Макал лакаптар жыйнагы (П)

П тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор П тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына П тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

П

  • Паанасы жок сайдан кач, кайры жок байдан кач.
  • Падыша тукумун жеке уул даңазалабайт.
  • Пайгамбар баарына асыр.
  • Пайгамбар барына назир (ыраазы).
  • Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
  • Пайгамбар кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес.
  • Пайгамбарга бар назир.
  • Пайданы башыңа кыл, башыңдан артса досуңа кыл.
  • Пайданы көрсө соодагердин шакыйы кармап, чыдай албай, буту менен эмес, төбөсү менен чуркайт эмеспи.
  • Пайданы өз башыңа кыл, башыңдан артса башкага кыл.
  • Пайдасыз тууган — чекеге чыккан чыйкан.
  • Палан жерде алтын бар, өз жериңдей кайда бар.
  • Паракорлор кызыгат бир токочтук тыйынга.
  • Пейил күтсөң, битир бергенди унутпа.
  • Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт.
  • Пейли жакшы кем болбойт.
  • Пейли жакшыны кудай табат, пейли жаманды ит кабат.
  • Пейли жаман кишиден күтөт, өз ашын жашырып ичет.
  • Пейли кенен — калысчыл, пейли тар — арызчыл.
  • Пейли кеткен пенденин казанынан аш кетет.
  • Пейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
  • Пенде болмок бир жылда, ажы болмок кырк жылда.
  • Пенде пейлинен табат.
  • Перзент белдин (жандын) кубаты, берен (болсо) элдин кубаты (Камкор малдын кубаты).
  • Перилердин ойной турган жери бар, аюунун чээни бар.
  • Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
  • Пулсуз калаа — көрксүз, гүлсүз талаа — көрксүз.
  • Пулу бардын — кеби он, пулу жоктун — кеби тоң.
  • Пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт.
  • Пулун пулдай албаган, досун сыйлай албайт.
  • Пулуң болсо, кулуңмун.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо