Макал лакаптар жыйнагы (Ч)

Ч тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Ч тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Ч тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Ч

  • Чаап айтканча, таап айт.
  • Чаба албаган, чалгы тандайт.
  • Чабал өрдөк мурда учат.
  • Чабалекей менен шилекей алышып достош.
  • Чабандоздор чогулса, улактын чери жазылат.
  • Чабандын иши — чатак иш.
  • Чабышта жоо аяган өзү жаралуу.
  • Чагылгандай көздөнгөн, чак эткендей сөздөнгөн.
  • Чагым — өлтүрөт, мактоо — жеткирет.
  • Чай болуп төргө өткөн суу бир кезде арыкта акканын унутпаса.
  • Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
  • Чайнаганың — күмөн, жутканың сеники.
  • Чайпалса аяк төгүлөр.
  • Чайырды көп чайнаса — сагыз болот, карыганда көп сүйлөсө — маңыз болот.
  • Чаккан өлтүрөт, мактаган жеткирет.
  • Чакмак (оттук), чакмакгы атка берген акмак.
  • Чакмак таш кууну тутандыргандай, кагылыш болор-болбос себептен чыгат.
  • Чакпаган жылан ийинден сырткары.
  • Чакырганда келбеген, кол булгаганга зар болот.
  • Чакыргандан калба, өзүн басып барба.
  • Чакырса келбес — шыкаалайт, берсе жебес — чымчылайт.
  • Чакырылбаган конок татардан жаман.
  • Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат.
  • Чакырылган жүз конок үчүн — бар, чакырылбаган бир конок үчүн — жок.
  • Чала жорго жол бузат, чала молдо эл бузат.
  • Чала молдо дин бузат.
  • Чала өлтүргөн жылаандай.
  • Чалыры турса көзүндө, чаргыты (чалгырты) болот сөзүндө.
  • Чаң созулат тамандан, жакшылык келбейт жамандан.
  • Чапанды жакасынан киет.
  • Чапанчанга камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
  • Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
  • Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт.
  • Чапкан сайын көз чыкпайт.
  • Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат.
  • Чапса болот кетилет, чарыкка кармаса бычак жетилет.
  • Чапса болот кетилет, чарыкка салса жетилет.
  • Чапсан — чарчаарсын, жетпесең — жетээрсиң.
  • Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт.
  • Чарайна менен чаптайт, булгаары менен каптайт.
  • Чаранада козум өлгөнчө, чары коюм өлсөчү.
  • Чарчаган кулда жазык жок.
  • Чарыкчанды жактырбасам, өтүкчөн мени карабайт.
  • Чатак сүйлөп чычаалак — чыр адамдын мүнөзү, токтоо сүйлөп жай айткан — сабырдуунун мүнөзү.
  • Чатактан кан чыгат, кагылыштан жан чыгат.
  • Чатактын жайы — кан чыгат, кагыштын жайы — жан чыгат.
  • Чатактын түйүнүн (түбүн) калыс айткан сөз чечет.
  • Чатактын чырын калыс чечет.
  • Чач алакасы үч күндүк.
  • Чач Тарачтын баласы, устара, кайрак кеп салат.
  • Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар.
  • Чачты жуубаса бит басат, тарабаса сирке басат.
  • Чаяндын уулары өздөрүн өлтүрөт.
  • Чеге таканы сактайт, така тулпарды сактайт.
  • Чегирткеден корккон эгин экпейт.
  • Чегирткенин алын көр да, канын сор.
  • Ченебей ичкен мастан түңүл, ыгы жок көпкөн жаштан түңүл.
  • Ченемди билген чегинде ийрилет, чегинде ийрилген өмүргө үйрүлөт.
  • Чеңгел жеринде күркүрөйт.
  • Чептен эрдин күчү бек.
  • Черик — журттун аныгы.
  • Четке барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  • Четте жүрсөң тарыгаарсың, өз элиңди сагынаарсың.
  • Четтен келген жоону тилге келтиргин, ал тилге келбесе, кылычыңды тос.
  • Чече сүйлөйт чечендер, эл чогулган жерлерде.
  • Чечекейи чет болот, чеч кап менен топ болот.
  • Чечекке чектирбеген чымчыктарымды кызыл тумоодо кырып алдым.
  • Чечен - сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат.
  • Чечен — чечен эмес, өкүм чечен.
  • Чечен алжыса атагын жейт.
  • Чечен алжыса богун мыкчыйт.
  • Чечен алжыса төө дейт, молдо алжыса эмне дейт.
  • Чечен алжыса, богун жейт.
  • Чечен алжыса, даңкын кетирет.
  • Чечен менен чебер — көпкө орток.
  • Чечен менен чебер жазуунун ортосу асман менен жердей.
  • Чеченде — жалпынын сөз акысы бар, байда — кедейдин көз акысы бар.
  • Чеченден өткөн чеченди «кара жаак жез тандай» дейт.
  • Чеченден чечен чыкса — оозу — мурду кыбырайт.
  • Чечендин — сөзү, баатырдын — көзү (курч).
  • Чечендин — тили орток, чебердин — колу орток.
  • Чечендин көркү — таңдайда, баатырдын көркү — маңдайда.
  • Чечендин сөзү алтын, устанын колу алтын.
  • Чечендин сөзү көпкө орток, чебердин колу элге орток.
  • Чечендин сөзү кумдай куюлат.
  • Чечилбес кара доо болсо, чечендин чери жазылат.
  • Чечинген — суудан кайтпас, көзөнгөн — жоодон кайтпас.
  • Чечинген суудан кайтпас.
  • Чиелешкен түйүндүчечиш кыйын, үйүгүшкөн душмандан кетиш кыйын.
  • Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет, азган айланып элине келет.
  • Чилденин бири калса да, жут болот.
  • Чилденин бирөө калса да жут.
  • Чириген ооздон ириген сөз чыгат.
  • Чирик — чиритет, бузук — бүлдүрөт.
  • Чирикке чымын үйүр.
  • Чобурдан оогонду, тулпарга мингизбе.
  • Чогоолдун чокмору ылдам.
  • Чогулушта чындык керек, чогууда тынчтык керек.
  • Чок кармагандын колу күйөт.
  • Чокой кийген бут куурайт, чогоолго тийген кыз куурайт.
  • Чокойлуу Черик чоң болду, чоюлган Бугу кор болду.
  • Чоку барда мал жокпу, чогулуп арак ичели.
  • Чокум барда мал жокпу.
  • Чон (же улуу) үйдөгүлөр күлсө, кичүү үйдөгүлөр ырсаят.
  • Чоң атаңдын кадырын чоңойгондо билесиң.
  • Чоң аягыңды чоңго атап ич.
  • Чоң баштын да маң башы бар.
  • Чоң дарыянын акканы жай, нускалуу адамдын сүйлөгөнү жай.
  • Чоң иш бүтүрөм десең,. майдадан башта.
  • Чоң кемеге — чоң толкун.
  • Чоң өгүздүн териси жука болот.
  • Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят.
  • Чоң чатактан кичинекей достук артык.
  • Чоңго чоң аягыңды атап ич.
  • Чоңго чоң аяк жармаңды арнап ич.
  • Чоочулап жасаган иштен чок баспайсың.
  • Чоочун жол — чытырман токой.
  • Чоркок — төөнү жаза муштайт.
  • Чоркок киши буканын мурдун муштуму менен көзөйт.
  • Чоркок киши төөнү жаза минет.
  • Чоркок киши төөнүжаза муштайт, буканын мурдун муштум менен көзөйт.
  • Чоркок төөнүжаза муштайт, өнөрлүүтырмак менен казык уштайт.
  • Чотко түштүн — отко түштүң.
  • Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө.
  • Чөгөлөп жашаганча, тике жүрүп жан ташта.
  • Чөйчөктөн төө сугаргандай.
  • Чөл жакалап конбой, көл жакалап кон.
  • Чөлдө жүргөн музоо баш, көлдүн баркын билеби.
  • Чөлдүн кемеси — төө.
  • Чөлдүн көркү — суу, көлдүн көркү — куу.
  • Чөлмөк миң (же кырк) күнү сынбайт, бир күнү сынат.
  • Чөп жыйнаган малын багат, мал жыйнаган жанын багат.
  • Чөп чыкпаган сайдан кач, кайыры жок байдан кач.
  • Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан семиртет.
  • Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширини жан семиртет.
  • Чөпкө (кээде отко) бергис такыр бар, байга бергис жакыр бар.
  • Чөптөн жапыз, суудан тайыз.
  • Чөптөн жылан уу жасайт, аары бал жасайт.
  • Чөптү кор көрсөң (же кордосоң), көзгө зыян.
  • Чөптү кор көрсөң (же чөптү кордосоң) — көзгө зыян, тишти кордосоң — сөзгө зыян.
  • Чубактын кунундай кууду.
  • Чубактын чуусундай чубалжыган иш.
  • Чулдурдун тилин энеси билет.
  • Чуркаган баланы көрүп, чалдын буту зыркырайт.
  • Чыбыгында ийилбеген, таягында бүгүлбөс.
  • Чыбык кармаганга ит өч, чындыкты айтканга акмак өч.
  • Чыга албай (араң) турган көз эле, чыгып кетти өзү эле, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
  • Чыгаан чыкчуу уул чыйрак ойлойт.
  • Чыгаша болбой, киреше болбойт.
  • Чыгаша малга ээси баш.
  • Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт (же чыгашалуу малга ээси баш).
  • Чыгашага ээси баш, өлүмгө өзү шерик.
  • Чыгашалуу малга ээси баш.
  • Чыгданы ачылбас, чырагы жагылбас.
  • Чыгым пайданын тууганы.
  • Чыгымыңды кирешеңден мурда эсепте.
  • Чыйкандан жаман оору жок, аны сурар киши жок.
  • Чыйыр жолго барат, жол — элге барат.
  • Чыккан — мээнет, кирген — дөөлөт.
  • Чыккан (же таянган) тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт.
  • Чыккан кыз — чийден тышкары.
  • Чыкпаган аштыкка — өтпөгөн орок.
  • Чыкпай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле.
  • Чыкылдаган катынды үй чечкенде (же эл көчкөндө, же кыз бергенде) көрөрбүз.
  • Чылпагын аарчыймын деп, көзүн чукуган.
  • Чылпагын алам деп, көзүн олуп алган.
  • Чылык бар жерде «былык» бар.
  • Чылык бар жерде былык бар.
  • Чымчык өзүн жан ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт.
  • Чымчык өзүн куш ойлойт.
  • Чымчык, семирип, батманга толбойт.
  • Чымын майга конот.
  • Чымын тийген төөгө Ойсулата не керек.
  • Чымындай чындык алптай калпты жеңет.
  • Чымындан жоон болсо, кадик кыл.
  • Чымындуу жерде курт күчөйт, ырымдуу жерде дарт күчөйт.
  • Чымындуу жерде курт күчөйт.
  • Чымынды дөө кылба, бетиңди көө кылба.
  • Чымынды төө кылып көрсөтөт.
  • Чымынын кактырган бакшыдай болду.
  • Чын айткандын досу көп, калп айткандын касы көп.
  • Чын айтып залал тап — акыры жетерсиң муратка, калп (же жалган) айтып, пайда тап — акырында каларсың уятка.
  • Чын жакшыга жолуксаң, суу ордуна бал берер, чын баатырга жолуксаң, сен үчүн ал жан берер.
  • Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
  • Чын чычалайт, калп каткырат.
  • Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат.
  • Чындыгыңды жоготконуң — өмүрүңдү коротконуң.
  • Чындык — ачуу, калп — таттуу.
  • Чындык — сегиз, бакыт — эгиз.
  • Чындык жерде калбайт.
  • Чындык көз тешет.
  • Чындык кудайдан күчтүү.
  • Чындык күндөн жарык.
  • Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
  • Чындык сөздүн душманы көп.
  • Чындык чычалатат.
  • Чындыкка от үйлөгөндүн сакалы өрттөнөт.
  • Чындыкты жарадар кылууга болот, бирок аны өлтүрө албайсың.
  • Чындыкты танууга болбойт, достукту чанууга болбойт.
  • Чындыктын куюшканы кабат.
  • Чынчыл адамга жүгүн.
  • Чынчылдын чынысы сынбайт.
  • Чыныгы акындын тулку бою ыр, чыныгы дыйкандын тулку бою нур.
  • Чыныгы дос уялаштан артык (тууганга тең).
  • Чынын айткан киши ак.
  • Чынын айткан чырдан алыс, калпты айткан болбойт калыс.
  • Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт.
  • Чырайга келбет төп келсе, сулуунун ажары ачылат.
  • Чырайды чылап ичпейт.
  • Чырайлуу көзүнөн эмес сөзүнөн.
  • Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт.
  • Чырдуу кыздын чыргоо жомогу ырбайт.
  • Чырм (же чырым) этсе — көзгө пайда, чымчып жесе — этке пайда.
  • Чырм этсе — уйкуга пайда, чымчып жесе — тамакка пайда.
  • Чырпыгы сынса сынсын, чынары аман болсун.
  • Чырпыгы сынса талыңдын — чынар болбойт ал кайтып, өткөн өмүр, качкан куш — колуңа келбейт ал кайтып.
  • Чырпыгым сынса, чынарым бар.
  • Чырпык өзүн тал ойлойт.
  • Чырпыктын ийилгенн — сынганы, жигиттин уялганы — өлгөнү.
  • Чырым этсе — көзгө пайда, чымым ичсе — тамакка пайда.
  • Чычкан — жойчу, түлкү — уучу.
  • Чычкан ийнине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлаптыр.
  • Чычкан көчүгүн көрүп аксайт.
  • Чычканга — өлүм, мышыкка — оюн.
  • Чычканга түк бүткөн сайын калтырайт.
  • Чычкандай жүз жыл жашаганча, жолборстой бир жыл жашаган артык.
  • Чычкылуу жан эки аштан куру калат.
  • Чычкылууга майлуу эт табылбайт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо