Макал лакаптар жыйнагы (Ш)

Ш тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Ш тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Ш тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Ш

  • Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт.
  • Шайтан азгырганды, шамал оодарат.
  • Шайтан болсо, арык аттабай бут сынат.
  • Шайтан болсо, буламыктан тиш сынат.
  • Шайтанды да, бир катарында азгырып, жолдон чыгарып кеткен азезил.
  • Шайтандын да молдонукундай зикири бар.
  • Шайыр аялдан шылдыңчыл уул туулат.
  • Шайыры болбой эл болбойт, пейили жакшы кем болбойт.
  • Шак мөмөлөгөн сайын ийилет.
  • Шакары бар, майы жок — мендей муңдуу бар бекен, көчкөндө көлүк өлтүргөн сендей муңдуу бар бекен.
  • Шакылдаган жигитти жоо бетинде көрөрмүн.
  • Шакылдаган катынды — кыз бергенде (эл көчкөндө же үй чечкенде) көрөрмүн, бакылдаган текени — суу кечкенде көрөрмүн.
  • Шалтуруктун шайы жок, камдуунун алы көп.
  • Шам түбөлүк күйбөйт.
  • Шамал болбосо, теректин башы кыймылдабайт.
  • Шамал болот десе, үйүңө аркан сал, жоо келет десе, колуңа кылыч менен калкан ал.
  • Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат.
  • Шамал жерди кургатат, дөөлөт жанды жыргатат.
  • Шамал жерди кургатат, жамгыр жерди жыргатат.
  • Шамдагайлык — асыл сапат, шайырлык — алтын сапат.
  • Шамыяны шайлабай, буурсунду соктурбай, кара жерди каңтарбай, дыйкандарга мал кайда.
  • Шарыят — буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет.
  • Шарыятты укмак бар, куумай жок.
  • Шашкан — шайтандын иши.
  • Шашкан ашка бышкан.
  • Шашкан коён аңга батпайт.
  • Шашканга шайтан шерик.
  • Шашылыш бүткөн иш — саз болбойт, чала бышкан аш — аш болбойт.
  • Шеги бар — шектенет.
  • Шеги бар шекийт (же шектүү шекинет).
  • Шеги бар шекшийт.
  • Шектенүү — шерттешкен достукту бузат.
  • Шектүү — секирет, шеги жок — кекирет.
  • Шектүү шекшинет (же шеги бар шекшийт).
  • Шибегени капка ката албайсың.
  • Шилби көрсөң жулбагын, быбык көрсөң урбагын.
  • Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай.
  • Шок бол, шок болбосоң жок бол.
  • Шок болсоң жок болоорсуң.
  • Шордууга бакыт алыс, кырсык жакын.
  • Шордууга шорполуу тамак жакпайт.
  • Шордууга шорполуу эт жакпайт.
  • Шору көптүн сөзү көп.
  • Шумкар баласы саркыт койбой жем жебейт, жетесинде тойбогон тоймоюнча кел дебейт.
  • Шумкарды жүнүнөн тааны, жакшыны үнүнөн тааны.
  • Шыбыр — кеп болбойт, шыйрак — эт болбойт.
  • Шыбыр кеп эмес, шыйрак эт эмес.
  • Шынааны шынаа менен кагып чыгарат.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо