Макал лакаптар жыйнагы (У)

У тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.

Достор У тамгасына болгон макал лакаптар көп эмес, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына У тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики.

У

  • Убада аткарылышы менен баалуу.
  • Убадасыз кишиден жүрүп кеткен жел артык.
  • Убайым басса, уйку жок.
  • Убакыттан уттурганың — ырыскыдан куру калганың.
  • Увазир жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы.
  • Угаары жоктун унчукпаганы эп.
  • Угар жерде — сөз айт, сиңер жерге — суу төк.
  • Угар кулак, көрөр көз.
  • Угар кулакка сөз айт.
  • Угумдуу аңгеменин узагы жок.
  • Уз колунан бүткөн иш жоокерге эм.
  • Узаткандын жолдоштукка тоому жок.
  • Уздан учук артат.
  • Узун бойлуу жигитке, чарчы бойлуу кыз керек.
  • Узун жолду кыскарт, ат жалына казан ас (от жак).
  • Узун кескин карагай, кыскасы кый болобу.
  • Узун күндө — иш көп, узун түндө — түш көп.
  • Узун тил — уудан жаман.
  • Узун тил өмүрдү кыскартат.
  • Узунсуз кыска болбойт үлгүсүз уста болбойт.
  • Узунсуз кыска болбойт, улуусуз нуска болбойт.
  • Уй — кокусунан түшөт, күлүк — арзанынан түшөт.
  • Уй байлаарга жиби жок, үрүп чыгаар ити жок.
  • Уй бул болор, катын бий болор.
  • Уй мурдун сасык деп, кесип салбайт.
  • Уй мурдун сасык деп, кесип таштабайт.
  • Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
  • Уй окусунан түшөт, күлүк арзанынан түшөт.
  • Уй сойсоң үч күн үйүңө жолобо, жылкы сойсоң, жети күн үйүңөн чыкпа.
  • Уй сыйпаганды билбейт, жаман сыйлаганды билбейт.
  • Уй териси тон болбойт, урушкан киши чоң болбойт.
  • Уй териси тон болбойт, урушчаак киши оң болбойт.
  • Уй, уйдан калса кулагын кес.
  • Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы.
  • Уйга килем жапкандай.
  • Уйга ком, төөгө чом.
  • Уйду мүйүзгө чапса, туягы зыркырайт.
  • Уйду мүйүзүнөн, адамды сөзүнөн карма.
  • Уйду таанып ал, тааныбасаң таргыл ал.
  • Уйдун кыркы кыр ашырбайт.
  • Уйдун сүтүтилинде.
  • Уйдун тууруна күтүп, уузуна күтпөптүр.
  • Уйку — жарым өлүк.
  • Уйку — өлүктүкү, иш — тириктики.
  • Уйку душман.
  • Уйку менен тамакта ар жок.
  • Уйку өлүм.
  • Уйку төшөк тандабайт.
  • Уккан — уламал, көргөн — көзөмөл.
  • Уккан бала тарбия алат, укпаса талаада калат.
  • Уккан кулакта айып жок.
  • Уккан кулакта жазык жок.
  • Укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт.
  • Уккандан көргөн артык.
  • Уккандын уламасы көп.
  • Укканыңа ишенбе, көргөнүңө ишен.
  • Укмуштуунун төөсү жорго.
  • Укпайт деп — ушак айтпа, билбейт деп — ууру кылба.
  • Уктабаса — эр башы чоюн, тынбай жортсо — ат туягы болот.
  • Уктаган жыландын куйругун баспагын.
  • Уктаган ойгонот, ойлогон — толгонот.
  • Уктаган уйку алат, түн каткан жылкы алат.
  • Укурук бою кар жааса, кулдун малы жутабайт.
  • Улак — түшкөн үйдүкү.
  • Улак маарап суу кечет.
  • Улак өлбөсүн, ууру өлсүн.
  • Улам кийин дегендин үйүнө жалкоолук үйүр.
  • Улугу адил болбосо, убара болгон эл карып.
  • Улугуң каапыр болсо, акырын тут.
  • Улугуң сокур болсо, бир көзүндүжум.
  • Улук болсоң — кичик бол, бийик болсоң — жапыс бол.
  • Улук болсоң — кичик бол, сенден эч ким талашпайт.
  • Улукка пара бергиче, күн өткөрүп бара бер.
  • Улуксуң — кыласың.
  • Улуктун улуулугу — анын элдики экендигинде.
  • Улуу — кичүүнүн кадырын билемин десең, агыны катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш.
  • Улуу адам — улуу тоо сыяктуу: Улуу тоого чыкканда айлананы (жакынды) тааныйсың, алысты көрөсүн, улуу адам менен сүйлөшкөндө, укпаганды угасың, билбегенди билесиң.
  • Улуу адам улуу тоо сыяктуу.
  • Улуу сезим — улуу сүйүүнү жаратат, улуу эмгек — улуу акылманды жаратат.
  • Улуу сөз — өткөн өмүр.
  • Улуу сөздө уят жок.
  • Улуу улуу эмес, урмат улуу.
  • Улуу үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсаят.
  • Улуу үйдөгүлөр күлсө, кичү үйдөгүлөр жылмаят.
  • Улууга — урмат, кичүүгө — ызаат.
  • Улууга сый көрсөтсөң, кичүүдөн урмат көрөсүң.
  • Улууга урмат кылуучу, жигиттер кызмат кылуучу.
  • Улууга урмат, кичүүгө ызаат.
  • Улуулукка жаш жеткирбейт, баш жеткирет.
  • Улууну аке де, кичүүнү үкө де.
  • Улууну укпаган адам узак жашабас.
  • Улууну укпаган узабас.
  • Улууну урматта, кичүүдөн иймен.
  • Уста, устадан — нуска.
  • Устадан шакирти өтөт.
  • Усталардан — дат калат, молдолордон — кат калат.
  • Устанын тогоосу жок, бекердин чолоосу жок.
  • Устанын тогоосу жок.
  • Устанын уун тапсаң, темирдин суун табасың.
  • Устанын уусун билгенче, темирдин суусун бил.
  • Устара кырат, сөз кесет.
  • Устасы дудук, шакирти дүлөй.
  • Устасынан шакирти өтөт.
  • Устат акындын ою көп, сөзү аз.
  • Устукан мүлжүбөй этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
  • Устукан мүлжүбөй этке тойбойт.
  • Уу десе, чуу дебей.
  • Уу ичкен — бир өлөт, ант берген — миң өлөт.
  • Уу ичкен бир өлөт, ант ичкен миң өлөт.
  • Уугум сага айтамын, уулум сен ук.
  • Уугум, сага айтам, уулум, сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук.
  • Уул — кызды үйлөмөк — тукумуна кам көрмөк.
  • Уул — кызың эрке болсо, дооматты башкага койбо.
  • Уул аштабаган балтаны кыз аштаар, эр чаппаган кылычты зайып чабаар.
  • Уул жакшысы — урмат, келин жакшысы — келбет.
  • Уул жаманы — уйгак, кыз жаманы — камгак.
  • Уул жаманы уйгак менен тең.
  • Уул калса мал табат, катын калса эр табат.
  • Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
  • Уул таянган мал таянат, мал таянган жер таянат.
  • Уулга уул тизгиндеш болсо, казандагы аш — тамак бир кайнайт.
  • Уулдан уят кетсе, келинден келбет кетет.
  • Уулду төрөйт — уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт — кыялын кошо төрөбөйт.
  • Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт.
  • Уулдуу болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө.
  • Уулсуз ата — канаты кыркылган куш.
  • Уулу жакшы болсо, катардагы атасы бек үйүнөн жай табат.
  • Уулу жаман болсо, тоодой болгон атасын төө үстүнөн ит кабат.
  • Уулу жоктун — мууну жок, кою жоктун — куну жок.
  • Уулу жоктун — мууну жок.
  • Уулум узун болсо мейли, түндүк көтөрүп бербейби.
  • Уулуң аскер барбаса, ал жөн эле илинип турган колбаса.
  • Уулуң жакшы болсо — өмүрүң узарат, уулуң жаман болсо — өмүрүң кыскарат.
  • Уулуң жаман болсо да, бою узун болсун.
  • Уулуң жаман болсо да, чоң болсун.
  • Уулуң өссө — урумга, кызың өссө — кырымга.
  • Уулуң өссө уяттуу, кызы кылыктуу менен айыл кон.
  • Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол.
  • Уулуңду адепке сөз менен эмес, өрнөк менен (өрнөктүү иш менен) үйрөт.
  • Уунун да дарылыгы бар.
  • Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет.
  • Ууру — талапташ, бөрү — кулакташ.
  • Ууру «койдум» дебейт, сопу «тойдум» дебейт.
  • Ууру байыбайт, сук тойбойт.
  • Ууру байыбайт.
  • Ууру ит адат кылбаса үйгө киреби да, тумшукка чаппаса каңшылап билеби.
  • Ууру карыса, сопу болот.
  • Ууру коркот айгактан, уйлар коркот сайгактан.
  • Ууру коркот айгактан.
  • Ууру көчүгү кууш.
  • Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат.
  • Ууру күчтүү болсо, ээси күнөөгө жыгылат.
  • Ууру кылган карышкыр терисин төлөйт.
  • Ууру кылсаң жалгыз кыл, жолдошуң айгак болбосун.
  • Ууру менен конок айттырып келбейт.
  • Ууру менен кошуна болсоң, кулпу үзүлбөйт эшиктен.
  • Ууру сойлогон жылан катуу чагаар.
  • Ууру танапташ, бөрү кулакташ.
  • Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
  • Ууру уурулугун койсо да, «ууру» аты калбайт.
  • Ууру: «койдум» — дебейт, молдо (бөрү) «тойдум» — дебейт.
  • Уурулук кесип эмес, энелүү бала жетим эмес.
  • Ууруну актаганың, уурдоону жактаганың.
  • Ууруну каракчы урат.
  • Уурунуку уу менен чууга кетет, жегичтики суудан сууга кетет.
  • Уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара.
  • Уурунун бир көзүууда, балыкчынын бир буту сууда.
  • Уурунун ичкени ирим, жегени желим.
  • Уурунун катыны да уурдалып келген.
  • Уурунун көтү (кээде чамасы) кууш.
  • Уурунун көчүгү кууш.
  • Уурунун тапканы жукпайт.
  • Уурусу күчтүү болсо, ээси өлөт, (же) уурсу күч болсо, ээсин коркутат.
  • Ууручулук ийнеден башталат.
  • Уучу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.
  • Учаар кушка бир канат.
  • Учкан кушту кармоого болот, айткан сөздү кармоого болбойт.
  • Учкашкандын баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
  • Учпас — тоок, көчпөс — там.
  • Ушак — айың кеп уксаң (үчүн), көңүлүңдү аздырба.
  • Ушак — уудан жаман.
  • Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал.
  • Ушак уксаң унутуп сал.
  • Ушакчы — ушакчы эмес, ушакты уккан — ушакчы.
  • Ушакчыдан узак кач.
  • Ушакчыны жолотпогун жаныңа, сырыңды жайып салат баарына.
  • Ушакчыны узатпайт, элдер аны тузактайт.
  • Ушакчынын оозу тынбайт.
  • Ушакчынын үйү күйөт.
  • Ушу жарык дүнүйө, устаранын мизиндей, оодарылат күнүгө.
  • Уюмдун көзү жаман — өлүү музоо тууйт.
  • Уюткусу ирисе — айран сары суу.
  • Уя көрктүү эмес, шумкар көрктүү.
  • Уяда жаткан балапан, асманда учкан куш болот.
  • Уяда жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.
  • Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат.
  • Уядан эмне көрсө, учканда ошону жасайт.
  • Уялбаган буюрбагандан ичет.
  • Уялбаган буюрбаганды да ичет.
  • Уялбаган ундун бети, узарбаган төөнүн таманы.
  • Уялбаган ырчы болот.
  • Уялбагандан өзүң уял.
  • Уялган шыбагасынан куру калар.
  • Уялгандан кара жер айрылат (же жарылат).
  • Уялгандан өлөйүн десем жан таттуу, кирейин десем жер катуу.
  • Уялчаак өз ырыскысынан куру калат.
  • Уясы жок күкүк болот, уяты жок түксүз болот.
  • Уят — өлүмдөн катуу.
  • Уят — уяттуу үчүн.
  • Уят өзүнчө бир уруу журт.
  • Уят өлүмдөн катуу экени кийин билинет, бирок анда кеч болуп калат.
  • Уят өлүмдөн күчтүү.
  • Уятсыз дыйкан — жерсирээк, уятсыз катын — эрсирээк.
  • Уятсыз жигит — жүгөнү жок атка окшош.
  • Уятсыз уул — урматсыз жээн болор.
  • Уяты жок ырчы болот.
  • Уяты жоктун бети калың.
  • Уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо