Макал лакаптар жыйнагы (О)

О тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор О тамгасына болгон макал лакаптар көп эмес, ошондуктан силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына О тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

О

  • О дүйнөнүн бейишинен бу дүйнөнүн тозогу артык.
  • Обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы.
  • Оболу тамак, анан кийин сабак.
  • Обоо менен шыйпаң дос.
  • Обоого шыйпаң үйүр.
  • Обу жок катын оорсок уй саайт.
  • Обу жокко кыйшаң үйүр.
  • Обу жоктун отуна жылынба.
  • Обур уй чобур музоо тууйт.
  • Обур уйдан чобур музоо туулат.
  • Обуру жеткен молдодон, отоо чөптүн зыяны аз.
  • Одоно соккон күмүштөн, сулуулап соккон мис артык.
  • Оё бычкан, тоё жейт.
  • Озунган — утат.
  • Озунган (жигит) оодарат.
  • Озунган таз бөрк алат.
  • Ой — өзүңдө, нарк — колунда.
  • Ой — сөздүн булагы, ой — сөздүн сандыгы.
  • Ой жеткен менен кол жетпейт.
  • Ой ойлосоң — тең ойло, тең ойлосоң кең ойло.
  • Ой октон ылдам.
  • Ой өзүндө, нарк колуңда.
  • Ой түбүндө алтын бар, ойлой билсең табасың.
  • Ойдо — эгин, тоодо — токой.
  • Ойдо барга кол жетпейт.
  • Ойдон бир уйдун мүйүзү сынса, тоодон миң уйдун мүйүзү зыркырайт (сынат).
  • Ойдун гүлдөгөнү — акылдын өркүндөгөнү.
  • Ойдун да, бойдун да ортосу жакшы.
  • Ойдун түбү жок, сөздүн чеги жок.
  • Ойдун чалы сөздөн таяк таянат.
  • Ойлобой — баштаба, баштасаң — таштаба.
  • Ойлобой сүйлөгөн онтобогон ооруга жолугат.
  • Ойлобой сүйлөгөн оорубай өлөр.
  • Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет.
  • Ойлогонун бербеген онтотпой ооруга жолугат.
  • Ойлоп сүйлө, байкап отур.
  • Ойлуу жердин уурусу, тоолуу жердин бөрүсү.
  • Оймоксуз аял болбойт.
  • Ойногон бала от басат.
  • Ойноонун да ыгы бар, ойлоонун да сыры бар.
  • Ойноп айт, ойноп айтсаң да ойлоп айт.
  • Ойноп айтам деп, оюндагысын айтып алыптыр.
  • Ойноп айтса да, оюндагысын айтат.
  • Ойноп жатып ыйлаган бала таз болот.
  • Ойноп сүйлөсө да (айтам деп), оюндагысын айтат.
  • Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.
  • Ойнош — оттон ысык, агер калса — боктон сасык.
  • Ойноштон Эр ӨЛӨТ.
  • Ойношчул катын ыйлап ишендирет.
  • Ойношчул катындан шылдыңчыл уул туулат.
  • Ойношчул катынды көзүнөн тааны.
  • Ойт десе, «кыйт» дейт.
  • Ойчул ойлогуча, тобокелчил барып келиптир.
  • Ойчул ойлогуча, тобокелчил үйүнө барат.
  • Ойчул ойлонгуча, тобокелчи кечип өтүптүр.
  • Ойчул оюна жеткиче, тобокелчил барып келиптир.
  • Ок аткан жоодон сыр ачкан өз жаман.
  • Ок жарасынан сөз жарасы жаман.
  • Окуган — жарык, окубаган — чарык.
  • Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.
  • Окуй берсең — көзүңдү ачат, отура берсең жалкоолук басат.
  • Окусаң озорсуң, окубасаң тосоорсуң.
  • Окусаң озосуң, окубасаң тозосуң.
  • Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  • Окуу — бул эмгек, эмгекчил болсоң — алга барасың, эмгексиз болсоң — артта каласың.
  • Окуу — жакшылык, окуусуз — караңгылык.
  • Окуунун түбү жок.
  • Окшогонго жарашкан, же окшогонго мушташкан.
  • Окшошконго — мушташкан.
  • Олбуй — солбуй теминген, оң — тетири камчы урат.
  • Олдоксон төөнү жазэ муштайт.
  • Олпок салганга олпок сал, талпак салганга талпак сал.
  • Олтурган кыз ордун табат.
  • Олуя да жакынын колдойт.
  • Олуя да жанындагысын колдойт.
  • Омурткасын оркойтуп, орокчу болот кембагал, кабыргасын каржайтып, күчтүү болот кембагал.
  • Он күндүк ашың болгончо, бир күндүк эшиң (ишиң же дос) болсун.
  • Он түгөттөн — бир табышкер артык.
  • Он эки пайгамбардан, бир кудай өтүптүр.
  • Он экинин бири жок, уй байларга жиби жок.
  • Онтоткон — оору, мөгдөткөн — кары.
  • Онтоткон — оору, мөгдөткөн — карылык.
  • Оң колуңдун ачуусу келсе, сол колуң менен карма.
  • Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен карма (же токтот, арачала).
  • Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас.
  • Оңко оюн бузат, тентек жыйын бузат.
  • Оңсоң да өзүңдөн, тоңсоң да өзүңдөн.
  • Ообозгер жакшы — кап жакшы, катын жакшы — эр жакшы.
  • Оогон жыгылганга күлөт.
  • Оогон талганга күлөт.
  • Ооз — бирөө, кулак экөө, бир сүйлөсөң, он тыңша.
  • Ооз — сөздүн ээси.
  • Ооз — уя, сөз — куш, унчукпаган — байкуш.
  • Ооз айгак, тил — тайгак.
  • Ооз айгак, тил таңгак.
  • Ооз деген дарбаза, чыга берет аңдаса.
  • Ооз жыйып алганча, омуртка сынаар иш да бар.
  • Ооз кыйшык болсо да, сөз түз болсун.
  • Ооздон — оозго өтөт сөз шекери, үйдөн үйгө кирет иш бекери.
  • Ооздон кан чыкса да, душманга ырыңды ырдаба.
  • Ооздон чыккан сөз — колдон учкан куш.
  • Ооздон чыккан сөз отуз уруу элге таралат.
  • Ооздон чыкты — ааламдан чыкты.
  • Оозду бүйрүсө болот, көздү сүзсө болот, бу кудай урган мурунду кантсе болот.
  • Ооздун жели опаа болбойт.
  • Оозу ашка тийгенде, тумшугу ташка тийди.
  • Оозу жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
  • Оозу жаман элди булгайт, өтүгү жаман төрдү булгайт.
  • Оозу жамандын сөзү жаман.
  • Оозу күйгөн — айранды үйлөп ичет.
  • Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн.
  • Оозу менен орок оргон (колу менен иштебеген), буту менен машак терет (башмалдак атат), оозун көптүргөн жумуштан качат.
  • Оозу оорубагандын, кулагы (таңдайы) жоорубайт.
  • Оозу сүткө күйгөн айранды да үйлөп ичет.
  • Оозу таңылган музоо энесинин эмчегин тумшугу менен койгулайт.
  • Оозу чалпоо жигиттин бир ажалы элинен, аягы суюк аялдын бир ажалы эринен.
  • Оозу чоңго — аш, көзү чоңго — жаш.
  • Оозун бакпаган орой болот.
  • Оозун баспай тим жүргөн оозун ачып кур калат.
  • Оозуна алы жетпеген — оңколойт.
  • Оозуна алы жетпеген — осол.
  • Оозуна келгенин оттогон, укпаган сөздүугат.
  • Оозунан ак ит кирип кара ит чыккан, эртеңкини эмес, эмикини унуткан.
  • Оозунан алдырган бөрүдөй.
  • Оозунан жаңылган турбайт, бутунан жаңылган турат.
  • Оозунан кулаган турбайт, бутунан кулаган турат.
  • Оозунан сөзү түшкөндүн колунан бөзү түшөт.
  • Оозунан сөзү түшкөндүн, колунан иши түшөт.
  • Оозунда кеби бардын, сөзүндө эми бар.
  • Оозунда келмеси бардын, башында селдеси бар.
  • Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтөт.
  • Оозуңан чыккан, сакалыңа жармашат.
  • Оокат — байдан, ажал — кудайдан.
  • Оолак болсо да жол жакшы.
  • Оолукмалуу балага ээликмелүү жин тиет.
  • Оомалуу — төкмөлүү дүнүйө.
  • Оомалуу кезек, төкмөлүү дүйнө.
  • Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк.
  • Оорго чыдашып, женилди колдон алышты.
  • Оору — кор, өлүм — зар.
  • Оору — өмүр бычагы, орой сөз — көңүл бычагы.
  • Оору аштан, доо — карындаштан.
  • Оору батмандап кирип, мыскылдап чыгат.
  • Оору кадырын сак билбейт, өлүк кадырын тирик билбейт.
  • Оору кадырын соо билбейт, ач кадырын ток билбейт.
  • Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
  • Оору калса да, адат калбайт.
  • Оору оору эмес, оору баккан оору.
  • Оору тилинин эми барды издебей, колунун эми барды издейт.
  • Оору эмгектен качат, эмгек көңүлдү ачат.
  • Оорубаган онтобойт.
  • Оорубаган өлүмдөн коркпойт.
  • Оорубай өлөйүн десең, эски дубалдын түбүнө жат.
  • Ооруган башка — темир тарак.
  • Ооруган жерден кол кетпейт.
  • Ооруган жериң урунду болот.
  • Ооруганды сураса айыкканга тете (кээде эсе).
  • Ооруда чанчуу жаман, сөздө каңкуу жаман.
  • Оорудан (кеселден) чанчуу жаман, кептен каңкуу жаман.
  • Оорукта уйкучу уул, чабыкта башын сайга таштайт.
  • Оорулуу жылмайса — айыкканга тете, арамза жылмайса — алдаганга тете.
  • Оорулууга жардам берсең эсели эсинен кетпейт.
  • Оорулуунун ою онго бөлүнөт.
  • Оорулуунун оюна эмне келип, эмне кетпейт.
  • Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт.
  • Ооруну кенебеген өлөт.
  • Ооруну сураса — айыкканга тете (же эсе).
  • Ооруну сураса айыкканчалык.
  • Оорунун атын айтса ырбап кетет.
  • Оорунун жакшысы жок, дарынын таттуусу жок.
  • Ооруң жок болсо — котур бол, дооң жок болсо кепил бол.
  • Ооруп өлөөр кишинин, дабаа болбос дартына.
  • Ооруп турсаң, ойноп турдум де.
  • Оорусун жашырган өлөт, боорун жашырган бөлүнөт.
  • Оорусун жашырган өлөт.
  • Оосурактын уяты жок, аз гана бетке чиркөөсү бар.
  • Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт.
  • Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытыптыр.
  • Опсуз баатыр жоого түшөт.
  • Опсуздун оюну жаман, энесин көткө саят.
  • Ор казган өзү орго түшөт.
  • Ордон чыккан, тоого да чыга алат.
  • Орду жок сөзгө ооз ачпа.
  • Ордун таппаган орунсуз калат.
  • Ормон опуза.
  • Оро албаган орок тандайт, чаба албаган чалгы тандайт.
  • Оро албаган орок тандайт.
  • Ороздуку он бешинде баш, Чыйырдыкы жыйырма бешинде жаш.
  • Ороздуу (бактылуу) менен оттош бол.
  • Ороздуу менен оттош бол, ырыстуу менен жолдош бол.
  • Орозо — ачкачылыктын иши.
  • Орозо кармоо — оокатсыздын иши.
  • Орозодо көчкөн — эрмек.
  • Орозодо молдолор обондошот битирге.
  • Орозойдун баласы отузга чыкканча жаш.
  • Орозойдун он тамыры бир келиптир.
  • Орозону ач пайгамбар чыгарыптыр.
  • Орозонун бирин кармадык, эми эмнеси калды дейсиң.
  • Орой уруш десе уугун, кериш десе керегесин ала чуркайт.
  • Оройдун он досу да болбойт.
  • Орокто жок, машакта жок, даяр болгон кызылга орток.
  • Ороктон качкан ыраак чычат.
  • Оромол олжо эмес жолго.
  • Оромол тойго жарабаса да, жолго жарайт.
  • Орто — Токойдо отун жок, Көтмалдыда суук жок.
  • Орточолук — озот, катуучулук — тозот.
  • Орундуу сүйлөгөндүн ооматы кетпейт.
  • Орус араба менен коён уулайт.
  • Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр.
  • Орус сыйлаганына чочко тартат.
  • Осмо кетер каш калар, суулар кетер таш калар.
  • Осмо кетет каш калат, оомат (урмат) кетет баш калат.
  • Осмо кетет каш калат, суулар кетет таш калат.
  • Осол өскөн жыгач бутагын көтөрө албас, осол адам атагын көтөрө албас.
  • От — жаккандыкы, тон — тиккендики.
  • От бар жерде түтүн бар, суу бар жерде береке бар.
  • От жаккандын кадырын отун алган билет.
  • От жакпай казан аспайт, таң атпай торгой сайрабайт.
  • От жалынын билбеген кайрылат, дос жалынын билбеген айрылат.
  • От койсоң — күйөсүң, ор казсаң — түшөсүң.
  • От менен ойнобо.
  • От менен суу — тили жок жоо.
  • От өчөт, даңк өчпөйт.
  • От түтүнсүз болбос, жигит жазыксыз болбос.
  • От чаласынан, сөз чаласы жаман.
  • От чыккан жер — жердин түбү, ит үргөн жер — үйдүн түбү.
  • Отко жакын шиш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.
  • Отко жакын ыш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.
  • Отко келген катындын отуз ооз сөзү бар.
  • Отко таш дагы жарылат.
  • Отоолотсо, отоолотсо экен, отоолотпосо торпогумду кайтарат элем.
  • Отсуз түтүн жок.
  • Оттон качсаң, сууга кир.
  • Отту үйлөсө — өчөт, коңшуну көөлөсө — көчөт.
  • Отту үйлөсө өчөт.
  • Отту чукусаң өчүрөсүң, коңшуңду чукусаң көчүрөсүң.
  • Отуз жыл ийилип өскөн тал бир жылда түзөлбөйт.
  • Отуз күндүк орозонун, уч күндүк айты бар.
  • Отуз өлчөп бир кес, он жолу ченеп бир жолу кес.
  • Отуз өлчөп, бир кес.
  • Отуз тиштен (ооздон) чыккан сөз, отуз уруу элге тарайт.
  • Отуз тиштен чыккан сөз отуз уруу элге тараар.
  • Отуз уулду бир ата асырайт, отуз уул бир атаны асырай албайт.
  • Отуз уулум болгуча, оосурак чалым болсочу.
  • Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
  • Отун — олжо, суу - кордук.
  • Отун — отко, очок — казанга.
  • Отун албаганга от жактырба.
  • Отунду жаккан билет, малды баккан билет.
  • Отундуунун отун арт, отуну жогуң катын арт.
  • Отурган киши ойлонгуча, баскан киши мал табат.
  • Отурган кыз орун табат.
  • Отурганга олжо жок.
  • Оюн барып чын болду, ойнош барып эр болду.
  • Оюн бир, тамаша эки.
  • Оюндан омуртка сынат.
  • Оюндан от чыгат.
  • Оюндун тубу — от, ойдун түбү — алтын.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо