Макал лакаптар жыйнагы (И)

И тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор И тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына И тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот.

И

  • И деген үн ишке дөмөөр.
  • Издеген табат, сураган алат.
  • Изденип калсаң — табасың, көздөп калсаң — аласың.
  • Изденүү — ийгиликтин жолу.
  • Изи барды издеш оңой.
  • Изилдегенде ар нерсенин жолу табылат.
  • Ийгилик кетпесин, жамандык жетпесин.
  • Ийгилик устүндө пейлиңди тарытпа, иш үстүндө көңүлүңдү иритпе.
  • Ийгиликке — сүйгүлүк.
  • Ийгиликтин кечи жок.
  • Ийгиликтин эртекечи жок, көрүнген тоонун ыраагы жок.
  • Ийибеген эмчек болбойт.
  • Ийилген (же ийген) башты кылыч кеспейт.
  • Ийилчээк тактай сынбайт.
  • Ийлеп — ийлеп итке салба.
  • Ийменчектик кыз — келинге жарашат, күймөнчүлүк дин колун байлайт.
  • Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
  • Ийне көзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат, адам (чечен) — сөзүнөн сынат.
  • Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат.
  • Ийне өткөн жерден шоона да өтөт.
  • Ийнеге учук керек.
  • Ийненин көздүүучу колго сайылбайт.
  • Ийненин чөпкө түшкөнү — жоголгону.
  • Ийри жыгач түз болот — тезге салып мордосо, душманына кор болот — өз тууганын кордосо.
  • Ийри отурсаң да түз сүйлө.
  • Ийри отуруп түз кеңешели.
  • Ийри таяктын көлөкөсүтүз болбойт.
  • Ийри тумшуктун ырысы кайыптан.
  • Илгери кетердин ити чөп жейт, кедери кетердин келини ууру кылат.
  • Илгеркинин алпы көп, алпынан да калпы көп.
  • Илгеркинин жакшысы журттун камын жейт, эмдигинин жакшысы өзүнүн кара жанын жейт.
  • Илең — салаң оорудан, шара — бара өлүм артык.
  • Илим — ийне менен кудук казгандай.
  • Илим — окуу булагы, өнөр — турмуш чырагы.
  • Илим — тозбогон кудук, билбеген киши — дудук.
  • Илим — турмуш чырагы, өнөр — эрдин куралы.
  • Илим — элге, суу — жерге.
  • Илим — элдин көркү, токой — жердин көркү.
  • Илим акылдын кайрагы.
  • Илим албай — мактанба, өнөрлүү болбой — баптанба.
  • Илим башка жугат, кына ташка чыгат.
  • Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.
  • Илимдин падышасы — акыл, сөздүн падышасы — макал.
  • Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт.
  • Илкий — силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
  • Илээидинин малы көчкөндө жогөлот.
  • Инек баштаса — ийри жарга, өгүз баштаса — өлөңдүү сазга.
  • Инек мүйүздүү өгүздүн күчү жок, өгүз мүйүздүү инектин сүтү жок.
  • Иниси бардын — ырысы бар.
  • Иреңине карасаң — күндөй, ишине карасаң — түндөй.
  • Иретсиз иште ийгилик жок.
  • Ириген ооздон чириген сөз (кеп) чыгат.
  • Ит — тойгон жеринде, куш — конгон жеринде, ат — көнгөн жеринде, эл — туулган жеринде.
  • Ит адамга жолдош, ошон үчүн атын койгон Жолборс.
  • Ит алы жеткенин талайт.
  • Ит арабанын астында жүрүп, «мен тарттым» дейт.
  • Ит арка ишти — кокуйдун кошогу дейт.
  • Ит бир күн бок жебесе, башы ооруйт.
  • Ит жадаса — үрөт, киши жадаса — күлөт.
  • Ит жакшысы — сырттан.
  • Ит жакшысы ичик табат, ит жаманы киши кабат.
  • Ит жакшысын чык дебейт.
  • Ит жалдаган суу кечпейт.
  • Ит жаманы бороондо кычайт.
  • Ит жандаган сууга кетет, эр жандаган муратка жетет.
  • Ит жарасын жалап сакайтат.
  • Ит жеңгенин талайт.
  • Ит жыйыны бирикпейт.
  • Ит жыйыны топ болбойт.
  • Ит заңы дары болсо, дарыянын башына чыгат.
  • Ит итаягын жаламайынча алымсынбайт.
  • Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
  • Ит иттигин кылбаса башы ооруйт.
  • Ит ичпеген аштан үмүт этет.
  • Ит ичпей турган ашынан үмүт кылат.
  • Ит ичпес ашынан үмүт кылат.
  • Ит кабышып өлөт, наадан чабышып өлөт.
  • Ит коруган жерге чычат.
  • Ит кулагын кескенге үйүр.
  • Ит кутурса ээсин кабат.
  • Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
  • Ит менен дос болсоң сөөк талашасың.
  • Ит менен жеген аш кустурбай койбойт.
  • Ит менен куда болсоң, жегени менен той бересиң.
  • Ит менен ойносоң үрөсүн, бала менен ойносоң — күлөсүң.
  • Ит мурдуна суу киргенде сүзөт.
  • Ит начары — үрөнөөк.
  • Ит өлөрүндө кайышчыл болот.
  • Ит семирсе ээсин кабат.
  • Ит төөгө арсылдайт, төө итти барсынбайт.
  • Ит тумшугуна суу жеткенде сүзөт.
  • Ит тумшугуна суу кирмейинче сүзө албайт.
  • Ит уялашынан коркпойт.
  • Ит үйүр болсо, жолборско үрөт.
  • Ит үрө берет, кербен жүрө берет.
  • Ит үрө берет, ушак жүрө берет.
  • Ит үрөт — кербен жүрөт.
  • Ит үрөт, эр кечирет.
  • Ит ырысы менен, куш куту менен.
  • Ит эмнеге үрбөйт, түшкө эмне кирбейт.
  • Ит, бок жеп, жан сактайт.
  • Ителги салба, кепил алба.
  • Итенген сайын бир боорсок.
  • Ити семиз, мал арык — жер азганы, ынтымагы болбосо — эл азганы.
  • Итке набат таштасаң, таттуулугун биле албайт.
  • Итке темирдин баркы эмне.
  • Итте жээн жок, букада кайын жок.
  • Иттей ала болгуча, бөрүдөй көк бол.
  • Иттен көлөкө талашканды — жалкоо дейт.
  • Иттердин кордугуна чыдоо кыйын, өлүү оңой.
  • Итти баксаң — сырттан бак, кой жоголбойт корооңдон.
  • Итти каппайт дебе, атты теппейт дебе.
  • Итти сыйласаң, килемге чычат.
  • Итти сыйласаң, төрдү (же килемди) булгайт.
  • Итти эркелетсең да таягынды таштаба.
  • Иттин акмагы күндүз үрөт.
  • Иттин ачуусу куйругунан билинет, аттын ачуусу кулагынан билинет.
  • Иттин башын сыласаң, өзүңдү кабаар.
  • Иттин жаманы күчүктү талайт.
  • Иттин ичине сары май жакпайт.
  • Иттин тойгон жери бар, туулган жери жок.
  • Иттин тумшугуна суу жеткенде сүзөт.
  • Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар.
  • Иттүү конок батпайт, бирдиктүү конок жатпайт.
  • Иттүү конок батпайт, биттүү конок батат.
  • Ичер ашы жок, үрөр ити жок.
  • Ичер ашы жоктун, үрөөр ити да жок.
  • Ичер ашы жоктун, үрөр ити да болбойт.
  • Ичер суусу түгөнгөн киши өлөт.
  • Ичердин ашын ичпес кечет.
  • Ичердин ырысын ичпес ичет.
  • Ичи жаманды ит кабат, пейли жаман ниетинен табат.
  • Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт.
  • Ичи өткөндүн ыштаны билет.
  • Ичи тар итине бок бербейт.
  • Ичи тар итине кебек бербейт.
  • Ичи тардан ийне артпайт.
  • Ичи тардан итине жугунду артпайт.
  • Ичи тардын — иши да тар.
  • Ичи тардын иши тар.
  • Ичиң күйсө таш жала.
  • Ичиң күйсө, туз жала.
  • Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат.
  • Ичип арактын көөнүн алган, кусуп кудайдын көөнүн алат.
  • Ичип берүүчүгө ченеп берүүчү бар.
  • Ичке жерден үзүлөт.
  • Ичке үзүлөт, жоон сүзүлөт.
  • Ичкенге — аш берем, ичпегенге — кара таш берем.
  • Ичкенге аш берет, ичпегенге таш берет.
  • Ичкенге бар, иштегенге жок.
  • Ичкенде тойбогон, жалаганда тоймок беле.
  • Ичкенде, жегенде сиздикинде, ойногондо, күлгөндө биздикинде бололу.
  • Ичкендин даамы эртеси билинет.
  • Ичкени — ирим, жегени — желим, сарсанаа баскан адамдын.
  • Ичкенин кускан чабалдын иши, бергенин алган жамандын иши.
  • Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
  • Ичкилик арты — өкүнүч.
  • Ичкиликке тойгон энесин тааныбайт, ичкиликте мактаныч жок, сактаныч бар.
  • Ичпей — жебей жыйнагын, бай болоруңа мен кепил.
  • Ичпей, жебей, бакыл бол; бай болбосоң мага кел.
  • Ичтегини тилден бил, тилдегини түрдөн бил.
  • Ичтен чыккан ийри жылаан.
  • Ичээр сууңа түкүрбө.
  • Иш бар жерде ийгилик бар.
  • Иш бүтүргөи кернейчи, балаага калган сурнайчы.
  • Иш дегенде жата калган, сөз дегенде тура калат.
  • Иш көп, темир аз, уста көп, көмүр аз.
  • Иш кылган колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай сынбайт.
  • Иш кылдырба чоркокко, жүк артпагын торпокко.
  • Иш кылсаң акылың менен.
  • Иш кылсаң, артын ойло.
  • Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай да сынбайт.
  • Иш этсең, аш этесиң.
  • Ишенбегин тоодо жүргөн кайыпка, сырыңды айтпа акылы жок зайыпка.
  • Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын.
  • Ишенген кожоң (төрөң) сууга акса, алды — алдыңан тал карма.
  • Ишенген кожоң сууга акса, алды — артыңдан тал карма.
  • Ишеним — кишиге аска, ишенбес киши — көпшөк.
  • Ишеним сыймык алып келет, ийгилик — сыйлык алып келет.
  • Иши жоктун — ашы жок.
  • Иши жоктун түйшүгү жок.
  • Иши жүрөөрдүн ташы өйдө кулайт.
  • Иши илгери кетердин ити чөп жейт, иши кедери кетердин келини ууру кылат.
  • Иши илгери кетердин ташы өйдө кулайт.
  • Иши иттикиндей, сөзү кишиникиндей.
  • Иши көңүлдүү болгондун эгини түшүмдүү болот.
  • Иши кыйшык кишинин жүгү кетээр артына.
  • Иши кыйшык кишинин куну кетер артына, ооруп өлөр кишинин дабаа болбос дартына.
  • Иши оңолбогондун уулу урушчаак, келини керишчээк.
  • Иши оңолоордун ити чөп жейт.
  • Ишиң илгери келгенче, итиңе кош арт.
  • Ишиң калганча, ашың калсын.
  • Ишиңди бирөө кылып берсе, колуңду кычыштырба.
  • Ишке ашпаган илим — жемишсиз дарак, ишке ашчу илим инсанды ойго жеткирет.
  • Ишке келгенде — бала, сөзгө келгенде — балээ.
  • Ишке чабал тагдырына таарынат.
  • Ишкер иштеп байыйт.
  • Иштебей туруп, тиштээриңди ойло.
  • Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт.
  • Иштеген колдон көргөн көз уста.
  • Иштегендин оозу ойнойт, иштебегендин көзү ойнойт.
  • Иштегени жакшы болсо, жибектен шал өйдө.
  • Иштегениң ата-энең үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.
  • Иштегениң биз үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.
  • Иштеги темир чирибейт.
  • Иштесең досуң көбөйөт ушактан касың көбөйөт.
  • Иштесең каптап аласың, иштебесең ачка каласың.
  • Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот.
  • Иштесең кулча, тиштейсиң байча.
  • Иштесең тиштерсиң.
  • Ишти баштап мактанба, мактангын бүтүп жатканда.
  • Ишти сүйсөң, ишмер болосуң.
  • Ишти ыгына карай иште, баланы шыгына карай тарбияла.
  • Иштин агы билбейт, жигиттин багы билет.
  • Иштин көзүн уста билетБөдөнөнү сойсо да, касап сойсун.
  • Иштөө — кыйын, сыноо — оңой.
  • Иштөө керек жүгүрүп, басуу керек чалкалап.
  • Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо