Макал лакаптар жыйнагы (Өө)

Ө тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор Ө тамгасына болгон макал лакаптар аз эмес, ошондой болсо да, силер дагы өз салымыңыздарды кошуп, пикир жазуу формасына Ө тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

Ө

  • Өгөй — өөнчүл, жетим — кекчил.
  • Өгөй эне — өөнчүл, жетим бала — кекчил.
  • Өгөй эне көрүндө жатып кол булгайт.
  • Өгөй эне өөнчүл болот, жетим — кекчил болот.
  • Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  • Өгөөдөн бүлөө өткөн жок, экөөнө бирөө жеткен жок.
  • Өгүз баштаса — өлөңдүу сазга, инек баштаса — ийри жарга.
  • Өгүз болгуча торпок пейли калбаптыр.
  • Өгүз өзүн мактайт.
  • Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын.
  • Өгүз өлдү (сө), орток айрылды (ат).
  • Өгүз өлдү, орток калды.
  • Өгүз топоз менен сүзүшүп мүйүзүнөн айрылат.
  • Өгүздү өргө салба — канатың талат, жаманга жүзүңдү салба — шагың сынат.
  • Өгүздүн өлгөн жерине өкүр.
  • Өгүзү жок, жер сугарат.
  • Өжөр өлбөйт, өлсө да эч нерсеге көнбөйт.
  • Өз абийирин сактабаган, өзгө абийирин сактабайт.
  • Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт.
  • Өз айыбы өлгөнчө билинбейт, киши айыбы кирип чыкканча билинет.
  • Өз акылы — аксак, киши акылы — таскак.
  • Өз атым өлгөндөн кийин жер бетине чөп чыкпаса койсун.
  • Өз атым өлгөндөн кийин, жер бетине чөп чыкпаса мейли.
  • Өз балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  • Өз балаңды өпкөгө тепсең кетпейт, киши баласын кишендесең да турбайт.
  • Өз башын аябаган киши башын далдал кылат.
  • Өз башын аябаган, киши башын далдал кылат, өз бетин аябаган, киши бетин чиедей кылат.
  • Өз башында төөнү көрбөй, киши башындагы чөптү көрөт.
  • Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.
  • Өз башындагы чокту көрбөй, киши башындагы чөптү көрөт.
  • Өз башыңды доого берсең да, жолдошуңду жоого бербе.
  • Өз бетин аябаган киши, киши бетин чиедей кылат.
  • Өз боюңа сак бол, коңшуңду ууру тутпа.
  • Өз ден соолугуңа шалаакылык кылсаң, коомго кошо мүшкүл апкелесиң.
  • Өз жакшылыгыңды доомат кылба, бирөөнүн жакшылыгын унутпа.
  • Өз жамандыгын билбеген өзгөгө кылат чоң милдет.
  • Өз жер өлөң төшөк, өз эл өмүрлүк жөлөк.
  • Өз жоокерин күтө албаган, душманына түтө албайт.
  • Өз ийининде чычкан да шер.
  • Өз кадырын билбеген, жат кадырын биле албайт.
  • Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт.
  • Өз кемчилигин өлгөнчө билбейт, киши кемчилигин кирип чыкканча билет.
  • Өз кемчилигин сезбөө — наадандык.
  • Өз кол — алтын билерик.
  • Өз колуңда болбосо, өлдүм десең ким берет.
  • Өз кордугунан — жат кордугу жаман.
  • Өз көмөчүнө күл тартат (же тарткан).
  • Өз күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
  • Өз күчүндү өлкөгө арнагын, өзгөлөргө өрнөк камдагын.
  • Өз күчүңдүн өлчөөсүн, өзүң билбей ким билет.
  • Өз кылганың өзүңө, өйдө карап түкүрсөң, кайтып түшөт жүзүңө.
  • Өз мекениңди көздөй сакта.
  • Өз өзүнө тартат, өз көмөчүнө суу тартат.
  • Өз өзүнө тартат.
  • Өз өзүнө, өзгө жатка тартат.
  • Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт.
  • Өз өтүгүң тар болсо, кең дүйнөнүн пайдасы не.
  • Өз талканың эттен артык.
  • Өз төшүн өзү сындыра муштап эр болбойт.
  • Өз төшүн өзүжара муштап, эр болбойт.
  • Өз тууганын кор көргөн, ашуу таппай белде өлөт, кечүү таппай сууда өлөт.
  • Өз тууганын кордосо, душманына кор болот.
  • Өз убалың өзүңө, эки кара көзүңө.
  • Өз үй — өлөң төшөк, өз эл — өмүрлүк жөлөк.
  • Өз үйүм — өлөң төшөгүм.
  • Өз үйүм деп сөз айтпа, үй артында киши бар.
  • Өз үйүңдө ашың болсо, киши үйүндө кашың барбы.
  • Өз элин күтө албаган, душманына түтө албайт.
  • Өз элине батпаган, душманына кор болот.
  • Өз эмгегиң көзгө көрүнбөйт, жалкоо элден бөлүнбөйт.
  • Өз энең болбосо, өгөй энеге көн.
  • Өзбек кетип, өз калды.
  • Өзгө — жалган, өлүм — ак.
  • Өзгө өздөй, жатка жаттай.
  • Өзгөгө (душманга) өлүм тилегиче, өзүңө өмүр тиле.
  • Өзгөгө капкан салган өзүтүшөт.
  • Өзгөгө өбөк болгуча, өзгө төшөк бол.
  • Өзгөгө өлүм тилегиче, өзүңө өмүр тиле.
  • Өзгөдөн тартып алган өзүнүкүнөн айрылат.
  • Өзгөнү айтаарда өзүңдү ойло.
  • Өзгөнү коюп, өзүңдү айт.
  • Өзгөнүн ишин өзүңө жору.
  • Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
  • Өздү жаттай сыйлагын, жат жанынан түңүлсүн.
  • Өздүкү өздөй, өзгөнүкү көгөртө койгон көздөй.
  • Өзөгү карарган карга таш чокуйт.
  • Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
  • Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
  • Өзөн башы ашуу болот, жардын башы кечүү болот.
  • Өзөн бойлоп конбогун, өрт өчкөндөй болбогун.
  • Өзөн бою турганда, өзгө жерге конбогун.
  • Өзөн жерде сайлар бар, чык татырбас байлар бар.
  • Өзөнгө өзөн кошулса — дарыя.
  • Өзөндүү сууга тал бүтөт, өлбөгөн кулга мал бүтөт.
  • Өзү — боктой, сөзү — октой.
  • Өзү бектей, сөзү октой.
  • Өзү билбеген, билгендин сөзүнө кирбеген — айбандык.
  • Өзү билбегендин оозуна караба.
  • Өзү билбейт, билгендин тилин албайт.
  • Өзү билбес, билгендин тилин албас — тил билбеген макоо.
  • Өзү бир тыйын, дымагы миң тыйын.
  • Өзү боктой, сүйлөсө сөзү октой.
  • Өзү болбос жигиттин атасын сурап нетесиң.
  • Өзү боштун сөзү бош.
  • Өзү жаш болсо да иши — маш.
  • Өзү кары жүрөгү жаш.
  • Өзү келсе келсин, бөз калтасы келбесин.
  • Өзү кылган иш, өз башына муш.
  • Өзү сары, көзү көк — ал адамдын шумкары, өзү кара, көзү көк — ал адамдын шумпайы.
  • Өзү соонун — иши соо.
  • Өзү тийген бала ыйлабайт.
  • Өзү тойбос кайнага, кимге кешик арттырат.
  • Өзү тойбостун көзү тийет.
  • Өзү ууру бирөөнү ууру дейт, өзү кара бирөөнү кара дейт.
  • Өзү уялбаган, бирөөнүуялтат.
  • Өзү чоктойдун — сөзү октой.
  • Өзүбек кетип өз калды.
  • Өзүм билем деген жигит, башына ойрон салганы.
  • Өзүм иттей жаланам, итим кайдан тоюнсун.
  • Өзүм турсам төрдө, сөзүм турат өрдө.
  • Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем.
  • Өзүмдү тиштебеген карышкыр жорто берсин.
  • Өзүмдүкү дегенде — өгүз кара күчүм бар, кишиники (же өзгөнүкү) дегенде — кол тийбей турган ишим бар.
  • Өзүмдүкү дегенде өгүз кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде ана — мына ишим бар.
  • Өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар.
  • Өзүмө тийбеген бороон ышкыра берсин.
  • Өзүмө тийбеген бөйрөктү ит жесин.
  • Өзүм-өзүм дегенде өргө чыкчу күчүм бар, өзгө менен кектешкенде кетпес-бүтпөс өчүм бар.
  • Өзүмөн алыс төркүнүмө көрүнсүн.
  • Өзүмчүл киши өзгөгө жакпайт.
  • Өзүмчүл өргөөгө батпайт.
  • Өзүн — өзү билбеген — эселектин белгиси, калпың чыкса артыңдан адамдын келет өлгүсү.
  • Өзүн — өзү билет, өтүгүн төргө илет.
  • Өзүн башкара билген башкаруучу — мыкты.
  • Өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген.
  • Өзүн өзү өлгөнчө билбейт.
  • Өзүн сактай билген, абийирин барктай билет.
  • Өзүн сыйлабаган, башканы да сыйлабайт.
  • Өзүндө жок болсо, атаң да жат.
  • Өзүндө турса айып, кимге барасың кыңырайып.
  • Өзүндү эр ойлосоң, башканы жер ойло.
  • Өзүндү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
  • Өзүнө жакшылык кылбаган адамдан өзгөгө жакшылык артпайт.
  • Өзүнө пайдасыз адам өзгөгө да пайдасыз.
  • Өзүнөн мурун коноктун атын сыйла.
  • Өзүнүн бөгүн бөктөй албаган кимдин чигин чиктейт.
  • Өзүнүн уяты жоктун, сөзүнүн туруму жок.
  • Өзүң адам болгон соң, өлбөсүңдү билген соң, кайда барсаң анда бар.
  • Өзүң бакшы болсоң, молдого зикир үйрөтпө.
  • Өзүң билбегенден өлгөнчө корк.
  • Өзүң көргөн жолду атаңа да бербе.
  • Өзүң кудай болбогон соң, көрөр күнүң ушу экен.
  • Өзүң өлсөң өл, бирок досуң өлбөсүн.
  • Өзүң сүйгөндү алба, өзүңдү сүйгөндү ал.
  • Өзүң таппаган малдын баркы жок.
  • Өзүңдү өзүң мактаба, өзгө мактасын.
  • Өзүңдү өзүң мактаба, сени эл мактасын.
  • Өзүңдү өлгөнчө билбейсиң, кишини кирип чыкканча билесиң.
  • Өзүңдү эр дедиңби? — майданга чык.
  • Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
  • Өзүңө бычак ур, оорубаса, кишиге ур.
  • Өзүңө иштесең — арстандай, башкага иштесең — чычкандай.
  • Өзүңө иштесең (ген) арстандай, башкага иштебе (йт) чычкандай.
  • Өзүңө өзүң жакпасаң, жакканың ошол элиңе.
  • Өзүңө урулбас үчүн, өзгөгө жарык кыл.
  • Өзүчогоол болгон жигиттин бир ажалы көптөн.
  • Өйдө карап түкүрсөң, кайта түшөт көзүңө.
  • Өйдө карап түкүрсөң, кайтып түшөр өзүңө.
  • Өйдө тартса — өгүз өлөт, ылдый тартса — араба сынат.
  • Өкмат кудаа эмес, кудаадан жудаа да эмес.
  • Өксүбөгөн кандын бир татым тузу кемийт.
  • Өктөгөн жанда өлүм ак.
  • Өкүм ат — өткүр бычактай.
  • Өкүм болмок — өзүңдөн, сылык болмок — сөзүңдөн.
  • Өкүмдүн өтү жарылат.
  • Өкүмү болбой өнүкпөйт, башчысы болбой марыбайт.
  • Өкүрүктөн өлүк тирилбейт.
  • Өлалбай жатып (же өлгөнүжатып) өлөң айтат.
  • Өлбөгөн (гө) жанга (кулга) өлүү балык табылат.
  • Өлбөгөн адам (же жан) алтын аяктан (же алтын чөйчөктөн) даам татат.
  • Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
  • Өлбөгөн жанга бир оокат.
  • Өлбөгөн жанга өлүү балык эптеп табылат.
  • Өлбөгөн жанда үмүт бар.
  • Өлбөгөн көрүшөт.
  • Өлбөгөн кул алтын аяктан суу ичет.
  • Өлбөгөн кулга жаз келер.
  • Өлбөстү кудай жасабайт, сынбасты уста жасабайт.
  • Өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып.
  • Өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казган байча.
  • Өлгөн бөрүнүн башы менен тирүү бөрүнү коркутасыңбы.
  • Өлгөн жолборстон (арстандан) тирүүчычкан артык.
  • Өлгөн менен кыз бергенге намыс кылба.
  • Өлгөн өксүтөт, кеткен кемитет.
  • Өлгөн тирилбейт, өчкөн жанбайт.
  • Өлгөн төөнүн териси эшекке жүк.
  • Өлгөн уй сүттүү болот.
  • Өлгөнгө өкүнбө, калганга береке берсин.
  • Өлгөнгө өкүнбө, тирүүлүгүңдү тиле.
  • Өлгөнгө ыйлаган кайран көз, жаманга айткан кайран сөз.
  • Өлгөндөн катын артат, көчкөндөн отун артат.
  • Өлгөндү сурасаң тирилгенге эсе, ооруганды сурасаң, айыкканга эсе.
  • Өлгөндү топурак суутат.
  • Өлгөндү туулган жеңет, жоону кууган жеңет.
  • Өлгөндү туулган жеңет.
  • Өлгөндүн артынан өлмөк жок.
  • Өлгөндүн жазасы — көмгөн.
  • Өлгөндүн өзүнүн шору.
  • Өлгөндүн сазайы көмгөн, өпкөндүн сазайы көнгөн.
  • Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылба.
  • Өлдүн — өчтүң, кеттиң — кемидиң.
  • Өлкө алсыз учурунда адам ресурсуна таян.
  • Өлкөңдөн айрылгыча өмүрүңдөн айрыл.
  • Өлмөйүнчө кишинин иши бүтпөйт.
  • Өлө — тириле манап бол.
  • Өлө албай жатып өлөң айтат.
  • Өлө жалкоо болбосоң, өтө жарды болбоссуң.
  • Өлө жегенче, бөлө же.
  • Өлөйүн десе — жан таттуу, кирейин десе — жер катуу.
  • Өлөлбай жатып (же өлгөнүжатып), өлөң айтат.
  • Өлөң төшөк өз үйүң, киндик каның тамган жер.
  • Өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүмдүү жерде молдо семирет.
  • Өлөөрүндө булбулдун да үнү өзгөрөт.
  • Өлөр карга бүркүт менен ойнойт, ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
  • Өлөр киши бой түзөйт.
  • Өлөр өгүз балтадан качпайт.
  • Өлөр өгүз балтадан тайбайт.
  • Өлөр чычкан мышыктын умасын кашыйт.
  • Өлөр эчки койчунун таягына кашынат.
  • Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт.
  • Өлөрмандын көзү жаман.
  • Өлөт деген өлгөн жок, өгүз минген калган жок.
  • Өлсө — кунсуз, сатса — пулсуз.
  • Өлсө өкүрүк, өлбөсө кыйкырык.
  • Өлсөк — бир көрдө (же чуңкурда), тирүү болсок — бир дөңдө (же дөбөдө).
  • Өлсөк — бир көрдө, тирүү болсок — бир дөбөдө.
  • Өлсөк бир чуңкурда (бололук), тирүү болсок бир дөбөдө (бололу).
  • Өлсөк, бир чуңкурда, тирүү болсок, бир дөбөдө.
  • Өлсөң дагы, эстүүдөн өл.
  • Өлсөң көрүң кең болсун.
  • Өлтүргөн сайын өрчүгөн кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз.
  • Өлтүрөм дегенден коркпо, «өлөм» дегенден корк.
  • Өлүккө — жарашат ый, кадырга — жарашат сый.
  • Өлүккө жараша — ый, кадырга жараша — сый.
  • Өлүм — бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
  • Өлүм — орток, доо — көзөк.
  • Өлүм адамды коркутат, үмүт адамды курчутат.
  • Өлүм бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
  • Өлүм жашка карабайт.
  • Өлүм кабак-кашты ирмегиче.
  • Өлүм менен конок айтып келбейт.
  • Өлүм менен үмүт тең тайлаш, бири адамды коркутат, бири ар — намысын курчутат.
  • Өлүм өксүтөт, оору кор кылат.
  • Өлүм өксүтөт.
  • Өлүмдөн башканын баары өзү келбейт.
  • Өлүмдөн башканын баарынын эртеси (ачыгы) жакшы (түзүк).
  • Өлүмдөн башканын эртеси жакшы.
  • Өлүмдөн корккон жашабайт.
  • Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү.
  • Өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп үйдө жок.
  • Өлүүлөр жөнүндө оң сүйлө, болбосо үндөбө.
  • Өлүүнү айтса тирүүнүн тынчы кетет.
  • Өлүүнүн жүзү ары, тирүүнүн жүзү бери.
  • Өмдөгөн жоо качырат.
  • Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин.
  • Өмүр бою быкшып жашаганча, көз ирмем болсо да жарк этип күйүп өт.
  • Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт.
  • Өмүр карыса да, көңүл карыбайт.
  • Өмүр киндик кан тамган жерден башталат.
  • Өмүр оттой жанып, күл болуп бүтөт.
  • Өмүр өлчөнбөйт да суратпайт.
  • Өмүрдөн жамандык күтпө, өлүмдөн жакшылык күтпө.
  • Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.
  • Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.
  • Өмүрдүн чеги бар, өнөрдүн чеги жок.
  • Өмүрү жамандын өлүмү жаман.
  • Өнбөс доөну доолаба, өлбөс жоону жоолаба.
  • Өнөктөштөр өр ашат.
  • Өнөр — агып турган булак.
  • Өнөр — аккан булак, билим — күйгөн чырак.
  • Өнөр — түгөнбөс азык, жоголбос байлык.
  • Өнөр алды — кызыл тил.
  • Өнөр байлыгы — өлбөс байлык.
  • Өнөр издегениң — өргө кадам шилтегениң.
  • Өнөрдү билүүгө да өнөр керек.
  • Өнөрлүү — зор, өнөрсүз — кор.
  • Өнөрлүү болсоң өргө чап.
  • Өнөрлүү кол ач болбойт.
  • Өнөрлүү өлбөйт, өлөрман көнбөйт.
  • Өнөрлүү өлбөйт, өнөрсүз көнбөйт.
  • Өнөрлүү өлбөйт.
  • Өнөрлүү өргө сүзөр.
  • Өнөрлүү өргө сүйрөйт.
  • Өнөрлүү өргө чабат.
  • Өнөрлүүгө өрү — кыры баары бир, балбанга оңу — солу баары бир.
  • Өнөрлүүжурт — амалдуу.
  • Өнөрлүүнүн колу алтын.
  • Өнөрпос ишке таянат, балбан күчүнө таянат.
  • Өнөрү жок жигит — канаты жок куш.
  • Өнөрүң болсо ичиңе катпа, жаман кыялыңды өзүң ташта.
  • Өнөрүң болсо өргө чап, кор кылбай алтын жанды бак.
  • Өңгө — жалган, өлүм — ак.
  • Өңдү көрсө жүз таят.
  • Өңөрүп жүрсө кой өлөт, өбөктөп жүрүп ырчы өлөт.
  • Өңү кара болсо да өзү сара.
  • Өңү сулуу — сулуу эмес, акылы улуу — сулуу.
  • Өңүң суук болсо да, сөзүң жылуу болсун.
  • Өөдө — төмөн көп чапса, тулпардын чери жазылат.
  • Өөдө кетсең — бөрү жейт, ылдый кетсең — ууру алат.
  • Өөдө тартса(ң) өгүз өлбөсүн (өлөт), ылдый тартса (ң) араба сынбасын (сынат).
  • Өөдө чыксаң бөрү жейт, ылдый түшсөң ууру алат.
  • Өөдөкүсү өрткө кетсе, ылдыйкысы селге кетет.
  • Өөн бириксе тон болбойт, ынтымак болбой эл болбойт.
  • Өөн сөздү өзүңө да айтпа.
  • Өпкөдөн соккон жөл жаман, элинен безген эр жаман.
  • Өрдөк берген, каз алат.
  • Өрдөк жокто чулдук бий, өпкө жокто карын бий.
  • Өрдөк жокто чулдук бий.
  • Өрдөктү туурайм деп чулдук бутун сындырыптыр.
  • Өрдөктүн өзү көктө болсо да, көзү көлдө.
  • Өрнөктүү иште өөн жок.
  • Өрнөктүү карыя жок жерде, өнөрлүү жаш да жок.
  • Өрт менен суу — тили жок жоо.
  • Өрттү суу өчүрөт, эпке мал келтирет.
  • Өрүүдө көрүшпөгөн, көчкөндө урушат.
  • Өрүш малдуу — дасторкон майлуу.
  • Өрүшүндө малы бардын, сандыгында пулу болот.
  • Өскөн айылдын ичинде кемпир менен чал бар, өскөн төөнүн ичинде инген менен нар бар.
  • Өскөн жер — өз эне, өзгө жер — өгөй эне.
  • Өскөн токой өсө берсе, эмдигиче көктү тешмек.
  • Өсөөр малда өлүм жок.
  • Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот, өспөс элдин балдары бири-бирине кас болот.
  • Өсөөрүм калбай өлөөрүм калды, өмүрүмдөн көрүм жакын турат.
  • Өсөр — өзүн сыйлайт, өспөс — жатын сыйлайт.
  • Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт.
  • Өспөс уул өнбөс доону доолайт.
  • Өткөн (кайра) келбейт, өлгөн тирилбейт.
  • Өткөн (мурунку) базарга кой айдаба.
  • Өткөн ишке — салабат.
  • Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок.
  • Өткөн ишке айла жок.
  • Өткөн ишке өкүнбө (же өткөн иште өкүнүч жок).
  • Өткөн ишке өкүнбөө керек.
  • Өткөн ишке салабат кыл.
  • Өткөн күнгө өкүнбө.
  • Өткөн күндө белги жок, салып койгон тамга жок.
  • Өткөн өмүр — аккан суу.
  • Өткөн өмүр — качкан куш, кайрылып келбейт үндөсө.
  • Өткөн өмүр — өчкөн от.
  • Өткөн өмүр жашарбайт — алтымышта чал кайтып, баштагы пейли бузулбайт — жарды болсо бай кайтып.
  • Өткөн өмүр качкан куш, үндөсөң келбейт кайрылып.
  • Өткөн өмүр, калган кадыр табылбайт.
  • Өткөн өчү бардын, кетпес кеги бар.
  • Өткөнгө өкүнбө, кеткенге кейибе.
  • Өткөнгө өкүнгөн менен айла жок.
  • Өткөнгө өкүнүп, жетпести кууба.
  • Өткөндөр барктабаса, тирүүлөр даңкталбайт.
  • Өткөндөрдү эстеген жаман болбойт, мурдагыны кектеген жакшы болбойт.
  • Өткөндү билбеген эл — атасын тааныбаган баладай.
  • Өткөндү эстеген — жакшы, кектеген — жаман.
  • Өткөндүн, келечектин жибин улап, достошуу ийгиликке алып барат.
  • Өткөөл таппай, өтүгүңдү чечпе.
  • Өткүр (курч) бычак кынга жоо (кас), өтүрүк (өткүр) сөз жанга жоо (кас).
  • Өткүр ок — душманга, өткүр сөз — тууганга.
  • Өткүр өлбөйт, сук тойбойт.
  • Өткүр тырмак каргада эмес, шумкарда.
  • Өтө жалкоо болбой, өлө кедей болбойт.
  • Өтө жаман — өзүн мактайт, башкы жаман — баласын мактайт, аяккы жаман — аялын мактайт.
  • Өтө жаман болбөсоң, өлө жарды болбоссуң.
  • Өтө жаман өзүн мактайт, жакшыны башка бирөө мактайт.
  • Өтө кайрат баш жарат.
  • Өтө кызыл бат оңот, өпкө кызыл кеч оңот.
  • Өтөгөндүн (аюунун) териси өзүжатып ий болот.
  • Өтпөс буйрук — бойго кардык.
  • Өтпөс өмүр, сынбас темир болбойт.
  • Өтпөс өмүр, сынбас темир жок.
  • Өтпөскө өмүр жок, сынбаска темир жок.
  • Өтүгү жаман — төрдү булгайт, оозу жаман — элди булгайт.
  • Өтүгү жаман төргө өтпөйт.
  • Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айта бар.
  • Өтүгүң барда суу кеч.
  • Өтүгүң жаман болсо бутуңдун шору, турмушун жаман болсо жанындын шору.
  • Өтүгүң майрык болгон соң, жериң түз болбосо койсун.
  • Өтүгүң тар болсо, дүнүйөнүн кендигинен не пайда.
  • Өтүкчү көп албайт, көп алса өпкөсү тешилет.
  • Өтүкчү көп алса, өпкөсү тешилет.
  • Өтүкчү өтүккө жарыбайт, уста балтага жарыбайт.
  • Өтүкчүнүн жанына жолобо, «бирдемем жоголду» дейт.
  • Өтүкчүнүн өтүгүнүн такасы жок, уз зайыптын күйөөсүнүн жакасы жок.
  • Өтүкчүнүн үйү апырык менен сапырык.
  • Өтүнгөнгө чиренет, өзүнөн чоңго ийилет.
  • Өтүрүк сөз — жанга кас, өтпөс бычак — кынга кас.
  • Өтүрүктүн бети кара.
  • Өчөр оттун үстү күйөт.
  • Өчпөс өрт, соолубас гүл болбойт.
  • Өчпөстүн отун жаккан, өлбөстүн күнүн көрөт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо