жок.
  • Дүйнөгө устун болгон адам жок.
  • Дүйнөдө баарынан сөз салмактуу, сөз күчтүү.
  • Дүйнөдө бал таттуу эмес, жан таттуу.
  • Дүйнөдө нан улук.
  • Дүйнөдө санаа күлүк.
  • Дүйнөнү көргөн күн, кыдырган — шамал.
  • Дүйнөнү сел алса, акмактын тушарына чыкпайт.
  • Дүйнөнүн шамы — билим, жашоонун шамы — эмгек.
  • Дүйүнө адамды таппайт, дүйнөнү адам табат.
  • Дүлөй болбос үчүн кулагыңды сакта.
  • Дүлөй кишинин оозуна карайт.
  • Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт.
  • Дүлөйгө салам берсең, «Атаңдын башы» дейт.
  • Дүлөйдүн тилин дудук билет.
  • Дүнүйө — бир тыйындан куралат.
  • Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.
  • Дүнүйө менен бейишти алыптыр.
  • Дүнүйөкөр — дүнүйөнүн кулу.
  • Дүнүйөнү сел алсын, кара башым соо калсын.
  • Дүрбөлөңчү башчынын чолок этек бакан ооз досу болот.
  • Дыйкан — март, жер — жоомарт.
  • Дыйкан болсоң — башында бол, чарба болсоң — кашында бол.
  • Дыйкан болсоң, башында бол, чарба болсоң, кашында бол.
  • Дыйкан жерге тойбойт, мал — чөпкө тойбойт.
  • Дыйкан жерге тойбойт, мал чөпкө тойбойт.
  • Дыйкан жерин мактайт, балыкчы колун мактайт.
  • Дыйкан иште, молдо ашта.
  • Дыйкан март, жер жоомарт.
  • Дыйкан өгүздөй күч берсе, жер инектей сүт берет.
  • Дыйкан өгүздөй күчүн берсе, жер инектей сүтүн берет.
  • Дыйканга жер казына.
  • Дыйкандын сүйүүсү жашыл жерде, учкучтун сүйүүсү көгүлтүр көктө.
  • Дыйкандын түбү — кенч, соодагердин түбү — борч (насыя).
  • Дыйкандын эмгегин жер кайтарат.
  • Дыйкандын энчиси сепкен эгининде.
  • Дымак — өрдө, ооз — баатыр, тил — текебер.
  • Дымыксаң капаланба, дүйнөнүн катаалына.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо