Макал лакаптар жыйнагы (Э)

Э тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Э тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Э тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Э

  • Эбепке — себеп, эгиз улакка — айры шыбак.
  • Эби бар иш бүтүрөт, кеби бар сөз бүтүрөт.
  • Эбин тапкан — эки ичет, эңсеси каткан — бир ичет.
  • Эбин тапкан эки жейт.
  • Эгер адамзат жай менен кыш, ысык менен суук, ачуу менен таттууну көрбөсө, бул чиркин бир катырган сүрөт эмеспи.
  • Эгиз козудай болуп.
  • Эгизден төл өсөт, эмгек менен эр өсөт.
  • Эгилбеген жер жетим, элинен алыстаган эр жетим.
  • Эгин айдоо — байлык айдоо.
  • Эгин көп болуп эки жыл ичпейт, төө көп болуп конокко сойбойт.
  • Эгин сатсаң — орооңон сат, мал сатсаң — корооңон сат.
  • Эгин эгип мал бакпаптыр, эптеп — септеп жан сактаптыр.
  • Эгиндин барар жери — тегирмен.
  • Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет.
  • Эгинчи жоодо тынат, балыкчы доодо тынат.
  • Эже кийгенди сиңди киет.
  • Эжекем эрге тийди, эскиси мага тийди.
  • Эжекеме ишенип, эрсиз калдым.
  • Эжелүү кызга — тон кайда, эчкилүү койго — суу кайда.
  • Эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт.
  • Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
  • Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  • Эзелден желки тон болбойт, эптесең жээн эл болбойт.
  • Эке — токо катындай, эски токум батындай.
  • Эки арамза дос болбойт.
  • Эки ат минген кеч калбайт, элдүү түлкү ач болбойт.
  • Эки атаны төрткө бөлгөн кол башчы жоодон өлөт.
  • Эки аяктуу адам түгүл, төрт аяктуу мал аксайт.
  • Эки аяктуудан бажа таттуу, төрт аяктуудан бото таттуу.
  • Эки аял — базар, үч аял — жарманке.
  • Эки баатыр эрегишсе, бирөө калат, бирөө өлөт.
  • Эки бай куда болсо — жорго алышат, эки кедей куда болсо — дорбо алышат.
  • Эки бай куда бөлсө — жорго алышат, эки кедей куда болсо — дорбо алышат.
  • Эки байдын ортосундагы кедей байыбайт.
  • Эки бакыр — бир тукур.
  • Эки бээлүү — эл сактайт, жалгыз бээлүү — жан сактайт.
  • Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени.
  • Эки дөө кагылышса, орто жерде кара чымын кырылат.
  • Эки жагыңа байкап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр.
  • Эки жакшы баш кошсо — тунук суудай, эки жаман баш кошсо — ылай суудай.
  • Эки жакшы баш кошсо — ырыс, бир жаман менен бир жакшы баш кошсо — дурус, эки жаман баш кошсо — күн сайын уруш.
  • Эки жакшы бир жайлоого чыкса — кудалашып түшөт, эки жаман бир жайлоого чыкса — кубалашып түшөт.
  • Эки жакшы кас болбойт, эки жаман дос болбойт.
  • Эки жакшы кошулса бирин-бири кыйышпайт, эки жаман кошулса кең дүйнөгө сыйышпайт.
  • Эки жаман таарынышса — амандашпайт, эки жакшы таарынышса — жамандашпайт.
  • Эки жаманга олжо түшүптүр, аны биле албай топко түшүптүр.
  • Эки жарты бир бүтүн — эптүү кыздын калыңы, сексен жылкы, сегиз төө — септүү кыздын калыңы.
  • Эки жинди бир кетти — эсен барып, соо келсин.
  • Эки жол айры болсо, иттин башы каңгы болот.
  • Эки жоо беттешсе, коркогу мурда кол салат.
  • Эки жүздүү эл бузат.
  • Эки кайталанган сөздүн ээси табылбайт.
  • Эки катын аламын деп, не балаага калыпмын.
  • Эки катын алганча, эки каптал чай керек, эки семиз бээ керек.
  • Эки кеменин башын кармаган сууга кетет.
  • Эки киши күнөөкөр болсо, бир киши — данакер.
  • Эки коёнду кууган бирин да кармай албайт.
  • Эки кочкордун башы бир казанга сыйбайт.
  • Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.
  • Эки көздүн бири жоо чыккан заман.
  • Эки кузгун жөөлөшсө, бир каргага жем болот.
  • Эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө өгүз өлбөйт.
  • Эки кыз — эрмек көп.
  • Эки кылыч бир кынга сыйбайт.
  • Эки кырчаңгы бир токойдон табышат.
  • Эки молдо — бир киши, бир молдо — жарты киши.
  • Эки нар жөөлөшсө ортосунда кара чымын кырылат.
  • Эки нар жөөлөшсө, ортодогу бейажал чымын өлөт.
  • Эки ой бир көөдөнгө сыйбайт.
  • Эки ойлоп, бир сүйлө.
  • Эки ооз бириксе, жалгыз ооз тим турат.
  • Эки оору бир келсе — ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе — абийириңдин кеткени.
  • Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур.
  • Эки сарыдан маймылча тууйт, эки карадан каргача тууйт.
  • Эки таш беттешкен жерде — күкүм, эки дос беттешкен жерде — бүтүм.
  • Эки текем бир букача жок бекен.
  • Эки тентек элге сыйбайт.
  • Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте.
  • Эки тизгин, бир чылбыр, эптүү киши колунда.
  • Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт.
  • Эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат.
  • Эки тоонун башын эңсеген кийик ачтан өлүптүр.
  • Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат (же ачтан өлүптүр).
  • Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат.
  • Эки тоонун чөбүн самаган теке ачка келет.
  • Эки туйгун качырса, каздын шору.
  • Эки уй баккандын үйү — айран, эки аял алгандын үйү — ойрон.
  • Эки уйлуунун үйү — айран, эки аялдуунун үйү — ойрон.
  • Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
  • Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
  • Эки шумкар талашса, бир кузгунга (же каргага) жем болот.
  • Эки эл тарап болсо, эптүүжигит катын алат.
  • Эки эр бириксе бийик дабан, бел ашат.
  • Эки эр өлтүргөн бир эр өлтүргөндү кандуу моюн дейт.
  • Эки эргежелге дүйнө тар.
  • Эки эрдин достугу, бир белден ашырат, эки элдин достугу, миң белден ашырат.
  • Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ.
  • Экинчи эне — мугалим.
  • Экөө келжиресе, үчүнчүсү болбо.
  • Экөөгө бирөө бата албайт.
  • Экөөнө бирөө бата албайт, аттууга жөө жете албайт.
  • Экөөнө бирөө бата албайт.
  • Экпесеңжер кысыр, асырабасаң кол кысыр.
  • Эксең эгин, ичерсиң тегин.
  • Эл — башы менен, тоо — ташы менен, аяк — ашы менен.
  • Эл - көл, элди билбес чөл.
  • Эл - мазар, элден безген — азар.
  • Эл - мазар, элден чыккан - азар.
  • Эл — мазар, элден чыккан (же кеткен) — азар.
  • Эл - ыйык, элден чыккан - суюк.
  • Эл - ырыстын киндиги, эр - ырыстын коргону.
  • Эл - эл болду, Элебай акем не болду.
  • Эл - эне, жер — ата.
  • Эл (көп) менен көргөнгө, кабак салбай, кайрат кыл.
  • Эл айтат, демек эп айтат.
  • Эл айтпайт, эл айтканда кем айтпайт.
  • Эл акылсыз бөлбөйт, көл казсыз болбойт.
  • Эл аралаган сынчы болот, жыгач араалаган үйчү болот.
  • Эл байлыгынан жер байлыгы.
  • Эл байынан жер байы (көп).
  • Эл байынан жер байы артык.
  • Эл бар жерде — жеңиш бар.
  • Эл бар жерде сөз бар.
  • Эл башчылар достошсо, бактысы болот журтунун.
  • Эл башы болгуча, суу башы бол.
  • Эл башы болмок оңой, эл баштамак кыйын.
  • Эл башына түшкөн күн, эр башына түшкөн түн.
  • Эл бийлөөгө амал керек миң — түмөн, ошентсе гана ачылмакчы түн — туман.
  • Эл болбосо, эр болбойт.
  • Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
  • Эл деген киши ээрден түшпөйт.
  • Эл дөөлөтү — эмгек, эмгек баарын жеңмек.
  • Эл жакалай конбосо, бетегелүү бел карып.
  • Эл жасаса жүрөгүм ооруйт, өзүм жасасам белим ооруйт.
  • Эл -жердин гүлү.
  • Эл жоосуз болбойт, жер тоосуз болбойт.
  • Эл ичи — өнөр кенчи.
  • Эл ичи алтын бешик.
  • Эл ичинде эл жүрөт, эт ичинде курт жүрөт.
  • Эл камын ойлоп башкаргандык — кеменгердик.
  • Эл каргаса, жерге батпайт.
  • Эл кимден корксо, ошонун кулу боло берет.
  • Эл көзү — сынчы.
  • Эл көрбөгөн шумдукка, эл көрбөгөн жаза керек.
  • Эл көркү — мал, өзөн көркү — тал.
  • Эл кулагы — элүү.
  • Эл мактабаган кыз эрсиз калат.
  • Эл макул тапканды, эр макул табат.
  • Эл макулга сен да макул.
  • Эл менен көргөнгө, кабак салбай кайрат кыл.
  • Эл менен көтөргөн жүк жерде калбайт.
  • Эл менен эр көгөрөт, суу менен жер көгөрөт.
  • Эл менен эрегишпе, эр (же баатыр) менен жоолашпа.
  • Эл намысы — эр намысы.
  • Эл оозу элек, же эл оозунда элек жок.
  • Эл оозуна калкан коё албайсың.
  • Эл оозунда элек жок.
  • Эл өмүрүн үлгү туткан киши караңгыда чырактуу.
  • Эл сагынбас эр болбос, жер (же үйрүн) сагынбас ат болбос.
  • Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос.
  • Эл сүйгөндөй досуң болсун, жер сүйгөндөй кошуң болсун.
  • Эл сүйгөндөй досуң болсун.
  • Эл сыйлаган адам эшикке жатпайт.
  • Эл тагдырына кол көтөргөндүк — текебердик.
  • Эл тарткан азапты эл менен кошо тарт.
  • Эл үмүтүн эр актайт, эр атагын эл сактайт.
  • Эл үчүн жашагың келсе, элден үйрөн.
  • Эл үчүн кылган жакшылык эбилип жерге түшпөс.
  • Эл үчүн эзил, калк үчүн кыйнал.
  • Эл четинде жоо жоолап, курман болгон жигитти, өлдү деген жалган кеп.
  • Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи.
  • Эл четине жоо келсе, (эл башына күн түшсө) жан аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан, (эр башына иш түшсө), мал аяган жигитпи.
  • Эл ыйык — элден чыккан суюк.
  • Эл ынтымагы — бийик дувал.
  • Эл ырысын — эл таңдайт.
  • Эл элге батса, үй үйгө батпайт.
  • Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
  • Эл эмне болсо, сен да ошо болосуң.
  • Эл энчисин жеп алып сары ооруга баткан бар.
  • Элге (эрге) кылган жакшылык жерде калбайт.
  • Элге берген куруттан мени эмне куруттуң.
  • Элге жаап өтсө, мага таамп өтөт.
  • Элге караганга эл да аркасын салбайт.
  • Элге кызмат эткениң, улуу урматка жеткениң.
  • Элге кылган жакшылык жерде калбайт.
  • Элге ылайык эр туулат, эрге ылайык ат туулат.
  • Элге эл кошулган — дөөлөт, элден эл бөлүнгөн — мээнет.
  • Элге эл кошулса — дөөлөт, элден эл кетсе — мээнет.
  • Элге эмгек кылган өсөт, эл эрдикке кошот.
  • Элге эр кымбат, эрге эл менен жер кымбат.
  • Элден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес.
  • Элден чыккан азамат — Эл деп иштеп агарат.
  • Элдештирмек — элчилден, жоолаштырмак — жуучудан.
  • Элди баккан жер өлбөйт, эр төрөгөн эл өлбөйт.
  • Элди да үйрөт, элден да үйрөн.
  • Элди жеңүү мүмкүн эмес.
  • Элди сөкпө, ырыскыңды төкпө.
  • Элди сүйгөн — озоор, элден качкан — тозоор.
  • Элди таттуу кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз.
  • Элди үйрөткөн, элден үйрөнөт.
  • Элдин — элчиси, тондун — топчусу.
  • Элдин алтынын алба, алкышын ал.
  • Элдин байманалуу жашашы, падышанын ниетине жараша.
  • Элдин даңкын эл билет, дыйкандын даңкын жер билет.
  • Элдин жолу кенен жол ээрчиген киши адашпайт.
  • Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда.
  • Элдин көзү көп (болот).
  • Элдин көөнүн оорутпа, аттын жонун оорутпа.
  • Элдин салты — атанын наркы.
  • Элдин сөзү элде калсын, душмандын сөзүжерде калсын.
  • Элдин тили — эм.
  • Элдин уурусунан, жердин уурусу жаман.
  • Элдин эки тиреги бар, биринчиси — акылман, экинчиси — баатыр.
  • Элдин элчилиги, журттун журтчулугу — даңаза.
  • Элдин эриши элден, аркагы жолдон.
  • Элдүү түлкү ачка өлбөйт.
  • Элдүүжерде ууру бар, тоолуу жерде бөрү бар.
  • Элдүүжерде элек бар, катындуу жерде челек бар.
  • Элдүүжерде элек бар.
  • Элебай элге теңелет, эчки койго теңелет.
  • Элек сурап барып, эрге тийип кетигггир.
  • Элек сурап келем деп, эрге тийип кетиптир.
  • Эли байдын, өзү бай.
  • Эли журтуң болбосо, ай — күнүңдөн не пайда.
  • Эли тозмоюн эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн жер кадыры билинбейт.
  • Эли-журтуң болбосо, ай, күнүңдөн не пайда.
  • Эликти көрсөң атып өт, селдени көрсөң качып өт.
  • Эликти көрсөң атып өт.
  • Эликтин мойнун ок кесет, эрдин мойнун жок кесет.
  • Элин коргоп жоо сайган баатыр атка конот.
  • Элин коргоп, жоо сайган — баатыр аталат.
  • Элин сагынбас эр болбос, үйрүн сагынбас ат болбос.
  • Элин сыйлабаган тилин жерийт.
  • Элине арка болуучу уул — эки миздүү шап (канжар).
  • Элине арка болчу уул эки миздүү шап канжар.
  • Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс.
  • Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос.
  • Элинен качканды бөрү жейт.
  • Элиң барда жардымын дебе, мекениң барда шордуумун дебе.
  • Элиң барда шордуумун дебе, мекениң барда жардымын дебе.
  • Элиң сынганы — белиң сынганы.
  • Элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол.
  • Элиңде жаманың болсо — эрмегиң ошол.
  • Элиңде тынчтык жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
  • Элиңди жаман көрсөң, элге кантип батасың, жериңди жаман көрсөң, көргө кантип батасың.
  • Элпек болсоң элиң сүйөт, курбу — курдаш теңиң сүйөт.
  • Элсиз түлкү ачка өлөт.
  • Элүү жылда эл жаңы.
  • Элүүжылда — эл жаңырат, жүз жылда — жер жаңырат.
  • Элүүжылда — эл жаңырат, жүз жылда — казан.
  • Элчиге өлүм жок.
  • Эмгеги аздын — өнмөгү аз (же эмгек аздан өнмөк аз).
  • Эмгегине карай өнмөгү.
  • Эмгегинен бакыт тапкан адам — чыныгы сулуу адам.
  • Эмгегиң адал болсо татканың таттуу болор.
  • Эмгегиң катуу болсо, тапканың таттуу болор.
  • Эмгегиң менен элге жак, кор кылбай асыл жанды бак.
  • Эмгегиң шаңдуу болсо, жегениң майлуу болот.
  • Эмгегиңден баар тапсаң мартабаң көтөрүлөт.
  • Эмгегиңден баар тапсаң, мартабаң чоңоёт.
  • Эмгек — азоо ат, максат — аны үйрөтүш.
  • Эмгек — дайра, билим — кеме.
  • Эмгек — чыйралтат, өмүр — үйрөтөт.
  • Эмгек — эрдин көркү, эр — элдин көркү.
  • Эмгек адамдын үзүрү.
  • Эмгек аздан өнмөк.
  • Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар.
  • Эмгек бар жерден дөөлөт күт.
  • Эмгек даңкка жеткизет.
  • Эмгек жокко жеткизет, эрикпей кетменди алгын колуңа.
  • Эмгек кылбай эр оңбос, бириндеген эл болбос.
  • Эмгек кылсаң — өнмөк бар.
  • Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан.
  • Эмгек кылсаң эринбей, тоет кардың тиленбей.
  • Эмгек менен эр көгөрөт.
  • Эмгек эрдикке жеткирет, эрдик элдикке жеткирет.
  • Эмгек этсең эмерсин.
  • Эмгексиз бакыт — тузу жок тамактай.
  • Эмгексиз киреше — бетке чиркөө.
  • Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет.
  • Эмгексизге ыракат жок.
  • Эмгектен арыктаган, түшүмүнө семирет.
  • Эмгектен булчуң чыңалат, эринчээкке конбос бак.
  • Эмгектен качсаң — дөңгөккө.
  • Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул.
  • Эмгекти барктасаң, эмгек сени барктайт.
  • Эмгекти көрбөгөн — ыракаттын кадырын билбейт.
  • Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
  • Эмгектин көркү ыракат, эринчээкке конбос бак.
  • Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
  • Эмгектин түбү — ыракат, эринчээкке конбойт бак.
  • Эмгектүү (же жазган) кулда чарчоо жок.
  • Эмгектүүнүн — наны таттуу, жалкоонун — жаны таттуу.
  • Эмгектүүнүн аты калат, эселектин даты калат.
  • Эмгекчил кулда чарчоо жок.
  • Эмгекчил таң атаарын күтөт, жалкоо күн батаарын күтөт.
  • Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.
  • Эмдик боз минсең, оозун тарт, элдүү жерде тилиң тарт.
  • Эмнени эксең, ошону оросуң.
  • Эмчектен артык эм жок, кайраттан артык дем жок.
  • Эмчинин өз эми өзүнө түшпөйт.
  • Эне — тоодогу булак, бала — чөлдөгү кулан.
  • Эне адаты — кызга үлгү.
  • Эне көөнү — бешикте, бала көөнү — эшикте.
  • Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок.
  • Эне өлсө, төркүндөн кадыр кетет.
  • Эне сабырында чек жок.
  • Эне сүтүн актоо — унутулгус карыз.
  • Эне сыйлаган элине жагат.
  • Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда.
  • Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт.
  • Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
  • Эне элжиресе — өпкө-боорун чабат, баласы акылдуу болсо — ысык мээрим табат.
  • Энеге баланын алалыгы жок.
  • Энеге жакканың — балалык, элге жакканың — адамдык.
  • Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич.
  • Энелүү баланын өзү ток, энесиз баланын көзү ток.
  • энем өлсө — өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
  • Энени көрүп кыз өсөт, атаны көрүп уул өсөт.
  • Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт.
  • Эненин колунан — кыз тойбойт, эрдин колунан — куш тойбойт.
  • Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада.
  • Эненин сөзү — нур, атанын сөзү — ур.
  • Эненин тогуз уулу болсо да көп көрбөйт.
  • Эненин эмгеги эки дүйнөдө эстен кетпейт, ата кадырга жетпейт.
  • Энеңдин баткакта жатканын айтып келгенге сүйүн.
  • Энеңи жонуңа көтөрүп үч ирет Меккеге жөө барсаң да карызыңдан кутулбайсың.
  • Энеси болушчаактын кызы ыйлаак, атасы болушчаактын уулу урушчаак.
  • Энеси жок кыз — эпсиз, атасы жок уул — жетесиз.
  • Энеси жок кыз, атасы жок уул — жетесиз.
  • Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң.
  • Энеси жоктун — кызы баш, атасы жоктун — уулу баш.
  • Энеси көрбөгөнүн кызы көрөөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөөр.
  • Энеси мактаган кызды алба, жеңеси мактаган кыздан калба.
  • Энеси ой ойлобогон, атасы той тойлобогон.
  • Энеси тепкен кулундун эти оорубайт.
  • Энесиз кыз — никесиз, атасыз уул — жетесиз.
  • Энесин көрүп — кызын ал, эшигин көрүп — төрүнө өт.
  • Энесин Үч — Коргондон таанытам.
  • Эң ачуу да тил, эң таттуу да тил.
  • Эңкейгенге эңкейгин — атадан калган кул эмес, какайганга какайгын падышанын уулу эмес (өзүңдөн артык уул эмес).
  • Эңсеген таппайт, издеген табат.
  • Эп келтирип сүйлөсөң, эл сөзүңдү угат да.
  • Эп көргөндү эп көр, жек көргөндү жек көр.
  • Эпкиндүү болсоң, элиң сүйөт, курбу — курдаш, теңиң сүйөт.
  • Эптүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат.
  • Эптүү сүйлөп чөгөлөсө, кулдук кылып баш ургун.
  • Эптүүуулдан септүүуул туулат.
  • Эпчил төөнүжаса муштагандай иш кылат.
  • Эпчил эки ичет.
  • Эр — баш, катын — моюн.
  • Эр — бир өлсө, эс — миң өлөт.
  • Эр — зайыптын экинчи кудайы.
  • Эр — тууган жеринде, ит — тойгон жеринде (жашайт).
  • Эр — улан болбойт, ат — кунан болбойт.
  • Эр — эгиз, эмгектүү — жалгыз (же сегиз).
  • Эр — эгиз, эмгектүү — жалгыз.
  • Эр — элден — суу — жерден.
  • Эр — элден, балык — суудан.
  • Эр — элдин оң жагынан каалоосу, жел жагынан паанасы.
  • Эр адамдын жан жолдошу — ат.
  • Эр азамат өлсө, Чубактын кунун куугандай куу.
  • Эр азыгы — элден, бөрү азыгы - жолдон.
  • Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдон.
  • Эр айласы - бир, катын айласы — миң.
  • Эр алат деп коркоюнбу, эмчегим чыгат деп коркоюнбу.
  • Эр атасыз болбос.
  • Эр аттан айрылганда — жөө, эр элден айрылганда — алсыз, жетим.
  • Эр атын зайып чаба албайт.
  • Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт.
  • Эр барданы бек болсун, от барданы бош болсун.
  • Эр башына кун (же иш) түшсө өтүгү менен суу кечет.
  • Эр бир өлсө, эс миң өлөт.
  • Эр болсоң эрдигиңди элге көрсөт, арык чапсаң күчүңдү жерге көрсөт.
  • Эр болсоң, көк бол, айткан сөзгө бек бол.
  • Эр бөрү жолдуу.
  • Эр даңкын эл чыгарар.
  • Эр деми — эм.
  • Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз.
  • Эр жалдаган эмгегинен табат.
  • Эр жаңылса да эл жаңылбайт.
  • Эр жаңылып колго түшөт, куш жаңылып торго түшөт.
  • Эр жаратсыз болбойт.
  • Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.
  • Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
  • Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай, эр жигит жолу болобу, кез-кезде торго чалынбай.
  • Эр жигит жолго жүрөр жолдош менен, карышкыр жолдош болбойт жолборс менен, бир жүрбө миң-миллиард берсе дагы акылы жок — акмак наадан менен.
  • Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен.
  • Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо.
  • Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт.
  • Эр жигит эки айтпайт.
  • Эр жигит эл камын жейт.
  • Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
  • Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт.
  • Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
  • Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
  • Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  • Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аздык кылат.
  • Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
  • Эр жигиттин алганы жарашпаса алка жакасы ак болобу да, элине эмгек сиңип бак конобу.
  • Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
  • Эр жигиттин башына, нелер (эмне) келип, нелер (эмне) кетпейт.
  • Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
  • Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет.
  • Эр жолдошу — тобокел.
  • Эр кадырын эр билет, зер кадырын зергер билет.
  • Эр кадырын эр билет, эр билбесе ким билет.
  • Эр кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
  • Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
  • Эр канаты — ат.
  • Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
  • Эр кармаган эмгегинен кутулат.
  • Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет.
  • Эр карып эшек түшөбөйт, катын карып пакта (камыр) түшөбөйт.
  • Эр карыса ат бөлөт, кемпирине жат болот.
  • Эр карыса да, ой карыбайт.
  • Эр келин балага жагат, затын эркелеткен эркек соң басып калат.
  • Эр колбашчы өлсө — кол жетим.
  • Эр колунан куш тойбос, эне колунан кыз тойбос.
  • Эр коңураттан жер коңурат өтүптүр, ана катындан бала катын өтүптүр.
  • Эр көңүлчөөгү — зар, катын көңүлчөөгү — кар.
  • Эр көрбөгөн кыйшыкты зайып түзөйт.
  • Эр күзгүсү — эмгеги.
  • Эр мактанса, бир октук, бай мактанса, бир жуттук.
  • Эр намыстын кулу.
  • Эр намысы — эл намысы.
  • Эр ортону — элүү жаш.
  • Эр өлсө да, эл өлбөйт.
  • Эр өлтүрүп, эриш бузганым жок.
  • Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат.
  • Эр соргогу үй толтурат, катын соргогу үй курутат (же түгөтөт).
  • Эр сыйлабас катындын, тулчулук берээр сазайын.
  • Эр сыйлаган катын эшикке олтурбайт.
  • Эр сыйлаган эшикте отурбайт, ат сыйлаган жөө баспайт.
  • Эр сынаар кучкачмын, бир сынабай учпасмын.
  • Эр тайын тартат, ит атасын тартат.
  • Эр тамагы — элден, бөрү тамагы — жолдон.
  • Эр ташыса — элине, суу ташыса — жээгине.
  • Эр төркүнү эшикте олтурат, катын төркүнү төрдө олтурат.
  • Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
  • Эр төрөгөн эл өлбөйт.
  • Эр туулса, элге мактан.
  • Эр уйкусу — куш уйкусу.
  • Эр улан болбойт, ат кунан болбойт.
  • Эр үчүн кылган жакшылык эбилип жерге түшпөс.
  • Эр чегишпей, бекишпейт.
  • Эр чегишпей, билишпейт.
  • Эр чекишип бекишет.
  • Эр эгиз, эмгексиз жалгыз.
  • Эр эл камын ойлойт.
  • Эр эмгеги менен, жер жемиши менен (даңктанат).
  • Эр эмгегин жер жебейт.
  • Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт.
  • Эр эмилбей мал кайда, кетмен чаппай дан кайда.
  • Эр энеден туулат, тулпар бээден туулат.
  • Эр энеден туулат, элге кызмат кылат (же эл үчүн өлөт).
  • Эр энөө болот.
  • Эр эңсегенине жетет.
  • Эр эшиги тоң темир, эритмекке эр керек.
  • Эрге берсең ашыңды эрлер сыйлар башыңды.
  • Эрге жаккан аял элге да жагат.
  • Эрге ишенбе, эки колуңа ишен.
  • Эрге ишенгенче, эки босогоңо ишен.
  • Эрге кылган жакшылык — элге кылган жакшылык.
  • Эрге кылган жакшылык жерге калбайт.
  • Эрге тиймек бат экен, өтүк ултармак кеч экен.
  • Эрге уйку жок.
  • Эрге чарык табылат, жеген иттин бетине кара.
  • Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
  • Эрден безсең да, элден безбе.
  • Эрден кийин сый жок, энеден кийин төркүн жок.
  • Эрден кийин эрмек жок, уулдан кийин урмат жок.
  • Эрден чыксаң да, элден чыкпа.
  • Эрден ыйман качып кутулбайт.
  • Эрден эрдин неси артык, эптей келсе күчү артык.
  • Эрден эрдин неси артык? Эптеп айткан сөзү артык.
  • Эрди — катын бир үйдүн — айы менен күнү.
  • Эрди — катын урушат, эси кеткен болушат.
  • Эрди — катындын ынтымагы — капкалуу калаанын берекеси.
  • Эрди даңазалаган эли, жерди даңазалаган кени.
  • Эрди жарыткан да аялы, арыткан да аялы.
  • Эрди жоо үстүндө көр.
  • Эрди жоо үстүндө(жоодо) көр.
  • Эрди кабагынан сына.
  • Эрди катындын ынтымагы — капкалуу калаанын берекеси.
  • Эрди көңүлдө сыйлаң, жоону көрбөй баалаң.
  • Эрди кудай урарда котур болуп кашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
  • Эрди кудай урарда элүүсүндө жаш болот.
  • Эрди намыс өлтүрөт, коёнду камыш өлтүрөт.
  • Эрди талап учурат, кушту канат учурат.
  • Эрди эл баалайт.
  • Эрди эр кылган да, жер кылган да — аял.
  • Эрди этегинен, нарды буйласынан кармайт.
  • Эрдиги тоодой, кеңдиги көлдөй.
  • Эрдигинен солто кырылды, энөөлүгүнөн колпош кырылды.
  • Эрдигиң бар эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок.
  • Эрдигиң бар, эсиң жок.
  • Эрдик билекте эмес — жүрөктө.
  • Эрдик кылсаң, сүрө бил.
  • Эрдик кылып кой сойду (сойсоң), иттик кылын төш тартты (тартпа).
  • Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа.
  • Эрди-катын — бир үйдүн айы менен күнү.
  • Эрди-катын — эриш — аркак.
  • Эрди-катын бир төшөктө жатып, эки башка түш көрөт.
  • Эрди-катын бирин бири туура түшүнүшпөй, кечиришпей туруп, сыйлаша алышпайт.
  • Эрдиктин мыктысы — жөнөкөйлүк.
  • Эрдиктин түбү өзүнө жоо көбөйтөт.
  • Эрдин ажалы эрден.
  • Эрдин атын алыстан ук, жанына келсең — бир киши.
  • Эрдин атын эмгек чыгарат.
  • Эрдин бир журту — өз эли, бир журту — кайыны, бир журту — тайы.
  • Эрдин даңкын — эл билет, дыйкандын даңкын — жер билет.
  • Эрдин даңкын алыстан (же сырттан) ук.
  • Эрдин даңкын эл чыгарат.
  • Эрдин даңкын эмгек чыгарат.
  • Эрдин ичине ээр токумчан ат батат, катындын ичине кара башыл киши батат.
  • Эрдин көзү өтсө — чамгарак отто, зайыптын көзү өтсө — куттун качканы.
  • Эрдин куну, нардын пулу эмес.
  • Эрдин күнү — эл менен, элдин күнү — жер менен.
  • Эрдин күчү — эшектин оосурагы.
  • Эрдин күчүн эл сынайт.
  • Эрдин малы — элдин малы.
  • Эрдин намысы өз колунда.
  • Эрдин насиби элден.
  • Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук.
  • Эрдин өзүнө караба, сөзүнө кара.
  • Эрдин сөзү эки эмес.
  • Эрдин сөзү элде калсын, душман сөзүжерде калсын.
  • Эрдин тебетейине карап зайыбын сына, атына карап затын сына.
  • Эрдин эриши — элден, аркагы — жолдон.
  • Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт.
  • Эрегишсең энеңди ал.
  • Эрегиштен эр өлөт, кара кулак шер өлөт.
  • Эрегиштен эр өлөт.
  • Эрендер чыккан элет бар.
  • Эрендер элдин четинде, үзөнгүдөн жан берет.
  • Эри өлгөндө катынга төркүнүжакын.
  • Эри өлүп, эрге тийген — элдин адаты; эри туруп, эрге тийген — беттин карасы.
  • Эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот.
  • Эри сүйбөс катынга эндик-упа не пайда.
  • Эриккен — койчу, эси кеткен — жолоочу.
  • Эрикпей кезген жолоочу эшек менен Мекеге барат, зерикпей иштеген бакыр ийне менен кудук казат.
  • Эрим мени урса, мен балдарымды урам.
  • Эринбесең эмгегиң өнөт.
  • Эринен айрылган көмгөнчө ыйлайт, элинен айрылган өлгөнчө ыйлайт.
  • Эринчеек эгинчиден эринбеген машакчы өтөт.
  • Эринчеек эшке чыкса, ат жалдайт.
  • Эринчээк түшкө чейин уктайт, кечке чейин эстейт.
  • Эринчээк эгинчиден эринбеген машакчы озот.
  • Эринчээк этегине аарчыйт.
  • Эринчээк эшикке чыкса ат жалдайт.
  • Эринчээкке бүгүндөн эртең оңой.
  • Эринчээктин шылтоосу көи.
  • Эриңе ишенгенче эки улагыңа ишен.
  • Эрите билбесең алтын ирийт, ийлей билбесең тери чирийт.
  • Эришине жараша — аркагы, эшегине жараша — тушагы.
  • Эрк күчтүү болсо, тоо талаага айланат.
  • Эрке бала — туз, ташбоор бала — муз.
  • Эрке козу — эки энеге тең.
  • Эркек (карып) эшек түшөбөйт, катын (карып) камыр түшөбөйт.
  • Эркек атын зайып чаба албайт.
  • Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
  • Эркек баланы туурап кыз колуна сиет.
  • Эркек берешен болсо — заар, ургаачы берешен болсо — каар.
  • Эркек бий азууга салат, катын бий амал менен алат.
  • Эркек болбосо, үй жетимсирейт.
  • Эркек козу туулганда курмандыкка жараткан, эркек бала туулганда намыс үчүн жараткан.
  • Эркек көңүлчөгү — зар, катын көңүлчөгү — кор.
  • Эркек опкогу үй толтурат, аял опкогу үй түгөтөт.
  • Эркек өзүн менсинет, эркекти ким теңсинет.
  • Эркек туумак, кыз туумак эсте болсун.
  • Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
  • Эркек үчүн өлүм таттуу.
  • Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек.
  • Эркектен ийменген катын элине сыйлуу.
  • Эркектин жаманы — катындын экинчи кудайы.
  • Эркектин көй сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең.
  • Эркектин лөгү сөзгө көнөт, катындын лөгү сүзүп ийет.
  • Эркелик балага жагат, зайып эркелеткен эркек сыз басып калат.
  • Эркелээриң болбосо эмшийгениң не пайда.
  • Эркелээриң болбосо, эмшийгениң кимге таң.
  • Эркенин жашы кургабайт, жоргонун тери кургабайт.
  • Эркенин жашы кургабайт.
  • Эркең эселек болот, карыса да эресеге жете элек болот.
  • Эркин жүргөн катын — мурунтугу бош кунаажын.
  • Эркин келсе, эки кулагыңды чой.
  • Эрлүү катын таяк жейт.
  • Эрөөл милдетин так аткарган жоокер өлбөйт.
  • Эрте жазда куймак жеген, кеч күздө ээрдин тиштейт.
  • Эрте жатып, кеч турган эринчээктин белгиси.
  • Эрте оңбогон кеч оңбойт, кеч оңбогон эч оңбойт.
  • Эрте сепсең бир күнү, эрте оросуң бир жума.
  • Эрте соода — соода, кечки соода коога.
  • Эрте турган — сергек, ырыскыга — теңдеш.
  • Эрте турган адамдын насибеси (насип) артык.
  • Эрте турган аялдын, бир жумушу артык.
  • Эрте турган жигиттин бир ырысы артык, эрте турган катындын (кээде аялдын) бир иши (же жумушу) артык.
  • Эрте турган жигиттин ырысы артык.
  • Эрте турган эркектин (жигиттин), бир ырысы артык.
  • Эрте тургандын этеги толот.
  • Эрте чыксаң, алдыңдан күн чыгат, кеч чыксаң, алдыңдан түн чыгат.
  • Эрте ысыган бат муздайт.
  • Эртеден кечке тартактап, тактай тилген эки акмак.
  • Эртең макул, бүгүн жок.
  • Эртең менен жолу болсо, кечке чейин таскагын жазбайт.
  • Эртең менен жолуң болсо, кечке чейин текиреңинден жазба.
  • Эртең мененки насиптен калба, кечки насипке барба.
  • Эртең тамактана турган идишиңди бүгүн жуу.
  • Эртеңки ашка күт, кечки ашка күтпө.
  • Эртеңки базар кечкидей болбойт.
  • Эртеңки иш эшекти да кайгырткан.
  • Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.
  • Эртеңки күндүн камын бүгүн көр.
  • Эртеңкини бүгүн тарбияла.
  • Эртеңкинин эрте — кечи жок.
  • Эсебин эптеп билебиз, эшегин кантип минебиз.
  • Эсебиң так болсо, эртеңкиң нак болот.
  • Эсен (өлбөгөн) кулга мал бүтөт, мал бүткүчө эс кетет, эшикке келген дос кетет.
  • Эсен уул ыйлабас.
  • Эсеп — чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы.
  • Эсеп — чоттун тагы жакшы.
  • Эсеп билбес — чот билбес, жыйганынан айрылат.
  • Эсеп билбес — эп билбес, жыйганынан айрылат.
  • Эсеп, эсеп билбеген — эшек.
  • Эсепке төө да чөгөт.
  • Эсепсиз колхоз — эшиксиз үй.
  • Эсептешкен дос болбойт.
  • Эсептүү дос айрылбайт, эсепсиз дос кайрылбайт.
  • Эсептүү дос айрылбас.
  • Эсепчини жут алат.
  • Эсери болбой, эл болбойт.
  • Эси жок курсагы тойгондо эсирет.
  • Эси жок элчи эки элди бузат.
  • Эси кеткен сокурга тулку кактырат.
  • Эсиң барда — этегиңди жап.
  • Эсиң оосо, эчки бак.
  • Эсирген серке аскадан секирсе, артындагы аксак койлор ташка жанчылар.
  • Эсирген эркек жаза басат, эсинен жаңылган ургаачы эр кызганат.
  • Эски — жаңыга аралжы, аз — көпкө аралжы.
  • Эски (эки) сөздүн бири жалган, бири чын.
  • Эски даракты түбүнөн кырк.
  • Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.
  • Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт.
  • Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос.
  • Эски жаңыга аралжы, аз кепке аралжы.
  • Эски жоо атышаарга жакшы, эски дос алышаарга жакшы.
  • Эски журттун кадыры өрүүдө билинет.
  • Эски карыз — жаңы табылга.
  • Эски көч кайда барса, жаңы көч ошого барат.
  • Эски мечитке — күкүк азанчы, эси кеткен адамга — эшек азанчы.
  • Эски сөздүн бири жалган, бири чын.
  • Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
  • Эскини тиксең, эсиң кетет.
  • Эскини эптеп кий, жаңыны сактап кий.
  • Эскиси жоктун жаңысы жок.
  • Эстүү — көпчүл, эселек — кекчил.
  • Эстүү — көпчүл, эселек — тууганчыл.
  • Эстүү адам эмгектен качпайт, эзели жаман жакка баспайт.
  • Эстүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат.
  • Эстүү киши — элим дейт, эл жактаган жеңилбейт.
  • Эстүү киши кыйшайбай, эл — журтуна тең болот.
  • Эстүүгө эки ооз сөз жетет.
  • Эстүүлүктүн белгиси — эпчилдик.
  • Эт — этке, сорпо — бетке.
  • Эт бычактуунуку.
  • Эт дегенде бет барбы.
  • Эт жакшысы картадыр, бир чалымы тартадыр.
  • Эт жасаган колун жалайт.
  • Эт жасаган эбин табат.
  • Эт жебеген куш болбойт, эки жакшы туш болбойт, эки жакшы туш болсо, чамгарагы ыш болбойт.
  • Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый.
  • Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру.
  • Эт жокто — карын, эл жокто — барың.
  • Эт кайнаса шорпо жок, Эки сөздүн (убаданын) бири жок.
  • Эт көрбөгөн (ачка киши) — чоң сугунат, ун (кант) көрбөгөн — бор сугунат, туз көрбөгөн шор — сугунат.
  • Эт көрбөгөнгө өпкө таңсык.
  • Эт көрүнгөнчө жип көрүнсүн.
  • Эт менен челдин ортосунда.
  • Эт этиме тийген катыныма баркым жок.
  • Эт, май — бир тууган, пияздан күйгөнү күйгөн.
  • Эт, сүт менен эл баккан, тери, жүн менен пул тапкан, коргол, көң менен от жаккан, эмгектүү адам кой баккан.
  • Этеги шалтак болсо да, бай катыны эмеспи.
  • Этекке жетсе, жеңге жок, эңгиреткен дүйнө бок.
  • Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт, жеткилең бийик жол болбойт, жээн — тага эл болбойт.
  • Эти тургай табагым жок.
  • Эти тургай табагыңды таап ал.
  • Эти тургай, табагымды таппай жүрөм.
  • Эти этиме тийген катыныма баркым жок.
  • Этим, тургай табагымды таппайм.
  • Этке жетпей туз тынбайт, эрге жетпей кыз тынбайт.
  • Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман.
  • Этти касапчы сомдойт, төөнүжүгү бар комдойт.
  • Этти тарткан билбейт, туураган билет.
  • Эч оокатың болбосо, эгин айдап, жерин чап.
  • Эч оокатың болбосо, эгин айдап, жериң чап.
  • Эч өнөрүң болбосо, көмүр өчүр, тал аарчы.
  • Эчки болбосо теке болсун, сүтү болсо болду.
  • Эчки жаан жааганда — койдун бакыры, күн тийгенде анын баатыры.
  • Эчки өзү тууй албай жатып, койго аначы кириптир.
  • Эчки өлөөрүндө сүзөнөөк.
  • Эчки семирсе тоого чыгат, кызыл кулак семирсе соода чыгат, катын семирсе коога чыгат.
  • Эчки сойсо бакырат, элдин баарын чакырат.
  • Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп.
  • Эчки тону этинде, эрдик сыны бетинде.
  • Эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур.
  • Эчки эгиз тууп койдон ашпайт, дарыя ташып тоодон ашпайт.
  • Эчки эгиз тууп, койдон ашпайт.
  • Эчки эгиз, иттики сегиз, арстандыкы жалкы, жалкы болмок кимдин баркы.
  • Эчки эгизди тууйт, ит сегизди тууйт, жолборс бирди тууйт, бир жолборс миң иттин жолун бууйт.
  • Эчкилүү кой өкүнчүл, келиндүү эл ушакчыл.
  • Эчкини сааса булак, ичи толгон улак эле, териси эгинге кап, мүйүзү бычакка сап, тогуз карын майы, токсон чакмак куруту бар эле.
  • Эчкиң болсо, сүт да болот.
  • Эчкиче бакырып өлгүчө, койчо онтоп өл.
  • Эчтемеден жаңылбаган олуяны табуу кыйын.
  • Эшеги — бир теңге, токуму — миң теңге.
  • Эшегине жараша акыры.
  • Эшегине жараша тушагы, эришине жараша аркагы.
  • Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому.
  • Эшегинин тушагы жок, төөсүнө ком жасаар имиш.
  • Эшек айкырса, булбул тынчып калыптыр.
  • Эшек баксаң ардактап тулпар болбойт, эли башка бул арам тууган болбойт.
  • Эшек барга саналса да, малга саналбайт.
  • Эшек кашыганды, жаман сыйлаганды билбейт.
  • Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт.
  • Эшек мингендин эки буту тынбайт, эки катын алгандын кулагы тынбайт.
  • Эшек сайда заңкылдайт, малым болсун баткакта.
  • Эшек сайда заңкылдаса, баткак берер жазаңды.
  • Эшек семирсе ээсин тебет.
  • Эшек табылса, тезек табылбайт, тезек табылса, этек табылбайт.
  • Эшек эшектен калса, кулагын кес.
  • Эшекке ээр жарашпайт.
  • Эшектен жыгылганды элирген атка мингизбе.
  • Эшекти кандай ардактап баксаң да, буудан болуп бербейт.
  • Эшекти отко айдаса, бокко качат.
  • Эшектин жүгү жеңил болсо, жатак (же жаталак) болот.
  • Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот.
  • Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.
  • Эшектин күчү — адал, сүтү — арам.
  • Эшектин күчү адал, сүтү арам (же эшектин сүтү арам, күчү адал).
  • Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал.
  • Эшик алдынан жел келгиче, үй артынан жоо келсин.
  • Эшик ачык болсо да сурап кир.
  • Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайнэнем каапыр жемелейт.
  • Эшиктен келип төр меники дейт, жолдон келип тон меники дейт.
  • Эшиктен кирип, төр меники дейт.
  • Ээгиңдеги сакалың, эрксиз (элсиз) жүрсөң агарат.
  • Ээк астында элди ойло.
  • Ээн баштык менен тапкан малың өз башыңа жүк болор, эмгек менен тапкан малың өлгөнүңчө мүлк болор.
  • Ээн баштык менен тапкан малың, өз башыңа жүк.
  • Ээн жерде ойло, эл ичинде сүйлө.
  • Ээн жердин көк бөрү.
  • Ээн жердин сууру алты айгырга жүк.
  • Ээн көлдү шайтан ээлейт.
  • Ээр токумдуу ат ээсин түгөтөт.
  • Ээси арамза болсо, аты котур болот.
  • Ээси итин жумшайт, ит — куйругун жумшайт.
  • Ээси келсе, бээсин бер.
  • Ээси көрмөксөн болсо, малы көтөрүм болот.
  • Ээси теңдикке көнсө да, ууру көнбөйт.
  • Ээси укмуштуу болсо, ую жорго болот.
  • Ээси эки кылам десе, эгем бир кылат.
  • Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт, (ээсин сыйласаң, итине сөөк сал).
  • Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт.
  • Ээсин сыйласаң (ган) итине сөөк сал (ат).
  • Ээсине буюрбаган мал, башкага буюрбайт.
  • Ээсине керек болсо, коңшу таарынбайт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо